Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Негизги иш-чаралар

Негизги иш-чаралар

Багыт алуу апталыгы


Сиз Борбордук Азиянын бир дагы университетинде БААУнун багыт алуу апталыгы сыяктуу уникалдуу иш-чараны көрө албайсыз. Башында ал 1-курстун студенттери үчүн
апталык тимбилдингдик иш-чара катары башталып, убакыттын өтүшү менен өнүгүп отуруп, өзүнө 2 апталык программаны жана 1-курстун Семинарына даярдоого айланган.

Багыт алуу апталыгы студенттерди гуманитардык билим берүүнүн негизин түзгөн маанилүү интеллектуалдык, маданий жана көркөм идеялар менен таанышырат. Ошондой эле “БААУнун уникалдуу духу” деген түшүнүктү берет.

 

Студенттикке арноо салтанаты


1997-жылы ноябрь айынын экинчи шаршембисинде Хиллари Клинтон расмий түрдө Кыргызстандагы Америкалык университетин ачкан. Ага чейин БААУ Кыргыз улуттук
университетинин бир бөлүгү болуп, Кыргыз-Америкалык факультет деп аталчу. Мына ошол күндөн тарта ноябрь айынын экинчи шаршембисинде БААУ 1-курстун студенттерин БААУнун коомчулугунун толук кандуу мүчөсү катары кабыл алат. Ноябрдын экинчи шаршембиси бекеринен бекитилген эмес. Дал ошол учурда студенттер семестрдин ортосунда сынактарды ийгиликтүү  тапшырып, башка ЖОЖдон айырмаланып университет алардан чоң нерсени күтүп жатканын түшүнүүгө жетишишет. Студенттикке арноо салтанатынын алкагында Студенттик сенаттын инаугурациясы да пайорун алат.  Анда Студенттик сенатка кабыл алынган студенттер БААУнун Сенаторунун антын беришет. Салтанаттын расмий бөлүгүнөн кийин салт боюнча БААУнун “Mirrors” студенттик театры жыл сайын жаңы спектаклдин бет ачарын тартуулайт.

 

 

 

 

Ыраазычылык билдирүү күнү 


Ыраазычылык билдирүү күнү жыл сайын ноябрдын төртүнчү бейшембисинде белгиленет. Майрам учурунда студенттер окутуучуларга, ата-энелерине, досторуна жана кимге
ыраазы болсо, ошолорго ыраазычылыктарды билдиришет. Салтка айлангандай эле бул күнү, Студенттик кеңсе “коридордо билим алууга” чоң күчүн, убактысын жана талантын
арнаган студенттердин ийгилигин белгилейт. Бул окуудан тышкаркы активдүүлук жана БААУнун социалдык-маданий турмушун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлыктар.

 

Көп түрдүүлүк апталыгы
БААУда көптөгөн өлкөнүн өкүлдөрү болгон студенттер билим алышат жана окутуучулар сабак өтүшөт. Көп түрдүүлүк апталыгы - бул БААУнун коомчулугунун мүчөлөрүнүн көп
түрдүүлүгүн тартуулаган уникалдуу иш-чара. Көп улуттардын өкүлдөрү өзүлөрү тууралуу маалыматтарды бет ачарлар, музыка, бий, тамак-аш жана таттуулар менен сыйлоолору
жана башка иш-аракеттери аркылуу жар салышат.

 

 

Эшектин көпүрөсү  (Үчүнчү курстардын балы)


Орто кылымдарда Пифагордун теоремасын “эшектин көпүрөсү” деп аташчу. Ал мезгилде Пифагордун теоремасын далилдөө өтө кыйынга турган жана аны университетте 3-курстан баштап гана окута башташкан. Эгер студент бул теореманы өздөштүрсө, анда ал мындай “көпүрөнү” басып өттү, математика илиминин түбүнө жетти деп саналчу. Анын сыңары БААУнун 3-курстарынын арасында да “Эшектин көпүрөсү” салтанаты болуп, аны басып өтүү студенттик экваторду басып өтүп, чоң жашоого кадам таштоо менен университетти таштап коюуга караганда аны аяктоо жеңил дегенди тушүндүрөт.

 

 

Диплом тапшыруу салтанаты


Окууну аяктагандыгына байланыштуу салтанаттуу дипломдорду тапшыруу - бул адатта июндун башында өткөрүлчү иш-чара. Бул күнү студенттер бакалавр жана магистр
даражаларын алышып, кыргыз жана америкалык үлгүдөгү дипломдорго ээ болушат. Иш жүзүндө БААУну таштап кетишет. Англис тилинде бул салтанат “Commencement” деп
айтылып, “Башталыш” дегенди билдирет. Анткени ал күн жаңы жашоонун башталышы болуп эсептелет эмеспи. Дипломдорду тапшыруу аземи - бул чыныгы майрам жана
студенттердин жашоосунда эсте кала турган окуялардын бири.

 

 

 

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028