БААУ/ АКАДЕМИКАЛЫК САБАКТАР/ Академиялык Колдоо Кызматтары/ Академиялык кеңеш борбору/ Насаатчылардын иш алып баруусу/ Студент-насаатчы

Студент-насаатчы

АКЫЛБЕКОВА АДЕМИ

Адистиги: Бизнести башкаруу, BA-123

«Баарын сынап көрүүгө арзыйт: колуңдан келгендин баарын жаса, калганы Кудайдан»

Акылбекова Адеми “Бизнести башкаруу” факультетинин 3-курсунун студенти. Ал таттуу жебесе да, таттуу бышырууну жакшы көрөт жана кол өнөрчүлүк менен алектенет. Жакында эле чуркоону баштаганына карабастан, эки жөө жарышка катышып, эки медалга ээ болгон. Адеми сандарды, күздү, латтени жана мышыктарды жакшы көрөт. Ал студент-насаатчы катары жаңы студенттерге университеттик жашоого көнүүгө жардам берген ролун абдан баалайт. Анткени 1-курста өзү үчүн университетти, кабинеттерди, курстарды жана окутуучуларды таанып-билүү кыйын болгондуктан, Адеми студенттер жана анын кеңеш алуучулары ошондой көйгөйлөргө туш болбошу үчүн болгон аракетин жумшагысы келет.

АЙТЕМИРОВ АКБАР

Адистиги: Эл аралык жана бизнес укук, IBL-123

«Бүгүн бир нерсе кыл, эртең өзүңө ыраазы болосуң»

Айтемиров Акбар “Эл аралык жана бизнес укугу” факультетинин 3-курсунун студенти. Ал ар түрдүү маданий чөйрөдөн келген студенттер менен иштегенди жакшы көрөт жана ар ким бири-биринен жаңы нерсени үйрөнө ала турган академиялык чөйрө түзүүгө умтулат. Акбар студенттерге академиялык суроолор боюнча жардам берүүгө, акыркы жылдары топтогон билим жана тажрыйбасы менен бөлүшүүгө, ошондой эле каалоосу бар студенттер менен жөн гана сүйлөшүүгө ар дайым даяр.

АБАСОВА АЛИНА

Адистиги: Программалык камсыздоо, SFW-123

«Эртең болбой калышы мүмкүн, ошондуктан бүгүнкү күн менен жаша»

Абасова Алина “Программалык инженерия” факультетинин 3-курсунун студенти. Ал математика сабагынан күчтүү жана угуу көндүмү мыкты болгондуктан , ошондуктан Жазуу жана академиялык ресурстар борборунда студент-окутуучу болуп иштейт. Алина активдүү спорт түрлөрүн жакшы көрөт, мисалы, тоого чыгууну жана велосипед тебүүнү, бирок азыр ага убактысы азыраак. Спорттон тышкары, ал үстөл оюндарын, компьютердик оюндарды, телефон оюндарын жактырат.

СЕИТАЛИЕВ АРЛЕН

Адистиги: Колдонмо математика жана информатика, AMI-123

«Сен эмне билем деп ойлойсуң жана эмне үчүн билем деп ойлойсуң?»

Сеиталиев Арлен “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин 3-курсунун студенти. Ал интроверт жана бейтааныш чөйрөдө отурганча онлайн баарлашууну жактырат. Көбүнчө убактысын китеп окууга, видео оюндарды ойноого же манга окууга жумшайт. Жалпысынан ал популярдуу илимий темаларга кызыгат. Анын студент-насаатчы болуудагы негизги кызыгуусу - студенттерге окууда да, жеке жашоосунда да кыйынчылыктарды жеңүүгө чын дилинен жардам берүү. Арлен 1-курста окуп жүргөндө, анын насаатчылары аны колдоп, шыктандырып, университеттик жашоого кантип көнүү керектигин көрсөтүшкөнүн эстейт. Студент-насаатчы болуу Арлен үчүн алган колдоону жана жардамды кайтарып берүүнүн бир жолу деп билет. 

