БААУ/ ИЗИЛДӨӨ/ Университеттик изилдөөлөр/ МУГАЛИМДЕРДИН ИЗИЛДӨӨ ТОПТОРУ/ Социалдык Инновациялар Лабораториясы Кыргызстан (SILK)/ Архитектура жана искусство

Архитектура жана искусство

Редактору - Медер Ахметов

 

Урматтуу окурман!

Төмөндө сиздерди философиядагы жаңыдан калыптанып келе жаткан акыркы агымдардын бири менен тааныштырып, алардын негизги идеяларын архитектуралык мисалдар аркылуу түшүндүрүүгө аракет кылам. Бул максатта мен архитектура дүйнөсүндөгү эки белгилүү ойчулду жана көрөгөчтү тандап алдым. Алардын архитектурага болгон көз караштары жана мамилелери бири-биринен кескин айырмаланат.

Бир жагынан, архитектор Кристофер Александер жана анын белгилүү «Үлгүлөрдүн тили» (A Pattern Language) аттуу китеби турат. Бул эмгекке философиялык көз караш менен баа берип, талдоо куралы катары объектке багытталган онтологияны (ООО) колдонуп көрөлү. Бул жаңы философиялык багыттын негизин америкалык ойчул Грэм Харман иштеп чыккан.

Объектке багытталган онтологиянын көз карашында «үлгүлөрдүн тили» архитектураны төмөндөн жогору карай жөнөкөйлөтүүнүн, башкача айтканда, «архитектуралык объектти ичинен ажыратуунун» бир жолу болуп саналат. Мында архитектура анын компоненттерине, эмнелерден турарына жана аны түзгөн элементтерге чейин ажыратылат. Мындай мамиле архитектуранын чыныгы маңызын, өзөгүн түзгөн объектти түшүнүүгө карата терс позицияны билдирет.

Экинчи жагынан, дагы бир архитектор Леон Крие архитектуралык объектти башка жол менен - «үстүнөн ажыратуу» аркылуу талдайт. Эгерде «үлгүлөрдүн тили» архитектуралык объектти анын курамдык бөлүктөрүнө, атомдоруна чейин ажыратса, бул атомдор күнүмдүк турмуштан алынган элдик үлгүлөргө таянат. Демек, аларды «өтө эле адамга багытталган» (антропоцентристтик) деп мүнөздөөгө болот.

Ал эми Леон Крие, тескерисинче, белгилүү бир деңгээлде элитардык, аристократиялык позицияны карманат. Ал архитектура эмнеден турары жөнүндө эмес, архитектура эмне кыларын, кандай иш аткарарын сөз кылат. Биринчи мамиле «эмне?» деген суроого жооп берсе, экинчиси «кантип?» деген суроого жооп берет.

Экинчи, элитардык редукцияда объект коом, шаар, идеалдуу модель же идеалдуу образ сыяктуу глобалдык, андан да кеңири системанын бир бөлүгү катары каралат. Ал эми биринчи, элдик үлгүлөргө таянган «төмөндөн жогору» мамиледе объект анын эмнелерден турарын аныктоо үчүн майда бөлүктөргө ажыратылат.

Хармандын пикиринде, бул эки ыкма -  «ичинен ажыратуу» жана «үстүнөн ажыратуу» — биригип кеткен кош мүнөздүү мамилелер да кездешет. Азырынча мындай кош мамилени колдонгон архитекторго конкреттүү мисал келтире элекмин. Бирок, балким, көпчүлүк архитекторлорду ушул категорияга кошууга болот. Ошентсе да, бир суроо ачык бойдон калууда: биздин ой жүгүртүүбүздөн архитектуралык объекттин өз маңызы кайда жашырылган?

Кристофер Александердин китебин окуганда архитектураны ичинен ажыратып, анын маңызын көмүскөдө калтырган кандайдыр бир «жетишсиз долбоорлоо» сезими пайда болот. Ал эми архитектор Леон Криенин китебин караганда, тескерисинче, «ашыкча образдуулук» сезилет — автор окурмандан өтө эле көп нерсени талап кылгандай.

Эми Франциядан чыккан объектке багытталган философиялык ойдун дагы бир өкүлү Тристан Гарсия менен тааныштырайын.

Тристан Гарсиянын философиясында объект «ичинен ажыратуу» менен «үстүнөн ажыратуунун» ортосундагы айырмачылыктын ичинде, «дүйнөдөгү жалгыздык» түшүнүгүндө катылган. Ал адамга жеткиликсиз, бирок башка объекттер үчүн жеткиликтүү болгон формалдуу мейкиндикти түзүү идеясын сунуштайт. Бул - объекттердин өз ара мамилелеринин (object-object relations) мейкиндиги.

Демек, объектти табуу үчүн бардыгы бирдей орунга ээ болгон жалпы мейкиндик, башкача айтканда, «чоң таблица» керек. Бул мейкиндикте бардык объекттер тең укуктуу (объекттердин радикалдуу демократиясы). Ошондуктан ар бир объект өз алдынчалыгын сактап, дүйнө менен өз ара байланышта белгилүү бир формага ээ болот.

Мындай көз караш объектти «төмөндөн жогору» карай ажыратып, бардык нерсе эмнеден - кандай атомдордон, үлгүлөрдөн - турарын түшүндүрүүгө аракет кылгандар үчүн түшүнүксүз. Ошол эле учурда объектти «жогорудан төмөн» карай карап, кемчиликсиз моделди түзүүгө умтулгандар үчүн да бул мамилени түшүнүү оңой эмес.