Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Окутуунун миссиясы жана натыйжалары

Окутуунун миссиясы жана натыйжалары

 

IBL бакалавриат программасынын миссиясы

IBL бакалавриат программасынын миссиясы көз карандысыз, аналитикалык окутууга жана практикалык ыкмаларды өнүктүрүүгө багытталган программанын жардамы менен Борбордук Азияда юристтердин жаңы муунун тарбиялоодо жатат. Программа Эл аралык укук жана бизнес укук тармагында бакалавр деңгээлинде жогорку сапаттагы юридикалык билим тартуулайт. Биз миссиябызды аткаруу үчүн мыкты Эл аралык жана улуттук интеллектуалдык салттарды камтыган окутуу программасын сунуштоо менен болгон күч-аракеттерибизди жумшайбыз.

 

IBL бакалавриат программасы боюнча окутуунун натыйжалары

IBL программасынын бүтүрүүчүлөрү төмөнкү компетенцияларга ээ болуусу керек:

  1. укук жана укуктук системалардын булактары тууралуу терең түшүнүккө ээ болуу;
  2. коомдук жана жеке укуктун нормаларын табуу, маанисин түшүндүрүп берүү жана колдонуу, укуктук анализ жана укуктук изилдөө жүргүзүү, укуктук маселелерди чечүү үчүн кесипкөйлүк ой-жүгүртүүнү колдонуу;
  3. укуктук контекстте жазма баарлашууну далилдүү, логикалык жана ачык түзүү, сын көз-карашта ойлонуу, көз карандысыз пикирге ээ болуу жана өз позициясын дадилилдүү түрдө көрсөтүү;
  4. академиялык изилдөө ыкмаларына ээ болуу жана юридикалык документтерди иштеп чыгуу;
  5. өз кесипкөйлүк профилине ылайык нормативдик укуктук актылардын экспертизасынын негиздерин билүү, жарандык коом, укуктун улуктугунун принциби жана юридикалык кесиптин этикасынын баалуулуктарын билүү;
  6. юридикалык тармактагы заманбап маалыматтар базасы жана технологиялар менен иштей билүү.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028