Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Курстар

Курстар

Административдик укук [LAW-205.2, ID 4647]

Аталган курстун максаты өнүкккөн мамлекеттердеги, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы административдик процедураларды жөнгө салган укуктук нормалар менен, сырттан таасир эткен жана физикалык жана юридикалык жактар үчүн юридикалык жана/же накта натыйжага алып келген ошол органдардын аракеттери же аракетсиздигинин жыйынтыгында административдик актылардын кабыл алынышы менен аяктаган административдик органдардын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу. Демократиялык укуктук мамлекетте мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана алардын кызматтагы адамдарын башкарууда административдик укук биринчи даражалуу юридикалык мааниге ээ. Административдик органдардын кесипкөйлүк миссиясы мамлекет менен жарандын кызыкчылыктары кагылышкан ар бир конкреттүү учурда акыйкаттуу чечим табууда жатат. 

 

Банк укугу [LAW/ BA-237.2, ID 4791]

Курстун максаты студенттерге банк укугун колдонууну жана банк ишемердүүлүгүндөгү саясий, өлкөлүк, рыноктук жана башка тобокелчиликтерди түшүнүүнү үйрөтүүдө жатат. Ошондой эле аларга акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү саясатынын башкы принциптерин үйрөтүү болуп саналат. Учурда Кыргыз Республикасынын банк системасы өлкөнүн экономикасынын башкы тармактарынын бири. Банк ишинин укуктук негизи Кыргыз Республикасынын укук тутумунун эң динамикалуу жана ийкемдүү чөйрөсү болуп саналат, анткени ал ар кандай булактардан, негизинен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нормативдик укуктук актыларынан келип чыгат. Өз кезегинде алар Эл аралык банк ишмердүүлүгүнүн стандарттарына негизделген. Жаңы банк азыктарын ишке киргизүү жаңы стандарттарды кабыл алуу жана учурда колдонуудагы нормативдик укуктук актылардын өзгөртүлүшү менен байланышкан.

 

Бизнес адам укуктары [IBL-224, ID 5296]

Бул курстун максаты студенттерге барган сайын маанилүү болуп бараткан бизнес практикасы менен улуттук жана Эл аралык деңгээлдеги адам укуктарын юридикалык жактардын коргоосунун ортосундагы байланыш жөнүндө түшүнүк берүү болуп саналат. Курстун алкагында ааламдашуу концепциясы же корпоративдик социалдык жоопкерчилик мисалдарында копроративдик сектордо адам укуктарын сактоону жөнгө салуунун өсүшүнө таасир эткен укуктук, саясий жана социалдык факторлордун баяндамасы берилет. Корпоративдик сектордогу адам укугунун тарыхий өнүгүүсү адам укугуна бизнес кантип таасир этери тууралуу бүгүнкү дебаттар үчүн контекстти камсыздоо үчүн карап чыгылат. Студенттерге бизнестин адам укуктарын коргоосун камсыздоого багытталган БУУнун жана башка Эл аарлык уюмдардын демилгелери тааныштырылат. Алсак, БУУнун бизнес жана адам укуктары боюнча Жетектөөчү принциптери тууралуу маалыматтар берилет. Ошондой эле бул курс АКШ, Европа Биримдиги жана Кыргыз Республикасындагы бизнес жана адам укуктары менен байланышкан мыйзам чыгаруучулук практикасы жана прецеденттик укукту тартуулайт.

 

Бизнес тармагындагы мыйзам чыгаруучулук жана саясат [LAW-271, ID 3374]

Курстун максаты бизнестин контекстинде студенттерге мыйзам жана анын мааниси тууралуу түшүнүктөрдү берүү болуп саналат. Бул жөн гана мыйзамдарды үйрөнүүдөн чоң бир үлкөн нерсе. Берилген курс мыйзамдар кантип жаралары жана алар бизнесте кантип колдонуларын иликтөөгө арналган. Курс негизинен жеке ишкерлик ишмердүүлүгүнө таасирин тийгизген коммерциялык келишимдер менен мыйзамдарды, коммерциялык уюмдардын ар кандай түрлөрүн жөнгө салган нормативдик актыларды, жеке ишкерлик ишмердүүлүгүнүн субъектилеринин укуктарын коргоонун укуктук базасын иликтөөдөн турат. Курс студенттерге күнүмдүк ишкердик ааламда кездешкен юридикалык тил менен түшүнүктөрдүн кенен базасын өнүктүрүүгө жардам берет.

 

Жарандык укук. Чарбакер субъектилер [LAW-206.2, ID 4155] 

Курс Кыргызстандагы чарбакер субъектилердин ишмердүүлүгүн аныктаган укуктук базанын ар тараптуу баяндамасын камтыйт. Ал бизестин формаларынын түрлөрү, мекемелерди ачуу жана жабуу, банкроттуктун (кудуретсиздик) жол-жоболору, баалуу кагаздар рыногу жана корпоративдик башкарууга байланышкан маселелерди камтыйт.

 

Жарандык укук. Келишимдер [LAW-301.2, ID 4501]

Курстун максаты жарандык укуктун категориялары жана институттары жөнүндө билимдер менен куралдандыруу болуп саналат. Аларга учурда иштеп жаткан мыйзамдагы төмөнкү иш-аракеттер кирет: келишимдер, макулдашуулар жана милдеттенмелер тууралуу жоболор, макулдашууларды өзгөртүү жана жокко чыгаруу, милдеттенмелерди аткаруунун жана камсыздоонун тартиптери, келишимдерди жараксыз деп табуу, келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтер жана башкалар. Курс Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин “Келишимдер”, “Милдеттүү укуктун жалпы бөлүгү”, “Келишимдин жалпы жоболору” бөлүмдөрүн карап чыгат.

