Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Курстар

Курстар

 

Социологиянын негизги курстарынын сүрөттөмөсү 

 

КИРИШҮҮ

SOC 108 жана SOC 109:  Социологияга киришүү I/I

Социологиялык билимдер студенттерге ар кандай теоретикалык ыкмаларды пайдалануу менен социалдык көйгөйлөр жөнүндө ой-жүгүртүүгө жардам берет. Курс төмөнкү суроолорго жоопторду сунуштайт: Социалдык түзүмдөр менен социалдык объектилер кантип айкалышат? “Социалдык” деген эмне жана бул түшүнүк коомдук көрсөтмөлөр жана мамилелер, социалдык институттар, социалдык жүрүм-турум жана жамааттык социалдык иш-аракеттер менен айкалышат? “Социалдыктын” мейкиндиктүү жана убактылуу чектери кандай? Өтүмүш учур чакка кантип таасир этет жана муну менен болочок адамдык ишмердүүлүктү аныктайт? Ар кандай маданияттар менен коомдордо социалдык процесстерди талдоо мүмкүнбү? Студенттер социалдык көйгөйлөр менен маселелерди сын көз-карашта жана чыгармачылык менен түшүнүүнү үйрөнүшөт.

 

СОЦИАЛДЫК ТЕОРИЯ

SOC 210.1: Классикалык социалдык теория

Бул курс классикалык социологдордун өзгөрүлгүс актуалдуулугун иликтейт. Алардын билимдерин биздин доорду мүнөздөгөн социалдык шарттарды түшүнүү үчүн кантип колдонуу керектигин карап чыгат. Андай доорлорго ааламдашуу, постмодерн, керектөөчүлүк, маалыматтык революция жана коомдук жашоодогу диндин кайра жаралуусу кирет. Курстун башкы максаты фактыларга негизделген билимдерди окутуу гана эмес (бул маанилүү болсо да) болуп саналат. Бул көбүн эсе социологиялык ойлонуу жөндөмүнө окутуу жана студенттерде мындай жөндөмдөрдү өз жашоо тажрыйбасында колдонуу ыкмаларын калыптандыруу. Курс аргументтердин шарттарын жана божомолдорун аныктоону үйрөтүүгө негизги көңүлүн бурат. Студенттер дүйнөнү түшүнүүнүн ар кандай үлгүлөрүн салыштырып, алардын күчтүү жана алсыз жактарын иликтешет. Студенттер социологиялык принциптерди табуу жана аларды жаңы кырдаалдарда колдонууну үйрөнүшөт. 

 

SOC 211.1: Заманбап социалдык теория

Бул курс студенттерди 20-кылымдын англо-америкалык жана европалык социологиялык мектептердин айрым негизги теориялары жана талкуулары менен тааныштырат. Анда негизги көңүл коомду сүрөттөө, түшүнүү жана өзгөртүүдөгү сын көз-карашта ойлонунунун ролун кеңейтүүгө умтулган  заманбап социологдорго бурулат. Анда функционализм, структурализм жана интеракционизм сыяктуу заманбап социологиялык теориянын адабияттарынын баяндамасы берилет. Бирок курстун негизги бөлүгү заманбап социологиялык теориядагы сын көз-караштагы жана постмодерндик салттарды изилдөөгө арналган. Аларга сын көз-карашта ойлонуу, неомарксизм, постструктурализм, феминисттик социологиялык теория, постколониализм жана постмодернизм кирет.

 

ИЗИЛДӨӨНҮН МЕТОДОЛОГИЯСЫ 

SOC 221.1: Изилдөөнүн сапаттык ыкмалары

Сапаттык изилдөөнүн стратегиясы табигый шарттардагы социалдык өз-ара аракеттешүүлөрдү иликтөөгө көп ыкмалуу жолду колдонуудан турат. Ал өзүнө ар кандай булактардан эмпирикалык маалыматтарды жыйноо жана талдоону камтыйт. Андай булактарды атай кетсек, алар жарым жартылай түзүмдөлгөн жана түзүмдөлбөгөн интервью, формалдуу жана формалдуу эмес байкоолор, документтер жана визуалдык жазуулар. Курстун алкагында студенттер сандык жана сапаттык ыкмаларды чектөөгө зарыл болгон ыкмаларды өнүктүрүшөт. Алардын ар биринин салыштырмалуу баалуулугун жана пайдалуулугун түшүндүрүшөт, сапаттык ыкмалар ылайык келген шарттар менен маселелерди аныкташат, сапаттуу изилдөөлөрдү иштеп чыгышат жана өткөрүшөт, изилдөөнүн жыйынтыктарын чечмелөө жана тыянактарды ырааттуулук менен жазуу жана оозеки түрүндө сүрөттөө жөндөмүн өнүктүрүшөт.

