Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - ЖМАга ТАПШЫРУУ

ЖМАга ТАПШЫРУУ

 

Жаңы муун академиясына окууга тапшырыңыз

Кыргызстандын жана ошондой эле башка өлкөлөрдүн бардык абитуриенттери Жаңы муун академиясында (ЖМА) окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн окууга тапшыруу баскычтарынан өтүүсү керек:

I баскыч: ЖМАга тапшыруу арызынын формасы.

Сиздин арызыңыздын толук топтому төмөнкү документтерди камтышы керек:

  • ЖМАнын арызынын формасы.            
  • Паспорттун көчүрмөсү
  • Орто билим тууралуу аттестаттын түп нускасы жана анын көчүрмөсү 
  • 2 сүрөт - 3x4 см (ак фон)
  • Зарыл болгон медициналык кароолору бар медициналык форма. Медициналык форма сизге ЖМАга окууга кабыл алынганыңыздан кийин берилет. 

Окууга тапшырууга арыздын формасын көчүрүп алуу 

II баскыч: Окууга тапшырып жатканда бардык абитуриенттер баарлашууга катышуусу кажет. Баарлашууну ЖМА документтердин топтомун карап чыккандан кийин белгилейт. 

III баскыч: Бардык абитуриенттер ЖМАда же БААУда англис тилинен тест тапшырууга милдеттүү. Эгер абитуриентте TOEFL же IELTS расмий сертификаты болсо, анда ЖМАда ELPT тапшыруунун кажети жок. Сертификат башка документтер менен бирге тапшырылышы керек.

 

Студенттик виза алууга билдирме 

  • Чет элдик студенттердин баары Кыргыз Республикасына аттануудан 1 ай мурда виза камдоого киришүүсү кажет. Бул боюнча БААУ чет элдик студенттерге зарыл болгон колдоо каттарынын баарын даярдап берет. Кыргызстандагы визалык жол-жоболор башка өлкөлөрдөгү тартиптерден айырмаланат. Визалык колдоо үчүн төмөнкү даректерге кайрылсаңыздар болот: kalyuzhina_l@auca.kg - чет элдик студенттердин визасы жана каттоосу боюнча координатор Лариса Калюжинага

СТИПЕНДИАЛДЫК ПРОГРАММА-2023-2024

Быйыл ЖМА 25 толук стипендия берет. Сынактын финалчылары ЖМАда интенсивдүү даярдоо курсун өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Кенен маалымат алуу үчүн бул жерди басыңыз.

ЖМАда окутуунун баасын төлөө жана каржылык колдоо 

  • Семестр же окуу жылы үчүн окутуунун толук акысы сурамга ылайык берилет. 

Окутуунун толук формасындагы абитуриенттер КАРЖЫЛЫК КОЛДОО алууга өтүнмө бере алышат. Бул боюнча БААУнун Стипендиялар жана каржылык колдоо кеңсеси менен байланышыңыз: finaid@auca.kg. Ал жактан сиз каржылык колдоо алууга өтүнмө берүү процесси тууралуу кенен маалымат ала аласыз.  

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028