БААУ/ КАМПУСТАГЫ ЖАШОО/ БААУ Окуудан тышкары иш-чаралары/ Студенттик театр

"Mirrors" студенттик театры

 

БААУнун студенттик театры 2002-жылы негизделип, «Дебют» деген атка ээ болгон. 2013-жылы, 10 жылдык мааракесинде театр «Миррорс» деп кайра аталып, ошол эле аталыштагы биринчи мюзиклин койгон. 2014-жылы «Миррорс» «Чек арасыз театр» номинациясында «Жылдын тандоосу Кыргызстанда» сыйлыгын алган.

2005-жылдан 2016-жылга чейин студенттик театр Кыргызстан боюнча ар кандай фестивалдарды жана долбоорлорду ишке ашырган. Алардын катарына БУУӨП колдогон «Миллениум максаттары», «Кыргызстандын көп маданияттуу гүлдестеси», Soros Foundation жана USAID колдогон «Көп тилдер – бир дүйнө», БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы колдогон «Биз – дүйнөбүз» долбоорлору кирет.

 

 

Театрдын репертуарында «Миррорс», «Кызыл желкендер», «Кош бол, Эски аянт», «Мырза Nдин 7 азгырыгы», «Пигмалион шоу», «Убакыттын оюндары», «Алиса жомок дүйнөсүндө», «Кафе 7/6», «Мамина пластика», «Турандот», «Эскерүүлөр толкуну менен», «Кичинекей ханзада» сыяктуу спектаклдер бар.

Салттуу түрдө бул мюзиклдер Институтка кабыл алуу күнү үчүн даярдалат, ал БААУнун академиялык жылдык календарынын эң негизги иш-чараларынын бири болуп эсептелет. Ар жылы 40тан ашык биринчи курстун студенттери дебютант катары мюзиклге катышат.

 

 

«Миррорс» театрын YouTube жана Instagram баракчаларынан байкай аласыз.

НГ стипендиясы