American University of Central Asia - AUCA - Transcription 3

Doolot Sydykov - Transcription Three

 

D3

Doolot Sydykov, 'Birth of Manas', recorded 1 March 2018

Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available here]

Transcription below by Alymkan Jeenbekova

 

    Ээй Алтайга Кыргыз барганы
    Арадан эчен жыл өтүп
    Эчен деген жыл жетип
    Ошол эркин эр Жакып
5   Көк ала сакал карганы
    Кечээ күнү сурасаң
    Ал кезекте бала эле
    Бул кезекте сурасаң
    Элүүгө чыккан жан эле
10   Тентик делип Алтайга
    Кордук көрүп далайга
    Наалат кылып каңгайга
    Канча жылга жетиптир
    Эчен деген убакыт
15   Токтоосуз өтүп кетиптир
    Эки катын алганы
    Эки катын түк туубай
    Бала көрбөй калганы
    Бир баланын айынан
20   Байкуш такыр зарлады
    Туяксыз кантип өтөм деп
    Тумшугу жок дүйнөдөн
    Тура кантип кетем деп
    Аа дүйнөгө барганда
25   Тынчып кантип жатам деп
    Курган башым куркурап
    Көргө кантип батам деп
    Мына ошондо эр Жакып
    Булдуп ыйлап булкулдап
30   Кайран Жакып сулкулдап
    Өөдө болсо бүгүлүп
    Бүгүлсө Жакып абаңдын
    Башына мүшкүл иши көрүнүп
    Зарлаганы бир Теңир
35   Жалынганы көп арбак
    Арбакка айтып зарлаптыр
    Как ошондо Жакыптын
    Арманы башта чамдаптыр
    Өөдө болсо Жакыпты
40   Көрүнгөн ушак кылыптыр
    Эшикке чыкса Жакыпты
    Ар ким айтып туруптур
    Эки катын алды деп
    Тумшугу каткан катындар
45   Туубай азап салды деп
    Туяксыз кантип өтөт деп
    Сайдап жыйган сан кара
    Кыйкырса бир күн жолукку
    Айдаса бир күн долукку
50   Ушул эркин эр Жакып
    Ак ала сакал кары деп
    Алтымыштан ар жакка
    Так ошондо барар деп
    Арманда өтүп калар деп
55   Көргөн ушак кылыптыр
    Күлкүлдөшүп баарысы
    Көп нерсе айтып туруптур
    Ошо кезде Жакыптын
    Заманасы куруптур
60   Заман акыр чоң үшкүл
    Салган экен эр Жакып
    Ошол кезде мойнуна
    Алган экен эр Жакып
    Төрт түлүктүү жаны бар
65   Жанга бала бердиң деп
    Мына ошондо береги
    Элден чыккан көлсөрү
    Эл түбүнө жетери
    Залалга бала бердиң деп
70   Как ошондо ар кандай
    Адамга бала бердиң деп
    Мына ошондо буркурап
    Бир өзүңө келдим деп
    Жаратканым бир өзүң
75   Сыйынайын өзүңө
    Этек жеңдин баарысын
    Чача турган болдум деп
    Абийириңди карганда
    Ача турган болдум деп
80   Акыр-такыр чоң үшкүл
    Көрө турган болдум деп
    Баласы жок мунканып
    Өлө турган болдум деп
    Өзөлөнсөм бир өзүң
85   Угуп эми койбодуң
    Тирүү басып саналып
    Акыры минтип сойлодум
    Жылан болуп сойлосом
    Кулан болуп ойносом
90   Куйрук жалдан ажырап
    Курган дүйнө жалгандан
    Өтөрмүн бир күн калжырап
    Ата кокуй дүнүйө
    Ушундай Жакып болду деп
95   Артымдан айтар киши жок
    Маана кылып каларга
    Киши менен кишиңин
    Ушул күндөн киши жок
    Ушул дүйнө жалганды
100   Кимдер келип ким кетпейт
    Кимдер жашап ким өтпөйт
    Ата кокуй дүнүйө!
    Атанын жолун улантып
    Артынан чыгып кубантып
105   Жалгыз туяк болбосо
    Жашагандан не пайда?
    Сансыз жыйган малыңды
    Ашаганда не пайда?
    Атаңдын көрү дүнүйө
110   Адаммын деп ардырып
    Басканында не пайда?
    Дүнүйө күтүп сан кара
    Жатканында не пайда?
    Көрүнгөнгө дүйнөнү
115   Чатканында не пайда?
    Тумшугу жок каткансан
    Тууралыкта не пайда?
    Айланайын жараткан
    Кагыласы кендеген
120   Өзүмө кылгын бир айла
    Баласы жок курган жан
    Бакыр болот турбайбы
    Баласы жок адамзат
    Жакыр болот турбайбы
125   Атасы айдап жүрсөң сан кара
    Топурагы тозгонуп
    Ушул турган жериңиз
    Такыр болот турбайбы
    Антип эми жашадым
130   Чыйпылдатып чымчыкка
    Бала бердиң бир Кудай
    Как ошондо жанагы
    Суу түбүндө балыкка
    Бала бердиң бир Кудай
135   Как ошондо өзүмө
    Эми салдың чоң убай
    Айланайын жараткан
    Бир Теңир деп жалынып
    Бир өзүңө сабылып
140   Көктү карап ыйладың
    Көрүнгөн жерден кыйнадың
    Көзүңдүн жашын тыйбадың
    Ыйлаганды көрбөдүң
    Канча ыйладым зарланып
145   Эми туяк бербедиң
    Айланайын жараткан
    Көп күнү кылсам алдыңда
    Кечирлигиң бар беле
    Күрмөлгөн кибиң бир Кудай
150   Чечерлигиң бар беле
    Көп күнөө кылсам момундай
    Неликтен эми кетирдим
    Айтып эми койбодуң
    Ар нерсени ойлодуң
155   Айланайын жараткан
    Тактырсыз болсом балага
    Неге мени жараттың?
