Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Турак жай

ТУРАК ЖАЙ

Бишкекте өзүңүзгө ылайыктуу турак жай таба аласыз. Шаар ичинде ижарага батир алсаңыз болот, ошондой эле чогуу жашай турган үй-бүлөдө жашаса да болот.

Мейманканалар жана конок үйлөрү

Бишкекте көп санда мейманканалар жана конок үйлөрү бар.

Батирлер

Бишкекте көп санда батирлер ижарага берилет. БААУ ыңгайлуу батирлерди издөөдө жана тандоодо көмөк көрсөтө алат. Эгерде Бишкекте эки жумадан көп кала турган болсоңуз, батирди ижарага алып жашаганыңыз эң жакшы болот.

ҮЙ-БҮЛӨ МЕНЕН ЖАШОО

Жергиликтүү элдин каада-салты, маданияты менен таанышуу, тил үйрөнүүнү эң мыкты жолу үй-бүлө менен жашоо болуп саналат. Алмашуу программалары менен келе турган студенттерге, профессорлорго жана окумуштууларга бир жылга чейин чогуу жашай турган үй-бүлөнү таап берүү мүмкүн.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028