ОКУУ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
“Экологиялык менеджмент жана туруктуу өнүктүрүү” факультетинде окуунун натыйжасында алынган жөндөмдөр:
- Каалаган географиялык жана организациялык контекстте экологиялык маселени тааный билүү
- Каалаган берилген маселе боюнча көп сандагы илимий булактарды чогултуу, критикалык баалоо, жоопкерчиликтүү пайдалануу
- Технологияларда, жүрүм-турумда, институттарда туруксуздуктун себептерин талдоо, өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу боюнча логикалык сунуштарды берүү
- Туруктуулук маселеси боюнча дисциплиналар аралык перспективаларды түшүндүрүү жана аларды интеграциялоо
- Табигый илимдерге таянып, туруктуулук терминдерин жана түшүнүктөрүн туура колдонуу
- Жаратылыш байлыктарын пайдалануу, адамдардын жыргалчылыгы, экосистеманын сактыгы боюнча ой-пикирлерин интеграциялоо менен, туруктуу өнүктүрүү боюнча тең салмактуу концепцияны сунуштоо
- Стратегияларды өзгөртүү боюнча кызыктар тараптарга дем берүү максаты менен көз караштарды, бааларды, аргументтерди тийиштүү жана урматтуу түрдө интеграциялоо
- Джон Коттердин өзгөртүү боюнча 8 кадамынын негизинде терең өзгөртүүлөрдү жүзөгө ашыруу
- Оозеки жана жазуу түрүндө туруктуулукту ишке ашыруу ой-пикирлерин жактаган, танууга мүмкүн болбогон далилдерди келтирүү
- Борбордук Азияда туруктуулук стратегияларын ишке ашыруу, натыйжалуу максаттарды белгилөө үчүн чечим чыгарган кызмат адамдарына жардам берген саясат изилдөөлөрүнө көмөк көрсөтүү
- Жоопкерчилик, эмоционалдык интеллект, ориентация системалары, болочок ориентациялар, жеке катышуу, чечкиндүү кадамдарга баруу жөндөмдөрү, өз адистиги боюнча терең билим сыяктуу туруктуу өнүктүрүүнүн негизги жөндөмдөрүн өздөштүрүү