Эркин искусстволор жана илимдер (LAS) факультетинин студенттери европалык борборлордо болуп кайтышты

Эркин искусстволор жана илимдер (LAS) факультетинин студенттери европалык борборлордо болуп кайтышты

18 апреля 2024

#LAS


“Эркин искусстволор жана илимдер” (LAS) факультети БААУдагы уникалдуу факультеттердин бири. Ал өз студенттерине теориялык жана практикалык сабактарды айкалыштыруу менен жети концентрациялардын биринде адистикти сунуштайт.

Алсак, жакында “Урбанистика” концентрациясынын студенттери ири шаарлардын кантип пландаларын жана өнүгүүсүн өз көзү менен көрүп келүү үчүн Европага билим алуу сапары менен барып, алты борбор шаарды көрүп кайтышты.

Берлинде коомдук транспорттун ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн баалап, жеке транспорттон артыкчылыктарына күбө болушту. Амстердамда болсо шаар тургундары эмне себептен шайтан арабаларды жакшы көрөрүн талдап көрүштү. Парижде классикалык жана заманбап архитектуранын атактуу имараттарына көз чаптырышты. Цюрихте студенттердин өзүлөрү белгилегендей, Бишкекте жүргөндөй сезимдер жаралыптыр. Анткени ал шаарда да тоолор көп эмеспи. Ал эми Прага кооз архитектурасы жана даамдуу тамак-ашы менен баарынын купулуна толуптур.

Белгилей кетсек, бул студенттер үчүн факультет тарабынан уюштурулган экинчи окуу сапары. Алдыда дагы башка сапарлар пландаштырылууда. Андыктан сиз “Эркин искусстволор жана илимдер” факультетине тапшыруу менен мыкты теориялык база жана ар тараптуу практикалык тажрыйбага ээ болосуз.

Факультет жөнүндө кошумча маалыматтарды бул жерден алууга болот: https://auca.kg/en/liberal_arts_sciences/. Электрондук почта: las@auca.kg.


Окууга тапшыруу тууралуу кенен маалымат алуу үчүн чалгыла жана жазгыла:
Wa.me +996770004113
admissions@auca.kg 

Каржылык колдоо:
+996 220 01 90 18
finaid@auca.kg

 

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028