Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Программа жөнүндө

Программа жөнүндө

 

Психология бакалавры АКШнын психология боюнча программаларынын кылдат академиялык стандарттарын карманган КРдагы биринчи программа болуп эсептелет жана жергиликтүү керектөөлөр жана шарттарды эске алуу менен колдонмо психологиянын приоритеттүү жактарына таянат. 

Программаны ийгиликтүү аяктагандан кийин сиз төмөнкү иш-аракеттерди жасай аласыз:

  • Социалдык/уюштуруучулук жүрүм-турум тармагында кесипкөйлүк жардам берүү,
  • Психикалык ден-соолуктун конкреттүү көйгөйлөрү боюнча кеп-кеңеш берүү,
  • Жеке жана социалдык жүрүм-турумдарга психологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү 
  • “Психология” адистиги боюнча билим алууну жергиликтүү жана чет элдик университетте улантуу.

 

Программа сын көз-карашта ой-жүгүртүү жана академиялык эркиндик принциптерине негизделген жергиликтүү кесипкөйлүк билим берүүнүн үлгүсүнө инновацияларды сунуштайт. Мындан тышкары сиз Психологиялык изилдөөлөр борборунда тажрыйба арттыра аласыз. Аталган борбор психологияны окутууга жардам берип, психология тармагында илимий изилдөөлөрдү өткөрүп келет.

 

Сизде мындай мүмкүнчүлүктөр болот:

  • Нейропсихология курсунда адамдын акылынын сырларын жана мээнин химиясын изилдөө,
  • Инсандын психологиясы курсунда биздин ким экендигибизди жана кандай факторлор калыптануу жана аныктоого жардам берерин билүү,
  • Уюштуруучулук жана социалдык чечимдерди кабыл алуу боюнча сабактарда айрым адамдардын жүрүм-турумдарына эмне түрткү болорун жана чеимдер эмненин негизинде кабыл алынарын аныктоо,
  • Нейролингвистикалык программалоо сабактарында адамдык баарлашуунун динамикасы тууралуу түшүнүк алуу,
  • Психологиялык изилдөөлөр борборунда ыктыярчы болуп иштеп, окутуучуларга ар кандай изилдөөчүлүк долбоорлордо көмөктөшүү.

 

Окутуу программасы чакан тармактардын кенен спектринде теориялык билимдерди жана практикалык ыкмаларды алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул өз кезегинде сизге белгилүү бир адистик боюнча билим алууну улантууга шарт түзүп, каалаган кесипте анык үстөмдүк берет: массалык байланыштар менен маркетингден тарта бизнести башкаруу менен юриспруденцияга чейин.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028