Суроо: Жатакананын дареги кандай?
Жооп: Сухе-Батор көчөсү 11/1, Юнусалиев менен кесилишет. Жатаканага келе турган коомдук унаалардын каттамдарын bus.kg тиркемесин телефонуңузга жүктөп алып таба аласыз (Android жана iOS үчүн акысыз).
С: Өз бөлмөмдү жыйнашым керекпи?
Ж: Ооба, бөлмөдө өз алдынча тазалыкты камсыз кылышыңыз керек. Жатакананын жалпы аянттары гана тазалык кызматкерлери тарабынан тазаланат.
С: Ооруп калсам эмне кылышым керек?
Ж: Иш күндөрү университеттин медициналык пунктуна кайрылсаңыз болот. Жатаканада өзүңүздү начар сезсеңиз, кабаттагы тарбиячыга (RA) кайрылыңыз же досуңузду аны чакырып берүүсүн өтүнүңүз.
С: Жууркан, жаздыктарды кайдан алсам болот?
Ж: Айрым чет элдик студенттерге жууркан, жаздыктар берилет. Башка студенттер аларды өздөрү алышы зарыл.
С: Жатаканада жаныбар кармоого уруксатпы?
Ж: Жок, жаныбар кармаганга уруксат берилбейт.
С: Өз бөлмөмдө конокторумду тоссом болобу?
Ж: Бөлмөлөштөрүңөргө тоскоолдук кылбасаңыз, саат 7.00-21.00 ортосунда конокторуңарды тосо аласыңар.
С: Коногум бөлмөмдө түнөй алабы?
Ж: Жок, түнөй албайт. Саат 21:00 чейин жатаканадан кетиши керек.
С: Жатаканада телевизор барбы?
Ж: Ооба, телевизор жатакананын биринчи кабатында жайгашкан.
С: Бөлмөдө эмнелер бар?
Ж: Керебет, жылыткыч, күзгү, чайынма, шкаф, стол. Айрым учурларда талабыңыз боюнча кошумча заттар берилет.
С: Жатаканага чейин кантип жетем?
Ж: Жатаканага көптөгөн коомдук унаалар, автобустар, троллейбустар, маршруттук кичи автобустар келет. bus.kg тиркемесин телефонуңузга жүктөп алыңызз. (Android жана iOS үчүн бекер).
С: Жатаканада WiFi барбы?
Ж: Ооба. Жатакананын имараты толугу менен жабдылган.
С: Бөлмөнү өзүм тандай аламбы?
Жок, бөлмөлөр бөлүштүрүлөт. Бирок, жүйөлүү себебиңиз болсо, бөлмөнү алмаштыруу мүмкүнчүлүгүңүз болот. Бул жөнүндө Жатакана координаторун билдиришиңиз зарыл.
С: Кир жуучу жай барбы?
Ооба, ар бир кабаттын өзүнүн кир жуучу күнү белгиленген. Жатакананын төрт кабаты бар.
С: Жатаканада ашкана барбы?
Ж: Ашкана бар, бирок тамакты өзүңөр даярдайсыңар.
С: Коменданттык саат белгиленгенби?
Ж: Эгерде жашыңыз 18ге жете элек болсо, ЖМА программасынын катышуучусу болсоңуз, силер үчүн коменданттык саат – 22:00 белгиленген. 18ден улуу болуп, бакалавриатта окусаңыз, түнкү 00:00 кечикпей келиңиз.
С: Кандайдыр бир оор абалга туш келсем, кимге кайрылышым керек?
Ж: Биринчи кезекте кабатыңыздын тарбиячысы менен байланышыңыз.
С: Коменданттык сааттан кечигип калсам эмне кылам?
Ж: Жатакананын коопсуздук кызматкерине же кабаттын тарбиячысына телефон чалыңыз, бирок кечигүү үчүн белгилүү чаралар көрүлөт.
С: Жатаканага университеттен жетүүгө канча убакыт кетет?
Ж: Жолдогу абалга жараша 15-30 мүнөт алышы мүмкүн.
С: Өзүмдүн жуунуу бөлмөм болобу?
Ж: Бөлмөлөрдө бирден гана жуунуу бөлмөсү болот.
С: Жатаканада көңүл ачуу шарттары барбы?
Ж: Компьютердик лаборатория, китептер, телевизор бар.
С: Ким менен жашарымды тандасам болобу?
Ж: Ооба, бирок бул жөнүндө жарым жылдыктын башында тарбиячыга айтыш керек. Жатакана координаторунан уруксат алышыңар керек.
С: Түнкүсүн жатаканадан чыксам болобу?
Ж: Ооба, бирок бул жөнүндө тарбиячы жөнүндө коопсуздук кызматкери кабардар болушу зарыл.
С: Жатаканадан университетке автобустар же башка транспорт жүрөбү?
Ж: Автобус, троллейбус, таксилер жүрөт.
С: Сабак окууга шарттар барбы?
Ж: Ооба, компьютердик класс жана сабак окуу бөлмөсү бар. Мындан тышкары жалпы залда көптөгөн китептер бар.
С: Кандай турмуш-тиричилик жабдыктары бар?
O: Ар бир кабатта муздаткыч жана микротолкун меши бар. Ашканада тамак бышыруу очок-плиталары бар.
С: Жатаканада кафе болобу?
Ж: Жок, бирок өзүңүз тамак бышыра аласыз.
С: Жатакананын жанында кафелер барбы?
Ж: Ооба, бир нече кафе жана ашкана бар.
С: Тазалык кызматкери иштейби?
Ж: Ооба, бирок ал тепкич, коридор, холл сыяктуу жалпы аянттарды гана тазалайт.
С: Жатаканада машыгуу залы барбы?
Ж: Жок.
С: Жатаканада медициналык кызматкерлер барбы?
Ж: Жок. Керектүү негизги дары-дармектерди, термометр, таңуу бинттерин кабат тарбиячысынан ала аласыз. Иш күндөрү иш сааттарында университеттин медициналык пунктуна кайрыла аласыз.
С: Жакын жерде кандай көңүл ачуу жайлары бар?
Ж: Жатакананын жанында бир нече кафе, караоке-клуб, Космопарк көңүл ачуу борбору бар.
С: Эң жакын базар кайда?
Ж: Орто-Сай базары эң жакын, жатаканадан 10-15 мүнөт алыстыкта.