СДӨП консультативдик комиссиясы деген эмне? СДӨП консультативдик комиссиясы – бул Программанын алкагында тапшырылган долбоорлорду жана алардын бюджеттерин бекитип, аларды жакшыртуу боюнча сунуштарды берген орган. СДӨП консультативдик комиссиясынын болушу долбоорлорду карап чыгууда ачыктыкты жана калыстыкты камсыздайт. Link to this block: https://auca.kg/kg/sts_sidp_faq_about_the_program/#b699 |
|
СДӨП кандай долбоорлорду колдойт? СДӨП экономикалык, экологиялык жана социалдык долбоорлорду колдойт. СДӨП стартаптарды, изилдөө иштерин, толугу менен кайрымдуулукка негизделген долбоорлорду, саясий же диний мүнөздөгү долбоорлорду каржылабайт. Ошондой эле, Программа долбоорлор үчүн ар кандай жабдууларды (проекторлор, камералар ж.б.) сатып алууну же ижарага алууну каржылабайт.. Link to this block: https://auca.kg/kg/sts_sidp_faq_about_the_program/#b700 |
|
СДӨПтөн колдоо алуу үчүн ар дайым кайрылуу керекпи? Эгер каржылык колдоо алгыңыз келсе, анда сөзсүз түрдө СДӨПкө кайрылууңуз керек. Эгерде консультация жана сунуштар түрүндө колдоо алгыңыз келсе, биз менен байланышып, качан жолугушууну каалаганыңызды билдирсеңиз болот. Link to this block: https://auca.kg/kg/sts_sidp_faq_about_the_program/#b701 |
|
Долбоорлор үчүн талаптар кандай? Долбоор жергиликтүү жамаатыңызда ишке ашырылышы, белгилүү бир көйгөйдү чечүүгө багытталышы, максаттуу аудиториясы так аныкталышы жана чектелген ишке ашыруу мөөнөтү болушу керек. Ошондой эле, долбоордун координатору долбоордун түздөн-түз пайда алуучусу боло албайт. Долбоордун максималдуу узактыгы – 1 окуу жылы. Link to this block: https://auca.kg/kg/sts_sidp_faq_about_the_program/#b702 |
|
СДӨПтө ыктыярчы болуп иштей аламбы? sidp@auca.kg электрондук дарегине төмөнкү маалыматтарды жөнөтүңүз:
Эгерде СДӨПтө сизге ылайыктуу орундар болсо, программа координатору сиз менен байланышат. Link to this block: https://auca.kg/kg/sts_sidp_faq_about_the_program/#b703 |
БААУ жөнүндө
СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ
АКАДЕМИКАЛЫК САБАКТАР
КАМПУСТАГЫ ЖАШОО