Doolot Sydykov - Transcription Three
D3
Doolot Sydykov, 'Birth of Manas', recorded 1 March 2018
Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available here]
Transcription below by Alymkan Jeenbekova
| Ээй Алтайга Кыргыз барганы | ||
| Арадан эчен жыл өтүп | ||
| Эчен деген жыл жетип | ||
| Ошол эркин эр Жакып | ||
| 5 | Көк ала сакал карганы | |
| Кечээ күнү сурасаң | ||
| Ал кезекте бала эле | ||
| Бул кезекте сурасаң | ||
| Элүүгө чыккан жан эле | ||
| 10 | Тентик делип Алтайга | |
| Кордук көрүп далайга | ||
| Наалат кылып каңгайга | ||
| Канча жылга жетиптир | ||
| Эчен деген убакыт | ||
| 15 | Токтоосуз өтүп кетиптир | |
| Эки катын алганы | ||
| Эки катын түк туубай | ||
| Бала көрбөй калганы | ||
| Бир баланын айынан | ||
| 20 | Байкуш такыр зарлады | |
| Туяксыз кантип өтөм деп | ||
| Тумшугу жок дүйнөдөн | ||
| Тура кантип кетем деп | ||
| Аа дүйнөгө барганда | ||
| 25 | Тынчып кантип жатам деп | |
| Курган башым куркурап | ||
| Көргө кантип батам деп | ||
| Мына ошондо эр Жакып | ||
| Булдуп ыйлап булкулдап | ||
| 30 | Кайран Жакып сулкулдап | |
| Өөдө болсо бүгүлүп | ||
| Бүгүлсө Жакып абаңдын | ||
| Башына мүшкүл иши көрүнүп | ||
| Зарлаганы бир Теңир | ||
| 35 | Жалынганы көп арбак | |
| Арбакка айтып зарлаптыр | ||
| Как ошондо Жакыптын | ||
| Арманы башта чамдаптыр | ||
| Өөдө болсо Жакыпты | ||
| 40 | Көрүнгөн ушак кылыптыр | |
| Эшикке чыкса Жакыпты | ||
| Ар ким айтып туруптур | ||
| Эки катын алды деп | ||
| Тумшугу каткан катындар | ||
| 45 | Туубай азап салды деп | |
| Туяксыз кантип өтөт деп | ||
| Сайдап жыйган сан кара | ||
| Кыйкырса бир күн жолукку | ||
| Айдаса бир күн долукку | ||
| 50 | Ушул эркин эр Жакып | |
| Ак ала сакал кары деп | ||
| Алтымыштан ар жакка | ||
| Так ошондо барар деп | ||
| Арманда өтүп калар деп | ||
| 55 | Көргөн ушак кылыптыр | |
| Күлкүлдөшүп баарысы | ||
| Көп нерсе айтып туруптур | ||
| Ошо кезде Жакыптын | ||
| Заманасы куруптур | ||
| 60 | Заман акыр чоң үшкүл | |
| Салган экен эр Жакып | ||
| Ошол кезде мойнуна | ||
| Алган экен эр Жакып | ||
| Төрт түлүктүү жаны бар | ||
| 65 | Жанга бала бердиң деп | |
| Мына ошондо береги | ||
| Элден чыккан көлсөрү | ||
| Эл түбүнө жетери | ||
| Залалга бала бердиң деп | ||
| 70 | Как ошондо ар кандай | |
| Адамга бала бердиң деп | ||
| Мына ошондо буркурап | ||
| Бир өзүңө келдим деп | ||
| Жаратканым бир өзүң | ||
| 75 | Сыйынайын өзүңө | |
| Этек жеңдин баарысын | ||
| Чача турган болдум деп | ||
| Абийириңди карганда | ||
| Ача турган болдум деп | ||
| 80 | Акыр-такыр чоң үшкүл | |
| Көрө турган болдум деп | ||
| Баласы жок мунканып | ||
| Өлө турган болдум деп | ||
| Өзөлөнсөм бир өзүң | ||
| 85 | Угуп эми койбодуң | |
| Тирүү басып саналып | ||
| Акыры минтип сойлодум | ||
| Жылан болуп сойлосом | ||
| Кулан болуп ойносом | ||
| 90 | Куйрук жалдан ажырап | |
| Курган дүйнө жалгандан | ||
| Өтөрмүн бир күн калжырап | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Ушундай Жакып болду деп | ||
| 95 | Артымдан айтар киши жок | |
| Маана кылып каларга | ||
| Киши менен кишиңин | ||
| Ушул күндөн киши жок | ||
| Ушул дүйнө жалганды | ||
| 100 | Кимдер келип ким кетпейт | |
| Кимдер жашап ким өтпөйт | ||
| Ата кокуй дүнүйө! | ||
| Атанын жолун улантып | ||
| Артынан чыгып кубантып | ||
| 105 | Жалгыз туяк болбосо | |
| Жашагандан не пайда? | ||
| Сансыз жыйган малыңды | ||
| Ашаганда не пайда? | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 110 | Адаммын деп ардырып | |
| Басканында не пайда? | ||
| Дүнүйө күтүп сан кара | ||
| Жатканында не пайда? | ||
| Көрүнгөнгө дүйнөнү | ||
| 115 | Чатканында не пайда? | |
| Тумшугу жок каткансан | ||
| Тууралыкта не пайда? | ||
| Айланайын жараткан | ||
| Кагыласы кендеген | ||
| 120 | Өзүмө кылгын бир айла | |
| Баласы жок курган жан | ||
| Бакыр болот турбайбы | ||
| Баласы жок адамзат | ||
| Жакыр болот турбайбы | ||
| 125 | Атасы айдап жүрсөң сан кара | |
| Топурагы тозгонуп | ||
| Ушул турган жериңиз | ||
| Такыр болот турбайбы | ||
| Антип эми жашадым | ||
| 130 | Чыйпылдатып чымчыкка | |
| Бала бердиң бир Кудай | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| Суу түбүндө балыкка | ||
| Бала бердиң бир Кудай | ||
| 135 | Как ошондо өзүмө | |
| Эми салдың чоң убай | ||
| Айланайын жараткан | ||
| Бир Теңир деп жалынып | ||
| Бир өзүңө сабылып | ||
| 140 | Көктү карап ыйладың | |
| Көрүнгөн жерден кыйнадың | ||
| Көзүңдүн жашын тыйбадың | ||
| Ыйлаганды көрбөдүң | ||
| Канча ыйладым зарланып | ||
| 145 | Эми туяк бербедиң | |
| Айланайын жараткан | ||
| Көп күнү кылсам алдыңда | ||
| Кечирлигиң бар беле | ||
| Күрмөлгөн кибиң бир Кудай | ||
| 150 | Чечерлигиң бар беле | |
| Көп күнөө кылсам момундай | ||
| Неликтен эми кетирдим | ||
| Айтып эми койбодуң | ||
| Ар нерсени ойлодуң | ||
| 155 | Айланайын жараткан | |
| Тактырсыз болсом балага | ||
| Неге мени жараттың? | ||
| Адамзат пендени | ||
| Жер бетине тараттың | ||
| 160 | Колу шумдук иш билген | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Ар кайсындай шумдуктун | ||
| Оо тукумун неге үзбөдүң? | ||
| Айланайын жараткан | ||
| 165 | Ушул эрки өзүңдү | |
| Басар жолго түзбөдүң | ||
| Берип калар Кудай деп | ||
| Үмүтүмдү үзбөдүң | ||
| Үзбөгөн сайын бербедиң | ||
| 170 | Ал ан сайын дегдейдим | |
| Жалгыз туяк көрсөм деп | ||
| Ата-бабаң арбагын | ||
| Баскан сайын көп айтып | ||
| Так ошондо жалындым | ||
| 175 | Мына ошондо өзүңө | |
| Жараткан эми зарладым | ||
| Зарлаган сайын жанагы | ||
| Зарымды угуп койбодуң | ||
| Жараткан нени ойлодуң? | ||
| 180 | - деп ошондо эр Жакып | |
| Элди көрсө карабай | ||
| Салам айтаар жарабай | ||
| Как ошондо мунканып | ||
| Мына ошондо Жакыптын | ||
| 185 | Муңу баштан өтүтүр | |
| Муңу баштан өткөндө | ||
| Ушул эрки чоң зары | ||
| Бир Кудайга жетиптир | ||
| Кечээ күнү эр Жакып | ||
| 190 | Эми жылкы көрөм деп | |
| Көңүлдү барып бөлөм деп | ||
| Ошо кезде эр Жакып | ||
| Талаага эми кетиптир | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| 195 | Эр Жакыптын конушу | |
| Аземил суунун оюнда | ||
| Ак саздын бери боюнда | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Эрен тууган Жакыбы | ||
| 200 | Жайлап жаткан жери экен | |
| Кабырга тоонун учунда | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Кан тоонун бери тушунда | ||
| Жерилип жаткан жери экен | ||
| 205 | Бурул токой ак эмгек | |
| Мына ошондо сурасаң | ||
| Ары жагы алтын көл | ||
| Ошол жердин баарысын | ||
| Эр Жакыптын төрт түлүк | ||
| 210 | Сан карасы жайнагын | |
| Мына ошондо канча эр | ||
| Аркасынан айдаган | ||
| Сызылтып казы чайнаган | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 215 | Эрен тууган эр Жакып | |
| Эми жылкы көрсөм деп | ||
| Көңүлүмдү бөлсөм деп | ||
| Жаздын маалы болуптур | ||
| Жылкыны санап келсем деп | ||
| 220 | Эми Жакып жолуна | |
| Салган экен ар нерсе | ||
| Алып алып оюна | ||
| Эсепсиз жыйган сан кара | ||
| Бир өзүнө карабай | ||
| 225 | Ошо кезде береги | |
| Жыйган экен аябай | ||
| Ата кокуй ат алыс | ||
| Алтыны алты там болуп | ||
| Мына ошондо атаңдын | ||
| 230 | Эсепсиз эми бай болуп | |
| Жаткандыгы дагычы | ||
| Ошо кезде момундай | ||
| Мына ошондо жылкыга | ||
| Туралап жолго салыптыр | ||
| 235 | Ат арып жүрүп алыптыр | |
| Ошо кезде жанагы | ||
| Эрен тууган жылкычы | ||
| Бир өзүнө барыптыр | ||
| Эр Жакып келип калды деп | ||
| 240 | Жылкычы башы Бадалбай | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Кысыр эмди тай союп | ||
| Астына казы эритип жал коюп | ||
| Төс тирелтип турганда | ||
| 245 | Мына ошондо жанагы | |
| Эр Жакыптын өзүнө | ||
| Эми казы эритип жал коюп | ||
| Атаң устаканын сунганда | ||
| Мына ошондо сурасаң | ||
| 250 | Эрениң Жакып момундай | |
| Жылкы эсебин алыптыр | ||
| Алты күнүң ал жерде | ||
| Аярлап жатып калыптыр | ||
| Ар өнөрдүн эр Жакып | ||
| 255 | Даярлап жатып калыптыр | |
| Как ошондо карасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ырымы бар ырыстын | ||
| Кылымы бар кылыктын | ||
| 260 | Ошо кезде эр Жакып | |
| Бир жеринде ала жүк | ||
| Бир жеринде кара жүк | ||
| Как ошондон сураса | ||
| Ак боз бээни алды эле | ||
| 265 | Мына ошондо жанагы | |
| Азыркысын карасаң | ||
| Кайрылып үйгө салды эле | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Ата бабаң арбакка | ||
| 270 | Атап туруп сойсом деп | |
| Мына ошондо ырымын | ||
| Эми кылып койсом деп | ||
| Мына ошондо сурасаң | ||
| Эзелкилер кеп айткан | ||
| 275 | Сурасаң эми чоң арбак | |
| Берет экен деп айткан | ||
| Арбак менен жараткан | ||
| Ортосунда байланыш | ||
| Жакын экен деп айткан | ||
| 280 | Как ошондо береги | |
| Ушулардын баарысы | ||
| Акыл экен деп айткан | ||
| Мына ошондо арбакка | ||
| Аста басып сабылып | ||
| 285 | Ошол кезде арбакка | |
| Үйүнө кайра салмакка | ||
| Мына ошондо жылкынын | ||
| Эсебин эми алыптыр | ||
| Эсебин эми санаса | ||
| 290 | Аяк башын караса | |
| Ошол кезде жылкысы | ||
| Альтымыш миңге толуптур | ||
| Аягы мынча болуптур | ||
| Мына ошондо эр Жакып | ||
| 295 | Башына бакыттын кушу конуптур | |
| Дөөлөттүү бай болуп | ||
| Тегереги шай болуп | ||
| Как ошондо Жакыптын | ||
| Ай ээлегенден болгон кез | ||
| 300 | Так ошондо толгон кез | |
| Эми жолго салды эле | ||
| Аттанып жүрүп алды эле | ||
| Күрүң кире күн бата | ||
| Бурул токой жээгинен | ||
| 305 | Эми кетип калды эле | |
| Жетип барган кезинде | ||
| Как ошондо сурасаң | ||
| Көргөн кызык тамаша | ||
| Көзүн салып караса | ||
| 310 | Ошо кезде сураса | |
| Атаңдын көрү кырк бала | ||
| Жабыла чаап алдына | ||
| Чыккан экен жабылып | ||
| Жан алчуудай камынып | ||
| 315 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Ошонуңду көргөндө | ||
| Эр Жакыптын өзүнө | ||
| Акыл кетип эс кетип | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 320 | Атаңдын көрү дүнүйө! | |
| Биздин элдин түрү эмес | ||
| Биздин элдин жайы эмес | ||
| Кытайдан келген доочубу | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 325 | Балакетти жоочубу | |
| Сурагын сурап алмакка | ||
| Минтип эми калмакка | ||
| Алдыман келип калганбы | ||
| Же кабылдымбы калмакка | ||
| 330 | - деп ошондо жанагы | |
| Ар нерсе келип ээсине | ||
| Азыркысын карасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Кийгенине карасаң | ||
| 335 | Мингенине карасаң | |
| Кытайлыктын түрү эмес | ||
| Калмактардын сүрү эмес | ||
| Андан келген эл эмес | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 340 | Индистандын элинен | |
| Кербен салып билчи элем | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Кийгендердин баарысы | ||
