Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Студенттердин интеллектуалдык жашоосу боюнча комитет (SILC)

Студенттердин интеллектуалдык жашоосу боюнча комитет (SILC)

 

Бул комитеттин максаты – студенттер тарабынан демилгеленген долбоорлорду, кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жана студенттик изилдөөлөрдү колдоо. Комитет студенттик изилдөөлөрдү колдоо жана өнүктүрүү максатында Студенттик изилдөө фондун башкаруу милдетин аткарат. Ал каржылоого берилген арыздарды карап чыгып, студенттердин талаа же архивдик изилдөөлөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн гранттарды ыйгарат.

Комитет ошондой эле студенттердин эл аралык конференцияларга, семинарларга, маданий алмашуу программаларына жана изилдөөгө байланыштуу иш-чараларга катышуусун колдоо үчүн Студенттик саякат фондун башкарат. Мындан тышкары, комитет “Мыкты дипломдук иш” сыйлыгын ыйгаруу боюнча чечим кабыл алат жана бул үчүн атайын иштелип чыккан критерийлер менен жол-жоболорду колдонот. SILC курамында алты (6) окутуучу жана Студенттик сенаттын эки (2) өкүлү болот.

 

  Ички жоболор

  Изилдөө комитетинин мүчөлөрү

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028