Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ -

 

Жумушка орношуп жатканда

Жумушка жаңыдан кирип жатканда жумушка киришүүгө медициналык укук алуу үчүн милдеттүү түрдө талап кылынат:

 

Жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборунда же жеке менчик медициналык
борбордон флюрографиялык текшерүүдөн өтүү

 

Жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборунда же жеке менчик лабораториядан
сифилиске (РМП или RW) кандын анализин тапшыруу

  Медициналык китепче сатып алуу (үлгүнүн сүрөтү) 

 

Андан-ары флюрографиялык текшерүүнүн, кандын анализинин жыйынтыгын жана медициналык китепчени алып төмөнкү иш-аракеттерди жасоо зарыл:

 

 

 

БААУ аймактык жактан таандык болгон №8 Үй-бүлөлүк медицина борборунда (мурунку
№15 Үй-бүлөлүк медицина борбору) медициналык кароодон өтүү
Дареги: 6-кичирайон, 1-үй, 37-кабинет (медициналык кароодон өтүү кабинети).

 

Өз медициналык китепчеңизди сактоо үчүн медициналык кеңсеге тапшыруу.

 

 

Кайрадан жумушка алынып жаткан учурда
Кайрадан жумушка алынып жаткан учурда жумушка киришүүгө медициналык укук алуу үчүн сөзсүз түрдө талап кылынат:
1. Флюрографиялык текшерүүдөн өтүү,
2. Медициналык укук алуу.
 

Флюрографиялык текшерүүдөн өтүп, медициналык укук алуунун жолдору: 
1. БААУда:
БААУ жыл сайын кызматкрелер менен студенттердин флюрографиялык текшерүүсүн уюштурат (БААУнун аймагында). Аталган компаниянын алкагында флюрографиялык текшерүүдөн өткөн шартта медициналык кароодон өтүү жана БААУга медициналык укук
алуу кадамдары университеттин эсебинен өткөрүлөт. Флюрографиялык текшерүүдөн өтүү тууралуу маалымат электрондук почта аркылуу маалымдалат. Кызматкерлердин үзгүлтүксүз флюрографиялык текшерүүсү тууралуу кенен маалымат төмөндө берилген. 

2. БААУда эмес:
БААУ уюштурган флюрографиялык текшерүүгө катышпай калган учурда кызматкерден төмөнкүлөр талап кылынат:

  • Флюрографиялык текшерүүдөн өтүү (жашаган жери боюнча же өз эсебинен жеке менчик медициналык борбордон);
  • БААУнун Медициналык борборунан медициналык китепчени алуу (үлгүнүн
    фотосу) жана ага кошо флюрографиялык текшерүүнүн жыйынтыгын алуу;
  • Медициналык кароону БААУ таандык болгон №8 Үй-булөлүк медицина борборунан медициналык кароону аяктоо; №8 Үй-бүлөлүк медицина борборунун дареги: 6 кичирайон, 1-үй, 37-кабинет (медициналык кароодон өтүү кабинети)
  • Медициналык китепчени БААУнун медициналык кеңсесине сактоо үчүн
    тапшыруу.
 

 

Үзгүлтүксүз флюрографиялык текшерүү
Жыл сайын БААУнун буйругуна ылайык, сентябрь айында же башка бекитилген убакта БААУнун бардык студенттери университет тарабынан уюштурулган флюрографиялык текшерүүдөн өтүүсү кажет.
БААУ уюштурган текшерүүдөн өтпөй калган студент бир аптанын ичинде өз алдынча флюрографиялык текшерүүдөн өтүп, анын жыйынтыгын Медициналык кеңсеге тапшыруусу зарыл. Аталган эреженин бузуучуларына БААУ админстративдик чара көрүү
укугуна ээ. 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028