| Угуп эми жүрчү элем | ||
| 345 | Ал элдин жайы бул эмес | |
| Как ошондо карасам | ||
| Биздин элдин өңүндөй | ||
| Мына ошондой өңү бар | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 350 | Маңдайынан карасаң | |
| Ажыдаардын сүрү бар | ||
| Аркасында карасаң | ||
| Ат минердин сүрү бар | ||
| Жан алгычтын түрү бар | ||
| 355 | Так ошондо жанагы | |
| Же болбосо жанагы | ||
| Бүтүн түрктүн ичинен | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Көрбөгөнмүн укканмын | ||
| 360 | Укмак түгүл береги | |
| Бир кумардан чыкканмын | ||
| Кечээ күнү жанагы | ||
| Узган атаң баш болуп | ||
| Күрпөтү мынча болду деп | ||
| 365 | Так ошондо жанагы | |
| Жомокчунун кебине | ||
| Жоодураган эбине | ||
| Жомокчунун өзүнө | ||
| Угуп эми жүрчү элем | ||
| 370 | Ата кокуй дүнүйө | |
| Мунусун кайдан билчи элем | ||
| Ушул жашка келгени | ||
| Ушул жашты жараткан | ||
| Энчи кылып бергени | ||
| 375 | Мындай элди көрбөдүм | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Бүтүн түрктүн баласы | ||
| Көрүнгөн жерге тарады | ||
| Кузгунун көзүн карады | ||
| 380 | Кара Кытай как канчыл | |
| Кармап алып сабады | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Маңдайыңда бараң бар | ||
| Капталыңда каңгай бар | ||
| 385 | Кагышаалы далай бар | |
| Ошолордун баарысы | ||
| Баш көтөртпөй тарады | ||
| Тарап эми кеткенде | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 390 | Көрүнгөн жерге жеткенде | |
| Тарап эми момундай | ||
| Канчасы эми найзанын | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Учунда эми өткөндө | ||
| 395 | Ушундай эрден чыкпаган | |
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Көрүп атсам көз тоёт | ||
| Карап айтсам сөз тоёт | ||
| Так ошондой эр экен | ||
| 400 | Атаңдын көрү дүнүйө! | |
| Шай колдогон шер экен | ||
| Кечээ күнү береги | ||
| Кербенчиден кеп угуп | ||
| Көргөндөрдөн көп угуп | ||
| 405 | Төрт түлүктүү тараага | |
| Көрүнгөн жерди караага | ||
| Атаң кыргыз баласы | ||
| Ар кайсы жерде чачылып | ||
| Мына ошондо Кытайдын | ||
| 410 | Тепсесинде калды деп | |
| Азыркысын карасаң | ||
| Ушул эрки калмактын | ||
| Кептесинде калды деп | ||
| Аны менен чоң мүшкүл | ||
| 415 | Кара Кытай чынмачыл | |
| Эми мүшкүл салды деп | ||
| Чын Кытайдын элинен | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Азыркысын байкасаң | ||
| 420 | Чыга турган эри жок | |
| Белгилүү тууган бели жок | ||
| Как ошондо момундай | ||
| Чын кытайдын жерине | ||
| Кайрат кылып момундай | ||
| 425 | Каш кайтараар эри жок | |
| Эми кайдан келе калды деп | ||
| Азыркысын таңданып | ||
| Сүрүн карап жарланып | ||
| Бир сүрүнө карасаң | ||
| 430 | Кудай бетин салбай кал | |
| Как ошондо жанагы | ||
| Ысыгына баталбай | ||
| Суугуна жаталбай | ||
| Ошо кезде эр Жакып | ||
| 435 | Мына ошондо жанагы | |
| Акылына келе албай | ||
| Не кылаарын биле албай | ||
| Азыркысын момундай | ||
| Качайын деп уялып | ||
| 440 | Мына ошондо жанагы | |
| Качайын десе жанагы | ||
| Качыра турган эр эмес | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Акылына келди эми | ||
| 445 | Мына ошондо эр Жакып | |
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Эсин эми жыйгыча | ||
| Жанына жакын келди эми | ||
| Ээрчиткени кырк бала | ||
| 450 | Арыбаңыз ата деп | |
| Эми салам бергени | ||
| Бар бол эми балам деп | ||
| Жакып эми алыптыр | ||
| Алик алып калыптыр | ||
| 455 | Саламдаша салыптыр | |
| Мына ошондо карасаң | ||
| Ата деп үнү чыкканда | ||
| Ата деген бул үндү | ||
| Биринчи мүнөт укканда | ||
| 460 | Эстен кетти эр Жакып | |
| Так ошондо карасаң | ||
| Эбегейиң эзилип | ||
| Эт жүрөгү кесилип | ||
| Жибип кете таштады | ||
| 465 | Мына ошондо эр Жакып | |
| Азыркысын карасаң | ||
| Эт жүрөгү тутанып | ||
| Күйүп кете таштады | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 470 | Уругуң ким уруң ким | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Белгилеп айтсаң дайның ким | ||
| Кошо чабар кайниң ким | ||
| Белгилүү тууган элиң ким | ||
| 475 | Эли-жери шериң ким | |
| Так ошондо жанагы | ||
| Тутунарга тууң ким | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Ай кайлашаар чууң ким | ||
| 480 | Ээрчитип жүргөн эриңди айт | |
| Белгилүү тууган белиңди айт | ||
| Деп ошондо жанагы | ||
| Аңгемени курады | ||
| Эми Жакып сурады | ||
| 485 | Ошо кезде бул бала | |
| Эми айтпай турабы | ||
| Айланайын атаке | ||
| Менин элим сурасаң | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| 490 | Көктөн болот жалыбыз | |
| Көөкөрдөй болот каныбыз | ||
| Эми жайын сурасаң | ||
| Нурдан болот демибиз | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 495 | Кырдан болот элибиз | |
| Ушу кезде момундай | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Ушунда болот жерибиз | ||
| Айланайын атаке | ||
| 500 | Как ошондо жанагы | |
| Көк Теңирдин өзүнө | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Карарган кара көзүнө | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 505 | Бир жаралып момундай | |
| Чабытынан бүттүк деп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ушуреки жараткан | ||
| Жарышынан бүттүк деп | ||
| 510 | Как ошондо карасаң | |
| Он сегиз миң ааламдын | ||
| Отуз жүз миң ааламдын | ||
| Алышынан бүттүк деп | ||
| Как ошондо береги | ||
| 515 | Дем учунан бүттүк деп | |
| Ушу кезде карасаң | ||
| Жер учунан бүттүк деп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Желпингенде жанагы | ||
| 520 | Так ошондо береги | |
| Алп каракуш ай баатыр | ||
| Ажыдаардын кайраты | ||
| Анысынан бүттүк деп | ||
| Айланайын атаке | ||
| 525 | Элимдин жайын сурадым | |
| Жеримдин жайын сурадым | ||
| Менин элим менен эл болот | ||
| Жерим менин жер болот | ||
| Так ошондо береги | ||
| 530 | Белгилүү тууган момундай | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Белим менин бел болот | ||
| Демим менин дем болот | ||
| Айланайын атаке | ||
| 535 | Мына ошондо жанагы | |
| Көк Теңирдин өзүнө | ||
| Туусун алып жүрөбүз | ||
| Ай кайлаган момундай | ||
| Чуусун алып жүрөбүз | ||
| 540 | Ошо кезде сурасаң | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Өлүшүнө жайладык | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Көк Теңирдин жарлыгы | ||
| 545 | Эми колго кармадык | |
| Деп ошондо калганы | ||
| Ансайын эми эр Жакып | ||
| Артак болуп калганы | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| 550 | Ушу кезде береги | |
| Аң-таң калып жанагы | ||
| Жан-жанына караса | ||
| Жан алгычтай көрүндү | ||
| Жарлык атып өлүнүп | ||
| 555 | Как ошондо жанагы | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Күндөн бүткөн чабылды | ||
| Айдан бүткөн арышы | ||
| Жерден бүткөн деми бар | ||
| 560 | Так ошондо береги | |
| Белгилүү тууган жери бар | ||
| Аны карап таңданып | ||
| Аны карап жарданып | ||
| Бир караса бир киши | ||
| 565 | Бир караса миң киши | |
| Так ошондо береги | ||
| Желпингени жел бол болуп | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Телегейи тең болуп | ||
| 570 | Турган экен бул бала | |
| Аң-таң калып турганча | ||
| Аттын оозун жыйганча | ||
| Анда бала баштады | ||
| Айтаар кептен шашпады | ||
| 575 | Айланайын атаке | |
| Заарың өтүп кетти деп | ||
| Жараткандын өзүнө | ||
| Муңканганың жетти деп | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| 580 | Түп атаңыз кан өтүп | |
| Түгөл журтка дагы өтүп | ||
| Башка атаңыз кан өтүп | ||
| Баары журтка даң өтүп | ||
| Эл эмгегин кылыптыр | ||
| 585 | Туу түбүндө туруптур | |
| Акыйкаттык калыстык | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Жер бетине орнотуп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 590 | Алсыздарды корготуп | |
| Так ошондо жанагы | ||
| Калыстыкты кылыптыр | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Даанышмандык бек кылып | ||
| 595 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Акыйкаттын баарысын | ||
| Ордотуп эми туруптур | ||
| Ошон үчүн жараткан | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| 600 | Өзүңдү тартып имерди | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Өзгөчө кылып жиберди | ||
| Атаңыздын алдынан | ||
| Так ошондо барыңыз | ||
| 605 | Ошо кезде береги | |
| Учурашып алыңыз | ||
| Муңканбасын атаңыз | ||
| Деп ошондо жанагы | ||
| Жараткандын айтканы | ||
| 610 | Азыркысын балаңыз | |
| Алдыңа келип тартканы | ||
| Айланайын атаке | ||
| Көп кайгыра бербе деп | ||
| Ушу гүлдү береги | ||
| 615 | Айткан сөздү дегде деп | |
| Көңүлгө салып эле деп | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Көрүп турган киши жок | ||
| Билип турган иши жок | ||
| 620 | Мына ошондо жанагы | |
| Башка жанга көрүнбөй | ||
| Алдыңа келдим атаке | ||
| Азыркысын карасаң | ||
| Тогуз айы толгонуп | ||
| 625 | Тогуз күнү болгондо | |
| Төрөлөмүн төрүңдө | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Айланайын атаке | ||
| 630 | Курмандыкты чалаарсың | |
| Аны менен карасаң | ||
| Ата-бабаң арбагы | ||
| Атап туруп салаарсың | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| 635 | Айткан сөздү кылаарсың | |
| Аны менен жараткан | ||
| Ыйбаа кылып тураарсың | ||
| Айланайын атаке | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| 640 | Тогуз айы толгондо | |
| Тогуз күнү болгондо | ||
| Төрөлөмүн төрүңдө | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Келемин атам эргинде | ||
| 645 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Ушуреки келиндин | ||
| Ишеничин актаймын | ||
| Басканы жолду тактаймын | ||
| Тегиздикти орнотуп | ||
| 650 | Ошо кезде береги | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Тел куш таптап куш кылып | ||
| Теңтиген кийип журт кылып | ||
| Кураалы таптап куш кылып | ||
| 655 | Курама жыйып журт кылып | |
| Кете турган күн болот | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ушуреки төрүндө | ||
| Тогуз айы толгондо | ||
| 660 | Тогуз күнү болгондо | |
| Эми жете турган күн болот | ||
| Ой атаке кайгырба | ||
| Деп ошондо турганда | ||
| Эми сөзүн кылгында | ||
| 665 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Мына ошондо эр Жакып | ||
| Кээде эске келе алса | ||
| Кээде эске келе албай | ||
| Кээде тилге келе алса | ||
| 670 | Кээде тилге келе албай | |
| Аң-таңдадың эр Жакып | ||
| Ат үстүндө тура албай | ||
| Там-тандадың эр Жакып | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| 675 | Өлө бойдун боорусу | |
| Коро кою чыңдалып | ||
| Так ошондо тыңданып | ||
| Жакшылап карап туруптур | ||
| Бала колун сунуптур | ||
| 680 | Эми колун сунганы | |
| Көп кайгырбаң ата деп | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Ата кокуй бул бала | ||