    Адамзат пендени
    Жер бетине тараттың
160   Колу шумдук иш билген
    Мына ошондо жанагы
    Ар кайсындай шумдуктун
    Оо тукумун неге үзбөдүң?
    Айланайын жараткан
165   Ушул эрки өзүңдү
    Басар жолго түзбөдүң
    Берип калар Кудай деп
    Үмүтүмдү үзбөдүң
    Үзбөгөн сайын бербедиң
170   Ал ан сайын дегдейдим
    Жалгыз туяк көрсөм деп
    Ата-бабаң арбагын
    Баскан сайын көп айтып
    Так ошондо жалындым
175   Мына ошондо өзүңө
    Жараткан эми зарладым
    Зарлаган сайын жанагы
    Зарымды угуп койбодуң
    Жараткан нени ойлодуң?
180   - деп ошондо эр Жакып
    Элди көрсө карабай
    Салам айтаар жарабай
    Как ошондо мунканып
    Мына ошондо Жакыптын
185   Муңу баштан өтүтүр
    Муңу баштан өткөндө
    Ушул эрки чоң зары
    Бир Кудайга жетиптир
    Кечээ күнү эр Жакып
190   Эми жылкы көрөм деп
    Көңүлдү барып бөлөм деп
    Ошо кезде эр Жакып
    Талаага эми кетиптир
    Как ошондо жанагы
195   Эр Жакыптын конушу
    Аземил суунун оюнда
    Ак саздын бери боюнда
    Так ошондо жанагы
    Эрен тууган Жакыбы
200   Жайлап жаткан жери экен
    Кабырга тоонун учунда
    Мына ошондо жанагы
    Кан тоонун бери тушунда
    Жерилип жаткан жери экен
205   Бурул токой ак эмгек
    Мына ошондо сурасаң
    Ары жагы алтын көл
    Ошол жердин баарысын
    Эр Жакыптын төрт түлүк
210   Сан карасы жайнагын
    Мына ошондо канча эр
    Аркасынан айдаган
    Сызылтып казы чайнаган
    Мына ошондо жанагы
215   Эрен тууган эр Жакып
    Эми жылкы көрсөм деп
    Көңүлүмдү бөлсөм деп
    Жаздын маалы болуптур
    Жылкыны санап келсем деп
220   Эми Жакып жолуна
    Салган экен ар нерсе
    Алып алып оюна
    Эсепсиз жыйган сан кара
    Бир өзүнө карабай
225   Ошо кезде береги
    Жыйган экен аябай
    Ата кокуй ат алыс
    Алтыны алты там болуп
    Мына ошондо атаңдын
230   Эсепсиз эми бай болуп
    Жаткандыгы дагычы
    Ошо кезде момундай
    Мына ошондо жылкыга
    Туралап жолго салыптыр
235   Ат арып жүрүп алыптыр
    Ошо кезде жанагы
    Эрен тууган жылкычы
    Бир өзүнө барыптыр
    Эр Жакып келип калды деп
240   Жылкычы башы Бадалбай
    Мына ошондо жанагы
    Кысыр эмди тай союп
    Астына казы эритип жал коюп
    Төс тирелтип турганда
245   Мына ошондо жанагы
    Эр Жакыптын өзүнө
    Эми казы эритип жал коюп
    Атаң устаканын сунганда
    Мына ошондо сурасаң
250   Эрениң Жакып момундай
    Жылкы эсебин алыптыр
    Алты күнүң ал жерде
    Аярлап жатып калыптыр
    Ар өнөрдүн эр Жакып
255   Даярлап жатып калыптыр
    Как ошондо карасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ырымы бар ырыстын
    Кылымы бар кылыктын
260   Ошо кезде эр Жакып
    Бир жеринде ала жүк
    Бир жеринде кара жүк
    Как ошондон сураса
    Ак боз бээни алды эле
265   Мына ошондо жанагы
    Азыркысын карасаң
    Кайрылып үйгө салды эле
    Ошо кезде береги
    Ата бабаң арбакка
270   Атап туруп сойсом деп
    Мына ошондо ырымын
    Эми кылып койсом деп
    Мына ошондо сурасаң
    Эзелкилер кеп айткан
275   Сурасаң эми чоң арбак
    Берет экен деп айткан
    Арбак менен жараткан
    Ортосунда байланыш
    Жакын экен деп айткан
280   Как ошондо береги
    Ушулардын баарысы
    Акыл экен деп айткан
    Мына ошондо арбакка
    Аста басып сабылып
285   Ошол кезде арбакка
    Үйүнө кайра салмакка
    Мына ошондо жылкынын
    Эсебин эми алыптыр
    Эсебин эми санаса
290   Аяк башын караса
    Ошол кезде жылкысы
    Альтымыш миңге толуптур
    Аягы мынча болуптур
    Мына ошондо эр Жакып
295   Башына бакыттын кушу конуптур
    Дөөлөттүү бай болуп
    Тегереги шай болуп
    Как ошондо Жакыптын
    Ай ээлегенден болгон кез
300   Так ошондо толгон кез
    Эми жолго салды эле
    Аттанып жүрүп алды эле
    Күрүң кире күн бата
    Бурул токой жээгинен
305   Эми кетип калды эле
    Жетип барган кезинде
    Как ошондо сурасаң
    Көргөн кызык тамаша
    Көзүн салып караса
310   Ошо кезде сураса
    Атаңдын көрү кырк бала
    Жабыла чаап алдына
    Чыккан экен жабылып
    Жан алчуудай камынып
315   Атаңдын көрү дүнүйө
    Ошонуңду көргөндө
    Эр Жакыптын өзүнө
    Акыл кетип эс кетип
    Мына ошондо жанагы
320   Атаңдын көрү дүнүйө!
