Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - “Brain Ring”” оюну

“Brain Ring”” оюну

“Брейн ринг” - бул 11-класста окуп жаткан Кыргызстандын окуучулары, БААУнун Жаңы муун академиясынын менен Инновациялык колледжинин студенттери үчүн мелдеш. Анын 3 финалчысы билим алууга 100%, 80% жана 75% өлчөмүндө стипендия алышат. Брейн ринг БААУнун каржылык колдоо саясатынын бир бөлүгү болуп, таланттуу жаштарга БААУда билим алуу мүмкүнчүлүгүн берет. 


“Брейн ринг” стипендиясынан пайдаланып калуу үчүн аталган оюндун жеңүүчүлөрүнүн бири болуу жетишсиз - БААУга окууга тапшыруу керек. Кенен маалыматтарды Жободон алсаңыз болот.


Бишкектин жана КРнын аймактарынын орто мектептеринин жогорку класстарынын
окуучуларынын, БААУнун Жаңы муун академиясынын жана Инновациялык колледжинин
студенттеринин арасында салтка айланган жазгы “Брейн ринг” оюнун өткөрүү жөнүндө

Жобо

Иш-чаранын башкы максаты болуп Республикабыздын мектептеринин жогорку класстарынын окуучулары менен байланыш түзүү, аларды дүйнөлүк жана америкалык тарых жана маданият менен тааныштыруу, ошондой эле университет тууралуу маалыматтарды жайылтуу саналат.

 

1. Максаты жана милдеттери

1.1 Окуучуларды университеттин сынактарына даярдоо, интеллектуалдык машыгуу;
1.2 Мектептердин мыкты бүтүрүүчүлөрүн аныктоо, аларды БААУга тартуу боюнча иш алып баруу;
1.3 БААУга студенттерди кабыл алуу боюнча кампанияга инновациялык жол аркылуу университетти кыйыр түрдө жарнамалоо;
1.4 Каржылык колдоо көрсөтүү менен БААУда билим алууга тартуу максатында мектептердин мыкты бүтүрүүчүлөрүн аныктоо. 


2. Жалпы жоболор

2.1 “Брейн ринг” оюну эки команданын ортосундагы интеллектуалдык дуэль түрүндө өткөрүлөт; 
2.2 БААУнун кубогу үчүн “Брейн ринг” оюну Кыргызстандын мектеп окуучулары арасында (КРнын жарандарынын арасында гана) жылына бир жолу жаз айларында өткөрүлөт;
2.3 Оюнга КРнын мектептеринин 11-классынын окуучулары (КРнын жараны болгон) катыша алышат;

2.4 “Брейн ринг” оюнун уюштуруу, өткөрүү жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо боюнча жоопкерчиликти БААУ өз моюнуна алат;
2.5 Оюн жөнүндө маалыматтарды БААУнун сайтынан жана социалдык түйүндөрдөн алууга болот. Мындан тышкары тиешелүү маалыматтар КРнын Билим берүү
министрлигине жана Бишкектин орто билимди башкаруу департаментине да жөнөтүлөт. 


3. Командалар, катышуучулар жана мөөнөттөрү

3.1 Академиялык окуу жылынын аралыгында мектептердин 11-класстарынын окуучуларын тестирлөө орун алат;
3.2 Тестирлөө БААУда өтөт;
3.3 Тестирлөөнүн мөөнөттөрү жыл сайын уюштуруу комитети тарабынан аныкталып, өз убагында мектеп администрацияларына маалымдалат;
3.4 “Брэйн рингдин” финалында тестирлөөнүн жыйынтыгында мыкты 8 мектеп катышат. Ар бир командада бештен катышуучу болот;
3.5 Мындан тышкары тестирлөөнүн жыйынтыгында жекеликте мыкты натыйжаны көрсөткөн жогорку класстардын 50 окуучусу чакырылат. Алар зал менен болчу
интерактивдүү, интеллектуалдуу оюндарга катышат;
3.6 Ар бир команда 5 кишиден куралып, шайлоонун негизинде аныкталган капитаны болот;
3.7 Оюнга катышкан ар бир команданын өзгөчө белгиси болуусу кажет. Мындай белги командалардын бирдиктүү кийими же андагы кандайдыр-бир элементи болуусу мүмкүн (жолук, бандана, футболка, кепка жана башка);
3.8 Оюнга өтүүчү жайдын орундуктарынын чектелгендигине байланыштуу командалар 10
күйөрман чакыруу укугуна ээ.


