Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Практика

Практика

 

Социология боюнча практиканын программасы социологияга адистешкен кенже жана жогорку курстардын студенттерине сабактарда иликтеген идеяларды түшүнүүнү бекемдөө жана өз карьералык кызыкчылыктарын калыптандыруу мүмкүнчүлүктөрүн берүүгө багытталган. 

Жай мезгилинин аралыгында студенттер өз социологиялык билимдерин практикалык тажрыйбаны түшүнүү үчүн активдүү колдонушат. Программага катышуу жер-жерлерде иштөөнү жана академиялык жумуштарды талап кылат. 

Практика болочокто жумушка орношуунун маанилүү кадамдарынын бири болуп эсептелет. Адатта студенттер практика өткөн жайлардын үчтөн бири келечекте жумуш орундарына айланат. Буга практика учурунда байланыштардын түзүлүшү түрткү болот. 

 

Төмөндө студент-социологдор практика өткөн айрым уюмдар берилди: 

Социологияга адистешкен айрым студенттер социология боюнча өзүлөрүнүн практикалык тажрыйбасы тууралуу эмне дейт?

 

Фархад Мусазов, SOC 116

Практика өтүү учурунда мен социалдык изилдөөлөр тармагында өзүмдүн теориялык билимдеримди кеңйттим жана бекемдедим. Ошондой эле өз социологиялык ыкмаларымды жана түшүнүктөрүмдү бышыктадым. Мен изилдөө долбооруна толук катышып, изилдөөчүлук долбоор кандай болору тууралуу түшүнүк алдым. Башынан аягына чейин эмне болуп жатканын жана тигил же бул нерсенин жасалышын түшүнүп турдум. Эгер буга чейин менде изилдөөлөр жөнүндө теориялык билимдер гана болсо, бул практика мага изилдөө процессинин ар бир баскычы жана алардын кантип байланышкандыгы тууралуу толук түшүнүк берди.

 

 

Айгерим Ниязова, SOC 116

Жалпысынан практика мага социологдордун жумушун көрсөтүп, келечекте мен эмне менен алектенерим жөнүндө түшүнүк берди. Мага баарынан да башында жолугушуу учурунда адабияттарга баяндама жасоо жакты. Ар бирибизде чакан тема болуп, биз чоң теманын чакан бөлүктөрүн гана издедик. Андыктан жолугушуу учурунда бири-бирибиз менен өз билимдерибиз менен болүшкөнүбүз кызыктуу болду. Бул чоң бир сүрөттү майда бөлүктөрү аркылуу чогултууга окшош. Биз жалпы тема боюнча түшүнүк алдык жана менде ар бирибиздин бул ишке салым кошуп жаткандай сезим жаралды.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028