SOC 222.1: Изилдөөнүн сандык ыкмалары

Сандык изилдөөлөр жооптордун варианттары алдын-ала аныкталган жана көп сандаган респонденттер аралашкан түзүмдөлгөн суроолорду пайдалануудан турат.  

Аныктамасы боюнча өлчөм объективдүү, сандык жана статистикалык жактан так болушу керек. Кыскача айтканда, кеп сандар жана объективдүү так маалыматтар жөнүндө болуп жатат. Курс сандык изилдөөлөрдүн негизги компоненттерин камтыйт, алардын ичинде шаймандарды куруу, процессти башкаруу жана жыйынтыктарды талдоону. Мындан тышкары ал изилдөөнүн сапаттуу ыкмаларынын сандык анализин изилдейт.

 

СТАТИСТИКА

SOC 324.1: Колдонмо социалдык статистика жана социалдык илимдер үчүн статистикалык топтом (SPSS)

Бул курс социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон статистиканын негизги принциптерин камтыйт. Аларга негизги сүрөттөөчү статистика жана инференциалдык статистика таандык. Сүрөттөөчү статистиканы маалыматтарды жалпылоо жана сандык сүрөттөмөлөрдү ыңгайлуу түрдө берүү үчүн пайдаланышат. Инференциалдык статистиканы калктын чоң тобун байкоого негизделген жалпылоонун жыйынтыктарын баалоо үчүн пайдаланышат. Курстун жүрүшүндө негизги көңүл SPSS статистикалык программалык камсыздоосун пайдаланууга бурулат.  

 

ПРАКТИКА

SOC 290.1: Экинчи курстун студенттери үчүн практика 

Кытай эл макалында “укканымды унутуп калам, көргөнүмдү эстеп калам, ал эми жасаганымды - түшүнөм” деп айтылгандай, тажрыйбалуу изилдөөчүлөр окутуунун көп бөлүгү алар иш-жүзүндө кандайдыр-бир нерсени жасап жатканында ишке ашарын жакшы билишет. Эки аптанын аралыгында студенттер изилдөөчүлүк ишинин үстүндө эки консультанттын жетекчилиги астында практикадан өтүшөт. Практиканын максаты изилдөөчүлөр тарабынан берилген изилдөөнүн маселелерин түшүнүү блуп саналат. Бул изилдөөнүн максатын жана милдетин түшүнүүнү, маселелерин жана гипотезаларын/божомолдорун түшүндүрүп берүүнү талап кылат. Студенттер изилдөөчүлук топ же жеке түрдө чогултулган адабияттарга баяндама жасашат, басып өтүлгөн баскычтарды кенен сүрөттөшөт, жазуу түрүндө отчет даярдашат жана аларды окутуучулардын назарына коюшат.

SOC 390.1: 3-курстун студенттери үчүн практика

Бул практикалык курс студенттерди социологиялык изилдөөлөрдүн дээрлик бардык баскычтарына аралаштырууга багытталган: иштеп чыгуу, адабияттардын баяндамасы, маалыматтарды жыйноо, маалыматтарды талдоо, отчеттуулук жана бет ачарлар. Студенттер иштеп чыгуу, маалыматтарды чогултуу жана талдоо баскычтарында изилдөөчүлүк топ менен 4 апта өткөрүшү керек, андан соң жыйынтыктарды жазып берүү үчүн кошумча убакыт бөлүүсү абзел.