    Биздин элдин түрү эмес
    Биздин элдин жайы эмес
    Кытайдан келген доочубу
    Мына ошондо жанагы
325   Балакетти жоочубу
    Сурагын сурап алмакка
    Минтип эми калмакка
    Алдыман келип калганбы
    Же кабылдымбы калмакка
330   - деп ошондо жанагы
    Ар нерсе келип ээсине
    Азыркысын карасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Кийгенине карасаң
335   Мингенине карасаң
    Кытайлыктын түрү эмес
    Калмактардын сүрү эмес
    Андан келген эл эмес
    Атаңдын көрү дүнүйө
340   Индистандын элинен
    Кербен салып билчи элем
    Мына ошондо жанагы
    Кийгендердин баарысы
    Угуп эми жүрчү элем
345   Ал элдин жайы бул эмес
    Как ошондо карасам
    Биздин элдин өңүндөй
    Мына ошондой өңү бар
    Атаңдын көрү дүнүйө!
350   Маңдайынан карасаң
    Ажыдаардын сүрү бар
    Аркасында карасаң
    Ат минердин сүрү бар
    Жан алгычтын түрү бар
355   Так ошондо жанагы
    Же болбосо жанагы
    Бүтүн түрктүн ичинен
    Так ошондо жанагы
    Көрбөгөнмүн укканмын
360   Укмак түгүл береги
    Бир кумардан чыкканмын
    Кечээ күнү жанагы
    Узган атаң баш болуп
    Күрпөтү мынча болду деп
365   Так ошондо жанагы
    Жомокчунун кебине
    Жоодураган эбине
    Жомокчунун өзүнө
    Угуп эми жүрчү элем
370   Ата кокуй дүнүйө
    Мунусун кайдан билчи элем
    Ушул жашка келгени
    Ушул жашты жараткан
    Энчи кылып бергени
375   Мындай элди көрбөдүм
    Мына ошондо жанагы
    Бүтүн түрктүн баласы
    Көрүнгөн жерге тарады
    Кузгунун көзүн карады
380   Кара Кытай как канчыл
    Кармап алып сабады
    Мына ошондо жанагы
    Маңдайыңда бараң бар
    Капталыңда каңгай бар
385   Кагышаалы далай бар
    Ошолордун баарысы
    Баш көтөртпөй тарады
    Тарап эми кеткенде
    Атаңдын көрү дүнүйө!
390   Көрүнгөн жерге жеткенде
    Тарап эми момундай
    Канчасы эми найзанын
    Мына ошондо жанагы
    Учунда эми өткөндө
395   Ушундай эрден чыкпаган
    Ата кокуй дүнүйө
    Көрүп атсам көз тоёт
    Карап айтсам сөз тоёт
    Так ошондой эр экен
400   Атаңдын көрү дүнүйө!
    Шай колдогон шер экен
    Кечээ күнү береги
    Кербенчиден кеп угуп
    Көргөндөрдөн көп угуп
405   Төрт түлүктүү тараага
    Көрүнгөн жерди караага
    Атаң кыргыз баласы
    Ар кайсы жерде чачылып
    Мына ошондо Кытайдын
410   Тепсесинде калды деп
    Азыркысын карасаң
    Ушул эрки калмактын
    Кептесинде калды деп
    Аны менен чоң мүшкүл
415   Кара Кытай чынмачыл
    Эми мүшкүл салды деп
    Чын Кытайдын элинен
    Так ошондо жанагы
    Азыркысын байкасаң
420   Чыга турган эри жок
    Белгилүү тууган бели жок
    Как ошондо момундай
    Чын кытайдын жерине
    Кайрат кылып момундай
425   Каш кайтараар эри жок
    Эми кайдан келе калды деп
    Азыркысын таңданып
    Сүрүн карап жарланып
    Бир сүрүнө карасаң
430   Кудай бетин салбай кал
    Как ошондо жанагы
    Ысыгына баталбай
    Суугуна жаталбай
    Ошо кезде эр Жакып
435   Мына ошондо жанагы
    Акылына келе албай
    Не кылаарын биле албай
    Азыркысын момундай
    Качайын деп уялып
440   Мына ошондо жанагы
    Качайын десе жанагы
    Качыра турган эр эмес
    Ошо кезде береги
    Акылына келди эми
445   Мына ошондо эр Жакып
    Ата кокуй дүнүйө
    Эсин эми жыйгыча
    Жанына жакын келди эми
    Ээрчиткени кырк бала
450   Арыбаңыз ата деп
    Эми салам бергени
    Бар бол эми балам деп
    Жакып эми алыптыр
    Алик алып калыптыр
455   Саламдаша салыптыр
    Мына ошондо карасаң
    Ата деп үнү чыкканда
    Ата деген бул үндү
    Биринчи мүнөт укканда
460   Эстен кетти эр Жакып
    Так ошондо карасаң
    Эбегейиң эзилип
    Эт жүрөгү кесилип
    Жибип кете таштады
465   Мына ошондо эр Жакып
    Азыркысын карасаң
    Эт жүрөгү тутанып
    Күйүп кете таштады
    Атаңдын көрү дүнүйө
470   Уругуң ким уруң ким
    Мына ошондо жанагы
    Белгилеп айтсаң дайның ким
    Кошо чабар кайниң ким
    Белгилүү тууган элиң ким
475   Эли-жери шериң ким
    Так ошондо жанагы
    Тутунарга тууң ким
    Мына ошондо жанагы
    Ай кайлашаар чууң ким
480   Ээрчитип жүргөн эриңди айт
    Белгилүү тууган белиңди айт
    Деп ошондо жанагы
    Аңгемени курады
    Эми Жакып сурады
485   Ошо кезде бул бала
    Эми айтпай турабы
    Айланайын атаке
    Менин элим сурасаң
    Так ошондо жанагы
490   Көктөн болот жалыбыз
    Көөкөрдөй болот каныбыз
    Эми жайын сурасаң
    Нурдан болот демибиз
    Атаңдын көрү дүнүйө
495   Кырдан болот элибиз
    Ушу кезде момундай
    Так ошондо жанагы
    Ушунда болот жерибиз
    Айланайын атаке
500   Как ошондо жанагы
    Көк Теңирдин өзүнө
    Мына ошондо жанагы
    Карарган кара көзүнө
    Мына ошондо жанагы
505   Бир жаралып момундай
