Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Оюндук соттук процесстердин Нюрнберг Эл аралык сынагы

Оюндук соттук процесстердин Нюрнберг Эл аралык сынагы

 

БААУнун IBL программасынын студенттери оюндук соттук процесстердин Нюрнберг Эл аралык сынагына катышып келет. Бул жыл сайын Германиянын Нюрнберг шаарында өткөрүлгөн сынак. Сынактын катышуучуларына Эл аралык жазык сотунда ойлонуп табылган кейсти аргументтөө сунушталат.
Оюндук соттук процесс - бул үлгүлөнгөн соттук териштирүү. Анда студент-юристтерге күнөөлөө жана коргоо позицияларында оозеки жана жазма юридикалык аргументациянын негизинде таймашуу сунушталат.
Нюрнберг оюндук соттук процессинин уюштуруучусу Нюрнбергдик принциптердин Эл аралык академиясы жана Фридрих-Александр атындагы Эрланген-Нюрнберг университетинин Эл аралык жазык укугун изилдөө бөлүмү болуп саналат.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028