 

ДИПЛОМДУК ИШ

SOC 480.1 жана SOC 483.1: Жогорку курстар үчүн дипломдук иштерди жазуу боюнча семинарлар I, II

Бул курс эки семестр аралыгында дипломдук иш жазууга байланышкан маселелерди иликтейт. Биринчи семестрде тиешелүү изилдөөчүлүк долбоорду иштеп чыгуу, маалыматтарды кылдат чогултуу жана аларды так талдоо жана коргоо үчүн дипломдук ишти жазуу маселелери талкууланат. Экинчи семестрде студенттер алдын-ала коргоо принцибинин негизинде жасалган иштер тууралуу аралык мөөнөттөгү отчеттордун топтомун тартуулашат. Ар бир бет ачардан кийин башка студенттердин, окутуучунун жана илимий жетекчинин сын көз-караштагы суроолору жана конструктивдүү комментарийлери орун алат. Ар бир студент баш аягы 4 аралык мөөнөттөгү бет ачар жана алдын-ала коргоо жасайт. 

Социологиялык изилдөөлөрдүн өзүнчө багыттары 

SOC 284: Социалдык стратификация жана теңсиздик

Коомдук жашоонун динамизми, ар кайсы мамлекеттердеги экономикалык реформалар, рынокко өтүү калктын ар кандай социалдык, социалдык-демографиялык жана кесипкөйлүк топторуна бөлүнүүсүнө алып келген өзгөрүүлөрдү жаратууда. Өндүрүштүн экономикалык мамилелери ар бир коомдогу социалдык түзүмдөрдүн түрлөрүн гана эмес, ошондой эле динамикасын да аныктайт. Курс ошондой эле заманбап коомго терең таасир эткен теңсиздик, элита жана социалдык мобилдүүлүк маселелерин да карайт. Коомдогу социалдык айырмачылыктар адамдардын жашоо образын калыптандырып, алардын экономикалык жана социалдык мүмкүнчүлүктөрүнө, психикалык ден-соолугуна жана жашоосунун узактыгына таасир этет. 

 

SOC 381.1: Девианттуулуктун социологиясы 

Социологиялык көз-караш менен караганда бул курс девианттуулукту иликтеп, анын себептерин, түрлөрүн жана коомго тийгизген кесепеттерин түшүндүрүүгө аракет жасайт. Сабактарда көтөрүлгөн негизги маселелер - бул девианттык жүрүм-турумдун табиятын түшүнүү, эмне себептен адамдар девианттуу болушат жана кандай топтор акыл-ээси соо жана соо эмес адамдарды аныктай алышат. Курс эки бөлүккө бөлүнөт. Биринчи бөлүгү девианттуулуктун табияты менен маанисин теориялык жактан баяндоого арналган. Ошондой эле курс адатта девианттык деп эсептелген жүрүм-турумдун бир катар формаларын кенен карап чыгат. 

 

SOC 360: Маданияттын социологиясы

Бул курс маданияттын социологиясы боюнча маанилүү адабияттарды кучагына алат. Негизги иликтенген маселелер: “Маданият” деген эмне? Ал социалдык турмушта кантип “иштейт”? Маданиятты кантип өлчөсө же чечмелесе болот жана ага кантип эмпирикалык жол менен жетүүгө болот? Социологдор маданият түшүнүгүнө көптөгөн маанилерди киргизишет. Маданияттын социологиясы - эң чоң тармактардын бири жана маданий анализ социологиялык билимдин маанилүү аспекти болуп саналат. 

 

SOC 363.2: Иденттүүлүк жана айырмалуулуктар 

Бул курс ар кандай мамлекеттердеги адамдардын жашоо мүмкүнчүлүктөрүн аныктаган раса менен этникалык таандыктуулук эмне себептен маанилүү факторлор болууну улантып жатканын түшүндүрүүгө аракет жасаган теорияларды иликтейт. Студенттер улуттук чек аралар, экономика жана саясаттын чегинен чыккан көрүнүштөр тууралуу түшүнүккө ээ болуусу керек. Мына ошондой феномендердин бири болуп иденттүүлүктү түзүү саналат. Курс жыныс, дин, класс жана этникалык таандыктуулук сыяктуу көптөгөн социалдык түзүмдөрдү иликтейт. Ошондой эле этноцентризм, этникалык топтордун түнттүгү жана ресурстарды бөлүштүрүү сыяктуу этникалык чырларга тийиштүү социологиялык концепцияларды карап чыгат.  