 

Жарандык укук. Милдеттенмелер [LAW-306.2, ID 4405]

Курстун максаты жарандык-укуктук милдеттенмелер, алардын категориялары жана жарандык укуктун институттары жөнүндө теориялык билимдерди берүүдө жатат. Бул курсту аяктагандан кийин студенттерде келишимден келип чыккан макулдашуунун тартиптерин, келишим менен милдеттенмелердин өзгөрүүсү менен бузулушунун түрлөрүн жөнгө салган укуктун негизги тармактары тууралуу түшүнүк пайда болот. Курс келишимдик милдеттенмелердин түрлөрүн, коомдук сынактар боюнча милдеттенмелерди, коомдук убада берүүлөр боюнча милдеттенмелерди, мелдеш жана парилерди, зыян келтирүүнүн жыйынтыыгында милдеттенмелер жана мыйзамсыз бузууларды иликтөөгө багытталган.

 

Жарандык процесс [LAW - 303.1, ID 3357]

Курс студенттердин адвокат катары эффективдүү иштөөсу үчүн зарыл болгон кесипкөйлүк жана КРнын Жарандык процессуалдык мыйзамдарына тиешелүү күнүмдүк талаштарды чечүү үчүн керектелген ыкмаларды калыптандырууга багытталган.

 

Жарандык укук. Менчик [LAW-238.1, ID 3906]

Курстун максаты студенттерге жарандык укук тармагындагы базалык концепциялар, принциптер, теориялык негиздер жана мыйзамдарды берүү болуп саналат. Курс ошондой эле жарандык укуктун нормаларын туура колдонууга жана ар түрдүү укуктук көйгөйлөр менен шарттарда чечимдерди табууга зарыл болгон ыкмаларды үйрөтөт. 

 

Жарандык коомду уюштуруу тууралуу мыйзам (CSO Law) [LAW/BA-262.2, ID 4898]

Курс жарандык коомду уюштурууга байланышкан маселелерди иликтейт жана студенттерге укуктун негиздерин 2 жол менен берүүгө умтулат. Биринчиден курстун максаты - жарандык коомдун укуктук маселелери боюнча илимдердин теориялык жана предметтик базасын берүү. Бул максатта курс студенттерди төмөнкү кенен темалар менен тааныштырат: Эл аралык укук жана бирикмелерди түзүү эркиндиги, жарандык коомдорду уюштуруунун (ЖКУ) жашоо циклине таасир эткен улуттук мыйзам чыгаруучулук, ЖКУнун коомдук жыргалчылык макамы жана салыктык чөйрөсү, ЖКУнун экономикалык ишмердүүлүгү жана коомдук саясаты. Экинчиден, курс студенттерде практикалык көнүгүүлөрдүн жардамы менен аларды реалдуу юридикалык маселелерди чечүүгө тартуу жолу менен юридикалык ыкмаларды өнүктүрүү. Бул үчүн студенттер оозеки же жазма түрүндөгү материалдарды иштеп чыгышат жана практикалык тапшырмаларды аткарышат.

 

Өзгөрүп жаткан ааламдагы салыштырма укук таануу [LAW-361.1, ID 4158]

Курстун максаты студенттерге салыштырма ыкманын табиятын, анын кызматын, маанисин, укуктук системаларынын үй-бүлөлөргө бөлүнүшүнө, укуктун гармонизациялоо идеясын, жарандык, конституциялык, жазык, административдик жана салыктык мыйзам чыгаруучулуктардын салыштырылуусун иликтөөгө жакшы мүмкүнчүлук түзүп берүү болуп саналат. Ошондой эле укуктук ой-жүгүртүүнүн алдыңкы мектептери каралып чыгат. Ошентип, курс камтыган маселелердин айлампасы укуктун бир нече материалдык жана теориялык тармактарынын методологиялык анализин кучагына алат.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы [LAW-243, ID 2973]

Курстун максаты студенттерди Кыргыз Республикасындагы конституциялык түзүм, мамлекеттик бийлик системасы жана конституциялык укуктарды коргоо үчүн зарыл болгон билимдер менен куралдандыруу болуп саналат. Ал студенттерди төмөнкү фундаменталдык түшүнүктөр менен тааныштырат: мыйзамдын улуктугу, демократия, система, тип, башкаруу формасы, укуктарды коргоо, стандарттык операциялык процедуралар. Мындан тышкары конституциялык укуктар кантип жөнгө салынып, чектөөлөрү кантип токтотулары тууралуу маалыматтар берилет. Акыры курс студенттерди иштеп жаткан Конституциядагы жоболорго каршы чыгып, аларды АКШ, Германия жана Франция сыяктуу державалардын конституцияларындагы жоболор менен салыштырууга түртөт. 

 

Корона мыйзамы: кризис маалындагы мыйзам [IBL-220, ID 5160]

Курста учурдагы кырдаалга тез арада жооп берүү жана мыйзам жооп берүүгө мажбур болгон курч маселелерди талкуулоо аракети ошондой эле жакынкы арада ар бирибиз кабыла турган чакырыктар тууралуу ой жүгүртүү каралган. 2020-жылы 11-марта Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустук инфекциянын жайылышы пандемия стадиясына жеткенин маалымдады жана бул коомдук жашоонун бардык чөйрөсүнө таасир этти. Мыйзам четте карап тура албады: анын көз жаздымында адам укуктары, келишимдердин, эмгек мамилелеринин аткарылышы калган жок. Мамлекет көргөн чаралар антикризистик мүнөздө болуп, ал кесипкөйлөр гана эмес, ошондой эле жөнөкөй жарандар арасында да резонанс жаратат.

