Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Колдонмо геологиянын студенттери ОИАнын Илимий станциясынын базасында XII Эл аралык жаштар конференциясына катышты

Колдонмо геологиянын студенттери ОИАнын Илимий станциясынын базасында XII Эл аралык жаштар конференциясына катышты

6-ноябрь 2020

 

“Колдонмо геология” программасынын студенттери Алпаров Аслан, Бегметов Акмаль, Жумабаев Айдар жана Мамедов Эмир докторлор Жеенбек Куленбеков жана Сагынбек Орунбаевдердин жетекчилиги астында жаш студенттер менен окумуштуулардын XII Эл аралык “Илимий изилдөөлөрдөгү заманбап техника жана технологиялар” аталышындагы конференцияга катышты. Иш-чара Россия илимдер академиясынын Илимий станциясы тарабынан Бишкекте онлайн-форматта уюштурулду.

Ар бир студент тематикалар боюнча ар кандай секцияларга катышты:

Секция 1. “Геофизикалык мониторинг жана геомаалыматтык системалар” геочөйрө жана ионочөйрөнү көзөмөлдөөдө колдонулчу жаңы программалык комплекстер жана алардын ыкмалары, аларды колдонуунун жыйынытктары тууралуу докладдарды камтыйт. 

Секция 2. “Жаратылыштык жана техногендик коркунучтар” Орто Азиянын аймагындагы сейсмотектоникалык процесстер, жер көчкүлөр жана сел жүрүүлөрдүн жайылышы жана өзгөчө белгилери жөнүндө докладдарды камтыйт. Ушул эле секцияда сейсмикалык жактан кооптуу аймактарда суу сактагычтарды пайдалануу жана пайдалуу кен байлыктарды өндүрүүгө байланышкан техногендик коркунучтар тууралуу да докладдар чогулган.

Секция 3. “Дисциплиналар аралык докладдар”: “Механика” чакан секциясы заманбап механиканын ар кандай багыттары боюнча маселелердин чечимдери тууралуу докладдарды камтыйт. 

“Дисциплиналар аралык докладдар” чакан секциясы физикалык, экономикалык жана башка процесстердин математикалык үлгүлөөсүнүн маселелерин коюу жана чечүү тууралуу, ошондой эле ар кандай көрсөткүчтөрдү иштеп чыгууда колдонулчу заманбап ыкмалар менен технологиялар жөнүндө докладдарды камтыйт. 

Мындан тышкары студенттер Москвада өткөн илимий-изилдөөчүлүк иштердин ХVI  Эл аралык PTScience сынагына катышты. Иш-чара Илимий-изилдөөчүлүк иштеп чыгуулар коому тарабынан уюштурулду. 

Сынакка катышуу үчүн докторлор жана илимдин кандидаттары, илимий кызматкерлер, ар кандай профилдеги жана багыттагы адистер, илимий даражалардын иизденүүчүлөрү, окутуучулар, аспиранттар, магистранттар жана студенттер чакырылган.

“Жер жөнүндө илим” багыты боюнча “Илимий макала” номинациясында I даражадагы дипломго 4-курстун студенттери Алпаров Аслан жана Жумабаев Айдарлар ээ болушту.  

Биздин студенттер доктор Сагынбек Орунбаевдин жетекчилиги астында “Изилдөөчүлук ыкмалар” (Research methods) курсу боюнча камдалган илимий публикациялары менен катышкан. 

 

 “3-курста Сагынбек Орунбаев агайыбыз тараптан Research Methods сабагынын алкагында “Жаш окумуштуулар менен студенттердин XII Эл аралык конференциясы” үчүн жыйынтыктоочу долбоор катары макала жазуу тапшырмасы берилген. Мен жан дүйнөмө жакын нерсени жасоону чечтим. KAZ Minerals Bozymchak компаниясында иштеп жүргөндүгүмө байланыштуу геологиянын индустриалдык бөлүгүнө басым жасадым. Тактап кетсем, Бозымчак кениндеги көзөмөлдөөнүн геотехникалык ыкмаларын иликтөөгө. Менин чечимимди кесиптешим жана насаатчым Алибаев Асан Пахырович колдоого алды. Ал макала жазууга зарыл болгон нерселердин баарын мага камсыздап берип, колдон келген жардамын аяган жок.

 

Менде болгону колдо бар маалыматтардын баарын иштеп чыгуу гана калган. Колдонмо геология факультетинин окутуучулары мындай маселелерди аткаруу үчүн зарыл болгон ыкмалардын баарын үйрөтүп койгондуктан, эч кандай кыйынчылыкка кабылган жокмун. Сагынбек Орунбаев менен Асан Алибаевдин насаатчылыгы астында макаланы даярдап, аны жогоруда аталган конференцияга катышуу үчүн комиссия мүчөлөрүнө жөнөттүм. Тилекке каршы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу конференция өтпөй калса да, анын алкагындагы публикация илимий иштеп чыгуулардын Бүткүл орусиялык коомунун кызыкчылыгын туудурду. Алар мени менен байланышып, эмгекти “Илимий иштердин XVIII  Эл аралык сынагына” жөнөтүүнү айтышты. Макаланы жөнөтүп жыйынтыгын күтүп жаттым. Чынын айтсам, жеңип чыгам деп күткөн эмесмин, андыктан I даражадагы Лауреат болгонума таң калдым. Бул жалпы командалык жетишкендик деп эсептейм. Колдонмо геология факультетинин окутуучулук курамы жана KAZ Minerals Bozymchak компаниясынын жетекчилигинин биргелешкен жеңиши. “Мындай насаатчылардын жардамысыз жогорку көрсөткүчкө жетүү мүмкүн эмес болчу”,- деп ой бөлүштү Аслан Алпаров. 

“Биринчи жарыкка чыккан макаланы жаратуу жолу оңой болгон жок. Бул 7 айга созулган аракет жана катачылыктардын процесси болду. Белгилеп кетсем, бул таптакыр жаңы тажрыйба болду. Учурда диссертация жазып жатып, публикация үчүн илимий макаала жазуу менен диссертация жазуу окшошуп кетерин түшүнүп жатам. Редакцияга макаламды жөнөтүп жаткан учур окууга өтүү үчүн документтерди тапшырган учурга окшош болду. Андан соң макалам жарыкка чыккан күн абдан кайталангыс жана кубанычтуу болду. ”

Мен бардык профессорлорума ыраазычылык билдиргим келет, өзгөчө Жеенбек Куленбековго, Сагынбек Орунбаевге жана Айжамал Сарыбаевага”,- деп билдирди Айдар Жумабаев.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028