| Эми өзүң турганы | ||
| 685 | Караса көзгө илинбей | |
| Кайда экени билинбей | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Кайып болуп кетиптир | ||
| 690 | Кетпегенде нетиптир | |
| Так ошондо жанагы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Аш бышымдай болгондо | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| 695 | Эске келдиң эр Жакып | |
| Эсине келип алыптыр | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Эсине келсе ата кокуй курган жан | ||
| 700 | Как ошондо жанагы | |
| Эсине келип алганы | ||
| Эсине келип алганы | ||
| Эми үйгө салганы | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| 705 | Айлы жакын көтөкө | |
| Ошо ак саздын бери четине | ||
| Эми Жакып барганы | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Элди ийип келди эми | ||
| 710 | Эл тегерек момундай | |
| Демди жыйып келди эми | ||
| Элди жыйып жанагы | ||
| Бир жеринде кара жок | ||
| Бир жеринде ала жок | ||
| 715 | Ак боз бээни чалдырыптыр | |
| Ата баба арбагы | ||
| Ыраазы болсун эми деп | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| Колдосун бизди деми деп | ||
| 720 | Атап туруп чалганы | |
| Аны менен карасаң | ||
| Жетим жесир мискинге | ||
| Ошо кезде сурасаң | ||
| Таратып эми салганы | ||
| 725 | Бөлүп-бөлүп келиптир | |
| Так ошондо нетиптир | ||
| Азыркысын эр Жакып | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Эмине болду аян деп | ||
| 730 | Айланайын бай Жакып | |
| Болдубу сага аян деп | ||
| Эки бирдей байбиче | ||
| Эми сурап калыптыр | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 735 | Айтпа деген мага деп | |
| Эми ичке даана деп | ||
| Как ошондо эр Жакып | ||
| Азыркысын сыр кылды | ||
| Мына ошондо сурасаң | ||
| 740 | Сырын сактап эр Жакып | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Муну мундай кылыптыр | ||
| Жөн эле чалдын муршуну | ||
| Ата баба арбагын | ||
| 745 | Эстебей кетип жүрбөйлү | |
| Эстеп жүрсөк момундай | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| Колдорлугуң аныктыр | ||
| Жакшылыкка арбагы | ||
| 750 | Жолдорлугуң аныктыр | |
| Деп ошондо жанагы | ||
| Эрениң Жакып кеп айтып | ||
| Мына мындай бек айтып | ||
| Оңолуп эми калганго | ||
| 755 | Деп ошондо жанагы | |
| Эки бирдей байбиче | ||
| Экөө бирдей кеп кылып | ||
| Кече күнү момундай | ||
| Так ошондо сурасаң | ||
| 760 | Ырымы бар ырыстуу | |
| Кылгыры бар кылыктуу | ||
| Эми Жакып турду эле | ||
| Эми мындай кылды эле | ||
| Ошо кезде сурасаң | ||
| 765 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Ээ кече күнү түнүндө | ||
| Ээ Жуманын кадыр түнүндө | ||
| Ээ Бейшембинин күнүндө | ||
| Ээ күгүм кире күн бата | ||
| 770 | Оо калып уктап тың жатат | |
| Ээ так ошондо эр Жакып | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ээ кээде ойу талыкшып | ||
| Ээ кара бойу балыкшып | ||
| 775 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Аш тамакка карабай | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Талыкшып келип аябай | ||
| Эми Жакып жатып калыптыр | ||
| 780 | Ээ туура жети күн өтүп | |
| Так ошондо жанагы | ||
| Ай караңгы түн өтүп | ||
| Арасында момундай | ||
| Так ошондо болуптур | ||
| 785 | Мына ошондо жанагы | |
| Байбиченин ордого | ||
| Жакып келип конуптур | ||
| Эми байбиченин ордодо | ||
| Так ошондо жатыптыр | ||
| 790 | Уйкуга Жакып батыптыр | |
| Уйкуда жатып эр Жакып | ||
| Ээ как ошондо караса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Оо арта кызык тамаша | ||
| 795 | Ошо кезде түш көрдү | |
| Ээ түш көргөндө неткени | ||
| Ээ мына ошондо жанагы | ||
| Ээ күндө жолуккан | ||
| Ошо кезде жанагы | ||
| 800 | Ээ кырк чилтенин ээрчитип | |
| Ээ кырк бала жакын жеткени | ||
| Алдыдагы чоң бала | ||
| Кадимкидей зор бала | ||
| Мына ошондо сурасаң | ||
| 805 | Ээ кулан эми ат минген | |
| Ээ бар жарагын шат үйгөн | ||
| Ээ мына ошондо жанагы | ||
| Жаалданып караган | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 810 | Караган адам оңбогон | |
| Эзелиң эки болбогон | ||
| Ээ өзүн Кудай колдогон | ||
| Ээ так ошондо сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 815 | Ээ жандай таап бастырып | |
| Эр Жакыптын өзүнө | ||
| Ээ эми жете барыптыр | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ата деп эми калыптыр | ||
| 820 | Ээ айланайын атаке | |
| Деп ошондо кеп айтты | ||
| Ошо кезде жанагы | ||
| Ата деген сөзүнө | ||
| Ээ туралбастан өзүнө | ||
| 825 | Ээ мына ошондо эр Жакып | |
| Ээ угуп гана жашы да төгүлдү үү | ||
| Ээ ошо кезде береги | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Эми керемети көрүндү үүү | ||
| 830 | Ошо кезде бул бала | |
| Ээ так ошондо сурасаң | ||
| Атаңдын көрү атасы | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Жайлак айгыр коштогон | ||
| 835 | Жал арыстан окшогон | |
| Жааланып киргенде | ||
| Алдына мендей дос болгон | ||
| Как ошондо сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 840 | Ээ тогуз кабат асманга | |
| Атасын эми көтөрүп | ||
| Алып чыгып алыптыр | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Жараткандын тагына | ||
| 845 | Эми алып барыптыр | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Ээ сый урматын билгизди | ||
| Атасына момундай | ||
| Алтындан кылган сарпайды | ||
| 850 | Азыр эми кийгизди | |
| Ээ чыңалып эрктүү кийгизди | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Кан белгисин кылыптыр | ||
| Атакесин момундай | ||
| 855 | Отургузуп туруптур | |
| Так ошондо жанагы | ||
| Атаң, атаң, ата деп | ||
| Эми айтып калыптыр | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 860 | Айланайын атасы | |
| Ошондо бата бере салыптыр | ||
| Как ошондо береги | ||
| Ээ айланайын уулум деп | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 865 | Бооруна салыптыр | |
| Болкулдап ыйлап калыптыр | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Ата деген үнүңдөн | ||
| Айланайын сүрүңдөн | ||
| 870 | Деп ошондо калганы | |
| Азыркысын карасаң | ||
| Ал аңгыча жанагы | ||
| Көкө Теңир жараткан | ||
| Асмандан добуш угулду | ||
| 875 | Добушуң эми угулса | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ушул сага бала деп | ||
| Балаңа жакшы кара деп | ||
| Калыстык менен орнотуп | ||
| 880 | Как ошондо жанагы | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Азыркысын карасаң | ||
| Канаттууга кактырбай | ||
| Тумшуктууга чокутпай | ||
| 885 | Ээ баары алына келгенче | |
| Бул баланы момундай | ||
| Жакшы сактап алгын деп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 890 | Ырымын кылып калгын деп | |
| Азыркысын карасаң | ||
| Так ошондо туруптур | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Көк Теңирдин добушун | ||
| 895 | Эми Жакып угуптур | |
| Ошо кезде береги | ||
| Ээ айланайын жараткан | ||
| Айың менен күнүңдүн | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 900 | Отуз жүз миң ааламдын | |
| Кубатынан бүттү деп | ||
| Жараткан көкө Теңирдин | ||
| Кулачынан бүттү деп | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 905 | Ээ ааламда момундай | |
| Ээ так ошондо сурасаң | ||
| Топосу каптап кетсе да | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Адамзат түбүнө | ||
| 910 | Кыяматы жетсе да | |
| Ошо кезде береги | ||
| Мындай адам жаралбайт | ||
| Ошо кезде баланы | ||
| Бир өзүңө бердик деп | ||
| 915 | Мына ошондо карасаң | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Жараткандын добушу | ||
| Мына ошондо угулду | ||
| Так ошону уккан соң | ||
| 920 | Эстен танып эр Жакып | |
| Азыр эми жыгылды | ||
| Так ошондо карасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Мына ошондо эр Жакып | ||
| 925 | Ата кокуй дүнүйө | |
| Эсине келип алыптыр | ||
| Эсине келсе ойгонуп | ||
| Таң сүрүлүп калыптыр | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| 930 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Азыркысын карасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ээ мына ошондо Чыйырды | ||
| Эр Жакыптын жанагы | ||
| 935 | Жанында басып туруптур | |
| Мына ошондо береги | ||
| Таңдайы кургап такылдап | ||
| Чекесинен тер чыгып | ||
| Мына ошондо береги | ||
| 940 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Эми минтип калыптыр | ||
| Ошо кезде жанагы | ||
| Байтал бээнин бал кымыз | ||
| Чайкап чайкап куйдуртуп | ||
| 945 | Мына ошондо Жакыпка | |
| Эми Чыйырды энең сундурду | ||
| Сундурганда нетти деп | ||
| Айланайын байым деп | ||
| Сага кандай күн мүшкүл жетти деп | ||
| 950 | Мына ошондо жанагы | |
| Таңатканча кыйналып | ||
| Ар нерсени сүйлөнүп | ||
| Так ошондо чыктың деп | ||
| Көрүнгөн эми сөзүңдү | ||
| 955 | Мына ошондо уктум деп | |
| Айланайын жарыктык | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Манас дедиң кээ бирде | ||
| Кээ биринде карасаң | ||
| 960 | Алаш деп эми жаттың деп | |
| Кээ биринде аралаш | ||
| Манас деп эми жаттың деп | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Нээликтен эми таңдайы | ||
| 965 | Азыркысын каттың деп | |
| Ошо кезде береги | ||
| Талыкшып келип жаттың деп | ||
| Таң атканча бут серпип | ||
| Ошо жерде турдуң деп | ||
| 970 | Мына ошондо береги | |
| Таң атканча сүйлөнүп | ||
| Ар ким менен аралаш | ||
| Мына ошондо жүрдүң деп | ||
| Кандай эми кызыкка | ||
| 975 | Эми байым кирдиң деп | |
| Ошо кезде Чыйырды | ||
| Эми айтып калыптыр | ||
| Азыркысын эр Жакып | ||
| Ак сый аяк кымызды | ||
| 980 | Эми ичип алыптыр | |
| Ичип эми алган соң | ||
| Азыркысын карасаң | ||
| Эми кебин салыптыр | ||
| Айланайын курган жан | ||
| 985 | Ээ мына ошондо жанагы | |
| Ээ түндө жатып түш көрдүм | ||
| Ээ мына ошондо береги | ||
| Кызыгыраак иш көрдүм | ||
| Айланайын байбиче | ||
| 990 | Жан жаныңды карачы | |
| Жан жаныңда киши жок | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Биз менен эми кишинин | ||
| Азыркысын иши жок | ||
| 995 | Бил багайын айынан | |
| Мына ошондо зарладым | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Өөдө болсом бүгүлүп | ||
| Ылдый болсом момундай | ||
| 1000 | Көзүмдүн жашы төгүлүп | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Жараткандын өзүнө | ||
| Наалыш кылып кеп айтып | ||
| Мына ошондо жүрдүм деп | ||
| 1005 | Азыркысын карасам | |
| Кызык эми дүйнөгө | ||
| Ошо кезде кирдим деп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Кечээ күнү жылкыдан | ||
| 1010 | Келе жаткан кезимде | |
| Мына ошондо эсимде | ||
| Азыркысын карасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Алдыма чыга калды эле | ||
| 1015 | Сүрү башка көрүндү | |
| Эң эле бөлөк момундай | ||
