Социолог – ааламды жана социумду иликтеген кесип

Социолог – ааламды жана социумду иликтеген кесип

6 февраля 2024

#социология#sociology#soc

БААУнун “Социология” факультетинде аталган тармактагы адистер даярдалып, бүтүрүүчүлөр чет элдик университеттердин магистратурасы менен докторантураларында билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. Окуу программасы социалдык теңсиздик, үй-бүлө жана гендер, асоциалдык жүрүм-турум, ааламдашуу жана миграция, экономика жана саясат боюнча ар тараптуу курстарды камтыйт. Студенттер сандык жана сапаттык ыкмаларды камтыган изилдөө ыкмаларын өздөштүрүшөт, ар кандай илимий жана практикалык конференцияларга, жыл сайын өтүүчү социологиялык конференциялар менен башка коомдук иш-чараларга катышышат.

Мындан тышкары студенттерге статистикалык маалыматтарды изилдөөчү SPSS жана MAXQDA заманбап программалары менен иштөөнү окутат. Бул өз кезегинде бүтүрүүчүнүн дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаштыкка туруктуу болуусун камсыздайт.

Факультет кабыл алуу сынактарында эң жогорку упай алган студентке билим алуу үчүн 100 % арзандатууну тартуулайт.

Бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүк бөлүгү Кыргызстандын жана Борбор Азиянын алдыңкы Эл аралык уюмдарына жумушка орношушуп, ошондой эле Европа менен Америкада магистрдик жана доктордук билим алуусун улантып келишет.

Сурап-билүү үчүн телефон: +996 553 580 884; электрондук дарек: soc@auca.kg;

Сайт: https://dss.auca.kg/.

Бакалавриат: https://auca.kg/en/soc_dept_undergrad/ 

Магистратура: https://auca.kg/en/soc_dept_graduate/ 

 

Окууга тапшырууга байланышкан суроолор боюнча кайрылсаңыз болот:

+996 770 00 41 13 (WhatsApp)

admissions@auca.kg 

Каржылык колдоо:

+996 220 01 90 18

finaid@auca.kg 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028