Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Көп берилген суроолор

Көп берилген суроолор

Суроо: Жатакананын дареги кандай?

Жооп: Сухе-Батор көчөсү 11/1, Юнусалиев менен кесилишет. Жатаканага келе турган коомдук унаалардын каттамдарын bus.kg тиркемесин телефонуңузга жүктөп алып таба аласыз (Android жана iOS үчүн акысыз).

 

С: Өз бөлмөмдү жыйнашым керекпи?

Ж: Ооба, бөлмөдө өз алдынча тазалыкты камсыз кылышыңыз керек. Жатакананын жалпы аянттары гана тазалык кызматкерлери тарабынан тазаланат.

 

С:  Ооруп калсам эмне кылышым керек?

Ж: Иш күндөрү университеттин медициналык пунктуна кайрылсаңыз болот. Жатаканада өзүңүздү начар сезсеңиз, кабаттагы тарбиячыга (RA) кайрылыңыз же досуңузду аны чакырып берүүсүн өтүнүңүз.

 

С:  Жууркан, жаздыктарды кайдан алсам болот?

Ж: Айрым чет элдик студенттерге жууркан, жаздыктар берилет. Башка студенттер аларды өздөрү алышы зарыл.

 

С: Жатаканада жаныбар кармоого уруксатпы?

Ж: Жок, жаныбар кармаганга уруксат берилбейт.

 

С: Өз бөлмөмдө конокторумду тоссом болобу?

Ж: Бөлмөлөштөрүңөргө тоскоолдук кылбасаңыз, саат 7.00-21.00 ортосунда конокторуңарды тосо аласыңар.

 

С: Коногум бөлмөмдө түнөй алабы?

Ж: Жок, түнөй албайт. Саат 21:00 чейин жатаканадан кетиши керек.

 

С: Жатаканада телевизор барбы?

Ж: Ооба, телевизор жатакананын биринчи кабатында жайгашкан.

 

С:  Бөлмөдө эмнелер бар?

Ж: Керебет, жылыткыч, күзгү, чайынма, шкаф, стол. Айрым учурларда талабыңыз боюнча кошумча заттар берилет.

 

С: Жатаканага чейин кантип жетем?

Ж: Жатаканага көптөгөн коомдук унаалар, автобустар, троллейбустар, маршруттук кичи автобустар келет.  bus.kg тиркемесин телефонуңузга жүктөп алыңызз. (Android жана iOS үчүн бекер).

 

С: Жатаканада WiFi барбы?

Ж: Ооба. Жатакананын имараты толугу менен жабдылган.

 

С: Бөлмөнү өзүм тандай аламбы?

Жок, бөлмөлөр бөлүштүрүлөт. Бирок, жүйөлүү себебиңиз болсо, бөлмөнү алмаштыруу мүмкүнчүлүгүңүз болот. Бул жөнүндө Жатакана координаторун билдиришиңиз зарыл.

 

С: Кир жуучу жай барбы?

Ооба, ар бир кабаттын өзүнүн кир жуучу күнү белгиленген. Жатакананын төрт кабаты бар.

 

С: Жатаканада ашкана барбы?

Ж: Ашкана бар, бирок тамакты өзүңөр даярдайсыңар.

 

С: Коменданттык саат белгиленгенби?

Ж: Эгерде жашыңыз 18ге жете элек болсо, ЖМА программасынын катышуучусу болсоңуз, силер үчүн коменданттык саат – 22:00 белгиленген. 18ден улуу болуп, бакалавриатта окусаңыз, түнкү 00:00 кечикпей келиңиз.

 

С: Кандайдыр бир оор абалга туш келсем, кимге кайрылышым керек?

Ж: Биринчи кезекте кабатыңыздын тарбиячысы менен байланышыңыз.

 

С:  Коменданттык сааттан кечигип калсам эмне кылам?

Ж: Жатакананын коопсуздук кызматкерине же кабаттын тарбиячысына телефон чалыңыз, бирок кечигүү үчүн белгилүү чаралар көрүлөт.

 

С: Жатаканага университеттен жетүүгө канча убакыт кетет?

Ж: Жолдогу абалга жараша 15-30 мүнөт алышы мүмкүн.

 

С: Өзүмдүн жуунуу бөлмөм болобу?

Ж: Бөлмөлөрдө бирден гана жуунуу бөлмөсү болот.

 

С: Жатаканада көңүл ачуу шарттары барбы?

Ж: Компьютердик лаборатория, китептер, телевизор бар.

 

С: Ким менен жашарымды тандасам болобу?

Ж: Ооба, бирок бул жөнүндө жарым жылдыктын башында тарбиячыга айтыш керек. Жатакана координаторунан уруксат алышыңар керек.

 

 

С: Түнкүсүн жатаканадан чыксам болобу?

Ж: Ооба, бирок бул жөнүндө тарбиячы жөнүндө коопсуздук кызматкери кабардар болушу зарыл.

 

С: Жатаканадан университетке автобустар же башка транспорт жүрөбү?

Ж: Автобус, троллейбус, таксилер жүрөт.

  

С: Сабак окууга шарттар барбы?

Ж: Ооба, компьютердик класс жана сабак окуу бөлмөсү бар. Мындан тышкары жалпы залда көптөгөн китептер бар.

 

С: Кандай турмуш-тиричилик жабдыктары бар?

O: Ар бир кабатта муздаткыч жана микротолкун меши бар. Ашканада тамак бышыруу очок-плиталары бар.

 

С: Жатаканада кафе болобу?

Ж: Жок, бирок өзүңүз тамак бышыра аласыз.

 

С: Жатакананын жанында кафелер барбы?

Ж: Ооба, бир нече кафе жана ашкана бар.

 

С: Тазалык кызматкери иштейби?

Ж: Ооба, бирок ал тепкич, коридор, холл сыяктуу жалпы аянттарды гана тазалайт.

 

С: Жатаканада машыгуу залы барбы?

Ж: Жок.

 

С: Жатаканада медициналык кызматкерлер барбы?

Ж: Жок. Керектүү негизги дары-дармектерди, термометр, таңуу бинттерин кабат тарбиячысынан ала аласыз. Иш күндөрү иш сааттарында университеттин медициналык пунктуна кайрыла аласыз.

 

С: Жакын жерде кандай көңүл ачуу жайлары бар?

Ж: Жатакананын жанында бир нече кафе, караоке-клуб, Космопарк көңүл ачуу борбору бар.

 

С: Эң жакын базар кайда?

Ж:  Орто-Сай базары эң жакын, жатаканадан 10-15 мүнөт алыстыкта.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028