| Түрү башка көрүндү | ||
| Мына ошондо карасам | ||
| Ата ээрчиткени кырк бала | ||
| 1020 | Сүрү башка көрүндү | |
| Эң эле бөлөк момундай | ||
| Түрү башка көрүндү | ||
| Алды жакта бөлүнөт | ||
| Ак аска тоодой көрүнөт | ||
| 1025 | Бир караса бир киши | |
| Бир караса миң киши | ||
| Жан алгычтай сүрү бар | ||
| Ажыдаардай түрү бар | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| 1030 | Ата деп келип алганы | |
| Саламын айта салганы | ||
| Кайдан келген эр десем | ||
| Уругун эми сурадым | ||
| Аңгемени курадым | ||
| 1035 | Уругу көктөн экен да | |
| Так ошондо береги | ||
| Денеси жерден экен да | ||
| Мына ошондо баарысы | ||
| Айтып эми берди деп | ||
| 1040 | Мына ошондо береги | |
| Жомокчунун өзүнөн | ||
| Мындай шумдук укпагам | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Эстен танып неттим деп | ||
| 1045 | Ошо кезде береги | |
| Айланайын ата деп | ||
| Төрөлөмүн момундай | ||
| Тогуз айдын өзүндө | ||
| Деп ошентип кетти эле | ||
| 1050 | Мына ошондо береги | |
| Жана ак боз бээни алгамын | ||
| Ошон үчүн момундай | ||
| Курмандыкка чалгамын | ||
| Андан кийин жанагы | ||
| 1055 | Талыкшып келип жатканым | |
| Чоңоюп буга батканым | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Айланайын байбиче | ||
| Түндө жатып түш көрдүм | ||
| 1060 | Ошол көргөн түшүмдү | |
| Мына ошондо бүт көрдүм | ||
| Ата кокуй жанагы | ||
| Жол алдымда жолуккан | ||
| Өңүмдөн эми кабылган | ||
| 1065 | Кайыбымдан табылган | |
| Ошо кезде зор бала | ||
| Аркасында ээрчитип | ||
| Как ошондо кырк бала | ||
| Алдыман чыга калды эле | ||
| 1070 | Айланайын ата деп | |
| Саламын айта салды эле | ||
| Ээ кечэ көргөн өңүмдө | ||
| Бүгүн көрдүм түшүмдө | ||
| Ошо кезде аралаш | ||
| 1075 | Жүрүп атат тишимде | |
| Ата деди момундай | ||
| Эне боюм балкыды | ||
| Кызыл бойдун баарысы | ||
| Асманга чыгып калкыды | ||
| 1080 | Ошол кезде бул бала | |
| Айтып эми турганы | ||
| Айланайын атаке | ||
| Жүрүң эми мингин деп | ||
| Коштогону момундай | ||
| 1085 | Жал арыстан окшогон | |
| Жаагында карасам | ||
| Жайдак айгыр коштогон | ||
| Ушу кезде атына | ||
| Мингизип эми алды эле | ||
| 1090 | Тогуз кабат көк деген | |
| Көк Теңирдин жайгашы | ||
| Жаткан жериң ал деген | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 1095 | Акылында бек танып | |
| Так ошондо ал деген | ||
| Адамзат пендеси | ||
| Жетмек беле ал жерге | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| 1100 | Тилегениң адамдын | |
| Так ошондо баруучу | ||
| Азыркысы момундай | ||
| Адам айран калуучу | ||
| Ишенеби түшүмө | ||
| 1105 | Мына ошондо береги | |
| Эми келдиң ишиме | ||
| Тогуз кабат асманга | ||
| Алып чыктың өзүмдү | ||
| Мына ошондо Теңирдин | ||
| 1110 | Тактасынан өзүмдү | |
| Отургузуп салганы | ||
| Азыркысын чыгалуу | ||
| Бөрүктү эми кийгизип | ||
| Ата деп мени калганы | ||
| 1115 | Сый урматын билгизди | |
| Алтын такты мингизди | ||
| Мына ошондо бооруна | ||
| Басып эми тургамын | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| 1120 | Чоң айланы кылгамын | |
| Бир Теңирге мен өзүм | ||
| Ыраазы болуп алгамын | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Ээ жараткан бала берсе да | ||
| 1125 | Бербесе да момундай | |
| Ошо кезде бир боюм | ||
| Балкып турду момундай | ||
| Эне боюм асманда | ||
| Калкып турду момундай | ||
| 1130 | Тогуз кабат асмандан | |
| Как ошондо атаке | ||
| Деги ошондо жанагы | ||
| Төрөлөмүн өзүңө | ||
| Үйүңө эми келем деп | ||
| 1135 | Айтып эми салганы | |
| Ал аңгыча Теңирдин | ||
| Добушу эми угулуп | ||
| Как ошондо калганы | ||
| Ээ ушуреки баланы | ||
| 1140 | Бардык менен күткүн деп | |
| Так ошондо береги | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Адамзат пендеси | ||
| Доор кыямат өтсө да | ||
| 1145 | Тоо куланып көчсө да | |
| Мындай эми келбейт деп | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Канча адам тиленсе | ||
| Мындайды эми бербейт деп | ||
| 1150 | Көк Теңирдин бир өзү | |
| Адам болуп кубулуп | ||
| Жерге түшөт куюлуп | ||
| Деп ошондо жанагы | ||
| Асмандан добуш угулду | ||
| 1155 | Эсине кебей байыңыз | |
| Андан кийин жыгылды | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Ошо кезде ойгондум | ||
| Оң жагыма толгондум | ||
| 1160 | Айланайын байбиче | |
| Мындай түштү жанагы | ||
| Как ошондо береги | ||
| Токсон ирет көрсөң да | ||
| Токсон ирет тилейт | ||
| 1165 | Мына ошондо береги | |
| Ушуреки береги | ||
| Тогуз кылым өтсө да | ||
| Тоо куланып көчсө да | ||
| Адам мындай көрбөйт го | ||
| 1170 | Ата кокуй дүнүйө | |
| Тилесең эми адамды | ||
| Мындай наам бербейт го | ||
| Айланайын жараткан | ||
| Бул эмине болду деп | ||
| 1175 | Ары-бери толгонуп | |
| Мына ошондо оңдонуп | ||
| Ээ турса өзүм момундай | ||
| Карап эми жатыпсың | ||
| Деп ошондо калганы | ||
| 1180 | Ата кокуй дүнүйө | |
| Аксар башыл алдыр деп | ||
| Аксар башыл кой айтып | ||
| Аны мына тоё айтып | ||
| Азыркысын байбиче | ||
| 1185 | Кебин айтып кенеңдеп | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Төө баштаган төтр тогул | ||
| Садагасын чаптырып | ||
| Сары улагын тарттырып | ||
| 1190 | Мына ошондо береги | |
| Бир Кудайга айттырып | ||
| Ата бабаң арбакка | ||
| Атап туруп чалдырып | ||
| Как ошондо береги | ||
| 1195 | Ээ айланайын байым деп | |
| Бериптир Кудай ишиңди | ||
| Оңдоптур Кудай түшүңдү | ||
| Жанаң өңдө жолукса | ||
| Ошо кезде береги | ||
| 1200 | Өңүн элге айтпайлы | |
| Ичке муну сактайлы | ||
| Ата кокуй курган жан | ||
| Мына ошондо карасаң | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| 1205 | Тилегин эми оңунан | |
| Бере турган кези го | ||
| Тилегендин баарысы | ||
| Келе турган кези го | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| 1210 | Ээ каалагандын баарысы | |
| Бара турган кези го | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Калк кайрылып момундай | ||
| Ала турган кези го | ||
| 1215 | Дөөлөт кутсун башыңа | |
| Коно турган кези го | ||
| Тилегениң канча жыл | ||
| Боло турган кези го | ||
| Айланайын байым деп | ||
| 1220 | Мына ошондо береги | |
| Түшүңдү эми айтыңыз | ||
| Түштү эми жоорутуп | ||
| Элге кабар айттырып | ||
| Так ошондо береги | ||
| 1225 | Жакшылыкка кылалы | |
| Ырым кылып туралы | ||
| Айланайын байым деп | ||
| Так ошондо береги | ||
| Оңдуу болор жайың деп | ||
| 1230 | Азыркысын караса | |
| Байбичең айтып салыптыр | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Өңүнө эми көрүнгөн | ||
| Ошо кезде береги | ||
| 1235 | Үнүң эми угулган | |
| Үндү эстеп алыптыр | ||
| Ата-бабаң арбакка | ||
| Ырымын кылып койгун деп | ||
| Ырымына аяба | ||
| 1240 | Мал көзүнө караба | |
| Деп ошондо жанагы | ||
| Өңүнө эми жолуккан | ||
| Үндү угуп алыптыр | ||
| Албан түрлүү момундай | ||
| 1245 | Түрдү угуп алыптыр | |
| Аны менен карасаң | ||
| Бадалбайдын өзүнө | ||
| Эми киши чаптырды | ||
| Так ошондо береги | ||
| 1250 | Төө баштаган төрт тогуз/тобу | |
| Малдан алып келсин деп | ||
| Кабарын эми айттырды | ||
| Малдан айдап келиптир | ||
| Муну менен сурасаң | ||
| 1255 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Төө баштагын төтр тогуз | ||
| Так ошондо сойдуруп | ||
| Ырымын мындай кылдырып | ||
| Ошол кезде эл жыйып | ||
| 1260 | Жетим менен жесирге | |
| Так ошондо бөлдүрүп | ||
| Мына ошондо бердирип | ||
| Мына ошондо болгон соң | ||
| Калк жыйылып толгон соң | ||
| 1265 | Элдин баары момундай | |
| Бата кылып тойгон соң | ||
| Азыркысын карасаң | ||
| Касы этип жан коюп | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| 1270 | Чара-чара май коюп | |
| Ырымы мындай болгон соң | ||
| Атоолдудан жанагы | ||
| Сакалдуулап калдырды | ||
| Мына ошондо эр Жакып | ||
| 1275 | Ак өргөөнүн ичине | |
| Азыркысын алдырды | ||
| Алдырганда неткени | ||
| Мына ошондо баарысы | ||
| Улуулашып четти эми | ||
| 1280 | Орунун эми корушуп | |
| Так ошондо ордунда | ||
| Баарысы эми болушуп | ||
| Өөдө бою толукшуп | ||
| Отурганда кеп айтат | ||
| 1285 | Эми Жакып бек айтат | |
| Айланайын аталар | ||
| Аталарда бата бар | ||
| Батаңарга момундай | ||
| Өнүп эми өсөт деп | ||
| 1290 | Тилегине жетет деп | |
| Эзелкилер айткан кеп | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Батаңарды бергиле | ||
| Муну менен сурасаң | ||
| 1295 | Азыркысын береги | |
| Башка чукак болдум деп | ||
| Баталап эми келгиле | ||
| Деп ошондо жанагы | ||
| Казына оозун ачтырды | ||
| 1300 | Кара алтынды чачтырды | |
| Ар биринин өзүнө | ||
| Аз болгондо жанагы | ||
| Алтыдан эми ай туяк | ||
| Алтынын эми бердирди | ||
| 1305 | Муну менен сурасаң | |
| Как ошондо эбине | ||
| Баарын эми келтирди | ||
| Сарыпбайдан чапанды | ||
| Так ошондо кийгизди | ||
| 1310 | Сый урматын билгизди | |
| Жел жетпеген жоргодон | ||
| Ар бирине мингизди | ||
| Ээ отуруп аны ош жерден | ||
| Отуздан ашык киши бар | ||
| 1315 | Баарысынын момундай | |
| Так ошондо береги | ||
| Кийген эми киши бар | ||
| Ошо кезде момундай | ||
| Ичтен жака салдыргын | ||
| 1320 | Мына ошондо кундуздан | |
| Багалекке жардыргын | ||
| Ар бирине береги | ||
| Чапанынан кийгизип | ||
| Сый урматын билгизип | ||
| 1325 | Булар минтип турган соң | |
| Ырымын мындай кылган соң | ||
| Эми Жакып кеп айтат | ||
| Айланайын калк | ||
| Эми сөзүмдү уккун деп айтат уу | ||
| 1330 | Оо эзелкилер кеп айткан | |
| Ээ эмкилер бек айткан | ||
| Оо байыркылар кеп айткан | ||
| Ээ баашалуу журттан бек айткан | ||
| Ээ эзелкиден сурасаң | ||
| 1335 | Аңгеме дүкөн курасаң | |
| Ээ түштүн башы казандай | ||
| Мойнуң ичке кылдай дейт | ||
| Ээ кайсыл жака жорулса | ||
| Ошол жака кетүүчү | ||
| 1340 | Ээ тилегине жетүүчү | |
| Оңдоп жоруп бергиле | ||
| Ушуреки түшүмдү | ||
| Чоңдоп жоруп бергиле | ||
| Ээ мына ошондо береги | ||
| 1345 | Ээ эптүү жоруп бергиле | |
| Ушунуңду сурасаң | ||
| Ээ кептүү жоруп бергиле | ||
| Деп ошондо калганы | ||
| Эми түшүн айта салганы | ||
| 1350 | Ээ мына ошондо сурасаң | |
| Эми түндө жатып түш көрдүм | ||
| Ошо түш көргөндү момундай | ||
| Ээ мына ошондо мен көрдүм | ||
| Ошо көргөн түшүмдү | ||
| 1355 | Жабыла басып бөлүндүм | |
| Жалы аттуу көрүнүп | ||
| Ошо жерден чыккан кийинди | ||
| Көктөн түшкөн изиңди | ||
| Бир караса бир киши | ||
| 1360 | Бир караса миң киши | |
| Бир караса сураса | ||
| Касиеттүү кан кейжи | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Сүрү башка көрүнөт | ||
| 1365 | Үлпөтү күндөн жаралган | |
| Айдыгын айдай таралган | ||
| Тирүү башка көрүнөт | ||
| Ээрчиткени кырк бала | ||
| Так ошондо сураса | ||
| 1370 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Алдыман чага калды эле | ||
