Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - БИР ТУУГАНДАРГА БЕРИЛҮҮЧҮ ЖЕҢИЛДИК

БИР ТУУГАНДАРГА БЕРИЛҮҮЧҮ ЖЕҢИЛДИК

 Бир туугандарга берилүүчү жеңилдик

Өлчөмү: эки бир тууган окуса ар биринин окуу акысына 50% жеңилдик, ал эми үч бир тууган окуса ар бирине 55% жеңилдик берилет.

 Бул жеңилдиктер БААУда бир мезгилде окуп жаткан бир тууган студенттерге тиешелүү. Ал студенттин муктаждыгына карабайт, демек каржылык муктаждыкты далилдөөчү документерди тапшыруунун зарылчылыгы жок. Эгерде бардык бир туугандардын жалпы GPA жок дегенде 2.7 сакталса жана алар толук мөөнөттөгү студент болушса, бул жеңилдиктер автоматтык түрдө кийинки жылы улантылып турат. Эгерде бир туугандардын бири университетти таштап же бутуруп кетсе, калган студент жалгыз толүк мөөнөттө окуган болсо, жеңилдиктердин берилиши токтотулат, бирок университетте калган студент финансылык муктаждыктын негизиндеги стипендияга арыз берүүгө укуктуу.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028