БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

“Укук” магистратурасы

24 июля 2025

БААУнун юриспруденция боюнча магистратурасы (LL.M.) юриспруденция тармагында кесипкөйлүк билим менен ыкмаларды алып, Борбордук Азия менен катар Эл аралык деңгээлде да атаандаштыкка бекем юрист болууну сунуштайт. 

Программа окутуунун жогорку сапаты менен камсыздайт. Сабактар практикалык тажрыйбага ээ алдыңкы америкалык, европалык жана борборазиялык профессорлор тарабынан өтүлөт. Чоң эмес чакан топтордогу сабактар магистранттардын өз дараметин толугу менен ачуусуна шарт түзөт. Билим алуучулар эң заманбап технологиялык жана китепканалык ресурстардан пайдалана алышат.

Программа алмашуу программалары аркылуу чет өлкөдө билим алып келүү жана ошондой эле бир жылдык окуудан кийин өнөктөш университеттерде (Индиана университетинин Маккинни укук мектеби, АКШ; Миколас Ромерис университети, Литва; Европалык гуманитардык университет, Литва; Аризона университети, АКШ) экилик диплом алуу мүмкүнчүлүктөрүн берет. Программа магистранттарды докторантурага жана укук тармагында Борбордук Азия менен бирге жалпы Эл аралык деңгээлде ийгиликтүү карьерага даярдайт.

Программа тууралуу кенен маалымат: https://auca.kg/ru/llm/

llm@auca.kg, law@auca.kg. 

 

<< Назад к списку