    Чабытынан бүттүк деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ушуреки жараткан
    Жарышынан бүттүк деп
510   Как ошондо карасаң
    Он сегиз миң ааламдын
    Отуз жүз миң ааламдын
    Алышынан бүттүк деп
    Как ошондо береги
515   Дем учунан бүттүк деп
    Ушу кезде карасаң
    Жер учунан бүттүк деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Желпингенде жанагы
520   Так ошондо береги
    Алп каракуш ай баатыр
    Ажыдаардын кайраты
    Анысынан бүттүк деп
    Айланайын атаке
525   Элимдин жайын сурадым
    Жеримдин жайын сурадым
    Менин элим менен эл болот
    Жерим менин жер болот
    Так ошондо береги
530   Белгилүү тууган момундай
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Белим менин бел болот
    Демим менин дем болот
    Айланайын атаке
535   Мына ошондо жанагы
    Көк Теңирдин өзүнө
    Туусун алып жүрөбүз
    Ай кайлаган момундай
    Чуусун алып жүрөбүз
540   Ошо кезде сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Өлүшүнө жайладык
    Так ошондо жанагы
    Көк Теңирдин жарлыгы
545   Эми колго кармадык
    Деп ошондо калганы
    Ансайын эми эр Жакып
    Артак болуп калганы
    Так ошондо жанагы
550   Ушу кезде береги
    Аң-таң калып жанагы
    Жан-жанына караса
    Жан алгычтай көрүндү
    Жарлык атып өлүнүп
555   Как ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Күндөн бүткөн чабылды
    Айдан бүткөн арышы
    Жерден бүткөн деми бар
560   Так ошондо береги
    Белгилүү тууган жери бар
    Аны карап таңданып
    Аны карап жарданып
    Бир караса бир киши
565   Бир караса миң киши
    Так ошондо береги
    Желпингени жел бол болуп
    Мына ошондо береги
    Телегейи тең болуп
570   Турган экен бул бала
    Аң-таң калып турганча
    Аттын оозун жыйганча
    Анда бала баштады
    Айтаар кептен шашпады
575   Айланайын атаке
    Заарың өтүп кетти деп
    Жараткандын өзүнө
    Муңканганың жетти деп
    Так ошондо жанагы
580   Түп атаңыз кан өтүп
    Түгөл журтка дагы өтүп
    Башка атаңыз кан өтүп
    Баары журтка даң өтүп
    Эл эмгегин кылыптыр
585   Туу түбүндө туруптур
    Акыйкаттык калыстык
    Мына ошондо жанагы
    Жер бетине орнотуп
    Атаңдын көрү дүнүйө
590   Алсыздарды корготуп
    Так ошондо жанагы
    Калыстыкты кылыптыр
    Так ошондо жанагы
    Даанышмандык бек кылып
595   Атаңдын көрү дүнүйө
    Акыйкаттын баарысын
    Ордотуп эми туруптур
    Ошон үчүн жараткан
    Так ошондо жанагы
600   Өзүңдү тартып имерди
    Мына ошондо жанагы
    Өзгөчө кылып жиберди
    Атаңыздын алдынан
    Так ошондо барыңыз
605   Ошо кезде береги
    Учурашып алыңыз
    Муңканбасын атаңыз
    Деп ошондо жанагы
    Жараткандын айтканы
610   Азыркысын балаңыз
    Алдыңа келип тартканы
    Айланайын атаке
    Көп кайгыра бербе деп
    Ушу гүлдү береги
615   Айткан сөздү дегде деп
    Көңүлгө салып эле деп
    Мына ошондо жанагы
    Көрүп турган киши жок
    Билип турган иши жок
620   Мына ошондо жанагы
    Башка жанга көрүнбөй
    Алдыңа келдим атаке
    Азыркысын карасаң
    Тогуз айы толгонуп
625   Тогуз күнү болгондо
    Төрөлөмүн төрүңдө
    Мына ошондо жанагы
    Ошо кезде береги
    Айланайын атаке
630   Курмандыкты чалаарсың
    Аны менен карасаң
    Ата-бабаң арбагы
    Атап туруп салаарсың
    Так ошондо жанагы
635   Айткан сөздү кылаарсың
    Аны менен жараткан
    Ыйбаа кылып тураарсың
    Айланайын атаке
    Так ошондо жанагы
640   Тогуз айы толгондо
    Тогуз күнү болгондо
    Төрөлөмүн төрүңдө
    Мына ошондо береги
    Келемин атам эргинде
645   Атаңдын көрү дүнүйө
    Ушуреки келиндин
    Ишеничин актаймын
    Басканы жолду тактаймын
    Тегиздикти орнотуп
650   Ошо кезде береги
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Тел куш таптап куш кылып
    Теңтиген кийип журт кылып
    Кураалы таптап куш кылып
655   Курама жыйып журт кылып
    Кете турган күн болот
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ушуреки төрүндө
    Тогуз айы толгондо
660   Тогуз күнү болгондо
    Эми жете турган күн болот
    Ой атаке кайгырба
    Деп ошондо турганда
    Эми сөзүн кылгында
665   Атаңдын көрү дүнүйө
    Мына ошондо эр Жакып
    Кээде эске келе алса
    Кээде эске келе албай
    Кээде тилге келе алса
670   Кээде тилге келе албай
    Аң-таңдадың эр Жакып
    Ат үстүндө тура албай
    Там-тандадың эр Жакып
    Как ошондо жанагы
675   Өлө бойдун боорусу
    Коро кою чыңдалып
    Так ошондо тыңданып
    Жакшылап карап туруптур
    Бала колун сунуптур
680   Эми колун сунганы
    Көп кайгырбаң ата деп
    Мына ошондо жанагы
    Ата кокуй бул бала
    Эми өзүң турганы
685   Караса көзгө илинбей
    Кайда экени билинбей
