Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ -

 
Студенттер үчүн процедуралар
Эгер сиз окуу мезгилинде ооруп калсаңыз, анда төмөндөгү инструкциялар боюнча иш тутуңуз 


Сиз Медициналык кеңсе иштеген убакта кампуста болсоңуз:

o Кеп-кеңеш алуу үчүн Медициналык кеңсеге баш багыңыз (иштөө графиги жана байланыштар).

 
ЭГЕР сиздин абалыңыз кампуска келүүгө жол бербей жатса:

o Медициналык кеңсе менен электрондук почта аркылуу байланышыңыз;
o Окутуучуңуз менен байланышып, ооруп жатканыңызды кабарлап коюңуз.

 
Андан-ары сөзсүз түрдө жасалуучу иш-аракеттер:

  • Бишкекте жашаган жана Үй-бүлөлүк медицина борборуна катталгандар:
  • Дарылануу жана медициналык билдирме алуу үчүн жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборундагы дарыгерге кайрылуу.
  • Айыккандан кийин билдирмени тастыктоо үчүн Медициналык кеңсеге алып келип берүү!

 

Башка шаардагылар:

  • Дарылануу жана билдирме алуу үчүн тез жардам чакыруу же жеке менчик медициналык борборго кайрылуу.
  • Айыккандан кийин билдирмени тастыктоо үчүн Медициналык кеңсеге алып келип берүү!

 

Жатакананын тургундары:

  • Медициналык кеңсе менен электрондук почта аркылуу байланышуу.
  • Андан-ары кандай чараларды көрүүнү медициналык кеңсе тушүндүрүп берет.
  • Ооруп калганыңызды жатакананын директоруна маалымдоо

 

Ооганстандан келген студенттер

  • Андан-ары эмне кылууну билүү үчүн Ооганстандык студенттер үчүн доктор менен байланышыңыз. 

 

Эгер сиз окуу эмес мезгилинде же Медициналык кеңсе иштебеген учурда ооруп калсаңыз, анда төмөнукү бетте көрсөтүлгөн инструкциялар менен иш тутуңуз

Сурап-билүү үчүн Медициналык кеңсеге кайрылыңыз
 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028