АЛЛАХУНОВ ИКБОЛ

Адистиги: Программалык камсыздоо, SFW-123

«Кысым болгондо, биз даярдыгыбыздын деңгээлине чейин түшөбүз»

Аллахунов Икбол “Программалык инженерия” факультетинин 3-курсунун студенти. Ал максаттуу жана аракетчил студент болуп, билим алууну, өсүүнү жана командалык ишти баалайт. Башкалардын ийгиликке жетишине жардам бергенди жакшы көрөт жана колдоочу академиялык чөйрөнү түзүүгө ишенет. Анын студент-насаатчы болуудагы негизги себеби - бул студенттерди колдоо, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүү жана аларга академиялык жана жеке кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берүү. Ошондой эле Икбол ар бир студент өзүн ишенимдүү сезе турган жылуу жана шыктандыруучу чөйрөнү түзүүгө өз салымын кошкусу келет.

АРАПОВА НАГИМА

Адистиги: Эл аралык жана бизнес укугу, IBL-124

"Өзүңдүн эң жакшы версияң бол. Башка бирөөгө окшошууга аракет кылуунун кереги жок"

Арапова Нагима “Эл аралык жана бизнес укугу” факультетинин 2-курсунун студенти. Анын кызыгуулары кеңири: лекцияларга катышуудан жана ыктыярчылыктан баштап, китеп окуу, саякаттоо, мода изилдөө жана жакындары менен жылуу учурларды өткөрүүгө кызыгат. Ал жаңы жана өзгөчө нерселерге тартылат жана ар бир күндөн шыктануу менен кичинекей окуяларды табууга аракет кылат. Нагима колдоо жана кеңеш алуунун канчалык маанилүү экенин өз тажрыйбасынан билет. Башкаларга жардам берүү ага кубаныч тартуулайт жана адамдар менен байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Студент-насаатчы катары ал Академиялык кеңеш берүү борборунун иш-аракеттерине активдүү катышууну каалайт.

АСАНОВА НУРАЙЫМ

Адистиги: Экологиялык туруктуулук жана климатология, ESCS-124

"Баарынан жакшы боло албайсың, бирок бул эч нерсе кыла албайсың дегенди билдирбейт"

Асанова Нурайым “Экологиялык туруктуулук жана климатология” факультетинин 2-курсунун студенти. Ал ой жүгүрткөндү жакшы көргөн, табиятты, билимди жана идеяларды байланыштыра билген дилгир адам. Ал өзүнө чакырык таштоону жакшы көрөт. Мисалы, эссе жазуу, жаңы нерселерди үйрөнүү же чуркоо. Ал өзүн тажрыйбасын башкалар менен бөлүшкөндү жакшы көргөн адам деп эсептейт жана адамдардын өсүшүнө, өзүнө болгон ишенимин арттырууга жардам берүүдө кубаныч табат. Студент-насаатчы катары Нурайым Академиялык кеңеш берүү борборунун иш-аракеттерине катышып, студенттерге өсүү, өнүгүү жана үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүн ачууга жардам бергиси келет. Бул ага өзүнүн да көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана студенттик коомчулукка салым кошууга мүмкүнчүлүк берет.

БАКИЕВА РУХСАНЕМ

Адистиктери: Эркин өнөр жана илимдер бөлүмү: социалдык ишкердик жана дизайндык ой жүгүртүү жана Бизнести башкаруу, LAS-SE-124

  "Бардык нерсе мүмкүн. Ал эми мүмкүн эмес нерсе болгону көбүрөөк убакыт талап кылат!"

Рухсанем Бакиева “Эркин өнөр жана илимдер” факультетинин 3- курсунун студенти. Ал билим алууга, адабиятка, музыкага жана көркөм өнөргө терең кызыккан чыгармачыл студент, ошондой эле башкаларга билим берүүгө жана адамдарга жаңы көз караштарды ачууга жардам берүүгө өзгөчө дилгир. Рухсанем — алдыңкы студент, орус тили боюнча Республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү жана «Алтын сертификаттын» ээси, бул ага БААУда акысыз окууга мүмкүнчүлүк берген. Академиялык жетишкендиктерин улантуу менен, ал ардактуу тизмеге кирген. Анын жогорку окуу көрсөткүчтөрү Гудзондогу Аннандейл шаарынын Бард колледжинде эл аралык алмашуу программасына катышуусуна шарт түзгөн.

Үч жылдык репетитордук тажрыйбасы менен Рухсанем студенттердин кыйынчылыктарын түшүнүү, көйгөйлөрдү аныктоо жана натыйжалуу, колдоочу чечимдерди сунуштоо жөндөмүн өрчүткөн. Акыркы эки жылдан бери ал студент-насаатчы  катары иштеп, студенттерге академиялык пландаштырууда жардам берип жана алардын университеттик жашоого көнүүсүнө колдоо көрсөтүп келет.