| Саламын айта салды эле | ||
| Саламын айта салганда | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 1375 | Аарыбаңыз ата деп | |
| Мени айтып калыптыр | ||
| Муну менен сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Бар бол эми уулум деп | ||
| 1380 | Алик алып калгамын | |
| Айланайын атаке | ||
| Заарың гана жетти да Теңирге уу | ||
| Көп мункана бербеңиз | ||
| Атакең эми момундай | ||
| 1385 | Бир эмес эми кырк бала | |
| Уулуң болуп берет деп | ||
| Артынан эми ээрчичү | ||
| Так ошондо атаке | ||
| Тууң болуп берет деп | ||
| 1390 | Айланайын атаке | |
| Баарысын эми иреттеп | ||
| Жөндөп жолго салабыз | ||
| Эл ишин колго алабыз | ||
| Деп ошондо калганы | ||
| 1395 | Жанындагы момундай | |
| Коштоп жүргөн аргымак | ||
| Мингизип мени алганы | ||
| Ээ тогуз кабат көк деген | ||
| Оо катмарлары көп деген | ||
| 1400 | Эзелкиден укканбыз | |
| Угуп атып ошону | ||
| Бир кумардан чыкканбыз | ||
| Тогуз кабат асманга | ||
| Алып чыгып барганың | ||
| 1405 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Жанында турган эр Жакып | ||
| Айран азыр калганы | ||
| Көк Теңирдин тактыга | ||
| Мына мени мингизди | ||
| 1410 | Сый урматын билгизди | |
| Андан кийин сурасаң | ||
| Жыбалуу өрктүү башыма | ||
| Кан белгиси ушу деп | ||
| Мына мени кийгизди | ||
| 1415 | Ээ айланайын ата деп | |
| Сый урматын көргөзүп | ||
| Как ошондо калганы | ||
| Асмандан эми Көк Теңир | ||
| Эми үнүн салганы | ||
| 1420 | Ой Жакып угуп алгын деп | |
| Ушуреки баланы | ||
| Бардык менен күткүн деп | ||
| Кеңдик менен баарына | ||
| Эми Жакып түткүн деп | ||
| 1425 | Демитпегин баланы | |
| Так ошондо береги | ||
| Бир өөзүңө бир өөзүм | ||
| Берип аткам бала деп | ||
| Жакшылап эми кара деп | ||
| 1430 | Айтып эми калганы | |
| Айран азыр момундай | ||
| Ошо кезде Жакыбың | ||
| Эстен танып калганы | ||
| Эстен танып неткемин | ||
| 1435 | Андан кийин ойгонуп | |
| Как ошондо кеткемин | ||
| Айланайын карылар | ||
| Бул эмине болучу | ||
| Ээ бул түшүмдү жоручу | ||
| 1440 | Деп ошондо калганы | |
| Мына ошондо эр Жакып | ||
| Эстеп азыр момундай | ||
| Эки көзгө жаш алып | ||
| Сар санаага мат алып | ||
| 1445 | Турган экен эр Жакып | |
| Амалы кетип ошондо | ||
| Курган экен эр Жакып | ||
| Ал аңгыча караса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1450 | Арта кызык тамаша | |
| Ошо кезде жанагы | ||
| Каарылардан кеп чыкпай | ||
| Мына ошондо дем чыкпай | ||
| Баарысы эми жанагы | ||
| 1455 | Жерди тиктеп калыптыр | |
| Акылмандын баарысы | ||
| Ойлонушуп алыптыр | ||
| Эчен түрлүү момундай | ||
| Ой жорушуп алыптыр | ||
| 1460 | Эчен ирет момундай | |
| Толгонушуп калыптыр | ||
| Мына ошондо сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Комдонушуп алыптыр | ||
| 1465 | Ээ мына ошондо сурасаң | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ээ эчен ирет момундай | ||
| Боз болушуп алыптыр | ||
| Ошолордун баарысы | ||
| 1470 | Козголушуп калыптыр | |
| Жоруй алат киши жок | ||
| Мына ошондо баарысы | ||
| Эчендеген сарпайы | ||
| Кийип эми турушту | ||
| 1475 | Ырымын мындай кылышты | |
| Алган менен жанагы | ||
| Кеп табалбай жалдырап | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Отурушат жалдырап | ||
| 1480 | Тогуз кабат асманда | |
| Көк Теңирдин жайы деп | ||
| Аны менен сурасаң | ||
| Кандай болот баары деп | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| 1485 | Байланышкан киши деп | |
| Мына ошондо береги | ||
| Эр Жакыптын ашыкча | ||
| Болгон экен иши деп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1490 | Андан бөлөк сөзү жок | |
| Как ошондо сурасаң | ||
| Атаңдын көрү баарысы | ||
| Жерди тиктеп калганы | ||
| Ошо кезде оюна | ||
| 1495 | Ар нерсени алганы | |
| Ээ булар минтип турганда | ||
| Амалы кетип курганы | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Мына ошондо сурасаң | ||
| 1500 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Ошо кезде эшиктен | ||
| Ак күлөлүү дубана | ||
| Ак деп угуп калыптыр | ||
| Муну менен сурасаң | ||
| 1505 | Ээ Теңирдин буйругун | |
| Мына ошондо береги | ||
| Аткарганы келдим деп | ||
| Оо Теңирдин актыгын | ||
| Жайып жүрүп момундай | ||
| 1510 | Мен силерди көрдүм деп | |
| Азыркысын эшиктен | ||
| Ак угуп эми калыптыр | ||
| Ак деп айтып эшиктен | ||
| Аттап өткөн кези экен | ||
| 1515 | Так ошондо береги | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Далысынан Жакыптын | ||
| Таптап өткөн кези экен | ||
| Ошо кезде сурасаң | ||
| 1520 | Эми кыдыр өзү экен | |
| Как ошондо жанагы | ||
| Дубанага айланып | ||
| Кейпин кийип алыптыр | ||
| Ошо кезде чоң кыдыр | ||
| 1525 | Эшиктен кирип калыптыр | |
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Саламын айта салганы | ||
| Баарысын алып калганы | ||
| Аттап-буттап төр жакка | ||
| 1530 | Эми чыгып барганы | |
| Эми чыгып кеп айтат | ||
| Адамдардын акылы | ||
| Жетээр эмес деп айтат | ||
| Канчадан бери камалып | ||
| 1535 | Кой жүнүдө сабалып | |
| Албаш бышым өткөнчө | ||
| Жоруй албай турасың | ||
| Как ошондо береги | ||
| Ээ баарын жүздү бурасың | ||
| 1540 | Так ошондо береги | |
| Ээ айланайын кишилер | ||
| Эми кандай ишиңер | ||
| Пенделерим уккула | ||
| Азыркысын баарыңар | ||
| 1545 | Көкүрөккө туткула | |
| Ушунуң эми момундай | ||
| Эшикке чыгып жайбагын | ||
| Так ошондо береги | ||
| Ушул болот байрагың | ||
| 1550 | Көкүрөккө сактагын | |
| Так ошондо береги | ||
| Бөлөк жанга айтпагын | ||
| Ичиңе эми сактагын | ||
| Деп ошондо калганы | ||
| 1555 | Ак деп колун көтөрүп | |
| Көктү карап жөтөлүп | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Менден эмес ушуну | ||
| Көк Теңирдин өзүнөн | ||
| 1560 | Өзү мага сөз салса | |
| Эми айтып берейин | ||
| Көкүрөккө эс салса | ||
| Көрүп айтып көрөйүн | ||
| Ээ айланайын жараткан | ||
| 1565 | Как ошондо жанагы | |
| Мына ошондо береги | ||
| Оңдоптур Кудай ишиңди | ||
| Бериптир Кудай түшүңдү | ||
| Ээ ушуреки береги | ||
| 1570 | Жер бетинен жанагы | |
| Канча адам өтсө да | ||
| Канча адам момундай | ||
| Бизден кийин уланып | ||
| Как ошондо жетсе да | ||
| 1575 | Мындай түштү бербейт деп | |
| Так ошондо береги | ||
| Тилегени момундай | ||
| Түшүп эми келбеттеп | ||
| Айтып эми калыптыр | ||
| 1580 | Ак оюна эми алыптыр | |
| Ушуреки момундай | ||
| Айланайын эр Жакып | ||
| Эми айтып берейин | ||
| Жанагы турган момундай | ||
| 1585 | Ушуреки сурасаң | |
| Эстен келген эмеспи | ||
| Эстен келсе момундай | ||
| Көктөн келген эмеспи | ||
| Жараткандын өзүнөн | ||
| 1590 | Эми берген эмеспи | |
| Как ошондо береги | ||
| Ошо кезде сурасаң | ||
| Маңдан келген эмеспи | ||
| Абалкысын сурасаң | ||
| 1595 | Жандан келген эмеспи | |
| Тээтиги сурасаң | ||
| Кандан келген эмеспи | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Тогуз кабат асмандан | ||
| 1600 | Көктөн келген эмеспи | |
| Желпингениң жер эне | ||
| Жерден келген эмеспи | ||
| Мына ошондо жел кайып | ||
| Демден келген эмеспи | ||
| 1605 | Жаары жериң алаш деп | |
| Айтылаары Манас деп | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Ошол балаң эмеспи | ||
| Ээ азыркысын кырк бала | ||
| 1610 | Ээрчиткени кырк чилте | |
| Ошо кезде береги | ||
| Артынан келет кырк бала | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Чоро болот аталып | ||
| 1615 | Так ошондо береги | |
| Алышамын дегенин | ||
| Өпкө жарып баш алып | ||
| Өткүр тууган эр болот | ||
| Телегейи тең болот | ||
| 1620 | Көк Теңирдин өзүнөн | |
| Как ошондо береги | ||
| Ээ буйругу болуп момундай | ||
| Бир өзүңдө туулат | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 1625 | Алышканын чуулап | |
| Кудай бетин салбай кал | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Баарысынан баарысын | ||
| Курап чыгат бул бала | ||
| 1630 | Так ошондо береги | |
| Акыйкатты момундай | ||
| Улап чыгат бул бала | ||
| Калыстыкты сурасаң | ||
| Курап чыгат бул бала | ||
| 1635 | Ээ эми жайын сурасаң | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Эми акыл угуп ал | ||
| Тогуз кабат асманга | ||
| Сени алып барганы | ||
| 1640 | Көк Теңирди тактыга | |
| Отургузуп салганы | ||
| Жалыбөркттү кийгизип | ||
| Сый-урматын билгизип | ||
| Так ошондо турганы | ||
| 1645 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Көк Теңирдин өзүнө | ||
| Мына ошондо илиндиң | ||
| Эми Жакып көзүнө | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1650 | Көк Теңирдин буйругун | |
| Аткарганы келгени | ||
| Сага эми жанагы | ||
| Жер ааламда кандыкты | ||
| Сага Жакып бергени | ||
| 1655 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Ушуреки бул бала | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Эрен болот эр болот | ||
| Телегейи тең болот | ||
| 1660 | Жараткандын өзүнө | |
| Атың жакшы угулат | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Отуз жүз миң ааламды | ||
| 1665 | Басар бала болот деп | |
| Адамдын өзүнөн | ||
| Арбагың эми ашыкча | ||
| Ашар бала болот деп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1670 | Ээ мына ошондо береги | |
| Таныбаса баланы | ||
| Ошо кезде адамдар | ||
| Туураланып кырылып | ||
| Жер бетинен кетет деп | ||
| 1675 | Танып калса баланы | |
| Мына ошондо береги | ||
| Адамзат пендеси | ||
| Гүлдөп эми өсөт деп | ||
| Ушуреки бул бала | ||
| 1680 | Мына ошондо адамга | |
| Аз жаштык берген көчөт деп | ||
| Ошо кезде сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Турган жери момундай | ||
| 1685 | Күлпөтү күндөн жаралып | |
| Айдыгың айдан таралып | ||
| Как ошондо береги | ||
| Адамзат пендени | ||
| Мына ошондо береги | ||
| 1690 | Түз жолуна салат деп | |
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Атагың эми жаят деп | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Бул дүнүйө бирөөгү | ||
| 1695 | Эки дүйнө баарына | |
| Кызматын кылып турат деп | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Таанысаң эми баланы | ||
| 1700 | Ак кызматын кылат деп | |
| Аны менен сурасаң | ||
| Ошо кезде кеп айтат | ||
| Албан түрлүү бек айтат | ||
| Айтып эми калыптыр | ||
| 1705 | Азыр эми эр Жакып | |
| Айран болуп калыптыр | ||
| Так ошондо сураса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Тогуз кабат асманга | ||
| 1710 | Алып эми барганы | |
| Же ушу кезде береги | ||
| Кайыбынын баарысы | ||
| Колдой турган бала деп | ||
| Ошо кезде кыйшайса | ||
| 1715 | Оңдой турган бала деп | |
| Тогуз уулду болосуң | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Ошо кезде бир өзү | ||
| Азыркысын кыз болот | ||
| 1720 | Кыз болгондо неткени | |
