Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Бакалавриаттын саясаттары жана формалары

Бакалавриаттын саясаттары жана формалары

 

БААУнун ичинде которулуулар 

 

Академиялык талаптарга жооп берген студенттер БААУнун ичинде бир программадан башка программага экинчи курстан баштап которула алышат. Которулмакчы болгон студенттердин саны чектелбейт. Которулуп жаткан студент “Социология” программасынын бардык шарттарын аткарууга толук жоопкерчиликтүү болот. 

Бардык которулуулар программалардын жетекчилиги тарабынан жактырылуусу кажет. Конкреттүү талаптар программанын жетекчиси менен алдын-ала талкууланышы зарыл. 

Которулуп жаткан студент эки программанын жетекчилери тарабынан кол коюлган өтүнмөнүн формасын толтуруусу керек. Ал “Социология” программасы боюнча кабыл алуу сынактарынын талаптарын аткарууга милдеттүү: эссе – 70, математика – 20, ELPT - 470. Ошондой эле “Социология” программасынын жетекчиси менен баарлашуудан өтүүсү керек. 

Эгер сынактар окшош болсо, анда буга чейин программанын сынактарынын жыйынтыктары жарактуу болуусу толук ыктымал. Мындай шартта сынактардан бошотуу “Социология” программасынын жетекчиси жана БААУнун академиялык маселелери боюнча вице-президенти менен макулдашылуусу кажет. Студенттин транскриптинин негизинде “Социология” программасынын жетекчиси бир жыл үчүн кандай квалификациялар эсепке алынары жөнүндө чечим чыгарат. 

Социология программасы боюнча негизги адистикке кабыл алынуучу насыялардын максималдуу саны  ар бир окутуу семестри үчүн 24 насыяны түзөт жана которулуу үчүн сунушталган курстарга дал келген курстар гана каралат. Которулууга “С” же андан жогорку баадагы курстар гана жарамдуу. БААУнун ичиндеги которулуу жараяндары семестрдин экинчи аптасынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Академиялык сынап көрүүчү мөөнөт учурунда которулуп жаткан студент буйрукта көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык, аталган мөөнөттө калат.

 

БААУнун Академиялык эрежелери жөнүндө кененирээк бул жерден окуңуз. 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028