4. Өткөрүүчү уюмдар жана өткөрүүгө жооптуу кишилер 
4.1 Кабыл алуу жана Студенттердин окуудан тышкаркы ишмердүүлүгү боюнча кеңселер катышуучуларды алдын-ала тестирлөөгө жооптуу болушат;
4.2 Кабыл алуу жана Студенттердин окуудан тышкаркы ишмердүүлүгү боюнча кеңселер финалдык оюнду уюштурат жана өткөрөт;
4.3 Академиялык багыттар финалдык оюн үчүн суроолорду сунуштайт;
4.4 БААУнун арт директору финалдык оюнду уюштуруу жана өткөрүүгө жооп берет. Ошондой эле суроолордун соңку тизмесин түзүүгө жооптту болуп, финалдык оюндун алдында суроолор катылган мөөр басылган конвертти ачат. (Мындай жол менен финалдык оюндун суроолорунун чоочун кишилер аркылуу ачыкка чыгып кетүү ыктымалдуулугу жокко чыгарылат).


5. Финалдык оюнду өткөрүүнүн шарттары жана эрежелери

5.1 Оюндар “плэй-офф” системасы боюнча өткөрүлөт;
5.2 “Брэйн ринг” оюнуна курамы 5 кишиден турган 8 команда катышат. Бир раундда бир учурда 2 команда таймаша алат.;
5.3 Финалчыларды аныктоо чейрек финал, жарым финалдан турат. Финалда жеңүүчү команда аныкталат;
5.4 Атаандаштардын чыгуу тартибин аныктоо чүчү кулактын негизинде орун алып, ага команданын капитандары катышат;
5.5 Оюн 4 упайга чейин уланат (жарым финалда 5 жана финалда 6 упай чогултууга чейин); 4, 5, 6 упайды биринчи болуп чогулткан команда кийинки баскычка өтөт;
5.6 Узатылган суроону талкуулоого 1 мүнөт берилет. Жооп даяр болгондо команда белги бериши керек, белги катары лампанын жарыгын күйгүзүү эсептелет (лампаны пайдалануу боюнча инструкция оюндун алдында берилет);
5.7 Лампаны биринчи болуп жаккан команда суроого жооп берет. Жооп туура эмес болсо же фальстарт орун алса, анда жооп берүү укугу башка командага өтөт. Ал команда 20 секунд ойлонуу укугуна да ээ болот;
5.8 Эгер эки команда тең туура эмес жооп берсе, анда кийинки суроонун упайы 2ге көтөрүлөт. Эгер кайрадан эле туура эмес жооптор жаңырса, анда 3 упайга көтөрүлөт;