| Как ошондо береги | ||
| Сегизиң эми уул болот | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Аркасынан сегиз уул | ||
| 1725 | Бир кыз ээрчип келет деп | |
| Мына ошондо береги | ||
| Уулу эми байбичең | ||
| Ошонуң эми тууйт деп | ||
| Мына ошондо бир кызды | ||
| 1730 | Кыздан эми эр тууат | |
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Кыйын тууган шер туулат | ||
| Уулдан эми эр туулат | ||
| Мына ошондо береги | ||
| 1735 | Эрешен тарткан шер туулат | |
| Так ошондо сурасаң | ||
| Экинчи эми катының | ||
| Ошо кезде сурасаң | ||
| Ээ жети уул тууйт деп | ||
| 1740 | Киндигин кесип бууйт деп | |
| Мына ошондо береги | ||
| Уулу баалың жанагы | ||
| Көктүк эми болот деп | ||
| Калганынын баарысы | ||
| 1745 | Жерлик эми болот деп | |
| Ошо кезде жанагы | ||
| Айтып эми калыптыр | ||
| Көк менен жердин момундай | ||
| Айырмасын сурасаң | ||
| 1750 | Асман менен жердей деп | |
| Сени менен мендей деп | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Букара кара элдей деп | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| 1755 | Азыркысын карасаң | |
| Букара кара элдей деп | ||
| Аны менен кандай деп | ||
| Албан түрлүү жандай деп | ||
| Айтып эми калганы | ||
| 1760 | Аны менен сурасаң | |
| Азыркысын баталап | ||
| Эми жоруп салганы | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Мына ошондо карасаң | ||
| 1765 | Батасын кылып туруптур | |
| Эрен болсун, эр болсун | ||
| Телегейи тең болсун | ||
| Шай колдогон шер болсун | ||
| Мына ошондо береги | ||
| 1770 | Ушуреки кыргызда | |
| Так ошондо туулса | ||
| Жалпы эми адамга | ||
| Жарыгың эми тийсин деп | ||
| Ошо кезде жер шаарын | ||
| 1775 | Бүтүн бала билсин деп | |
| Азыркысын карасаң | ||
| Ээ батаны кылып салыптыр | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Айран азыр калыптыр | ||
| 1780 | Ошо кезде эр Жакып | |
| Алтындан кылган дийилде | ||
| Как ошондо чапанды | ||
| Мына ошондо дубана | ||
| Дубананын өзүнө | ||
| 1785 | Жооруп эми бердиң деп | |
| Кийгизип эми турганы | ||
| Эми мындай кылганы | ||
| Ошо кезде жанагы | ||
| Ырымын эми алдым деп | ||
| 1790 | Ошо кезде чоң алтын | |
| Аз болгондо береги | ||
| Тогуз жамбы момундай | ||
| Алып эми барыптыр | ||
| Ошо кезде береги | ||
| 1795 | Алдым дагы бердим деп | |
| Муну айтып салыптыр | ||
| Аны менен карасаң | ||
| Көздөн кайым болуптур | ||
| Кең ордонун ичинде | ||
| 1800 | Баарысы көрүп таңданды | |
| Баарысы көрүп жар калды | ||
| Жарданбаса неткени | ||
| Как ошондо береги | ||
| Айран болуп кетти эми | ||
| 1805 | Азыркысын баарысын | |
| Айран болуп таңданып | ||
| Турган экен жарданып | ||
| Ал аңгыча караса | ||
| Кудай бетин салбай кал | ||
| 1810 | Арта кылып тамаша | |
| Баарысы бата кылыптыр | ||
| Айланайын жараткан | ||
| Оңдоп эми берсин деп | ||
| Оңдоп берсе кыргызга | ||
| 1815 | Чоңдоп эми берсин деп | |
| Тилегендин баарысы | ||
| Бул бала менен келсин деп | ||
| Жакшылык эми консун деп | ||
| Жалпы эми момундай | ||
| 1820 | Адамзатка болсун деп | |
| Баарысы бата кылыптыр | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Жооруй албай таңданып | ||
| Мына ошондо береги | ||
| 1825 | Жооруганга жарданып | |
| Эми баарысы жолго салганы | ||
| Ошо кезде баарысы | ||
| Эми жүрүп калганы | ||
| Мына ошондо сурасаң | ||
| 1830 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Ээ ошо кезде эр Жакып | ||
| Мына ошондо сурасаң | ||
| Ээ жана адамдан кайтпа деп | ||
| Ичиңе баарын сакта деп | ||
| 1835 | Дубанаң айткан кеби деп | |
| Мына ошондо калайык | ||
| Баарына болсун эби деп | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Ошо кезде жанагы | ||
| 1840 | Атаңдын көрү эр Жакып | |
| Баарысынын өзүн-өзүнө | ||
| Бала сөзүн алыптыр | ||
| Келген эми жерине | ||
| Баарысы гана тарап калыптыр уу | ||
| 1845 | Оо андан бери карата | |
| Эчендеген күн өттү | ||
| Эчендеген түн өттү | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Байбиченин баласы | ||
| 1850 | Боюна эми бүтүптүр | |
| Тар курсагы чоюлуп | ||
| Эки көзү коюлуп | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Кыймылга бала кириптир | ||
| 1855 | Ошо кезде сураса | |
| Ээ мунусу мындай болуптур | ||
| Так ошондо береги | ||
| Аны андай коюп тур | ||
| Ошореки Кытайдын | ||
| 1860 | Кабарынан угуптур | |
| Мына ошондо чын Кытай | ||
| Анын дайын сурасаң | ||
| Кечээ күнү жанагы | ||
| Эчендеген зыйкырчы | ||
| 1865 | Эчендеген балчылар | |
| Эчендеген дарчылар | ||
| Эчендеген сынчылар | ||
| Эчендеген ырчылар | ||
| Баарысы билип алыптыр | ||
| 1870 | Мына ошондо жанагы | |
| Тарап кеткен буруттан | ||
| Бурут деген бу журттун | ||
| Эрен келет, эр келет | ||
| Белгилүү тууган шер келет | ||
| 1875 | Как ошондо жанагы | |
| Манас деген бир бала | ||
| Туулат экен деп угуп | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Ошо кезде сынчылар | ||
| 1880 | Сынынан билип алыптыр | |
| Аны менен сурасаң | ||
| Айран азыр калыптыр | ||
| Мына ошондо буруттан | ||
| Кудай бетин салбай кал | ||
| 1885 | Алда арышканын куруткан | |
| Эрен туулат, эр туулат | ||
| Белгилүү тууган шер туулат | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| Ээ ушуреки Бейжинге | ||
| 1890 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Көлөкөсүн тийгизет | ||
| Эми кандыгын келип билгизет уу | ||
| Өткөндөн аңга түштү деп | ||
| Кеткенден алат кекти деп | ||
| 1895 | Так ошондо бул бала | |
| Мына ошондо эр болот | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Кара көк жал, шер болот | ||
| Жалданып киргенде | ||
| 1900 | Алдынан гана пенде да тоспойт деп уу | |
| Жалды арыстан окшойт деп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Эчендеген азамат | ||
| Аркасынан коштойт деп | ||
| 1905 | Ошо кезди Бейжиндин | |
| Чоң мүшкүлдү салыптыр | ||
| Кабарын угуп алыптыр | ||
| Ошо кезде жанагы | ||
| Аты Манас болот деп | ||
| 1910 | Алышканын соёт деп | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Өз атын өзү чакырып | ||
| Ураан кылып чыгат деп | ||
| Ак калпак Кыргыз алашты | ||
| 1915 | Тууган кылып чыгат деп | |
| Мына ошондо береги | ||
| Бардык менен батырып | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Алышканын качырып | ||
| 1920 | Батыра чаап, баш алган | |
| Өпкө жарып, өт алган | ||
| Кара сууга кан куйган | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Суу ич десең, уу ичкен | ||
| 1925 | Мына ошондо береги | |
| Кан ордуна жин төккөн | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Бөрк ал десе баш алган | ||
| Өткүр бала болот деп | ||
| 1930 | Алышкандын түбүнө | |
| Эткир бала болот деп | ||
| Ошо кезде Бейжинди | ||
| Кечээ эсебин алдың өзүнөн | ||
| Барып эми момундай | ||
| 1935 | Аяр алык айтыптыр | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ошореки аярлар аялардын айынан | ||
| Эми Кыргыз гана мүшкүл тартыптыр уу | ||
| Кыргызга мүшкүл салыптыр | ||
| 1940 | Туутпай эми алам деп | |
| Так ошондо жанагы | ||
| Боз катындын баарысын | ||
| Болбой ичин жарам деп | ||
| Боздоткон экен Кыргызды | ||
| 1945 | Жаткан жерден ошондо | |
| Эми козготкон экен Кыргызды уу | ||
| Так ошондо Кыргызга | ||
| Кыямат мүшкүл, чоң мүшкүл | ||
| Ошо атаң Манас кабылан | ||
| 1950 | Туулалек кезинде | |
| Так ошондо билинген | ||
| Эл көзүнө илинген | ||
| Кечээ күнү сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1955 | Чоң мүшкүлдү салганда | |
| Эчен ирет Кытайдын | ||
| Алдына эми барыптыр | ||
| Көп жалынып көп Кыргыз | ||
| Ошол өлгөнүнөн калганы | ||
| 1960 | Минтип эле аман калыртыр уу | |
| Самарканда чоң эшен | ||
| Чоң эшендин баласы | ||
| Ошо тогузга келген даанасы | ||
| Аты Жар Манас деген баланы | ||
| 1965 | Мына ошондо Бейжиндик | |
| Сынчыларга сынатып | ||
| Кармап алган кези экен | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Туулган ушу Манасың | ||
| 1970 | Туура кармап алдык деп | |
| Мына ошондо кыргызга | ||
| Чоң мүшкүлдү салдык деп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ошо кезде береги | ||
| 1975 | Кытайдын жаны басылган | |
| Ошондо Кыргыздын күнү ачылган уу | ||
| Эми жайын сураса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Аңгемени кураса | ||
| 1980 | Кечээ ай артынан күн өтүп | |
| Түн караңгы түн өтүп | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Байбиченин боюна | ||
| Талгак кирип алыптыр | ||
| 1985 | Талгак кирип калганы | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ак тасманы жайнатып | ||
| Багылаң козу, ширин баш | ||
| Бор кайнатып таштатып | ||
| 1990 | Кызык оюн баштатып | |
| Оюн кылса карабайт | ||
| Башка тамак жарабайт | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Жесем деп жолборс жүрөгүн | ||
| 1995 | Андан бөлөк самабай | |
| Жетпей жолборс жүрөгү | ||
| Жинди болуп байбиче | ||
| Жеригинен жүдөдү | ||
| Өөдө болсо бүгүлүп | ||
| 2000 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Эки кара сан ооруп | ||
| Бүткөн бойдун баары ооруп | ||
| Кыймылдаса жанагы | ||
| Тар курсагы чоюлуп | ||
| 2005 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Белдин баары чоюлуп | ||
| Ата кокуй нетем деп | ||
| Жаным чыгып кетем деп | ||
| Чына жалым жетем деп | ||
| 2010 | Эмин кандай күн көрөм? | |
| Деп ошондо сабылып | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Бар-бардигер Кудайга | ||
| Ошо кезде жалынып | ||
| 2015 | Эми байбиче түшүп убайга | |
| Ошо кезде туруптур | ||
| Амалы кетип куруптур | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Айылдагы жандарга | ||
| 2020 | Тың чыккан ушул балдарга | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Көзгө атар ушул мергенге | ||
| Эчен деген келгенге | ||
| Мына ошондо эр Жакып | ||
| 2025 | Эми жолборс атып келсеңер | |
| Каалаганың берем деп | ||
| Дегениңе көнөм деп | ||
| Мына ошондо сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 2030 | Азыр түзүн түздөтүп | |
| Мына ошондо жолборсту | ||
| Эми Жакып издетип | ||
| Издеткен экен момундай | ||
| Эчен жерди кыдыртып | ||
| 2035 | Эчен жерди сыдыртып | |
| Баскан экен момундай | ||
| Эчен деген дабанды | ||
| Ашкан экен момундай | ||
| Эми ашып жүргөн кезинде | ||
| 2040 | Ошо кезде кыдыртып | |
| Басып жүргөн кезинде | ||
| Как ошондо сураса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 2045 | Жолборс гана жолдон да табылбай уу | |
| Акыл гана кетип да калды алдырап | ||
| Амал кетип жалдырап | ||
| Айласы гана жаман да түңүлгөн | ||
| Мына ошондо дүнүйө | ||
| 2050 | Ошо кезде жанагы | |
| Жети мерген барыптыр | ||
| Жетөөң эми жабылып | ||
| Алтын Көлдүн жээгинен | ||
| Аярлуу тоонун белинен | ||
