Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Кош диплом алуунун варианттары

Кош диплом алуунун варианттары

 

БААУ АКШнын Индиана Университетинин алдындагы Маккинни юридикалык мектеби менен өнөктөштүктө кош диплом программасын сунуштайт. Аталган кош дипломдук программасын тандаган студенттер Эл аралык салыштырма укук, адам укуктарынын Эл аралык укугу жана башка тармактарда АКШда билим алуу, билим алуу аяктагандан кийин Кыргызстанда жана АКШда толугу менен акредиттелген дипломдорду алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

Мындай мүмкүнчүлүк тууралуу кенен маалыматты бул шилтеме аркылуу табууга болот >>

 

БААУ Литвадагы Миколас Ромерис Университети менен өнөктөштүктө укуктун магистри кош дипломдук программасын сунуштайт. Программаны аяктаган студенттер Литвада бир-эки семестр аралыгында окуу мүмкүнчүлүгүн алышат.

Мындай мүмкүнчүлүк тууралуу кенен маалыматты бул шилтеме аркылуу табууга болот>>

 

БААУ Литвадагы Европалык гуманитардык университети менен өнөктөштүктө укуктун магистри кош дипломдук программасын сунуштайт. Кош диплом программасын аяктаган студенттер экинчи семестрден баштап Литвада билим алып келүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана алышат.

Мындай мүмкүнчүлүк тууралуу кенен маалыматты бул шилтеме аркылуу табууга болот >>

 

БААУ Аризона Университетинин магистрдик программасы менен өнөктөштүктө кош дипломдук программасын сунуштайт. Бул программаны тандаган студенттер биринчи курсту БААУда окушат.

Мындай мүмкүнчүлүк тууралуу кенен маалыматты бул шилтеме аркылуу табууга болот >>

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028