Тизме фамилия боюнча алфавиттик тартипте берилген.
Гөркем Атсуңур
Гөркем Атсуңур 2012-жылдан бери Борбордук Азиядагы Америка университетинде (БААУ) иштеп келет. Ал Кипр Эл аралык университетинен Эл аралык мамилелер багытында бакалавр даражасын, Стамбул Билги университетинен Европа изилдөөлөрү боюнча магистр даражасын жана Чехиядагы Масарик университетинен Саясат таануу – Европа саясаты боюнча магистр даражасын алган. 2020-жылы Борбордук Европа университетинде (CEU) Саясат таануу программасында Эл аралык мамилелер боюнча негизги адистик жана Улут таануу боюнча кошумча адистик багытында докторлук даражасын алган. Анын изилдөө кызыкчылыктарына диаспора саясаты, миграция, транснационализм жана эл аралык мамилелер кирет. Учурда ал Эл аралык жана салыштырмалуу саясат бөлүмүнүн доценти болуп иштейт жана Борбордук Азияны изилдөө боюнча магистридик программасында "Борбордук Азия дүйнөлүк саясатта" курсун окутат.
Кристофер Бейкер
Кристофер Бейкер – БААУдагы Борбордук Азияны изилдөө институтунун (CASI) директору. Индиана университетинин Борбордук Евразия изилдөөлөрү бөлүмүн аяктаган. Анын изилдөөлөрү классификациянын адабий элестөөсүнө жана казак искусство ишмерлеринин империялык жана советтик Евразиядагы татаал тарыхый процесстерди категориялаштыруу аракеттерине багытталган. Бул темалар анын "Этностук сөздөр жана советтик нерселер" аттуу диссертациясында талданган.
CASI директору катары ал институттун ишмердүүлүгүн гуманитардык илимдерге багыттоо жана 2014-жылы Борбордук Азиядагы адабият таануу жаатындагы изилдөөлөрдү өнүктүрүү максатында уюштурулган "Борбордук Азиядагы адабият жана тарых" аттуу семинарды жетектөө сыяктуу маанилүү иш-чараларды ишке ашырган. БААУга келгенге чейин, ал АКШнын Казакстандагы дипломатиялык миссиясынын жана Назарбаев университетинин гранттарынын колдоосу менен 1700 беттен турган казак-англис сөздүгүнүн түзүлүшүн жана редакцияланышын көзөмөлдөгөн.
Луи-Филипп Кампо
Луи-Филипп Кампо – Борбордук Азиядагы Америка университетинин Борбордук Азияны изилдөө боюнча магистрдик программасынын бүтүрүүчүсү жана 2020-жылдан бери университетте сабак берип келет. Канаданын Оттава университетинде тарых багытында бакалаврдык билим алып жүргөндө, ал Борбордук Азияга кызыгуусу артып, бул аймакты тереңирээк изилдөөгө бел байлаган. Бул кызыгуу аны эки жыл ичинде Киевден Бишкекке, андан соң Тбилисиге чейин велосипед менен саякаттоого түрткөн. Бул сапарда ал орус тилин өркүндөтүп, аймактын маданияты жана эли тууралуу тереңирээк түшүнүк алган.
Анын негизги изилдөө кызыкчылыктары соңку совет тарыхы жана урбанизм маселелерине байланыштуу, өзгөчө советтик жаңы иденттүүлүктү калыптандырууда жашыл мейкиндиктер кандай колдонулганы жана өздөштүрүлгөнү боюнча изилдөөлөргө басым жасайт. Анын магистрдик диссертациясы Борбордук Азияны изилдөө боюнча "Central Asian Survey" журналында "Тыйын чычкандар жана адамдар: Фрунзенин жашыл мейкиндиктеринде советтик болуу" деген аталыштагы макала катары жарыяланган. Учурда ал Борбордук Азиядагы өнүгүү, урбанизм жана экологиялык көйгөйлөр боюнча курстарды окутат.
Светлана Жаксон
Светлана Жакесон этнология жана түркология боюнча билимди Париждеги Чыгыш тилдер жана маданият институтунда жана Өркүндөтүлгөн изилдөөлөр боюнча жогорку мектепте алган. Ал Франциянын Борбордук Азияны изилдөө институтунда (IFEAC, Ташкент, Өзбекстан), Макс Планк атындагы Социалдык антропология институтунда (Халле, Германия), Volkswagen фонду тарабынан каржыланган изилдөөлөрдө (Халле, Германия) жана Palacky университетинин Sinofon программасында (Оломоуц, Чехия) улук илимий кызматкер болуп иштеген.
Анын акыркы изилдөөлөрү "тарых жаратуу" концепциясына, же болбосо эски жана жаңы иденттүүлүктү бекемдөө максатында тарыхты элдик интерпретациялоо процесстерине багытталган. Ошондой эле ал фольклор жана мурастын XXI кылымда кайрадан маданий ресурс катары ачылышын изилдейт. Бул темалар боюнча, ошондой эле көчмөн маданиятынын мурасы жана анын Кыргызстандагы жана башка аймактардагы кайра баалануу процесстери боюнча кеңири изилдөөлөр жүргүзүп, илимий эмгектер жарыялап келет.
Светлана Жакесон Борбордук Азияны изилдөө боюнча магистрдик (MACAS) программасынын директору болуп саналат. Ал "Бийлик жана билим" (CA 571) курсун окутуп, Борбордук Азияны изилдөө боюнча магистридик программа студенттери үчүн магистрдик диссертация семинарын жетектейт.