 

SOC 354.2: Гендердик социология

Бул курс жыныс жана гендер менен байланышкан маданияттагы гендердин ролдор, гендердик иденттүүлүктүн калыптанышы жана сексуалдык багыт алуу, негизги социалдык институттагы гендердин мааниси, ошондой эле жеке жана кесипкөйлүк контексттерде сыяктуу маселелер каралат. Окуу жана лекциялар ар кандай дисциплиналарга негизделген жана ааламдык контекстте көптөгөн ар кандай маданияттарды карап чыгат.

 

SOC 343.2: Шаардын социологиясы

Курстун максаты шаардык чөйрөнүн негизги көйгөйлөрүн иликтөө болуп саналат. Алсак, курс  өнүгүп жаткан өлөкөлөрдүн шаарларындагы миграция жана жакырчылык маселелерин кенен карап чыгат. Курс шаардык көйгөйлөрдү салттуу түшүнүүнү гана эмес, ошондой эле урбанизация менен ааламдашуунун алдыңкы изилдөөлөрүн талкуулоону да сунуштайт. 

 

SOC 333.1: Мамлекет жана коом

Бул курс бийликти коомдун ичинде жана арасында бөлүштүрүүнүн маселелерин жана преспективаларын, ошондой эле бийликти бөлүштүрүүдө өзгөрүүлөргө алып келген социалдык жана саясий чыр-чатактарды иликтейт.  Курс карап чыгат а) саясат, социалдык түзүмдөр, идеология жана маданияттын ортосундагы өз-ара байланышты жараткан ойлонунун үч негизги мектебин б) коомдун мүчөлөрү жана партия лидерлеринин ортосундагы мамилелерди жана саясий партияларды саясий институт катары, муну менен бийликтин саясий режимдеринин, башкаруунун жана авторитетинин маселелерин чечип в) саясий катышуу жана чыр-чатактардын чыгуусу жана аларды жөнгө салуу, анын арасында социалдык нааразылыктар менен революциялардын себептерин жана г) саясий идеологияларды жана мамлекеттик саясатттын калыптануусун иликтөө максатында улуттук өкмөттөрдүн бир нече тематикалык изилдөөлөрүн 

 

SOC 331.2: Рыноктук коом

Курс өнүккөн индустриалдык коомдордогу рыноктун тамыр жаюу табиятын иликтейт. Ал өзүнчө бирок өз-ара көз каранды рыноктун жана коомдун кыймыл-аракеттеринин логикасын иликтейт. 

Курс рыноктук мамилелер кантип адамдардын өз-ара аракеттешүүсүнүн бир жолу экенин, социалдык мамилелердин рынокко тийгизген таасирин, рынокторду заманбап социалдык теориянын алкагында пландаштырууга жардам берген негизги жолдорду, жана эстетикалык же экспрессивдүү практиканын өзүнчө чөйрөсү катары жана барган сайын товарга айланган тармак катары "маданияттын" ар кандай аныктамаларына карата рыноктук формаларды иликтейт. 


SOC 367 Диндин социологиясы 

Аталган курстун максаты диний ишенимдердин белгилүү бир системасын же табияттан тышкары турган күчтөрдүн бар экендигин далилдөө же жокко чыгаруу эмес. Курс бири-бири менен атаандашкан теологдор же дин менен илимдин ортосунда күрөш аянты болууга багытталган эмес. Белгилүү айырмачылыктар, диндерге көңүл буруунун ордуна, курс көптөгөн диний салттарда колдонуу үчүн табууга мүмкүн болгон жалпы элементтерге багытталган. Курс студенттерди динди маанилүү социалдык көрүнүш катары түшүнүү үчүн ар кандай теориялык жолдор менен тааныштырат. Ошондой эле аларга адатта көз жаздымында калган диний кыймылдардын кээ бир өзгөчөлүктөрүн таартуулайт. 

 

SOC 246: Чыр-чатактардын социологиясы

Социологиялык көз караш менен алганда топтордун ортосундагы чыр-чатактарды иликтөөгө негиз салуу үчүн тандалган курс. Анын максаты студенттерге инсандар, ортосундагы, социалдык жана саясий чыр-чатактарды түшүнүү жана талдоо үчүн зарыл болгон теориялар менен негизги концепциялар жөнүндө түшүнүк берүү болуп саналат. 

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028