| 2055 | Ошо кезде сурасаң | |
| Ошореки чоң ашуу | ||
| Чоң ашуунун өзүнөн | ||
| Жалгыз өтмө чубама | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| 2060 | Текеликтин белинен | |
| Как ошондо сураса | ||
| Текелүү кара белдеген | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Кайберен басып эрдеген | ||
| 2065 | Ошо текелүүнү белинен | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Шерди атып алыптыр | ||
| Шерди атып момундай | ||
| Алып келип калыптыр | ||
| 2070 | Шердин этин байбиче | |
| Талап-булап жегени | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Эми талгагы канды дегени | ||
| Анысына караса | ||
| 2075 | Эрен тууган бай Жакып | |
| Жети жорго мингизди | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Ошо кезде эр Жакып | ||
| Сый урматын билгизди | ||
| 2080 | Мына ошондо береги | |
| Дилде чапан кийгизди | ||
| Тай туяктан жамбыдан | ||
| Жетеле жетип эриптир | ||
| Минтип сыйлап келиптир | ||
| 2085 | Ошо кезде сураса | |
| Атаңдын көрү байбиче | ||
| Шердин этин жегенде | ||
| Мына ошондо сураса | ||
| Жети күнү болуптур | ||
| 2090 | Жети күнгө толуптур | |
| Жети күнү болгондо | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Баягы ак күлөлүү дубана | ||
| 2095 | Өзү кызыр эмеспи | |
| Байбиченин ордого | ||
| Келген экен коргоого | ||
| Эми келип кеп айтат | ||
| Ой байбиче деп айтат | ||
| 2100 | Көк Теңирдин буйругу | |
| Мына ошону береги | ||
| Ошо кезде асманга | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Мына ошондо ылдам бат | ||
| 2105 | Эми түшүп келдим деп | |
| Көк Теңирдин буйругу | ||
| Ошо кезде аткарып | ||
| Мына ошондо келдим деп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 2110 | Шердин этин жедиң деп | |
| Мына ошондо сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Анысы жерден болду деп | ||
| Аныгың элден болду деп | ||
| 2115 | Эми Көктөн алгың деп | |
| Аны менен талгагың | ||
| Такыр жоюп салгың деп | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Шер этинен токсондун | ||
| 2120 | Өзүн атып келсе да | |
| Андан эми канча артык | ||
| Будайыкты жанагы | ||
| Алп каракуш өтүнөн | ||
| Андан эми канча артык | ||
| 2125 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Жетүү башты ажыдаар | ||
| Ажыдаардын өзүөн | ||
| Как ошондо береги | ||
| Токсон тогуз артыкча | ||
| 2130 | Мына ошондо жаралган | |
| Жараткандын бир өзү | ||
| Так ошондо сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Мына ошондо береги | ||
| 2135 | Туяш пилдин өзүнө | |
| Токсонунун жүрөгү | ||
| Так ошондо алса да | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ажыдаар, жолборсту | ||
| 2140 | Мына ошондо береги | |
| Тогуз чызым баарысын | ||
| Кырып эми салса да | ||
| Алдыңа келип берсе да | ||
| Андан эми канча артык | ||
| 2145 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Баарынан эми артыкча | ||
| Көк Теңирдин бир өзү | ||
| Жасап эми берди деп | ||
| Ак күлөлүү дубана | ||
| 2150 | Өзү кызыр өзүңө | |
| Эми алып келди деп | ||
| Мына ошондо белгилеп | ||
| Баса айтып ырымдап | ||
| Азыркысын карасаң | ||
| 2155 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Кумбу десең ушуну | ||
| Эттей болуп дамданат | ||
| Этпи десең ушуну | ||
| Как ошондо береги | ||
| 2160 | Мына ошондо башкача | |
| Даамы айран болуучу | ||
| Бир башкача момундай | ||
| Как ошондо толуучу | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 2165 | Канбы десе жанагы | |
| Бал шириндин өзүндөй | ||
| Бал ширин десе жанагы | ||
| Как ошондо береги | ||
| Тилге келбес даамы бар | ||
| 2170 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Бозоруп турган алы бар | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Байбиче муну кабылан | ||
| Деп ошондо жанагы | ||
| 2175 | Байбичеге бергени | |
| Байбиче эми жегени | ||
| Ошо кезде жанагы | ||
| Жеген эмес эгери | ||
| Тогуз күнү жатыптыр | ||
| 2180 | Уйкугу башы катыптыр | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Он эки күнү болгондо | ||
| Араң эми байбиче | ||
| Ойгонгон экен уйкудан | ||
| 2185 | Ошо кезде жанагы | |
| Мына ошондо байбиче | ||
| Тилге кирип алыптыр | ||
| Тил күргөлүү момундай | ||
| Дилге кирип алыптыр | ||
| 2190 | Ошо кезде байбиче | |
| Талгагы эми каныптыр | ||
| Талгагы канып туруптур | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Ай артынан күн өтүп | ||
| 2195 | Түн караңгы түн өтүп | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Өөдө болсо бүгүлүп | ||
| Ата кокуй байбиче | ||
| 2200 | Мына ошондо жанагы | |
| Алып жашы төгүлүп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Боюндагы балага | ||
| Ыраазы болуп момундай | ||
| 2205 | Мына ошондо жанагы | |
| Карабай эми санаган | ||
| Ата-баба арбакка | ||
| Басып-туруп турганда | ||
| Так ошондо сабылып | ||
| 2210 | Колдой көр деп жалынып | |
| Жараткандын өзүнө | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Агылып жашы төгүлүп | ||
| Ошо кезде жанагы | ||
| 2215 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Тогуз айга толуптур | ||
| Тогуз күнү болуптур | ||
| Толгоо кирип калыптыр | ||
| Курсагына байбиче | ||
| 2220 | Оңдоо кирип калыптыр | |
| Ошо кезде жанагы | ||
| Кара Кытай чынмачын | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Туюнуп калса бекер деп | ||
| 2225 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Туюп калса кокустан | ||
| Түбүнө эми жетээр деп | ||
| Ошо кезде жанагы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 2230 | Кыргырынын баарына | |
| Күнчилик жердин өзүнө | ||
| Тогуз кабат туш тушка | ||
| Катарлатып байбиче | ||
| Билип эми ккалганда | ||
| 2235 | Мына ошондо нетет деп | |
| Ата кокуй түгөнгөн | ||
| Эми түккө жетет деп | ||
| Айылдагы балдарга | ||
| Ишеничтүү жандарда | ||
| 2240 | Как ошондо катарлап | |
| Каргоолунан койдурду | ||
| Карылуу мынча болдурду | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Алыстан эми Кытайлык | ||
| 2245 | Көрүнүп калса кокустан | |
| Чаап айтып келгиле | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Көчө конуп кетпесе | ||
| Так ошондо аларды | ||
| 2250 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Түбүнө түгөл жетпесин | ||
| Түгөл кырып кетпесин | ||
| Колдон тартып албасын | ||
| Козголоңду салбасын | ||
| 2255 | Деп ошондо жанагы | |
| Ата аралы мындай койдурду | ||
| Мунусун мындай болдурду | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Толгоо кирип калыптыр | ||
| 2260 | Таң агарып атканда | |
| Тараза жылдыз батканда | ||
| Сурпа жылдыз суюлуп | ||
| Жерге жарык чачканда | ||
| Байбиченин жанагы | ||
| 2265 | Ооруган жери басылбай | |
| Жумган көзү ачылбай | ||
| Козголгон сайын ыйынып | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Туралбай тура жыгылып | ||
| 2270 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Долоно түбүн карманып | ||
| Жаратканга жалбарып | ||
| Табылгы түбүн карманып | ||
| Чын Кудайга жалбарып | ||
| 2275 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Ошо кезде береги | ||
| Өөдө болсо бүгүлүп | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Шилбинин түбүн карманып | ||
| 2280 | Ошо кезде береги | |
| Ата-бабаң арбакка | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Айланайын жараткан | ||
| Деп ошондо бүгүлүп | ||
| 2285 | Бүгүлүп жашы төгүлүп | |
| Аман-эсен төрөсөм | ||
| Так ошондо болду деп | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Басаң айтып белгилеп | ||
| 2290 | Ал ансайын эр Жакып | |
| Асар башыл кой айтып | ||
| Ай туякка бээ айтып | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Мына ошондо береги | ||
| 2295 | Төө баштаган төрт тогуз | |
| Ошондо ырымын айтып турду эми уу | ||
| Ырымын мындай кылды эле | ||
| Ээ ошо кезде байбиче | ||
| Ал ансайын бүгүлүп | ||
| 2300 | Мына ошондо жанагы | |
| Бала катуу чиресе | ||
| Белдемчин бүгүшү | ||
| Беш жеринен үзүлүп | ||
| Байбиче келди сүзүлүп | ||
| 2305 | Ээ умай эне улукман | |
| Колдой көр деп улуктан | ||
| Ээ так ошондо сабылып | ||
| Жараткандын өзүнө | ||
| Оо жайдай басып багылып | ||
| 2310 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Ээ бөгүп жашы төгүлүп | ||
| Мына ошондо көрүнүп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ал ансайын байбиче | ||
| 2315 | Ээ так ошондо жанагы | |
| Атаңдын көрү чоң ордо | ||
| Чоң ордонун ичинде | ||
| Нелер бар, да нелер жок | ||
| Кара-Суунун үстүндө | ||
| 2320 | Нелер бар да, нелер жок | |
| Ээ бөгүп жашы төгүлөт | ||
| Мына ошондо байбиче | ||
| Көздүн жашы көл болуп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 2325 | Ээ көл дарыя сел болуп | |
| Атаңдын көрү курган жан | ||
| Ээ ата-баба да арбагы уу | ||
| Ушу катының эми төрөтүп | ||
| Бир ажалы дечи эле | ||
| 2330 | Ажалым жетип кетпесин | |
| Ушу курган жаным өтпөсүн | ||
| Чымындай жаны чыркырап | ||
| Кайран энең буркурап | ||
| Ошо кезде жанагы | ||
| 2335 | Жыйырма-төрт катын жабылып | |
| Как ошондо келиптир | ||
| Кол аягын алышып | ||
| Эми жардам бериптир | ||
| Ээ так ошондо жанагы | ||
| 2340 | Эки күнгө толгондо | |
| Эси кетип байбиче | ||
| Үчүнчү күнү болгондо | ||
| Үшү кетти байбиче | ||
| Төртүнчү күнү болгондо | ||
| 2345 | Төрдөн кетти байбиче | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Көргө жакын жетиптир | ||
| Көрөөр күнү бүл болуп | ||
| Умай эне, улукман | ||
| 2350 | Уялбай ичин оңдотуп | |
| Кайра-кайра комдотуп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ат бериштен ат арбак | ||
| Деп ошондо жабылып | ||
| 2355 | Энелердин арбагы | |
| Ээ колдой көрө деп сабылып | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Жан арбактын баарысы | ||
| Так ошондо чакырып | ||
| 2360 | Уулу тата бурукка | |
| Эми колдой көргүн деп | ||
| Ээ бешиничи күнү болгондо | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Ээ жел кайыптын баарысын | ||
| 2365 | Козгоп турган кези экен | |
| Ээ кайран энең Чыйырды | ||
| Боздоп турган кези экен | ||
| Алты күнү болгондо | ||
| Бул ааламдын баарысын | ||
| 2370 | Оо мына ошондо жанагы | |
| Байлап турган кези экен | ||
| Кайран энең Чыйырды | ||
| Так ошондо береги | ||
| Ээ үнүн баспай ботодой | ||
| 2375 | Сайрап турган кези экен | |
| Ээ жети күнү болгондо | ||
| Ээ жер Эне, жел кайып | ||
| Жел кайыптын баарысы | ||
| Жетип турган кези экен | ||
| 2380 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Сегиз күнү болгондо | ||
| Ээ мына ошондо жанагы | ||
| Отуз жүз миң ааламда | ||
| Оо кайп пирдин баарысы | ||
| 2385 | Колдоп келип толгондо | |
| Тогуз күнү болгондо | ||
| Тогуз кабат асманда | ||
