Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Багыттар

Багыттар

 

“Психология” факультети тандоо курстары боюнча курстардын жаңы системасына өттү. Студенттер эми өзүнө тандоо боюнча 4 жана андан көп курстарды камтыган психологияны иликтей алышат. Курстардын жыйынтыгында адистештирилген курстарды өткөндүгү тууралуу сертификатка ээ болушат. 

 

Психология тармагындагы адистешүү “Психология” факультетинин студенттерине иликтөөнүн конкреттүү тармагына жыйналууга жана аны ар кандай көз карашта жана тематикалык тармактарда иликтөө мүмкүнчулүктөрүнө ээ болушат. Адистешүү студенттерге иликтегиси келген багытты гана тандоо мүмкүнчүлүгүн берип, аларга тандалган тармагында карьера куруу үчүн зарыл болон конкреттүү ыкмалар менен жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берет. Мындан тышкары адистик жогорку курстардагы диссертациялык изилдөөлөр жана магистратура менен докторантурадагы андан-аркы изилдөөлөр үчүн негиз салат. Эгер “Психология” факультетинин студенттери бир тармакка токтолуп, бир адистик боюнча сертификат алууну кааласа, анда төмөндөгү тизмеден тандай алышат. Адистикти өткөнүн билдирүү үчүн студент өз каалоосу менен тиешелүү адистиктеги курстун 24 насыясын ала алат. 

 

Психология боюнча адистешкен курстар (психология адистигиндеги студенттер жана психологияны кошумча адистик катары иликтеген студенттер):

  1. Психологиялык консультациялоо 
  2. Персоналды башкаруу жана уюштуруучулук жүрүм-турум 
  3. Өзгөчө керектөөлөрү бар балдардын психологиясы 
  4. Өзгөчө жана кризистик кырдаалдардагы жүрүм-турумдун психологиясы 
  5. Үй-бүлөлүк жана инсандар аралык мамилелердин психологиясы**
  6. Социалдык психология жана саясий психология 
  7. Баарлашуунун психологиясы**

 

АДИСТЕШТИРИЛГЕН КУРСТАР БОЮНЧА ЭЛЕКТРИВТЕРДИН ТИЗМЕСИ

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028