Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Транспорттук кызмат

Транспорттук кызмат

БААУ ТРАНСПОРТТУК ТЕЙЛӨӨ САЯСАТЫ

Урматтуу студенттер!

Университеттен жатаканага чейин, жана башка багыттар боюнча студенттерди ташыган микроавтобуста коопсуздук техникасын сактоо максатында, жүргүнчүлөрдүн жалпы саны боюнча чектөө киргизилет (18). Ашыкча жүктөөдөн улам башкарууну жоготуп албоо үчүн, Кыргыз Республикасынын Жолдо жүрүү эрежелерин бузуу үчүн айыптардын жаңы тизмеси өз күчүнө кирип, административдик жоопкерчилик күчөтүлгөндүктөн, тактап айтканда ашыкча жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн айып 3000 сомго чейин жогорулагандыктан бул чектөө киргизилди.

Түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу үчүн, бир жолу жол жүрүүгө жараган жүргүнчү талондорун берүү системасы киргизилет:

  1. Жолго чыгарга чейин 15 мүнөт мурун – жол тизмесинде: аты-жөнүңүздү, факультетиңизди, бара турган дарегиңизди жазыңыз, колуңузду коюңуз.
  2. Жүргүнчү талонун күзөттө турган коопсуздук кызматкеринен алыңыз. Бир студент бир гана талонду ала алат.
  3. Унаага киргенде талонду айдоочуга тапшырыңыз

“Dorm Express 19:30” каттамы: Бул каттам боюнча БААУ жатаканасында жашаган студенттер гана жүрө алышат.

NORTHEAST - 20:00” каттамы: А.Токомбаев, Сухэ Батор, Юнусалиев (7, 6, 5, 4, 3), Ахунбаев, Шабдан Баатыр (Улан, Көк-Жар, Восток-5), Чуй пр., Ибраимов, Кулатов, Элебаев, Горький, Юнусалиев.

NORTHWEST - 21:00” каттамы: А.Токомбаев, Байтик Баатыр (8, 10, 9), Чүй пр., Манас пр., Тынчтык пр., Ахунбаев.

WEST - 22:00”: А.Токомбаев, Советская (8, 10, 9), Ахунбаев, Жал кичирайону, Псковская, Жумушчулар Шаарчасы, Жаш Гвардия, Тосмо (Шлагбаум).

Жол кыймылы күчөгөндүгүнө байланыштуу, “Northeast 20:00” жана “Northwest – 21:00” каттамдарында унаадан түшүүгө атайын токтоочу жайларда гана уруксат берилет!

Кичи пейилдикке, төмөндө көрсөтүлгөн, БААУ унаасында жүрүү эрежелерин сактоону өтүнөбүз:

  1. Кечикпеңиз!
  2. Орундукта отуруңуз.
  3. Унаада тазалыкты жана тынчтыкты сактаңыз. БААУ менчигине этият мамиле кылыңыз.
  4. Айдоочуну жолдо жүрүп жатканда алаксытпагыла.
  5. Чыгуу үчүн, унаа атайын токтоочу жайларда гана токтотулат.
  6. Токтоо тууралуу алдын ала эскертиңиз.
  7. Унаа толук токтогондо гана чыгыңыз.

 

 

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028