Эгерде менде бизнес идея болсо, СДӨП мени колдойбу? СДӨП стартаптарды жана бизнес долбоорлорун каржылабайт. Эгерде сиздин долбоор жамааттык көйгөйдү чечүүгө багытталса, кайрылсаңыз болот! Link to this block: https://auca.kg/kg/sts_sidp_faq_projects_implementation/#b719 |
|
Эгерде мен сабактын тапшырмасынын бир бөлүгү катары изилдөө жүргүзүшүм керек болсо, СДӨП бул боюнча колдоо көрсөтөбү? СДӨП сизге консультация же тренинг түрүндө колдоо көрсөтө алат, бирок изилдөө иштерин каржылабайт. Link to this block: https://auca.kg/kg/sts_sidp_faq_projects_implementation/#b720 |
|
Жакшы бир нерсе кылгым келет, бирок долбоор идеялары жок, эмне кылышым керек? Биз менен байланышып, жеке консультация алыңыз. Link to this block: https://auca.kg/kg/sts_sidp_faq_projects_implementation/#b721 |
|
Каржылоону алып алгандан кийин долбоорду ишке ашырууну токтотсом болобу? Бул өтө каалабаган жагдай болсо да, Программадан чыгуу мүмкүн. Бирок, сиз өз ордуңузга жаңы долбоор координаторун табышыңыз же алган каржылоону толугу менен БААУга кайтарышыңыз керек. Link to this block: https://auca.kg/kg/sts_sidp_faq_projects_implementation/#b722 |
|
Долбоор канча убакытка созулушу керек? СДӨП бир жолку иш-чараларды эмес, узак мөөнөттүү долбоорлорду колдоого багытталган. Долбоордун максималдуу узактыгы – 1 (бир) окуу жылы. Link to this block: https://auca.kg/kg/sts_sidp_faq_projects_implementation/#b723 |
|
Программадан кантип чыгам? Сиз электрондук почта аркылуу Программа координаторуна билдирип, чыгуу себебин көрсөтүшүңүз керек. Билдирүүңүз каралгандан кийин, Программа координатору чыгууңузду тастыктайт. Link to this block: https://auca.kg/kg/sts_sidp_faq_projects_implementation/#b724 |
|
Долбоорду ишке ашыруу учурунда Программа координаторуна отчет берүүгө тийишминби? Эгер ошондой болсо, канча жолу? Ооба, тийишсиз! Долбоордун татаалдыгына жараша, айына 2-4 жолу отчет беришиңиз керек. Link to this block: https://auca.kg/kg/sts_sidp_faq_projects_implementation/#b725 |
|
Долбоор аяктагандан кийин кайсы документтерди тапшыруу керек? Сиз төмөнкү үч түрдөгү документтерди тапшырышыңыз керек: 1) Финансылык отчет, 2) Наративдик отчет, 3) Медиа документтер (сүрөттөр, видеолор, аудиолор) Link to this block: https://auca.kg/kg/sts_sidp_faq_projects_implementation/#b726 |
|
Мен башка университеттердин студенттери менен долбоорлорду жасай аламбы? Ооба, сиз командаңызды ар кандай университеттердин студенттеринен түзө аласыз, бирок долбоордун координатору сөзсүз түрдө БААУнун студенти болушу керек. Link to this block: https://auca.kg/kg/sts_sidp_faq_projects_implementation/#b727 |
|
Долбоорду кантип баштаса болот? Долбоорду баштоо үчүн эң биринчи идея керек. Өзүңүз жөнүндө ой жүгүртүп, ким экениңизди, эмне сизди кызыктырарын, кандай маселелер сизди тынчсыздандырып, аларды өзгөртүү үчүн кандай аракеттерди көргүңүз келерин анализдеңиз. Изилдөө жүргүзүңүз, белгилүү бир көйгөйдү аныктаңыз жана зарыл болсо, консультацияга кайрылыңыз. Биз менен байланышыңыз! Link to this block: https://auca.kg/kg/sts_sidp_faq_projects_implementation/#b728 |
БААУ жөнүндө
СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ
АКАДЕМИКАЛЫК САБАКТАР
КАМПУСТАГЫ ЖАШОО