Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - "ТикТок`то” видеоролик аратууга арналган сынак

“ТикТок`то” видеоролик аратууга арналган сынак

 

TikTok социалдык түйүнүндө видеоролик жаратууга сынак жарыяланды!

Урматтуу достор,


БААУнун Эл аралык жана бизнес укук факультети (мындан ары “IBL факультети”) TikTok платформасында студенттерди жана алардын коомчулугун тартуу максатында контент жаратуу жана аны алып баруу ниетинде. Бардык контент БААУга, студенттик жашоого, кампустун маданиятына жана жалпы юристтин кесибине карата ачык жана реалдуу көз-карашты тартуулоосу кажет.


Төмөндө IBL факультети TikTok платформасын кыска роликтерди жаратуу үчүн пайдалана турган бир нече жолу берилди:

  • Бүтүрүүчүлөрдүн өзгөчө белгилери жана бүтүрүүчүлөрдүн баяндары;
  • Адистиктер менен курстардын өзгөчөлүктөрүн чагылдырган маалыматтык видеороликтер;
  • IBL факультетинде иш-чараларды жана жарыяларды жайылтуу;
  • Студенттердин бир өкүлү студенттин бир кундүк жашоосу тууралуу айтып берет;
  • IBL факультетинин демилгелери же кампаниялары менен байланышкан тапшырмалар жана сынактар;
  • Кампус, имарат жана аудиториялар боюнча экскурсиялар (имараттан сырткары да өткөрүлүшү мүмкүн);
  • Студенттерди окууга кабыл алуу жана бүтүрүү жөнүндө атайын тандалган видеороликтер;
  • Жалпы укуктук тематикага арналган видеороликтер жана башкалар.

 

IBL факультети TikTok платформасы үчүн IBL факультети жөнүндө 15-25 секунддук кыска видеоролик жарата ала турган студенттерди издейт. Видеоролик креативдүү жана кызыктуу болуусу керек. Анын мазмууну - студенттин чыгармачылыгына жараша. Болгону видеодо башка бирөөлөрдү кордогон/уяттуу сөздөр камтылган көрүнүштөр болбошу зарыл. Видеону музыка менен үн коштоосу мүмкүн, анткени алар TikTok экосистемасынын маанилүү компоненти болуп саналат эмеспи.


Эскертүү! Сынактын катышуучулары өз видеороликтерин сынактан тышкары башка тармактарда жарыялай алышпайт.


Сиз өз видеоролигиңизди Google Drive же башка системага жүктөп, анын шилтемесин бизге law@auca.kg аркылуу жөнөтүп жиберсеңиз болот. Эгер видеоролик алдын-ала кароодон өтсө, анда IBL факультетинин социалдык түйүндөрдөгү аккаунттарына (Instagram, Facebook, TikTok, Telegram) жайгаштырылат.


Соңку мөөнөт
Видеороликтериңиздерди 2021-жылдын 6-апрелине чейин жөнөтүңүздөр!

Кимдер катыша алат?

  • БААУнун студенттери
  • БААУнун бүтүрүүчүлөрү
  • Борбордук Азиянын жогорку класстарынын окуучулары

Жеңүүчүнү аныктоо
Талаптарга жооп берген видеороликтер өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктагандан кийин 2 аптанын аралыгында IBL факультетинин калыстар тобу, окутуучулары жана студенттери тарабынан IBL факультетинин окутуучусунун төрагалыгы алдында алдын-ала тандалып алынат.


Тандалып алынган роликтер кезеги менен бир айдын ичинде TikTok`ко жарыяланып турат (жөнөтүлгөн видеороликтердин санынан көз каранды түрдө мөөнөт узартылышы/кыскартылышы мүмкүн). Роликтерди жайгаштыруунун болжолдуу мөөнөтү - 27-апрелден 27-майга чейин.
Сынактын жеңүүчүсүн TikTok`тун аудиториясы аныктоосу керек, башкача айтканда эл сүймөнчүгү аталышы керек. Башкы сыйлык - Эл сүймөнчүгү TikTok`тун отчетторунун негизинде аныкталат жана ага сыйлык тапшырылат. Жыйынтыгында жеңүүчү деп бир айдын аралыгында максималдуу түрдө колдонуучуларды өзүнө тартып, эң көп көрүлгөн видеоролик табылат.


Жеңүүчү 2021-жылдын 27-июнунда аныкталат (акыркы видеоролик жүктөлгөн күндөн туптуура 1 ай өткөндөн кийин). Мисалы кайсы бир ролик 27-апрелде саат 10:00дө жүктөлгөн болсо, анда биз 27-май саат 10:00гө чейинки аудиториянын тартылуу коэффициенттерин эсепке алабыз.
TikTok`то максималдуу тартуунун коэффициентин эсептөөнүн формуласы төмөнкүчө:
[(Лайктардын саны + комментарийлердин саны + видео менен бөлүшкөндөрдүн саны) / көрүүлөрдүн саны] X 100:


Сыйлыктар
Сынактын жеңүүчүлөрүнө төмөнкү сыйлыктар тапшырылат:
Эл сүймөнчүгү (TikTok`то гана)
1. Гран-при: 150 АКШ доллары

2.Экинчи сыйлык: 100 АКШ доллары

3. Үчүнчү сыйлык: 50 АКШ доллары


Сиздердин чыгармачыл видеороликтериңиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз!


Сизде бул сынак боюнча суроолор жаралдыбы? Анда өтүнүч IBL программасы менен байланышыңыз:
E-MAIL: law@auca.kg
INSTAGRAM: auca_law
FACEBOOK: AUCA LAW
WHATSAPP:+996990988890
CELL PHONE: +996990988890

    

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028