Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Долбоорлорду каржылоо

Көп берилген суроолор: Долбоорлорду каржылоо

Каржылоо үчүн кантип кайрыла алам?

Эгерде сизде долбоор идеясы бар болсо, долбоордун сүрөттөмөсүн, бюджетиңизди жана (зарыл болсо) Программа шаблондорун толтуруп, документтерди sidp@auca.kg  дарегине жөнөтүңүз. Эгерде сизде идеяңыз жок болсо, бирок чындап эле долбоор ишке ашырууну кааласаңыз, биз менен байланышып, жеке консультация алыңыз.

Долбоорго арыз берүү мөөнөттөрү тууралуу маалыматты кайдан алсам болот?

Арыздар жыл бою кабыл алынат жана каралат.

СДӨП консультативдик комиссиясы долбоордун бюджетин бекитүүдө кайсы критерийлерди карайт?

Консультативдик комиссия долбоордун жалпы идеясын, ал чечүүнү көздөгөн көйгөйдү жана бюджетин баалайт. Артыкчылык бүтүрүүчү эмес класстын (мисалы, биринчи, экинчи, үчүнчү курстун) студенттеринин эң негизделген жана натыйжалуу бюджеттери бар долбоорлоруна берилет. Ошондой эле, долбоордун чыгымдарынын бир бөлүгүн өнөктөштөр же жергиликтүү коомчулуктун салымы жабуусу кошумча артыкчылык болуп эсептелет.

Консультативдик комиссиянын мүчөлөрү чечим чыгарууга канча убакыт кетирет?

Чечим чыгарууга 5 күн убакыт талап кылынат. Чечим кабыл алуу мөөнөтү өтө узак болбогону менен, акча каражатын которуу кыйла узагыраак убакытты алат. Ошондуктан, долбоордук пакетти тапшыруу жана долбоордун мөөнөтүн белгилөө боюнча пландарыңызды ошолго жараша түзүңүз.

Менин долбоорум бекитилсе, кийинки кадамдар кандай болот?

Биринчи кезекте, сиз каржылоону алышыңыз керек. Андан соң долбооруңузду ишке ашырууга киришиңиз.

Эгерде менин долбоорум бекитилсе, каржылоону алуу канча убакытты талап кылат?

Бул процесс 2 жумага чейин созулушу мүмкүн.

Эгерде менин долбоорум бекитилсе, каржылоону алуу процесси кандай болот?

Каржылоону камсыздоо үчүн Программа координатору каржылык форманы толтуруп, аны БААУнун каржы бөлүмүнө тапшырышы керек. Долбооруңуздун чыгымдарынын түрлөрүнө жараша, бул каржылык формага тиркелиши керек болгон документтерди берүү талап кылынышы мүмкүн. Ошондуктан, алдын ала пландап, эрте кайрылып, керектүү учурда каржылоого ээ болууга аракет кылыңыз.

Мен эл аралык студентмин, өз өлкөмдө долбоор ишке ашыруу үчүн каржылоо ала аламбы?

Ооба, ала аласыз. Арызда өзүңүздүн өлкөңүздү жана шаарыңызды көрсөтүшүңүз керек.

Бир нерсеге акча сарптаганда документтерди чогултуу керекпи?

Бир нерсе сатып алганыңызда, сатуу процесси учурунда сатуу документтеринин жарактуу жана толук болушун камсыз кылуу сиздин жоопкерчилигиңиз. Долбооруңуз үчүн акча сарптаганда бардык каржылык документтерди чогултуу жана сактоо милдеттүү.

Эгер сатуу документтерин сатуучу бербесе эмне кылышым керек?

Сатып алуу алдында сатуучунун жарактуу документтерди бере аларын алдын ала билип алыңыз. Эгерде сатуу документтерин бере албаса, керектүү нерсени башка сатуучудан сатып алыңыз.

Мен тапшыра алган максималдуу сумма кандай?

Долбооруңуздун көлөмүнө жараша максималдуу сумма $1000 түзөт.

Эгер мен күтүлгөндөн аз акча сарптасамчы? Үнөмдөлгөн каражаттарды башка жакка багыттасам болобу?

Эгер сиз күтүлгөндөн аз акча сарптасаңыз, үнөмдөлгөн каражаттарды долбоордун башка чыгымдарына (Программа координатору менен кеңешкенден кийин) багыттай аласыз же калган акчаны толугу менен БААУга кайтарышыңыз керек.

СДӨПтөн алынган бардык каражаттар боюнча кантип отчет берем?

Сиз долбоор чыгымдарын тастыктаган бардык жарактуу каржылык документтерди убагында алып келишиңиз керек. Кайсы тараптан (компаниядан же жеке жактан) товар/кызмат сатып алып жатканыңызга жараша, ар кандай түрдөгү документтерди берүү талап кылынышы мүмкүн. Толук маалымат алуу үчүн биз менен байланышсаңыз болот.

Долбоор үчүн жабдуулар керек, аны СДӨПтөн каржылатууга мүмкүнбү?

Тилекке каршы, СДӨП жабдууларды ижарага алуу же сатып алууну каржылабайт.

Сиздер конференцияларга же чет өлкөгө саякаттоону колдойсуздарбы?

Жок, СДӨП конференцияларга саякаттоону колдобойт.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028