    Так ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Кайып болуп кетиптир
690   Кетпегенде нетиптир
    Так ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Аш бышымдай болгондо
    Как ошондо жанагы
695   Эске келдиң эр Жакып
    Эсине келип алыптыр
    Мына ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Эсине келсе ата кокуй курган жан
700   Как ошондо жанагы
    Эсине келип алганы
    Эсине келип алганы
    Эми үйгө салганы
    Как ошондо жанагы
705   Айлы жакын көтөкө
    Ошо ак саздын бери четине
    Эми Жакып барганы
    Ата кокуй дүнүйө
    Элди ийип келди эми
710   Эл тегерек момундай
    Демди жыйып келди эми
    Элди жыйып жанагы
    Бир жеринде кара жок
    Бир жеринде ала жок
715   Ак боз бээни чалдырыптыр
    Ата баба арбагы
    Ыраазы болсун эми деп
    Как ошондо жанагы
    Колдосун бизди деми деп
720   Атап туруп чалганы
    Аны менен карасаң
    Жетим жесир мискинге
    Ошо кезде сурасаң
    Таратып эми салганы
725   Бөлүп-бөлүп келиптир
    Так ошондо нетиптир
    Азыркысын эр Жакып
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Эмине болду аян деп
730   Айланайын бай Жакып
    Болдубу сага аян деп
    Эки бирдей байбиче
    Эми сурап калыптыр
    Атаңдын көрү дүнүйө
735   Айтпа деген мага деп
    Эми ичке даана деп
    Как ошондо эр Жакып
    Азыркысын сыр кылды
    Мына ошондо сурасаң
740   Сырын сактап эр Жакып
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Муну мундай кылыптыр
    Жөн эле чалдын муршуну
    Ата баба арбагын
745   Эстебей кетип жүрбөйлү
    Эстеп жүрсөк момундай
    Как ошондо жанагы
    Колдорлугуң аныктыр
    Жакшылыкка арбагы
750   Жолдорлугуң аныктыр
    Деп ошондо жанагы
    Эрениң Жакып кеп айтып
    Мына мындай бек айтып
    Оңолуп эми калганго
755   Деп ошондо жанагы
    Эки бирдей байбиче
    Экөө бирдей кеп кылып
    Кече күнү момундай
    Так ошондо сурасаң
760   Ырымы бар ырыстуу
    Кылгыры бар кылыктуу
    Эми Жакып турду эле
    Эми мындай кылды эле
    Ошо кезде сурасаң
765   Атаңдын көрү дүнүйө
    Ээ кече күнү түнүндө
    Ээ Жуманын кадыр түнүндө
    Ээ Бейшембинин күнүндө
    Ээ күгүм кире күн бата
770   Оо калып уктап тың жатат
    Ээ так ошондо эр Жакып
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ээ кээде ойу талыкшып
    Ээ кара бойу балыкшып
775   Атаңдын көрү дүнүйө
    Аш тамакка карабай
    Ата кокуй дүнүйө
    Талыкшып келип аябай
    Эми Жакып жатып калыптыр
780   Ээ туура жети күн өтүп
    Так ошондо жанагы
    Ай караңгы түн өтүп
    Арасында момундай
    Так ошондо болуптур
785   Мына ошондо жанагы
    Байбиченин ордого
    Жакып келип конуптур
    Эми байбиченин ордодо
    Так ошондо жатыптыр
790   Уйкуга Жакып батыптыр
    Уйкуда жатып эр Жакып
    Ээ как ошондо караса
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Оо арта кызык тамаша
795   Ошо кезде түш көрдү
    Ээ түш көргөндө неткени
    Ээ мына ошондо жанагы
    Ээ күндө жолуккан
    Ошо кезде жанагы
800   Ээ кырк чилтенин ээрчитип
    Ээ кырк бала жакын жеткени
    Алдыдагы чоң бала
    Кадимкидей зор бала
    Мына ошондо сурасаң
805   Ээ кулан эми ат минген
    Ээ бар жарагын шат үйгөн
    Ээ мына ошондо жанагы
    Жаалданып караган
    Атаңдын көрү дүнүйө
810   Караган адам оңбогон
    Эзелиң эки болбогон
    Ээ өзүн Кудай колдогон
    Ээ так ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
815   Ээ жандай таап бастырып
    Эр Жакыптын өзүнө
    Ээ эми жете барыптыр
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ата деп эми калыптыр
820   Ээ айланайын атаке
    Деп ошондо кеп айтты
    Ошо кезде жанагы
    Ата деген сөзүнө
    Ээ туралбастан өзүнө
825   Ээ мына ошондо эр Жакып
    Ээ угуп гана жашы да төгүлдү үү
    Ээ ошо кезде береги
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Эми керемети көрүндү үүү
830   Ошо кезде бул бала
    Ээ так ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү атасы
    Мына ошондо жанагы
    Жайлак айгыр коштогон
835   Жал арыстан окшогон
    Жааланып киргенде
    Алдына мендей дос болгон
    Как ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
840   Ээ тогуз кабат асманга
    Атасын эми көтөрүп
    Алып чыгып алыптыр
    Мына ошондо жанагы
    Жараткандын тагына
845   Эми алып барыптыр
    Мына ошондо жанагы
    Ээ сый урматын билгизди
    Атасына момундай
    Алтындан кылган сарпайды
850   Азыр эми кийгизди
    Ээ чыңалып эрктүү кийгизди
    Так ошондо жанагы
    Кан белгисин кылыптыр
    Атакесин момундай
855   Отургузуп туруптур
    Так ошондо жанагы
    Атаң, атаң, ата деп
    Эми айтып калыптыр
    Мына ошондо жанагы
860   Айланайын атасы
    Ошондо бата бере салыптыр
    Как ошондо береги
