Университетин медициналык кызматынын баракчасына кош келиңиздер!
Бул жерден сиз биздин кызматтар, иштөө графигибиз, байланыш маалыматтары, зарыл документтер, көп узатылган суроолорго жоопторду жана башка көптөгөн маалыматтарды таба аласыз.
БААУнун Медициналык кеңсеси БААУнун коомчулугуна төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:
Зарылчылыкка жараша БААУнун терапевти университеттин студенттерине “Акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүү тууралуу келишимге” ылайык, адистешкен поликлинаканын адис дарыгерлерине кайрылууну сунуштайт. Эгер сизде биз көрсөткөн кызматтар боюнча суроолор жаралса, анда биз менен өзүңүзгө ыңгайлуу жол аркылуу байланышыңыз (бул жерди басыңыз).
Медициналык кеңсе жайгашкан жер: T13
Ооганстандык студенттер үчүн доктор: кабинет 216
Эгер сизде ден-соолугуңузга байланыштуу/кеңсе иштебеген учурда суроолор жаралса, анда төмөндө келтирилген көрсөтмөлөр боюнча иш тутуңуз.
Ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөр жаралган учурда студенттер үчүн процедуралар Эгер сизде сабактарга катышуу мүмкүнчулүгү жок болсо, анда эмне кыларыңызды жана Университетке кантип кабарлооңузду билериңизге ынаныңыз. Эгер өзүңүздү жаман сезсеңиз, анда кандай чараларды көрүү керектиги жөнүндө кенен инструкцияларды төмөнкү шилтеме аркылуу кирип таба аласыз.
БААУнун бардык жаңы студенттери жана кызматкерлери үчүн
БААУнун жаңы кызматкерлери жана студенттери (окуудан четтетилгенден кийин кайра кабыл алынгандар, академиялык тыныгуудан кайтып келгендер, чакыруунун негизинде (visiting) жана алмашуу программалары менен келген студенттер, ЖМА) медициналык кеңсе талап кылган документтерди камдоосу кажет. Кошумча маалымат алуу үчүн төмөндө ылайык келген категорияны тандаңыз.
БААУнун жатканасында жашап туруу үчүн арыз берип жаткан студенттер үчүн БААУнун жатаканасында жашап туруу үчүн арыз берип жаткан студенттер кайсы окуу жылында окуп жатканына карабастан, медициналык формалардын тизмесин Медициналык кеңсеге жеткирип берүүсү кажет.
БААУнун жатканасында жашап туруу үчүн арыз берип жаткан студенттер
Эгер сизде кандайдыр-бир суроолор жаралса, анда Медициналык кеңсеге кайрылыңыз.