Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - ЫСЫК-КӨЛ

ЫСЫК-КӨЛ

Ысык-Көл – Кыргызстандагы эң чоң көл, дүйнөдөгү эң чоң тоо көлдөрүнүн катарына кирет. Орто Азиянын бермети. Байкал көлүнөн кийин тунуктугу жана тазалыгы боюнча экинчи орунда. Кыштын жеңил өтүшү, суунун жылуулукту топтогону, жана көлдүн тузу кышында да көлдүн тоңушуна мүмкүнчүлүк бербейт.

Ысык-Көл Күңгөй Ала-Тоо менен Тескей Ала-Тоонун ортосунда жайгашкан. Тескейдеги эң бийик чоку 5200 метрге жетет. Күңгөйдө карагай токойлор жыш өсөт, ал эми Тескей тарапта талаа өсүмдүктөрү гана өсөт.

Ысык-Көлдөн суулар агып чыкпайт, ага 80 жакын чакан куймалар келип түшөт. Түп, Жыргалаң, Каракол, Жууку, Тоң, Жети-Өгүз, Чоң-Ак-Суу, Кичи-Ак-Суу, Чоң-Кызыл-Суу, Ак-Терек, Барскоон, Туура-Суу деген дарыялар агып келет. Булардын көбү түбөлүк мөңгүлөрдөн баш алат, Ысык-Көл бассейнинде 834 мөңгү бар. Жылдын жылуу мезгилинде дарыялардын агымынын 60% мөңгүлөрдөн түзүлөт. Көлдүн батыш тарабында Чүй суусу абдан жакын агат, кез кезде 6 км Күтөмалды агымы менен жазгысын муздар эригенде сууларынын бир бөлүгүн Ысык-Көлгө кошуп берет.

 

http://www.issykkul.biz/issyyk-kul6.aspx

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028