Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - ЮРИДИКАЛЫК КЛИНИКА

ЮРИДИКАЛЫК КЛИНИКА

“Калктын юридикалык маселелерин чечүү менен бирге юридика департаментинин студенттерин кесипкөйлүк ыкмаларга үйрөтүү” 

 

БААУнун Юридикалык клиникасы 2003-жылы юридикалык билим берүүнү калкка укуктук жардам берүү менен бириктирүү максатында негизделген. 

 

Клиниканын негизги максаттары - бул Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы толук кандуу ишмердүүлүк жүргүзгөн адвокаттык фирмаларга жогорку квалификациялуу үйрөнчүк юристтерди окутуу; калктын арасында юридикалык кызматтарга жетүүнү жогорулатуу; кирешеси төмөн жактар менен үй-бүлөлөрдүн маселелерин козгогон мамлекеттик саясат менен мекемелердин системасын иликтөө жана түшүнүү. БААУнун Эл аралык жана бизнес укук департаменти менен биргеликте Клиниканын ишмердүүлүгү калктын аярлуу катмарларына акысыз юридикалык жардам көрсөтүү менен социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.

 

Маселелер жана Принциптер

 

Клиниканын башкы маселеси жазма жана оозеки консультациялар, доо арыздарын жана башка юридикалык документтерди берүүдө көмөк көрсөтүү аркылуу республиканын калкына юридикалык жардам көрсөтүү; жарандык сот иштерин жүргүзүүдө жана мамлекеттик мекемелерде кардарлардын таламын талашуу; зарыл болгон башка юридикалык документтерди даярдоо болуп саналат.   

 

Клиниканын негиз салуучу принциптери:

  • мыйзамдуулук;
  • адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо;
  • жардамга муктаждардын баарына жеткиликтүүлүк;
  • ак ниеттүүлүк менен иштөө;
  • купуялуулук.

 

Клиника укуктун төмөнкү тармактары боюнча жардам көрсөтөт: жарандык укук, эмгек укугу, үй-бүлөлүк укук жана бизнес укук.

 

2010-жылы Юридикалык клиника систематикалык жарандык иштерден тышкары коомдук кызыкчылыкты жараткан иште чоң ийгиликке жетишкен. Клиника тургундардын үйүнүн жанындагы жер тилкеси боюнча КРнын Жогорку Сотундагы териштирүүлөрдө иштин тургундардын пайдасына чечилүүсүнө жардам берген.  

 

2011-жылы БААУнун Юридикалык клиникасы Адам укуктары боюнча жаңы долбоорду демилгелеген. Долбоор Борбордук Азияда адам укуктары боюнча юристтерди даярдоого багытталган. Долбоорго ылайык, Клиника Кыргызстанда адам укуктарынын систематикалык түрдө бузулушуна каршы күрөшүү боюнча өкмөттүк эмес жана Эл аралык уюмдар менен кызматташууну демилгелеген. Долбоордун алкагында адам укуктары тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүү жана мамлекеттик жоопкерчиликтин Эл аралык укуктук механизмдерин колдонуу маселелери каралат. 

 

Окутуучулары

Жылкичиева Кундуз

БААУнун Юридикалык клиникасынын директору

 

 

 

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028