 

Паракорчулук, өнүгүү жана талаптагыдай тийиштүү башкаруу [LAW-372, ID 4327]

Паракорчулук эбак эле өнүгүү жолуна жана саясий стабилдүүлүккө тоскоолдук жаратат, бул бардык мамлекеттер менен коомдордо кездешкен саясий, социалдык, экономикалык жана укуктук көйгөй. Курс паракорчулук жана ага каршы иш-аракеттер менен байланышкан темалардын тар чөйрөсүн гана камтыйт. Ошого карабастан, ал өнүгүүнү жакшыртып, талаптагыдай тийиштүү башкарууга алып келе турган паракорчулукка каршы укуктук стартегиялардын маанилүү аспектилерин бөлүп көрөт. 

 

Жазык укугу I жана II [LAW-241.1, ID 4188 & LAW-244.1, ID 3957]

Курстардын максаты студенттерди материалдык жазык укугу жана жазык жоопкерчилигинин негизги түшүнүктөрү жана негиздери менен тааныштырып, прокурор же адвокат катары жазык укук чөйрөсүндө ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон сын көз-караштагы аналитикалык ыкмаларды өнүктүрүү үчүн негиз салуу болуп саналат. Студенттер төмөнкү түшүнүктөрдү өздөштүрүшөт: жазык укугунун табияты жана максаты, моралдык жана конституциялык чектөөлөр, жаза теориясы, жазык жоопкерчилиги, кылмыштуу жүрүм-турумдун негизги элементтери, жашы жете электердин жазык жоопкерчилиги жана башкалар. Курс ошондой эле жазык укугунун алкагындагы кара тамганын мыйзамдары, башкысы КРнын Кылмыш жана жаза кодекси менен тааныштырат. Аталган кодекс курс үчүн башкы тексттин ролун ойнойт. Курстун алкагында адамдардын укуктук эмес иш-аракеттери үчүн жазалоо каралган этикалык жана философиялык маселелер да иликтенет. 

 

Жазык-процессуалдык укук [LAW-304.2, ID 4648]

«Жазык процесси» КРнын Жазык-процессуалдык мыйзам чыгаруусунун негиздери менен тааныштырып, жазык процессине катышуу үчүн зарыл болгон практикалык ыкмаларды өнүктүрөт. Студенттер жазык-процессуалдык мыйзам чыгаруучулук менен таанышып, жазык сот иштерин жүргүзүүнүн максаттары жана милдеттерин, негизги катышуучулары менен алардын укуктук макамын, процессуалдык тактиканы, соттордун тергөө жана укуктук аракеттерин, ошондой эле сот системасын билишет. Курсту ийгиликтүү аяктагандан кийин студенттер жазык процессинин негиздери менен иштей алышат жана адвокат, прокурор, тергөөчү же сот катары жазык-укуктук иштерди алып барууга зарыл болгон практикалык ыкмаларга ээ болушат.

 

 

Маалыматтарды коргоо жана маалыматтык коопсуздук тармагындагы укук [IBL-208, ID 4984]

Маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзам жеке адамдарга алардын маалыматтарына укук берүү, компаниялар жана өкмөттөр тарабынан маалыматтарды пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу, мыйзамдардын аткарылышын камсыздоо үчүн көзөмөлдөө органдарын бекитүү менен адамдардын маалыматтарын коргоого багытталган. Бул курс Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө маалыматтарды коргоонун жана маалыматтык коопсуздукту укуктук жөнгө салууну жана ага байланышкан ар кандай учурларды карап чыгат. 

 

Электрондук коммерция: укуктук аспектилер [IBL-223, ID 5293]

Курстун максаты студенттерге электрондук коммерцияны укуктук жөнгө салуу билимдерин жана мындай тез өсүп жаткан татаал сектордо маалыматтарды анализдөө ыкмаларын берүү болуп саналат. Курс негизинен Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн электрондук коммерциясы боюнча мыйзам чыгаруучулук базасын иликтөөдөн, ошондой эле электрондук коммерция менен алектенген компаниялардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуудан турат. Курс студенттерге электрондук коммерцияда кездешкен юридикалык жана ишкерлик тилдин кенен базасын өнүктүрүүгө жардам берет.

 

Европа Биримдигинин укугу [LAW-251.1, ID 5294]

