Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - “Журналистика” факультети жөнүндө

“Журналистика” факультети жөнүндө

Журналистика жана массалык байланыштар (ЖМБ) факультети - студенттерди реалдуу ааламдагы жашоого даярдоого жана алардын студенттик тажрыйбасын өнүктүрүүгө арналган көп кырдуу программа. ЖМБнын өзүлөрүнүн репортаж жана изилдөө жасоо, ошондой эле инновациялык жана ММКларды башкаруу ыкмаларын өркүндөтө алышат. Анан да журналистика же болбосо коомчулук менен байланыштар жана маркетинг тармактарында адистикти тандашат.


Маалыматтардын журналистикасы тармагында адистикти тандоо менен сиз маалыматтар менен иштеген кесипкөй журналисттер гана окута алган сандар, маалыматтар жана изилдөөлөр ааламына баш-отуңуз менен берилесиз. Коомчулук менен байланыштар тармагында адистикти тандоо сизге коомчулук менен байланыштар тармагында студент катары практикалык тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгүн берет жана биздин коомчулук менен байланыштар боюнча профессорубуз PR тармагында эмгектенүү үчүн зарыл болгон эмоционалдык интеллект жана байланыштык ыкмаларды жогорулатуунун үстүндө сиз менен бирге иштейт.
ЖМБ факультети студенттерге татаал, атаандаштык күч болгон ММКларда карьера жасоодогу жаңы кесипкөйлүк мүмкүнчүлүктөрдү ачуу үчүн зарыл болгон шаймандарды тартуулайт.

“Журналистика жана массалык байланыштар” программасынын студенти катары сиз буларга ээ болосуз:

  • Каныккан маалыматтарды жеткирүү жана репортаж жасоо искусствосун үйрөнөсүз.
  • Маалыматтардын журналистикасы боюнча окутуудан өтүңүз, татаал суроолорду узатыңыз жана тереңдетилген маектерди жасоону үйрөнүңүз
  • Социалдык түйүндөрдөгү коомчулук менен байланыштар жана маркетингдин гламурдук чөйрөсүндө белгилүүлүккө жана тажрыйбага ээ болуңуз
  • Камера, үн жазуучу жабдуулар, студия сыяктуу мультимедиялык жабдуулар менен иштөө тажрыйбасын өркүндөтүңүз
  • Алектенген каалаган тармакта абройлуу аңгемечи болуу үчүн зарыл болгон ыкмалар менен билимдерди өнүктүрүңүз - социалдык түйүндөрдө жаңылык жазуудан блогду жана массалык маркетингди алып барууга чейин

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028