5.9 Оюндун катышуучу командалары жооп бере албаган суроолордун баары залга өтөт. Аларга команданын курамында оюнга катышпай жаткан катышуучулар же жеке чакырылган окуучулар жооп бере алышат. Алар катышуучу командалардан обочолонуп жайгашып, оюнга аралашууга 3 мүмкүндүккө ээ болушат. Жооп берүү үчүн 3 карточка берилет. Эгер залдагы катышуучу бир суроого туура жооп берсе 1 упайга жана кошумча 1карточкага ээ болот. Эгер жообу туура эмес болсо, карточкасынан ажырайт. Карточканыn толтуруп, жооп жазып берүү үчүн 20 секунда берилет. Ареопаг ыктыярчылардын жардамы менен сахнада командалык оюн учурунда туура жооптун автору ким болгонун  аныктайт. Туура жооп берген оюнчу финалдык баскычка чыгуу үчүн күрөштө упайга ээ болот.
5.11 Эң көп упай чогулткан 12 катышуучу финалдык раунд үчүн сахнага чакырылат.
5.12 Ареопаг кээде финалдык раунддун катышуучуларынын санын өзгөртүү укугуна ээ. Бул раунддагы ар бир туура жооп үчүн (Ким биринчи жооп берерин Ареопаг ким биринчи колун көтөргөнүнө жараша тандайт) катышуучу кезектеги жолчого кадам таштоо укугуна ээ болот. Жалпы 6 жолчо болот. Туура эмес жооп берген учурда катышуучу артка кадам таштайт. Акыркы жолчодо 2 туура эмес жооп үчүн дисквалификация каралган;
5.13 Жеңүүчү деп биринчи болуп 6-кызыл жолчого жеткен катышуучу аталат. Ушундай эле тартип менен 2инчи жана 3-орундун ээлери аныкталат;
6. Байкоочу комиссия (Ареопаг)
6.1 Саны 7 кишиден кем эмес Байкоочу комиссиянын (Ареопаг) курамы окутуучулардан, Окууга кабыл алуу, Каржылык колдоо, Окуудан тышкаркы ишмердүүлүк кеңселеринин кызматкерлеринен жана Студенттик сенаттын өкүлүнөн куралат.;
6. Ареопагды түзүүгө жооптуу Студенттердин окуудан тышкаркы ишмердүүлүгү боюнча кеңсе;
6.3 Ареопаг тандап алуу турлары менен оюндун жеңүүчүлөрүн тастыктайт; 
6.4 Талаш-тартыштуу учурларда (фальстарт, жооптун тууралыгы жана башка) соңку чечимди Ареопаг гана чыгарат;
6.5 Оюн аяктап, анын жыйынтыгы Ареопаг тарабынан бекитилгенден кийин эч кандай даттануулар кабыл алынбайт жана оюндун жыйынтыгы өзгөрүлбөйт.

7. Сыйлык тапшыруу

7.1 Ар бир команда БААУнун “Брейн ринг” оюнуна катышкандыгы тууралуу сертификат алат;
7.2 Жеңүүчү-команда “БААУнун Брейн-ринг оюнунун жеңүүчүсүнүн” кубогун жана тиешелүү диплом алат;
7.3 Экинчи орунду камсыздаган команда вице-чемпион катары чакан кубокко жана дипломго ээ болот.
7.4 Башкы жеке финалга жолдомо алган катышуучулар (10-12 киши) финалчылардын сертификаттарына ээ болушат;
7.5 Жеке финалдык раунддун жеңүүчүлөрү атайын сертификаттарга ээ болушат. Алар үчүн БААУга окууга өткөн учурда төмөнкүдөй кепилдиктер каралган:
3-орун – БААУда 8 семестр окуунун акысын төлөөдө 75% арзандатуу
2-орун - БААУда 8 семестр окуунун акысын төлөөдө 80% арзандатуу
1-орун - БААУда 8 семестр окуунун акысын төлөөдө 100% арзандатуу

Жогорудагы арзандатуулар аттестат же дипломдун ортоңку көрсөткүчү (GPA) окуу
мезгилинин бардык учурунда 2,7ден төмөн эмес болуп, университеттин коомдук
турмушуна активдүү катышкан учурда жеткиликтүү болот  (Студенттердин иши боюнча
кеңсе тарабынан аныкталат).
Стипендия алуунун шарттарынын толук тизмесин Студенттердин иши боюнча кеңседен
алууга болот. 
 

Эскертүү: 
* Алдын-ала тестирлөө жана финалдык оюнду уюштурууга байланышкан суроолор боюнча Студенттердин иши боюнча кеңсеге төмөнкү телефондор аркылуу кайрылыңыздар: 915 000 – кошумча номур 251 же 253.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028