Кансыз согуш мезгилинде бир тарабында АКШ (жана анын союздаштары) жана экинчи тарабында Советтер союзу (жана анын жандоочулары) турган аалам биполярдык түзүмдөн көп полярдык системага айланды. Россиянын саясий жана экономикалык талаада таасири басаңдап, Кытай экономикалык прогресс менен саясий регресстин ортосунда калып, ал эми АКШ өзүлөрүнүн изоляционисттик тенденциялары менен шылкылдашып жаткан кезде Европа Биримдиги Эл аралык укук жана саясаттын өнүгүүсү боюнча лидер болуп алды. Биринчиден бир дагы укуктук система Улуу британия, Франция, Германия жана башкалардын ички мыйзамдарына жана Эл аралык укуктук базага мындай таасир тийгизген эмес жана тийгизип жаткан да жок. Ошол эле учурда Европа Биримдиги бир дагы улуттук же Эл аралык системага окшобогон уникалдуу укуктук системаны жаратты. Ошондуктан Европа Биримдиги кайда баратканын жана Brexit  же АКШ менен соода согушу сыяктуу чакырыктарга кандай реакция жасарын акылы тайкылар гана айтып бере албайт. Андыктан Эл аралык соода, Эл аралык мамилелер, Эл аралык ишкерлик операцияларга кызыккан ааламдын каалаган бурчунда жашаган укук тармагындагы адиске Европа Биримдиги, анын укуктук системасы жана анын мүчө-өлкөлөрүнүн кантип укуктук системаларынын логикалык өнүгүүсү болгону жөнүндө билүү сунушталат. Өзгөчө көңүл ички рыноктогу чечим кабыл алуу, азыктардын, кызматтардын жана адамдардын улуктугу, түз аракети, эркин жүрүүсү, ЕБнын мыйзамдарынын бузулушуна, ошондой эле ЕБнын мыйзамдарында каралган укуктарды коргоо каражаттарына бөлүнөт. 

 

Сөз эркиндиги [HR/ICP/JOUR-295, ID 4428]

Курстун максаты студенттерди сөз эркиндигинин негизги принциптери жана бул идея менен салыштырмалуу перспективада байланышкан маселелер менен тааныштыруу болуп саналат. Курста сөз эркиндиги идеясынын тарыхий өнүгүүсүнө баяндама берилет, анын заманбап демократия жана аймактагы ролу менен мааниси талкууланат. Курстун жүрүшүндө сөз эркиндиги менен байланышкан ички маселелерди иликтешип, аталган маселени иликтөөдө АКШнын Жогорку сотунун чеимдери жана башка улуттук жана Эл аралык соттук тажрыйбалар анализ үчүн негиз боло аларын көрүшөт.

 

Эл аралык жазык укугу [LAW - 231.1, ID 3243]

Бүгүнкү күндө адам укуктарынын бузулушунун көп сандаган бузулушу катардагы практика болуп калды. Жыйынтыгында Эл аралык коомчулуктун кам көрүүсүнүн өсүшү адам укуктары жана гуманитардык укук тармагында олуттуу түрдө укук бузууларга  жол бергендерди Эл аралык жазыктык куугунтуктоо талабынын жаралышына алып келди. Курстун жүрүшүндө тарыхий соттук процесстердеги жазаланбагандык айрым адамдардын Эл аралык жазык жоопкерчилиги менен алмаштырылган бул процедуранын динамикалык өнүгүүсү иликтенет. Эл аралык жазык сотунун түзүлүшүнүн тарыхий себептери сүрөттөлүп, Нюрнберг аскер трибуналынын ишмердүүлүгүнө жана башка ушул сыяктуу Эл аралык жана аралаш улуттук соттук процедураларга саресеп салынганан кийин тиешелүү маселелер оор укук бузуулардын көз карашында кенен талкууланат. Мындан тышкары студенттер Эл аралык жазык укугуна ар кандай көз караштарды колдоно алышат, алсак, кылмыштардын курмандыгынын, ошондой эле айыпталуучулардын адилеттүү соттук териштирүүгө  укуктуу экендиги көз карашында 

 

Адам укуктары тармагында Эл аралык укук [LAW - 323.1, ID 3360]

Бул курс студенттерди дүйнөнүн ар кандай булуң-бурчтарындагы адам укуктары тармагындагы ой-жүгүртүүнү талап кылган жаңы, кызыктуу жана кесипкөйлүк менен иштелип чыккан доктриналдык булактар менен тааныштырат. Курс адам укуктарынын Эл аралык укугун, анын келип чыгышын, булактарын, маанисин, укук колдонушун жана негиздерин карап чыгат. Ал ошондой эле ар кандай юрисдикциялардагы юридикалык моюнга алуу жана адам укуктарын коргоо маселелерин карайт. Курс адам укуктарынын ар кандай түрлөрү жана бул тармактагы алдыңкы иштер тууралуу билимдер менен куралдандырууга багытталган.

 

Эл аралык инвестициялык талаштарды жөнгө салуу [LAW-369, ID 4157]

Курс Эл аралык инвестициялык талаштарды жөнгө салуунун укуктук аспектилерин иликтөөгө багытталган. Сабактардын максаты студенттерге Эл аралык инвестициялык талаштар менен байланышкан маанилүү маселелер жөнүндө билим жана аларды сын көз-карашта түшүнүүнү берүүдө жатат. Курс негизинен Эл аралык инвестициялык арбитражга ыкылас коюп, арбитраждык макулдашуудан тарта арбитраждык териштирүүлөрдү жасоо жана чеимдерди кабыл алууга чейинки темаларды камтыйт. Негизги көңүл БУУнун Эл аралык соода укугу боюнча комиссиясынын жана Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча Эл аралык борбордун эрежелерине ылайык алдыңкы арбитраждык иштерди анализдөөгө бурулат. Ошол эле учурда альтернативалык инвестициялык арбитраж да көз жаздымында калбайт. Мында Эл аралык инвестициялык ортомчулук эске алынат, бирок аны менен чектелбейт.

