Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - AUCA Law дебаттар сынагы

AUCA Law дебаттар сынагы

 

Борбордук Азиянын жогорку класстарынын окуучулары үчүн AUCA Law дебаттар сынагы


AUCA Law дебаттар сынагы жогорку класстарга өзүн көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берүү жана аларды укуктук маселелер боюнча дебаттарды жүргүзүү искусствосуна тартуу максатын көздөйт. Бул сынак Борбордук Азиянын жогорку класстарынын окуучуларына өз ыкмаларын көрсөтүү жана Борбордук Азиянын алдыңкы юридикалык программаларынын биринде окуу үчүн стипендия алууга мүмкүнчүлүк түзүп берет.


МААНИЛҮҮ ДАТАЛАРЫ

Каттоонун соңку мөөнөтү – 24-март 2021-жыл
2. Сынакты өткөрүүнүн датасы – 3-апрель 2021-жыл.


КИМДЕР КАТЫША АЛАТ?

Сынакка Борбордук Азиянын бардык ЖОГОРКУ КЛАССТАРЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫ (11-класс) катыша алат.


СЫЙЛЫКТАРЫ ЭМНЕ?

Биринчи үч жеңүүчүсү БААУда “Эл аралык жана бизес укук” программасы боюнча билим алуу үчүн стипендияга ээ болот. Катышуучулардын баарына катышкандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылат.

КАНТИП КАТТАЛУУ КЕРЕК?

Каттоодон өтүү үчүн Google form толтуруу кажет.

СЫНАКТЫН ТЕМАСЫ
Мыйзам, Мыйзамдын улуктугу, адам укугу.


ЭРЕЖЕЛЕР


ФОРМАТЫ
Катышуу жекелик негизде өтөт (жекеме-жеке).

АР БИР СПИКЕРДИН ЧЫГЫП СҮЙЛӨӨСҮНҮН ЖОБОСУ
Тандап алуу раунду - 12 мүнөт (төгүндөөнү кошкондо)
Жарым финалдык раунд - 15 мүнөт (төгүндөөнү кошкондо)
Финалдык раунд - 20 мүнөт (төгүндөөнү кошкондо)

ЭРЕЖЕЛЕРИ
Дебаттар англис тилинде өтөт.
Дебаттар онлайн платформада өткөрүлгөндүктөн, ар бир катышуучунун видеосу раунддун жүрүшүндө өчпөй туруусу керек. Бирок микрофон катышуучунун сөз кезеги келгенде гана күйгүзүлүүсү керек.
Белгиленген убакыттын чегинен чыгып кетүү баанын төмөндөшүнө алып келет.
Спикердин пикири укуктук принцип, теория жана авторитет/булак менен бекемделиши керек.
Эгер спикер фактыларга таянса, анда ошол фактылар алынган макала, репортаж же башка булак тууралуу толук маалыматты көрсөтүп берүүсү кажет.
Калыстардын чечими акыркы болуп саналат жана кайра каралбайт.

СЫНАК УЧУРУНДАГЫ ЖҮРҮМ-ТУРУМ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Катышуучулардын баары эки күндүн аралыгында дресс-кодду так кармануусу абзел.
Биринчи спикерге гана төгүндө жасоого уруксат берилет. Ал эми калыстардын чечими менен экинчи спикерге төгүндөөгө каршы чыгып сүйлөө укугу берилиши мүмкүн.
Төгүндөө учурунда спикерлер төмөндө көрсөтүлгөн дисциплинардык эрежелерди так сактоосу кажет:
башка спикердин аргументи/бет ачары жөнүндө эч кандай жеке комментарийлер болбоосу керек.
контраргументтер укуктук принциптер, теориялар жана башка отчеттеор менен бекемделиши керек.
спикер берилген убакыт бүтөрү менен сөз сүйлөөсүн токтотуусу кажет. Бул тууралуу модератор маалымдайт. Бирок спикер калыстарга убакыт кошуп берүү өтүнүчү менен кайрылуу укугуна ээ.


КОШУМЧА МААЛЫМАТ АЛУУ ҮЧҮН БААУнун ЮРИДИКАЛЫК ПРОГРАММАСЫ МЕНЕН КАНТИП БАЙЛАНЫШУУГА БОЛОТ?

E-MAIL: law@auca.kg
INSTAGRAM: auca_law
FACEBOOK: AUCA LAW
WHATSAPP:+996990988890
CELL PHONE: +996990988890

    

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028