Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - ОШ

ОШ

Ош - Ош облусунун административдик борбору, республикалык деңгээлдеги шаар.

Калкы - 230 800 киши. (1-январь 2011), шаар администрациясынын карамагына кирген айыл аймактарын кошкондо 255 800 киши. Кыргызстандын экинчи чоң шаары, Түштүктүн ордо калаасы.

 

Ош Орто Азиянын диний мусулман борборлорунун бири болгон. Шаар ортосундагы байыркы мечиттер жана Сулайман-Тоо менен атактуу. Орто Азия мусулмандарынын зыярат кылчу жерлеринин бири.

 

Шаар тоонун этегинде жайгашкан. Бул жер байыртадан бери, кыргыздардын Енисейден келгенинен чейин эле (болжол менен 800 жыл мурун) калк жыш жашагандыгы менен белгилүү. Сулайман-Тоонун тескейинде коло доорундагы жер иштетүүчүлөрдүн кыштагы табылган. Ош Кыргызстандын эң байыркы шаарларынын бири болуп саналган, азыркы учурда расмий түрдө шаар 3000 жылга толгон деп эсептөө сунушу берилген, бирок тарых илиминде шаарлардын жашын тарыхый документтерде эң биринчи эскерилген күнүнөн бери эсептөө эрежеси колдонулат. Ош шаары б.з. IX кылымда жылнаамаларда эң биринчи жолу эскерилген. Бул да аны өлкөдөгү эң байыркы шаар деп белгилөөгө жүйө болот.

 

X кылымда Ош Ферганадагы чоңдугу боюнча үчүнчү шаар болуп саналган. Индия, Кытай жана Европага кетчү кербен жолдорунун кесилишинде орун алган.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028