 

Эл аралык жалпы элдик укук I жана II [LAW-247, ID 3088 & LAW-253, ID 3228]

Бул курстар студенттерди Эл аралык жалпы элдик укуктун негизги концепциялары жана көйгөйлөрү менен тааныштыруу үчүн багытталган. Эл аралык жалпы элдик укукту адатта мамлекеттердин өз ара мамилесин жөнгө салан принциптер жана нормалар аныктайт. Курстар бул тармактагы салтка айланган негизги темаларды камтыйт: Эл аралык укуктун булактары жана субъектилери, адам укуктары тармагындагы укук, мамлекеттин жоопкерчилигинин концепциясы жана прецедент, келишим жана башка Эл аралык-укуктук документтерди иликтөө жолу менен Эл аралык укук жана муниципалдык укуктун өз ара байланышы. 

 

Кыргыз Республикасынын муниципалдык укуктук актыларындагы Эл аралык укук [IBL-225, ID 5297]

Бул изилдөөгө багытталган Кыргыз Республикасынын улуттук соттору жана трибуналдары тарабынан Эл аралык жалпы элдик укукту колдонуу мүмкүнчүлүгүн караган курс. Студенттер Эл аралык укуктун нормаларын ачыктоо же түшүндүрүүгө тиешеси бар учурларды иликтешет. Алар улуттук соттор менен трибуналдар эл аралык сот же Деңиз укугу боюнча Эл аралык трибунал сыяктуу Эл аралык соттор менен трибуналдардын келишимдерин кантип колдонорун жана талкуулашарын иликтешет. Максат - чечимдерди Эл аралык стандарттарга ылайык кылдат иликтөө жана студенттерге өз билимдерин иш жүзүндө колдонуусуна мүмкүнчулүк берүү. 

 

Эл аралык жеке укук [LAW-402.2, ID 3730]

Курс студенттерди Эл аралык жеке укуктун ар кандай аспектилери (англосаксондук юрисдикцияларда “коллизиондук укук” катары белгилүү) менен тааныштырат жана коллизиондук укуктун табияты жана кызматтарына карата укуктук жана практикалык перспективаларды берет. Мындан тышкары трансулуттук талаштарды чечүү, юрисдикцияларды бөлүштүрүү көйгөйлөрү жана улуттук соттордо чет элдик соттук чечимдерди жана арбитраждык чечимдерди аткаруу маселелерин окутат. Курс кучагына алган көйгөйлөр төмөнкүдөй маселелерди камтыйт: Эл аралык жеке укуктун максаты жана милдеттери, анын тарыхы, булактары жана системасы, ар кандай укуктук тармактардагы келишимдер, деликттер, менчик, эмгек мамилелери жана үй-бүлөлүк укуктун аспектилери сыяктуу укукту тандоо көйгөйү.

 

Интернет-укук [LAW-357.1, ID 4787]

Бул курс Интернет жана аны жөнгө салууга байланышкан ар кандай темалар жөнүндө түшүнүк алууну каалаган студенттерге багытталган. Студенттер юрисдикция жана компетенциялар жөнүндө талаптар жана аларга байланышкан  адам укуктары, купуялуулук, онлайн-чөйрөдө интеллектуалдык менчикти коргоо сыяктуу маселелерди жөнгө салуу эрежелери менен таанышышат. Курс ар кайсы мамлекеттердин онлайн-ишмердүүлүктү жөнгө салуу ыкмаларын карап чыгат. 

 

Укукка киришүү [LAW-110, ID 2934]

Укукка киришүү - студенттерге негизги укуктук принциптерди, ар кандай укуктук системаларды жана жалпы укук тууралуу билимдерди түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү көздөгөн баяндама курсу. Студенттер укуктун төмөнкү негизги тармактары тууралуу билимдерге ээ болушат: мамлекеттин жана укуктун калыптанышы, укуктун булактары, укуктук нормалардын иерархиясы, ар кандай укуктук системалар жана башкалар. Ошондой эле курс студенттерди жалпы жана жарандык укуктун алкагында конституциялык, Эл аралык, жарандык, жазык сыяктуу укуктун конкреттүү тармактары менен тааныштырат. 

 

Инвестициялык укук жана туруктуу бекем өнүктүрүү [LAW-365.1, ID 3363]

Бул курс түз чет элдик инвестициялардын жана туруктуу өнүктүрүүнүн укуктук аспектилерине арналган. Сабактар студенттерге билимдерди жана инвестициялык укуктун негизги нормаларын сын көз-карашта, ошондой эле негизинен КРнын мыйзамдарына ылайык туруктуу өнүктүрүүнүн концепциялары менен маселелерин түшүнүүнү берүүгө багытталган. Мындан тышкары өзгөчө көңүл маанилүү көп тараптуу жана эки тараптуу инвестициялык келишимдерди, инвестициялык макулдашууларды жана ири соттук арбитраждык иштерди иликтөөгө бөлүнөт.

 

Эмгек укугу [LAW-302.2, ID 4154]

Курстун максаты эмгек укугу тармагында концепциялар, принциптер, теориялык негиздер жана мыйзамдар жөнүндө базалык билимдерди берүү болуп саналат. Ошондой эле курс эмгек укугунун нормаларын туура колдонууга жана ар кандай укуктук көйгөйлөр менен кырдаалдардын чечимдерин табууга зарыл болгон ыкмаларды окутууга багытталган. 