| Эми уулу гана күчтөр да толгондо уу | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 2390 | Ошо кезде береги | |
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Он эки катын бир жакта | ||
| Он эки катын бир жакта | ||
| Оңдой көргүн Теңир деп | ||
| 2395 | Оо чоңдоп бергин эми деп | |
| Ошо кезде сабылып | ||
| Кыл арканын тартышып | ||
| Ээ мына ошондо жанагы | ||
| Билген эми ырымын | ||
| 2400 | Балдырашып айтышып | |
| Бүбү менен бакшысы | ||
| Жаман менен жакшысы | ||
| Жыйылып келди этине | ||
| Жарашып келди бетине | ||
| 2405 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Билген эми ырымын | ||
| Ошол кезде кылышты | ||
| Баарысы эми жабылып | ||
| Мына минтип турушту | ||
| 2410 | Булар минтип турганда | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Амалы кетип турганда | ||
| Ошо кезде Кыргыз сурасаң уу | ||
| Эми Жакып кеп айтат | ||
| 2415 | Башка чукак жан элем | |
| Ээ баланын үнү чыкканда | ||
| Эстен танып калбайын | ||
| Эстен тандың акем деп | ||
| Шылдың болуп албайын | ||
| 2420 | Деп ошондо эр Жакып | |
| Айылдан алыс кетейин | ||
| Жылкыны көздөй жетейин | ||
| Бу жерге туруп нетейин? | ||
| Деп ошондо жанагы | ||
| 2425 | Кыл аркан керме шарбаты | |
| Кырк кара боз быштыны | ||
| Кыдырата байлатып | ||
| Эркек болсо жанагы | ||
| Жылкыдан минип алыңар | ||
| 2430 | Талааны көздөй чабыңар | |
| Талаадан мени табыңар | ||
| Эртерээк эми барганың | ||
| Сүйүнчүнү алыңар | ||
| Кыз болсо үйдө калыңар | ||
| 2435 | Эми кыймылдаба баарыңар уу | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Деп ошондо нетиптир | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Эми таланы көздөй кетиптир | ||
| 2440 | Азыркысын караса | |
| Тогуз күнү толуптур | ||
| Туур күнү болуптур | ||
| Туур күнү болгондо | ||
| Ай кайын айтып жоюлуп | ||
| 2445 | Мына ошондо байбиче | |
| Тар курсагы чоюлуп | ||
| Кара жерди чиренип | ||
| Чиреген жери жанагы | ||
| Аркан боюу аң болуп | ||
| 2450 | Көргөндөрдүн баарысы | |
| Кадимкидей таң болуп | ||
| Колтугунан тарткын деп | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Эми бутун карма деп | ||
| 2455 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Азыркысын жанагы | ||
| Бар ырымын айткын деп | ||
| Баркырашып турушту | ||
| Суу челегин чачкын деп | ||
| 2460 | Так ошондо жанагы | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ырымы бар ырыстуу | ||
| Ээ ырымын мындай кылдырып | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 2465 | Ээ так ошондо турду эле | |
| Мына мындай кылды эле | ||
| Ал аңгыча караса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ээ толгон кайып толгондо | ||
| 2470 | Толгоосу мынча болгондо | |
| Умай эне, Улукман | ||
| Ошо кезде сурасаң | ||
| Уруксат болуп Улуктан | ||
| Эми жетип келиптир | ||
| 2475 | Оо жеткенде эми баланы | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Чыккын деп эми жемелеп | ||
| Айтып эми салганы | ||
| Баланы эми чапкылап | ||
| 2480 | Так ошондо калганы | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Жанбашына кол салды | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Улуулукка жол салды | ||
| 2485 | Аны менен сурасаң | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Умай эне колу деп | ||
| Ошо кезде жанагы | ||
| 2490 | Жанбашта тагы калыптыр | |
| Ошо кезде бул бала | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Чыгаарга жакын барыптыр | ||
| Барып туруп кеп айтат | ||
| 2495 | Ырысым кайда деп айтат | |
| Анда туруп кеп айтат | ||
| Ырысың сенин элде деп | ||
| Ырысың эми жерде деп | ||
| Так ошондо береги | ||
| 2500 | Элим кайда деп айтат | |
| Элиң эми бир өзү | ||
| Ушу Кыргыз деп айтат | ||
| Как ошондо сурасаң | ||
| Эртерээк эми баргын деп | ||
| 2505 | Энеңди эми кыйнабай | |
| Эми чыгып алгын деп | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Урунттун колун сүздүрүп | ||
| Урунт жакка кеткин деп | ||
| 2510 | Эртерээк эми жеткин деп | |
| Так ошондо неткени | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Чаап айдап кеткеи | ||
| Чаап айдап алганда | ||
| 2515 | Как ошондо жанагы | |
| Карынды катуу сүзгөнү | ||
| Эки колун толтура | ||
| Эми бала кан чеңгелдеп түшкөнү | ||
| Эми кан чеңгелдеп түшкөндө | ||
| 2520 | Мына ошондо баланын | |
| Чочогу чыкты чормоюп | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Ушуну көрүп алганда | ||
| Байбиче кулап кетти сороюп | ||
| 2525 | Ал аңгыча караса | |
| Аркасында баланын | ||
| Айдай кара жалы бар | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Баркырап чыккан үнү бар | ||
| 2530 | Ажыдаардай сүрү бар | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Оозун ачып карасаң | ||
| Эки чыккан азуу бар | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 2535 | Оң бөлтөктүн астында | |
| Алакан ачып карасаң | ||
| Ошондо Манас деген жазуу бар уу | ||
| Аш бышымдай туруптур | ||
| Манас деген жазуусу | ||
| 2540 | Так ошондо жок болду | |
| Катындардын баарысы | ||
| Чуркурашып токтолду | ||
| Ал аңгыча караса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 2545 | Так ошондо неткени | |
| Жандалбастап баарысы | ||
| Байбичеге жеткени | ||
| Байбичеге барыптыр | ||
| Марту басып кетти деп | ||
| 2550 | Эстен танып кетти деп | |
| Как ошондо жанагы | ||
| Эс алдырып алыптыр | ||
| Азыркысын караса | ||
| Ырымын айтып баарысы | ||
| 2555 | Далбырашып калышты | |
| Ал антишип турганда | ||
| Булар мындай кылгында | ||
| Ээ так ошондо турганда | ||
| Ырымын мындай кылганда | ||
| 2560 | Мына ошондо сурасаң | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Байбиче эсин жыйганы | ||
| Эсин жыйып турганы | ||
| Кана эми бала деп | ||
| 2565 | Байбиче колун сунганы | |
| Бала менен иши жок | ||
| Карап койгон киши жок | ||
| Бала жатат бул жерде | ||
| Азыркысын караса | ||
| 2570 | Эмгиче балаң албай деп | |
| Как ошондо калганы | ||
| Балага жакын барганы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Алты катын жабылып | ||
| 2575 | Көтөрө албай калганы | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Көзү тийип кетет деп | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Азыр айтып этектеп | ||
| 2580 | Ошол кезде Бакдөөлөт | |
| Этегине салганы | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Баскан жерден момундай | ||
| Жерге буту кириптир | ||
| 2585 | Салмагы эми баланын | |
| Касиетин билиптир | ||
| Ошо кезде баланы | ||
| Как ошондо караса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 2590 | Жан-жанында жайланып | |
| Ажыдаар турат айланып | ||
| Мына ошондо жолборс | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ошо кезде сур жылан | ||
| 2595 | Мына ошондо береги | |
| Азыркысын мар жылан | ||
| Ошолордун баарысы | ||
| Арыслан, жолборс, шери бар | ||
| Тегеректеп курчаган | ||
| 2600 | Мына ошондой жери бар | |
| Аркасында кырк бөрү | ||
| Ээрчип жүргөн кези бар | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Алп каракуш, зымырык | ||
| 2605 | Төбөдөн бутун салыптыр | |
| Колдогону кырк чилтен | ||
| Кошо колдоп алыптыр | ||
| Жигиттин пири Шаймерден | ||
| Баланын эми башына | ||
| 2610 | Жакын келип алыптыр | |
| Баталап эми калыптыр | ||
| Так ошону көргөндө | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Мына ошондо байбиче | ||
| 2615 | Баланы эми алганы | |
| Майдан алып келгин деп | ||
| Ырымын эми кылып жасады | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Үч карындын майынан | ||
| 2620 | Эми үч салгандан ашат уу | |
| Оорунан алыптыр | ||
| Оң эмчегин салыптыр | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Үзө жаздап байбиче | ||
| 2625 | Өлө жаздап калыптыр | |
| Адегенде уз чыкты | ||
| Андан кийин сүт чыкты | ||
| Андан кийин кан чыкты | ||
| Чыдай албай энеңден | ||
| 2630 | Так ошондо жан чыкты | |
| Чыгарып алып эмчекти | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Чегелмеш союп ошондо | ||
| Элге гана берди да жентектеп | ||
| 2635 | Ошо кезде береги | |
| Ошо кезде баланы | ||
| Колдогону кырк-тогуз | ||
| Колтугунда чамынат | ||
| Жөлөгөнү кырк-тогуз | ||
| 2640 | Жайдай басып камынат | |
| Баркырап бала ыйласа | ||
| Оозун тартып жыйнаса | ||
| Отуздагы кишидей | ||
| Оң бутун тартып алганы | ||
| 2645 | Так кырктагы кишидей | |
| Колун тартып алганы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Мына ошондо баланын | ||
| Бар экенго салмагы | ||
| 2650 | Ата кокуй байбиче | |
| Кете турган дарманы | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Маңдайы жазы, башы кууш | ||
| Бар боюнда турат туш | ||
| 2655 | Корт-корт тумшук, кош кирпик | |
| Көркү калча, көзү тик | ||
| Дагы аягы, жазы | ||
| Ээги узун, көзү курч | ||
| Эримин эми көрүнөт | ||
| 2660 | Алакан жазык, колу ачык | |
| Шеримин өзү көрүнөт | ||
| Бир мүчөлүү адырек | ||
| Аттанып чыкса жол ачык | ||
| Алакан жазык, кол тачык | ||
| 2665 | Ошондо бар мүчөсү көрүнөт | |
| Бил мүчөлүү чоң дене | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ушундай бала зор беле | ||
| Аркасында жалы бар | ||
| 2670 | Оң далынын астында | |
| Алакандай калы бар | ||
| Эки чыккан азуу бар | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Эми баланын жайын билип ал уу | ||
| 2675 | Жакындап жандар келе албай | |
| Жакын келип көрө албай | ||
| Качкандан нары андан | ||
| Көп үнү чыкса баркырап | ||
| Акылынан аң-таңдап | ||
| 2680 | Эми шашкан жандар андан көп уу | |
| Баланын гана жайы момундай мм | ||
| Оң бөлтөктүн астында | ||
| Манас деген жазуу бар | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 2685 | Азыркысын билип ал | |
| Ушуреки береги | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Көргөндөрдүн баарысы | ||
| Акыл болду айрандап | ||
| 2690 | Атаңдын көрү таң болду | |
| Мына ошондо топтолгон | ||
| Кыйла кыйын жан | ||
| Көргөн катын кеп айтат | ||
| Мына ошондо береги | ||
| 2695 | Көмүскө сөзүн эми айтат | |
| Өткөндөн өчтү алар деп | ||
| Кеткенден кетти алар деп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Аккан жашын Кыргыздын | ||
| 2700 | Тыяр бала болоор деп | |
| Чачылганда Кыргызды | ||
| Жыяр бала болоор деп | ||
| Топтолгондо Кыргызды | ||
| Толоор бала болоор деп | ||
| 2705 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Бары жогун билип | ||
| Эми болоор бала болоор деп уу | ||
| Эрен болоор, эр болоор | ||
| Эми телегейи тең болоор | ||
| 2710 | Аман бала чоңойсо | |
| Эми шай колдогон шер болоор | ||
| Ааламда мындай жок болоор | ||
| Айбаттанып киргенде | ||
| Акпай гана дайра аа токтолоор | ||
| 2715 | Деп ошондо жанагы | |
| Эми баарысын айтып турушту |