 

КЕНЧИБАЕВА САТИ

Адистиги: Эркин өнөр жана илимдер бөлүмү: Европа изилдөөлөрү, LAS-ES-123

«Баары жакшы болот»

Кенчибаева Сати “ Эркин өнөр жана илимдер бөлүмү ” факультетинин үчүнчү курсунун студенти. Ал Германияда бир семестр билим алып, жаңы академиялык системаларга жана маданий чөйрөгө ыңгайлашуу процессин тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Сати ыктыярчылык ишмердүүлүк менен активдүү алектенет жана башкаларга, айрыкча университеттеги жолун жаңы келген студенттерге жардам берүүгө ар дайым даяр. Алгачкы семестрлердеги кыйынчылыктарды өзү башынан өткөргөндүктөн, биринчи курстагы студенттердин өздөрүн ишенимдүү сезишине, керектүү маалыматты жана колдоону алышына көмөк көрсөтүүнү максат кылат.

Peer advisor катары Сати өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, студенттерге академиялык маселелерди түшүнүүгө жардам берүүнү жана АУЦАда өздөрүн эркин, ыңгайлуу сезишине шарт түзүүнү көздөйт.

НИШАНБЕК КЫЗЫ САВЛЕТ

Адистиги: Программалык камсыздоо, SFW-123

"Жасап өкүнгөн жакшы, жасабай өкүнгөндөн көрө"

Нишанбек кызы Савлет «Программалык камсыздоо» факультетинин 3-курсунун студенти. Ал сүрөткө тартканды жана музыкалык аспаптарда ойногонду жактырат, ошондой эле социалдык иштер менен алектенип, активдүү жашоо образын карманат. Биринчи курста окуп баштап студент-насаатчылардын көрсөткөн жардамдары аны абдан шыктандырып, өзү да бул ролду аткарып келет. Студент-насаатчы катары Савлет түз баарлашууга жана студенттерге кош адистик, кичи адистик менен катар университеттин ичинде башка адистикке өтүү боюнча жардам берүүгө басым жасоону каалайт.

ПАН ВАЛЕРИЯ

Адистиги: Колдонмо математика жана информатика, AMI-123

«Ар бир ийгиликсиз аракет - бул дагы бир алдыга жасалган кадам» – Томас Эдисон

Пан Валерия “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин 3-курсунун студенти. Ал достору менен топто окуганды жана башка студенттерге академиялык жактан колдоо бергенди жакшы көрөт. Окуудан тышкары, Валерия музыка угууга, сүрөт тартууга жана жаңы жерлерди изилдөөгө кызыгат. Студент-насаатчынын ролунда Валерия студенттер колдоону жана түшүнүүнү сезгенде потенциалын эң жакшы ачат деп эсептейт. Ал өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, башкаларга академиялык жана жеке кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берүүдөн мотивация алат. Мындан тышкары, ар түрдүү тажрыйбасы бар жаңы адамдар менен таанышуу ага абдан кызыктуу.

РАДЖАБИ ЗАХРА

Адистиги: Эркин өнөр жана илимдер:социалдык ишкердик жана дизайндык ой жүгүртүү; кошумча адистиги: Психология, LAS-SE-123

«Жакшылык кылсаң, жакшылык сага кайтып келет»

Раджаби Захра “Эркин өнөр жана илимдер” факультетинин 3-курсунун студенти болуп, “Социалдык ишкердик жана дизайндык ой жүгүртүү” багытында билим алып келет. Ал чыгармачылыкка, музыка жана искусствого кызыгат. Захра башкаларга жардам берүүгө жана өз ара урматтоону өнүктүрүүгө умтулат. Мындан тышкары, ал ар дайым оптимист бойдон калып, ачык ой жүгүртүүгө жана өз коомчулугуна позитивдүү салым кошууга аракет кылат. Захранын студент-насаатчы болуудагы негизги максаты-өзүнүн тажрыйбасын жаңы студенттер менен бөлүшүү, аларга университеттик жашоого ийгиликтүү ыңгайлашууга жардам берүү жана керектүү учурда ар дайым колдоо көрсөтүү.