 

Юридикалык клиника I, II [LAW-413.1, ID 3653 & LAW-423.1, ID 3732]

Бул курстун алкагындагы ишмердүүлүк ар кандай жашоо кырдаалдарына кабылган реалдуу кардарлар менен иштөөнү билдирет. Бул өз кезегинде студенттердин болочок кесиби боюнча практикалык ыкмаларга ээ болуусун камсыздайт: маектешүү, кеп-кеңеш берүү, мониторинг, документтөө, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ишке укуктук баа берүү, укуктук анализ, позицияны иштеп чыгуу, далилдөө жана сын көз-карашта ойлонуу, юридикалык кат, соттук өкүлчүлүк жана башкалар. Ошондой эле студенттер “Адвокаттык ишмердүүлүк” курсун иликтешип, анын алкагында студенттерде укуктун ар кандай тармактарында татаал кырдаалдан чыгуу үчүн практикалык ыкмалар калыптанат. Бул курстун максаты студенттердин талаштарды ийгиликтүү чечилүү үчүн зарыл болгон төмөнкү практикалык ыкмаларды алуусу болуп саналат: анализдөө ыкмалары, иш боюнча позицияны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, нормативдик база менен иштөө ыкмаларын өнүктүрүү, процессуалдык документтерди түзүү ыкмаларын калыптандыруу. 

 

Укуктук изилдөөлөрдүн ыкмалары [LAW-427.1, ID3655]

Жогорку деңгээлде изилдөөлөрдү жүргүзүү жана сапаттуу юридикалык документтерди түзүү - бул юрист кесибинде ийгиликтүү болуу үчүн студенттер өздөштүрө турган маанилүү ыкма. Андыктан “Укуктук изилдөөлөрдүн ыкмалары” курсу студенттерге изилдөө жүргүзүү, анализдөө жана юридикалык документтерди түзүү ыкмаларын үйрөтүүгө багытталган. Студенттер эффективдүү юридикалык документ түзүүнүн фундаменталдык принциптерин иликтешип, аларды бүтүрүүчү долбоорун жазууда колдоно алышат. Долбоорду түзүү процесси силерге сын көз-карашта ойлонуу ыкмаларын жакшыртууга жардам берпт жана ошондой эле иш жүзүндөукуктук анализди кантип өткөрүүнү түшүндүрөт. Курстун башкы максаты - дипломдук ишти жазууга даярдоо.

 

Юристтин кесипкөйлүк ыкмалары [LAW-338.1, ID 3654]

“Юристтин кесипкөйлүк ыкмалары” курсу интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен студенттерди келечекте юристтин кесибинде кереги тие турган негизги ыкмалар менен тааныштырууга багытталган. Мында практикалык көнүгүүлөргө, маселе жана демонстрацияларга басым жасалат. Юрист - бул кесипкөй жана юристтин кесиби адамзат цивилизациясынын бүткүл тарыхында сый-урматка ээ болуп келген. Аброй жана сыйлыктар менен бирге юрист кардарлар, кесиптештер, өлкө жана дүйнө жүзүнүн юристтеринин өткөн жана болочок муундарынын алдында чоң жоопкерчиликке ээ. Ушуга байланыштуу каалаган юристтин биринчи милдети профессионализмдин негизги элементтерин иликтөө жана өз ыкмаларын ар дайым өркүндөтүп туруу болуп эсептелет. 

 

Юридикалык документтерди түзүү [LAW-105.1, ID 3640]

Бул курс сиздерге укук жөнүндө түшүнүк, анализ жана макала жазуу ыкмаларын берүүгө багытталган. Бул сиз юридикалык факультетте билим алуунун бардык мезгилинде иликтей турган маанилүү курстардын бири. Анткени ал сизди келечекте сиздин академиялык жана кесипкөйлүк жактан ийгиликке жетүүңүз үчүн негиз салуучу аналитикалык жана жазма ыкмаларды үйрөтөт. Бул курста алынган ыкмалар сизди болочок юридикалык карьерга даярдайт, бирок белгилей кетчү нерсе, юридикалык жана академиялык кат алышууну билүү үзгүлтүксүз процесс болуп саналат.

 

Медиация: Талаштарды жөнгө салуунун альтернативдик технологиясы [LAW-378, ID 4502]

Курстун максаты медиация деп аталган талаштарды жөнгө салуунун альтернативдик технологиялары менен тааныштыруу. Медиация ыкмалары - бул башка адамдар менен байланышкан каалаган шартта күн сайын колдонуучу турмуштук ыкмалар, ошондой эле өзүңдү өзгөртүү мүмкүнчүлүгү. Курстун жүрүшүндө студенттер ар кандай маселелер боюнча билимдерди алышат, алсак медиациянын теориясы жана практикасы, анын процесстери жана техникалары, медиацияны сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө колдонуу, талаш менен жаңжалдарды жөнгө салуу, соттук жана сотко чейинки талаштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу, татаал кырдаалдарды көз карандысыз жана алтернативдик жол менен баалоо, өз-ара пайдалуу чечимди табууга умтулуу жана өнөктөштүк мамилелерди сактоо аракети, процесстин купуялуулугу.

 

Оюн процесси I жана II [LAW-250.1, ID 3644 & LAW-250.2, ID 5295]

Бул курс Эл аралык сынактарга катышууну каалаган студенттерге багытталган. БААУнун юридика факультетинин студенттери Эл аралык жалпы элдик укук ( Джессоп атындагы сынак) жана Эл аралык жеке укук (Уиллем Вис атындагы сынак) боюнча эки ири оюн процессине катышат. Курс сынакка катышууну каалаган студенттердин баарына эсептелген. 