    Ээ айланайын уулум деп
    Мына ошондо жанагы
865   Бооруна салыптыр
    Болкулдап ыйлап калыптыр
    Мына ошондо жанагы
    Ата деген үнүңдөн
    Айланайын сүрүңдөн
870   Деп ошондо калганы
    Азыркысын карасаң
    Ал аңгыча жанагы
    Көкө Теңир жараткан
    Асмандан добуш угулду
875   Добушуң эми угулса
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ушул сага бала деп
    Балаңа жакшы кара деп
    Калыстык менен орнотуп
880   Как ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Азыркысын карасаң
    Канаттууга кактырбай
    Тумшуктууга чокутпай
885   Ээ баары алына келгенче
    Бул баланы момундай
    Жакшы сактап алгын деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Мына ошондо жанагы
890   Ырымын кылып калгын деп
    Азыркысын карасаң
    Так ошондо туруптур
    Мына ошондо жанагы
    Көк Теңирдин добушун
895   Эми Жакып угуптур
    Ошо кезде береги
    Ээ айланайын жараткан
    Айың менен күнүңдүн
    Мына ошондо жанагы
900   Отуз жүз миң ааламдын
    Кубатынан бүттү деп
    Жараткан көкө Теңирдин
    Кулачынан бүттү деп
    Мына ошондо жанагы
905   Ээ ааламда момундай
    Ээ так ошондо сурасаң
    Топосу каптап кетсе да
    Мына ошондо жанагы
    Адамзат түбүнө
910   Кыяматы жетсе да
    Ошо кезде береги
    Мындай адам жаралбайт
    Ошо кезде баланы
    Бир өзүңө бердик деп
915   Мына ошондо карасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Жараткандын добушу
    Мына ошондо угулду
    Так ошону уккан соң
920   Эстен танып эр Жакып
    Азыр эми жыгылды
    Так ошондо карасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Мына ошондо эр Жакып
925   Ата кокуй дүнүйө
    Эсине келип алыптыр
    Эсине келсе ойгонуп
    Таң сүрүлүп калыптыр
    Как ошондо жанагы
930   Атаңдын көрү дүнүйө
    Азыркысын карасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ээ мына ошондо Чыйырды
    Эр Жакыптын жанагы
935   Жанында басып туруптур
    Мына ошондо береги
    Таңдайы кургап такылдап
    Чекесинен тер чыгып
    Мына ошондо береги
940   Атаңдын көрү дүнүйө
    Эми минтип калыптыр
    Ошо кезде жанагы
    Байтал бээнин бал кымыз
    Чайкап чайкап куйдуртуп
945   Мына ошондо Жакыпка
    Эми Чыйырды энең сундурду
    Сундурганда нетти деп
    Айланайын байым деп
    Сага кандай күн мүшкүл жетти деп
950   Мына ошондо жанагы
    Таңатканча кыйналып
    Ар нерсени сүйлөнүп
    Так ошондо чыктың деп
    Көрүнгөн эми сөзүңдү
955   Мына ошондо уктум деп
    Айланайын жарыктык
    Так ошондо жанагы
    Манас дедиң кээ бирде
    Кээ биринде карасаң
960   Алаш деп эми жаттың деп
    Кээ биринде аралаш
    Манас деп эми жаттың деп
    Так ошондо жанагы
    Нээликтен эми таңдайы
965   Азыркысын каттың деп
    Ошо кезде береги
    Талыкшып келип жаттың деп
    Таң атканча бут серпип
    Ошо жерде турдуң деп
970   Мына ошондо береги
    Таң атканча сүйлөнүп
    Ар ким менен аралаш
    Мына ошондо жүрдүң деп
    Кандай эми кызыкка
975   Эми байым кирдиң деп
    Ошо кезде Чыйырды
    Эми айтып калыптыр
    Азыркысын эр Жакып
    Ак сый аяк кымызды
980   Эми ичип алыптыр
    Ичип эми алган соң
    Азыркысын карасаң
    Эми кебин салыптыр
    Айланайын курган жан
985   Ээ мына ошондо жанагы
    Ээ түндө жатып түш көрдүм
    Ээ мына ошондо береги
    Кызыгыраак иш көрдүм
    Айланайын байбиче
990   Жан жаныңды карачы
    Жан жаныңда киши жок
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Биз менен эми кишинин
    Азыркысын иши жок
995   Бил багайын айынан
    Мына ошондо зарладым
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Өөдө болсом бүгүлүп
    Ылдый болсом момундай
1000   Көзүмдүн жашы төгүлүп
    Мына ошондо жанагы
    Жараткандын өзүнө
    Наалыш кылып кеп айтып
    Мына ошондо жүрдүм деп
1005   Азыркысын карасам
    Кызык эми дүйнөгө
    Ошо кезде кирдим деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Кечээ күнү жылкыдан
1010   Келе жаткан кезимде
    Мына ошондо эсимде
    Азыркысын карасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Алдыма чыга калды эле
1015   Сүрү башка көрүндү
    Эң эле бөлөк момундай
    Түрү башка көрүндү
    Мына ошондо карасам
    Ата ээрчиткени кырк бала
1020   Сүрү башка көрүндү
    Эң эле бөлөк момундай
    Түрү башка көрүндү
    Алды жакта бөлүнөт
    Ак аска тоодой көрүнөт
1025   Бир караса бир киши
    Бир караса миң киши
    Жан алгычтай сүрү бар
    Ажыдаардай түрү бар
    Так ошондо жанагы
1030   Ата деп келип алганы
    Саламын айта салганы
    Кайдан келген эр десем
    Уругун эми сурадым
    Аңгемени курадым
1035   Уругу көктөн экен да
    Так ошондо береги
    Денеси жерден экен да
    Мына ошондо баарысы
