Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Ала-Арча

Ала-Арча

Мамлекеттик “Ала-Арча” жаратылыш паркы 1976-жылы, Кыргыз Ала-Тоонун Ала-Арча капчыгайынын ортоңку жагында түзүлгөн. Парктын аянты - 19,4 миң га, Бишкектен алыстыгы – асфальтталган жол менен 30 км.

Ала-Арча дарыясы мөңгүдөн баш алат. Дарыянын жогору жагынан куйма жагына чейин бир топ чоң кошулма суулар агып келет: Туюк-Суу, Топ-Карагай, Теке-Тор, Ак-Сай, Адыгене, Карагай-Булак, Кадыр-Берди, Бөрү-Сай, Кашка-Суу, Оруу-Сай. 2100 метр бийиктиктеги карагай токойдун ичинде “Ала-Арча” альпинист лагери орун алган.

Өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнүн байлыгы, ландшафттардын ар түрдүүлүгү боюнча укмуштуу жерди туризм максатында жыл бою колдонсо болот, бирок милдеттүү түрдө жаратылышты сактоо чараларын көрүү зарыл. (Дудашвили С.Д. Кыргызстандын туристтик байлыктары)

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028