 

Жаратылыштык-ресурстук укук [LAW-425.1, ID 3397]

“Жаратылыштык-ресурстук укук” курсунун максаты КРнын табигый ресурстарына ээлик кылуу жана аларды колдонуунун укуктук аспектилерин кароо болуп саналат. Курс төмөнкү ресурстарды жөнгө салат: жер асты, жер, токой, суу, флора жана фауна. Курс ар кандай жаратылыш ресурстарына ээлик кылуу укугу, ресурстарды пайдалануунун принциптери, жаратылыш ресурстары секторунда мамлекеттик жөнгө салуулар, жаратылыш ресурстарына таандык ар кандай мыйзамдарды иликтейт. Жер, тоо-кен өндүрүү жана табиятты коргоо мыйзамдарынын Кыргыз Республикасы үчүн социалдык-экономикалык мааниси чоң экенин эске алуу менен өзгөчө көңүл аталган ресурстарды жөнгө салуунун практикалык аспектилерине бурулат. 

 

Салыктык укук [LAW-411.2, ID 3959]

Курстун максаты студенттерди КРнын салыктык укук системасы менен тааныштырып, салык системасы жөнүндө түшүнүк берүү болуп саналат. Бул өтө кызыктуу жана татаал курс болуп, укуктун бул тармагына карата биринчи курс болмокчу. КРнын салык мыйзамдары такай өнүгүп турат жана азыркыга чейин так жообу жок чечилбеген маселелердин топтому бар. Андыктан кылдат издөө жана анализ зарыл. Курстун жүрүшүндө биз Салык мыйзамдарынын негизги принциптери менен нормаларын карайбыз. Салыктык укуктун булактарына, катышуучуларына жана ар кандай салыктык текшерүүлөр сыяктуу салыктык милдеттенмелерди аткаруу процедураларынын аткарылышына убакыт бөлөбүз. Салыктык укук жана КРнын системасы иликтенип, Россия Федерациясында каралган нормалар менен салыштырылат. 

 

Укуктун теориясы  [LAW-114, ID 2971]

Курс укук жөнүндө коомдук мамилелерди жөнгө салуу системасы жана адам эркиндигинин чарасы катары түшүнүк берет. Студенттер укуктун булактары, укуктун формасы жана типологиясы тууралуу билишет. Мындан тышкары аларга укуктун кантип укуктук каражаттардын топтому аркылуу аракеттенүүсү, укуктук ойлонуунун мектептери кантип күн кечиргендиги, укуктун кантип коомдук жашоонун жеке жана коомдук жашоосуна таасир тийгизүүсү кабарланат. Курс укукту андан-ары иликтөө үчүн базалык болуп саналат, ал студенттерге укуктун негиздери, юридикалык терминологиясы жана түшүнүктөрү тууралуу билимдерди берет. 

 

Дипломдук изилдөөнү жазуу боюнча семинар I жана II [LAW-426.1, ID 3398 & LAW-426.2, ID 3399]

Бул курстардын алкагында укуктук изилдөөлөрдү жүргүзүү, анализ жасоо жана жогорку деңгээлде жазуу иштери үчүн зарыл болгон ыкмаларды үйрөтүү каралган. Бул ар бир юристке кесибинде ийгиликке жетүү үчүн зарыл болгон билимдердин тармагы. Курстун негизги максаты сизге дипломдук долбоорду жазууга жардам берүү болуп саналат. Дипломдук долбоор - сиздин билим алуу программаңызды жыйынтыктаган оригиналдуу, жеке, интеллектуалдык жана чыгармачылык ишмердүүлүк. Долбоорду даярдоо процесси сизге сын көз-карашта ойлонуу жана жазуу ыкмаларын жакшыртууга жана ошондой эле изилдөөгө кантип тереңдетилген анализ жасоо керек экендигин түшүндүрөт. Курстардын жыйынтыгында сиз өз дипломдук долбооруңузду баалоо үчүн эксперттердин назарына тартуулап, финалдык коргоого даяр болууңуз кажет. 

 

Трансулуттук укук коргоочулук ишмердүүлүк [IBL/HR-300, ID 5100]

Бул курс укук коргоочулуктун укмуштуудай өнүгүүсүнүн артында турган жактар менен уюмдарды иликтейт. Мындан тышкары бүгүнкү күндө адвокаттар кабылган кенен маселелерди карап чыгат. Курс заманбап укук коргоочулар кез келип жаткан этикалык жана стратегиялык дилеммаларды, укук коргоочулук практиканын борборунда турган ыкмалар менен стратегияларды (фактыларды бекитүү, маектешүү, мониторинг, соттук процесстер, отчет жазуу жана ММКлар менен иштөө, трансулуттук укуктук жана саясий процесстердеги өкмөттүк эмес уюмдардын ролу) иликтейт. Ошондой эле курс укук коргоочулар кантип дискурсту кеңейтүүгө жана аны жаңы контексттерде колдонууга аракет жасап жатканы тууралуу дебаттарды иликтейт. Анын арасында адамдын укугун курчап турган айлана-чөйрө, паракорчулук, табият ресурстарын өндүрүү жана өнүгүү менен байланыштыруу аракеттерин. Курс бир кыйла кескин жана академиялык компоненттерди камтыйт, бирок студенттерди “реалдуу ааламды” өнүктүрүү боюнча көнүгүүлөргө аралыштырууга умтулат. Алсак, пресс-релиздерди жазуу, ММКлар менен маектер жана адам укуктарынын бузулушунун катышуучулары жана күбөлөрү менен сапатуу интервьюлар. Ошондой эле курс Кытайдагы кармалган жана тагдыры белгисиз болуп кеткен окумуштууларды колдоо боюнча Scholars at Risk (SAR) укук коргоочу уюм менен практикалык ишти камтыйт. Аталган семинар - “Ачык коом” (OSUN) университеттер түйүнүнүн курсу, Бард-Аннандейл (окутуучу - профессор Томас Кинан) жана Аль-Кудс Барддагы (окутуучу - профессор Яна Лозаноска) бириктирүүчү семинарлар. Бир катар иш-чаралар, алардын ичинде адвокациондук кампаниялардын маалыматтык архивин жана координациясын түзүү, ушул кампустарда өткөрүлөт. Курстун маанилүү бөлүгү болуп түйүн боюнча кесиптештер менен жамаатык жана жоопкерчиликтүү иш алып баруу эсептелет. 