    Айтып эми берди деп
1040   Мына ошондо береги
    Жомокчунун өзүнөн
    Мындай шумдук укпагам
    Ата кокуй дүнүйө
    Эстен танып неттим деп
1045   Ошо кезде береги
    Айланайын ата деп
    Төрөлөмүн момундай
    Тогуз айдын өзүндө
    Деп ошентип кетти эле
1050   Мына ошондо береги
    Жана ак боз бээни алгамын
    Ошон үчүн момундай
    Курмандыкка чалгамын
    Андан кийин жанагы
1055   Талыкшып келип жатканым
    Чоңоюп буга батканым
    Так ошондо жанагы
    Айланайын байбиче
    Түндө жатып түш көрдүм
1060   Ошол көргөн түшүмдү
    Мына ошондо бүт көрдүм
    Ата кокуй жанагы
    Жол алдымда жолуккан
    Өңүмдөн эми кабылган
1065   Кайыбымдан табылган
    Ошо кезде зор бала
    Аркасында ээрчитип
    Как ошондо кырк бала
    Алдыман чыга калды эле
1070   Айланайын ата деп
    Саламын айта салды эле
    Ээ кечэ көргөн өңүмдө
    Бүгүн көрдүм түшүмдө
    Ошо кезде аралаш
1075   Жүрүп атат тишимде
    Ата деди момундай
    Эне боюм балкыды
    Кызыл бойдун баарысы
    Асманга чыгып калкыды
1080   Ошол кезде бул бала
    Айтып эми турганы
    Айланайын атаке
    Жүрүң эми мингин деп
    Коштогону момундай
1085   Жал арыстан окшогон
    Жаагында карасам
    Жайдак айгыр коштогон
    Ушу кезде атына
    Мингизип эми алды эле
1090   Тогуз кабат көк деген
    Көк Теңирдин жайгашы
    Жаткан жериң ал деген
    Ата кокуй дүнүйө
    Мына ошондо жанагы
1095   Акылында бек танып
    Так ошондо ал деген
    Адамзат пендеси
    Жетмек беле ал жерге
    Так ошондо жанагы
1100   Тилегениң адамдын
    Так ошондо баруучу
    Азыркысы момундай
    Адам айран калуучу
    Ишенеби түшүмө
1105   Мына ошондо береги
    Эми келдиң ишиме
    Тогуз кабат асманга
    Алып чыктың өзүмдү
    Мына ошондо Теңирдин
1110   Тактасынан өзүмдү
    Отургузуп салганы
    Азыркысын чыгалуу
    Бөрүктү эми кийгизип
    Ата деп мени калганы
1115   Сый урматын билгизди
    Алтын такты мингизди
    Мына ошондо бооруна
    Басып эми тургамын
    Ата кокуй дүнүйө
1120   Чоң айланы кылгамын
    Бир Теңирге мен өзүм
    Ыраазы болуп алгамын
    Ошо кезде береги
    Ээ жараткан бала берсе да
1125   Бербесе да момундай
    Ошо кезде бир боюм
    Балкып турду момундай
    Эне боюм асманда
    Калкып турду момундай
1130   Тогуз кабат асмандан
    Как ошондо атаке
    Деги ошондо жанагы
    Төрөлөмүн өзүңө
    Үйүңө эми келем деп
1135   Айтып эми салганы
    Ал аңгыча Теңирдин
    Добушу эми угулуп
    Как ошондо калганы
    Ээ ушуреки баланы
1140   Бардык менен күткүн деп
    Так ошондо береги
    Ата кокуй дүнүйө
    Адамзат пендеси
    Доор кыямат өтсө да
1145   Тоо куланып көчсө да
    Мындай эми келбейт деп
    Мына ошондо береги
    Канча адам тиленсе
    Мындайды эми бербейт деп
1150   Көк Теңирдин бир өзү
    Адам болуп кубулуп
    Жерге түшөт куюлуп
    Деп ошондо жанагы
    Асмандан добуш угулду
1155   Эсине кебей байыңыз
    Андан кийин жыгылды
    Ошо кезде береги
    Ошо кезде ойгондум
    Оң жагыма толгондум
1160   Айланайын байбиче
    Мындай түштү жанагы
    Как ошондо береги
    Токсон ирет көрсөң да
    Токсон ирет тилейт
1165   Мына ошондо береги
    Ушуреки береги
    Тогуз кылым өтсө да
    Тоо куланып көчсө да
    Адам мындай көрбөйт го
1170   Ата кокуй дүнүйө
    Тилесең эми адамды
    Мындай наам бербейт го
    Айланайын жараткан
    Бул эмине болду деп
1175   Ары-бери толгонуп
    Мына ошондо оңдонуп
    Ээ турса өзүм момундай
    Карап эми жатыпсың
    Деп ошондо калганы
1180   Ата кокуй дүнүйө
    Аксар башыл алдыр деп
    Аксар башыл кой айтып
    Аны мына тоё айтып
    Азыркысын байбиче
1185   Кебин айтып кенеңдеп
    Мына ошондо жанагы
    Төө баштаган төтр тогул
    Садагасын чаптырып
    Сары улагын тарттырып
1190   Мына ошондо береги
    Бир Кудайга айттырып
    Ата бабаң арбакка
    Атап туруп чалдырып
    Как ошондо береги
1195   Ээ айланайын байым деп
    Бериптир Кудай ишиңди
    Оңдоптур Кудай түшүңдү
    Жанаң өңдө жолукса
    Ошо кезде береги
1200   Өңүн элге айтпайлы
    Ичке муну сактайлы
    Ата кокуй курган жан
    Мына ошондо карасаң
    Ата кокуй дүнүйө
1205   Тилегин эми оңунан
    Бере турган кези го
    Тилегендин баарысы
    Келе турган кези го
    Как ошондо жанагы
1210   Ээ каалагандын баарысы
    Бара турган кези го
    Ошо кезде береги
    Калк кайрылып момундай
    Ала турган кези го
1215   Дөөлөт кутсун башыңа
    Коно турган кези го
    Тилегениң канча жыл
    Боло турган кези го
    Айланайын байым деп
1220   Мына ошондо береги
    Түшүңдү эми айтыңыз
    Түштү эми жоорутуп
    Элге кабар айттырып
    Так ошондо береги
1225   Жакшылыкка кылалы
    Ырым кылып туралы
    Айланайын байым деп
