БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун магистратурасы — жашоону өзгөрткөн билим берүү

13 мая 2025

Борбордук Азиядагы Америкалык университети (БААУ) – Эл аралык стандарттар менен маданияттар аралык карым-катнашка басым жасаган дүйнөлүк деңгээлдеги магистратураны сунуштаган аймактын алдыңкы билим берүү борбору. БААУнун магистратурасында окутуу студенттерге өз дараметин ачууга жана карьерасында маанилүү кадам жасоого жардам берүү менен кесипкөйлүк жана инсандык өсүп-өнүгүү үчүн кенен мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет.

БААУда магистратуранын тогуз программасы бар:

Антропология жана Эл аралык өнүктүрүү

Журналистика 

Борбордук Азияны иликтөө (MACAS)

Педагогика

Укук (LLM)

Психология

Бизнести башкаруу (МВА)

Таланттарды башкаруу жана уюмдарда адамдык потенциалды өнүктүрүү (ТАЛАНТ)

Экономика

БААУнун магистратурасынын маанилүү факторлорунун бири - Эл аралык алмашуу программаларына катышуу. Бул АКШ, Европа жана Азиянын алдыңкы университеттеринде билим алуу, дүйнө таанымды кеңейтүү, тилдик ыкмаларды тереңдетүү жана чет өлкөлөрдө кесипкөйлүк байланыштарды жолго коюу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Мындай тажрыйба кесипкөйлүк профилди күчөтүп гана тим болбостон, бүтүрүүчүлөрдү глобалдык эмгек рыногунда атаандаштыкка туруктуу бекем кылат.

Магистратурага тапшыруу - бул лидерликке жана бийик карьералык чокуларга умтулгандар үчүн маанилүү кадам. БААУнун студенттери терең билимдерге ээ болушат, сын көз-карашта ойлонууну өнүктүрүшөт жана тез өзгөрүп жаткан шарттарда ийгиликтүү иш алып баруу үчүн зарыл болгон ыкмаларды алышат. Магистратура тандалган тармакта адистешүүгө өбөлгө түзөт, жогорку акы төлөнүүчү кызматтарга жол ачат жана карьералык өсүүнүн перспективаларын кеңейтет.

БААУнун магистратурасын тандоо менен сиз жөн гана дипломго эмес, а кесипкөйлүк коомчулукка, Эл аралык мүмкүнчүлүктөргө жетүүгө жана өз максаттарыңарга жетүүдө колдоого ээ болосуңар.

БААУнун магистратура программалары тууралуу толук маалымат: https://auca.kg/ru/graduate_programs/.

<<