 

Зайымдык-насыялык мамилелер (теория и практика) [IBL-214, ID 5097]

Берилген дисциплинанын алкагында студенттер жарандык укук, өзгөчө зайымдык-насыялык милдеттенмелер чөйрөсүндө өз билимдерин тереңдете алышат, айрым практикалык аспектилерди иликтешет жана КРдагы микрокаржылык рыноктун ишмердүүлүгүк чөйрөсүндө билимдерди алат. Алсак, микрокаржылык уюмдардын ишмердүүлүгү, сүткордук ишмердүүлүктү чектөөнүн теориясы жана практикасы, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүүнүн айрым аспектилери, жана террористтик же экстремистик ишмердүүлүктү каржылоо жана башкалар. Мындан тышкары зайымдык-насыялык мамилелер чөйрөсүндөгү соттук тажрыйба каралып, бул студенттердин реалдуу маселелерди чечүүдө өз билимдерин колдонуусуна түрткү болот. 

 

Эмгек келишиминин тараптарынын материалдык жоопкерчилиги [IBL-215, ID 5098]

Материалдык жоопкерчилик - бул юридикалык жоопкерчиликтин өз алдынча түрү. Анын өзгөчө белгиси - бул анын эмгек мамилелеринин алкагында жаралып, бирок келишим бузулгандан кийин да улануусу. Эмнеси болсо да ЖОЖду аяктагандан кийин ар бир бүтүрүүчү же жумушчу болот, же жумуш берүүчү болот. Андыктан материалдык жоопкерчилик юридикалык жоопкерчиликтин башка формалары менен кантип катышы болорун билүү зарыл. Материалдык жоопкерчиликтин күчүнө кирүүсүнүн шарттары кандай? Күнөөнүн формасы төлөтүүнүн өлчөмүнө кантип таасир этет? Курс эмгек келишиминин тараптарынын материалдык жоопкерчилигине байланышкан ушул жана башка суроолорго жооп берет. Курстун максаты студенттерге эмгек келишиминин тараптарынын материалдык жоопкерчилигинин субъектилерин аныктоону, кайсы учурда күчүнө кирерин жана зыян келтирүүнүн өлчөмүн жана аны төлөтүүнүн тартибин аныктоону үйрөтүү болуп саналат.

 

Кыргыз Республикасындагы нотариалдык ишмердүүлүк 

Максаты - нотариалдык иш-аракеттер менен байланышкан күнүмдүк жашоо-турмуштагы талаш-тартыш кырдаалдарды чечүү, жарандык сот иштерин жүргүзүү тартибинде нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтерди жокко чыгаруу жана юрист катары иштөө үчүн зарыл болгон билим менен ыкмаларды алуу. 

 

Үй-бүлөлүк укук [LAW-377, ID 4507]

“Үй-бүлөлүк укук” дисциплинасы үй-бүлөлүк укуктук мамилелерди тартипке келтирген курстун теориялык жоболорун (нике түзүү жана жокко чыгаруунун өзгөчөлүктөрү, никени жараксыз деп табуу, түгөйлөрдүн, ата-энелердин жана балдардын укуктук мамилелеринин негизин ачыктоо, бала багып алуунун формаларын анализдөө) иликтөө жана өздөштүрүүгө багытталган. Дисциплинаны иликтөөнүн максаты никелик-үй-бүлөлүк мамилелерди жөнгө салуунун укуктук тармагында укуктук нормалардын системасы тууралуу базалык түшүнүктөрдү калыптандыруу, үй-бүлөлүк укук илими тарабынан иштелип чыккан түшүнүктөр жана концепцияларды өздөштүрүү, үй-бүлөлүк укуктун нормаларын тушүндүрүү жана колдонуу тажрыйбасынын эрежелери менен таанышуу болуп саналат. 

 

Коммерциялык укуктун практикалык аспектилери [LAW-245.1, ID 3728]

Бул курс коммерциялык (жеке ишкерлик) укукту иликтөөнү жана алынган билимдерди колдонуунун практикалык ыкмаларын өздөштүрүүнү камтыйт. Курстун негизги милдети - студентке жеке ишкерлик чөйрөсүндөгү мыйзамдардын маанисин түшүнүүнү жана аларды иш жүзүндө колдонууну үйрөтүү. Курс интерактивдүү лекциялар менен семинарлардан туруп, анда коммерциялык укуктун негизги теориялык жоболору жана практикалык аспектилери каралат. Курс студенттерди коммерциялык ишмердүүлүктө колдонулган мыйзамдар тармагында, анын ичинде ар кандай документтерди даярдоо, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүү, талаш жана көйгөйлүү маселелерди чечүү тармактарында билимдерди алууга багыттайт. 

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028