Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Окуу программасы жана курстары

Окуу программасы жана курстары

 

БААУнун  LL.M. магистрдик программасы эки жылдык болуп эсептелет. Окуу планы, насыя сааттары жана курстардын өткөрүлүү параметрлери америкалык стандарттар боюнча иштелип чыккан. Программа кызыкчылыктарына жараша өз билим алуусун улантууну жана укуктун жалпы же бир конкреттүү тармагында адистешүүнү каалагандар үчүн жаралган. Студенттерде өз тармагы боюнча билимдерин кеңейтүү жана укуктун жаңы тармактарын иликтөө мүмкүнчүлүгү болот.

Окутуу программасы Эл аралык жалпы элдик укук жана/же Эл аралык бизнес укуктун алкагында адаптациялануусу мүмкүн. Студенттер өзүлөрүнүн кесипкөйлүк максаттары жана жеке кызыкчылыктарына жараша адистиктерди тандашат. Сунушталган курстар студенттерге келечектеги карьерасында жардамы тие турган ыкмаларды берүү үчүн иштелип чыккан. Каалаган тармак боюнча: юриспруденция, өкмөт, бизнес, илимий чөйрө же ага жакын тармактарда. Бардык студенттер юриспруденциянын маанилүү заманбап маселелери боюнча салыштырма укуктук окутуу менен камсыздаган милдеттүү курстарды өтүшөт.

Бүтүрүүчүлөрдүн кандай карьералык жолду тандоосунан көз карандысыз түрдө Эл аралык жана салыштырма укуктун негиздери студенттерге курчап турган ааламды түшүнүүгө жардам берет. Тандоо боюнча курстар (элективдер) студенттер өз карьерасында пайдалана турган конкреттүү сабактар боюнча билимдерди берет. Студенттерге максаттары үчүн кайсы курстар туура келерин аныктоо үчүн окутуучулар менен жолугушуу сунушталат. Кош диплом алуу мүмкүнчүлүгүн тандаган студенттер экинчи окуу жылында АКШ же Европадагы өнөктөш окуу жайда окуй алышат. Кош диплом программасы үчүн окуу планынын талаптарын БААУнун администрациясы менен жекече макулдашып алууга болот. (llm@auca.kg).

 LL.M. магистрдик программасын ийгиликтүү аяктоо үчүн төрт семестрдин аралыгында 120 насыя чогултуу талап кылынат. Окуу планына төмөнкү курстар киргизилген: 

 

  • Милдеттүү курстар жана ишмердүүлүк (71 насыя):
  1. Укуктун философиясы (3 насыя);
  2. Өзгөрүп жаткан ааламдагы салыштырма укук таануу (6 кредитов);
  3. Укук жана экономика (3 насыя);
  4. Укукту окутуунун методологиясы (3 насыя);
  5. Укуктук анализ, изилдөөлөр жана кат (6 насыя);
  6. Эл аралык жалпы элдик укуктун перспективдүү маселелери (6 насыя);
  7. Перспективдүү укуктук маселелер (10 насыя);
  8. Студенттин өз алдынча изилдөөлөрү (10 насыя);
  9. Практика (10 насыя);
  10. Дипломдук иш жазуу (12 насыя).

 

  • Тандоо боюнча курстар (49 насыя)*:\
  1. Эл аралык соода укугу;
  2. Инвестициялык укук жана туруктуу өнүктүрүү;
  3. Салыштырма атаандаштык укук;
  4. Эл аралык экологиялык укук жана туруктуу өнүктүрүү;
  5. Интернет-укук;
  6. Эл аралык коммерциялык арбитраж;
  7. Салыштырма корпоративдик башкаруу;
  8. Эл аралык салык салуу;
  9. Медиация: Жаңжалдарды жөнг салуунун альтернативдүү технологиялары;
  10. Коррупция, өнүктүрүү жана тийиштүү башкаруу;
  11. Адам укуктарынын жана укуктун улуктугунун ааламдашуусу;
  12. Тынчтыкты камсыздоо боюнча БУУнун иш-аракеттери;
  13. Бүткүл дүйнөлүк соода уюму жана адам укуктары;
  14. Адам укуктары тармагында Эл аралык укук;
  15. Салыштырма конституциялык укук;
  16. Эл аралык жазык укугу.

 

*Бул тандоо боюнча курстардын толук тизмеси эмес.

Курстар жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн LL.M. магистрдик программасынын текшерүү тизмесине (чеклист) кайрылыңыз.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028