БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

“Эркин искусстволор жана илимдер” факультети

18 июля 2025

БААУнун бакалавриат программаларынын уникалдууларынын бири – “Эркин искусстволор жана илимдер”. Бул тандалып алынган концентрацияда гуманитардык билим берүүнүн кеңдигин жана адистештирилген билимдердин тереңдигин сунуштаган алгачкы дисциплиналар аралык программа. Ал коомдук жана гуманитардык илимдердин алкагында ар кандай дисциплиналарга багытталган. Факультеттин уникалдуулугу анын эркиндик менен ийкемдүүлүктү, эксперименттерди жасоо мүмкүнчүлүгүн бергендигинде жатат. Окууну аяктар замат кесипти тандоо бир топ эле кыйынга турат, ал эми программа өз кызыкчылыктар жана тандоолорду аныктоого жардам берет. Алгачкы 2 семестрде студенттер ар кандай сабактарды иликтешет жана алар университет тартуулаган мүмкүнчүлүктөрдү баалоого жардам берет. Андан соң негизги адистик боюнча бир чечимди кабыл алууга болот. Бул адам укуктары, экологиялык жана урбанистикалык изилдөөлөрдө, математикалык үлгүлөөдө, социалдык ишкерлик, адабият жана тарых тармактарында адистерди даярдаган салтка айланган университеттин окутуу программалары жана атайын иштелип чыккан программалар.

Программа 21-кылымдын жарандары жеке өнүгүүсү жана кесипкөйлүк карьерасында ийгиликтүү болуусу үчүн зарыл болгон ыкмалар менен билимдерди өнүктүрүүгө багытталган. БААУнун бардык студенттери сыяктуу факультеттин бүтүрүүчүлөрү эки дипломго ээ болушат – кыргыз мамлекеттик үлгүсүндөгү жана АКШда аккредитацияланган дипломго. Аталган документтер Европа, Азия жана Американын ЖОЖдорунда билим алууну улантууга же болбосо дүйнөнүн каалаган өлкөсүндө карьера жасоого мүмкүнчүлүк берет.

Факультет тууралуу кошумча маалыматтарды бул жерден көрүп алууга болот: https://auca.kg/en/liberal_arts_sciences/.

Электрондук почта: las@auca.kg.

Окууга тапшырууга байланышкан суроолор боюнча:

+996 770 00 41 13 (WhatsApp)

admissions@auca.kg

https://t.me/AdmissionsAUCA

Каржылык колдоо:

+996 220 01 90 18

finaid@auca.kg 

<< Назад к списку