    Так ошондо береги
    Оңдуу болор жайың деп
1230   Азыркысын караса
    Байбичең айтып салыптыр
    Так ошондо жанагы
    Өңүнө эми көрүнгөн
    Ошо кезде береги
1235   Үнүң эми угулган
    Үндү эстеп алыптыр
    Ата-бабаң арбакка
    Ырымын кылып койгун деп
    Ырымына аяба
1240   Мал көзүнө караба
    Деп ошондо жанагы
    Өңүнө эми жолуккан
    Үндү угуп алыптыр
    Албан түрлүү момундай
1245   Түрдү угуп алыптыр
    Аны менен карасаң
    Бадалбайдын өзүнө
    Эми киши чаптырды
    Так ошондо береги
1250   Төө баштаган төрт тогуз/тобу
    Малдан алып келсин деп
    Кабарын эми айттырды
    Малдан айдап келиптир
    Муну менен сурасаң
1255   Атаңдын көрү дүнүйө
    Төө баштагын төтр тогуз
    Так ошондо сойдуруп
    Ырымын мындай кылдырып
    Ошол кезде эл жыйып
1260   Жетим менен жесирге
    Так ошондо бөлдүрүп
    Мына ошондо бердирип
    Мына ошондо болгон соң
    Калк жыйылып толгон соң
1265   Элдин баары момундай
    Бата кылып тойгон соң
    Азыркысын карасаң
    Касы этип жан коюп
    Так ошондо жанагы
1270   Чара-чара май коюп
    Ырымы мындай болгон соң
    Атоолдудан жанагы
    Сакалдуулап калдырды
    Мына ошондо эр Жакып
1275   Ак өргөөнүн ичине
    Азыркысын алдырды
    Алдырганда неткени
    Мына ошондо баарысы
    Улуулашып четти эми
1280   Орунун эми корушуп
    Так ошондо ордунда
    Баарысы эми болушуп
    Өөдө бою толукшуп
    Отурганда кеп айтат
1285   Эми Жакып бек айтат
    Айланайын аталар
    Аталарда бата бар
    Батаңарга момундай
    Өнүп эми өсөт деп
1290   Тилегине жетет деп
    Эзелкилер айткан кеп
    Ошо кезде береги
    Батаңарды бергиле
    Муну менен сурасаң
1295   Азыркысын береги
    Башка чукак болдум деп
    Баталап эми келгиле
    Деп ошондо жанагы
    Казына оозун ачтырды
1300   Кара алтынды чачтырды
    Ар биринин өзүнө
    Аз болгондо жанагы
    Алтыдан эми ай туяк
    Алтынын эми бердирди
1305   Муну менен сурасаң
    Как ошондо эбине
    Баарын эми келтирди
    Сарыпбайдан чапанды
    Так ошондо кийгизди
1310   Сый урматын билгизди
    Жел жетпеген жоргодон
    Ар бирине мингизди
    Ээ отуруп аны ош жерден
    Отуздан ашык киши бар
1315   Баарысынын момундай
    Так ошондо береги
    Кийген эми киши бар
    Ошо кезде момундай
    Ичтен жака салдыргын
1320   Мына ошондо кундуздан
    Багалекке жардыргын
    Ар бирине береги
    Чапанынан кийгизип
    Сый урматын билгизип
1325   Булар минтип турган соң
    Ырымын мындай кылган соң
    Эми Жакып кеп айтат
    Айланайын калк
    Эми сөзүмдү уккун деп айтат уу
1330   Оо эзелкилер кеп айткан
    Ээ эмкилер бек айткан
    Оо байыркылар кеп айткан
    Ээ баашалуу журттан бек айткан
    Ээ эзелкиден сурасаң
1335   Аңгеме дүкөн курасаң
    Ээ түштүн башы казандай
    Мойнуң ичке кылдай дейт
    Ээ кайсыл жака жорулса
    Ошол жака кетүүчү
1340   Ээ тилегине жетүүчү
    Оңдоп жоруп бергиле
    Ушуреки түшүмдү
    Чоңдоп жоруп бергиле
    Ээ мына ошондо береги
1345   Ээ эптүү жоруп бергиле
    Ушунуңду сурасаң
    Ээ кептүү жоруп бергиле
    Деп ошондо калганы
    Эми түшүн айта салганы
1350   Ээ мына ошондо сурасаң
    Эми түндө жатып түш көрдүм
    Ошо түш көргөндү момундай
    Ээ мына ошондо мен көрдүм
    Ошо көргөн түшүмдү
1355   Жабыла басып бөлүндүм
    Жалы аттуу көрүнүп
    Ошо жерден чыккан кийинди
    Көктөн түшкөн изиңди
    Бир караса бир киши
1360   Бир караса миң киши
    Бир караса сураса
    Касиеттүү кан кейжи
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Сүрү башка көрүнөт
1365   Үлпөтү күндөн жаралган
    Айдыгын айдай таралган
    Тирүү башка көрүнөт
    Ээрчиткени кырк бала
    Так ошондо сураса
1370   Атаңдын көрү дүнүйө
    Алдыман чага калды эле
    Саламын айта салды эле
    Саламын айта салганда
    Мына ошондо жанагы
1375   Аарыбаңыз ата деп
    Мени айтып калыптыр
    Муну менен сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Бар бол эми уулум деп
1380   Алик алып калгамын
    Айланайын атаке
    Заарың гана жетти да Теңирге уу
    Көп мункана бербеңиз
    Атакең эми момундай
1385   Бир эмес эми кырк бала
    Уулуң болуп берет деп
    Артынан эми ээрчичү
    Так ошондо атаке
    Тууң болуп берет деп
1390   Айланайын атаке
    Баарысын эми иреттеп
    Жөндөп жолго салабыз
    Эл ишин колго алабыз
    Деп ошондо калганы
1395   Жанындагы момундай
    Коштоп жүргөн аргымак
    Мингизип мени алганы
    Ээ тогуз кабат көк деген
    Оо катмарлары көп деген
1400   Эзелкиден укканбыз
    Угуп атып ошону
    Бир кумардан чыкканбыз
    Тогуз кабат асманга
    Алып чыгып барганың
1405   Атаңдын көрү дүнүйө
    Жанында турган эр Жакып
    Айран азыр калганы
    Көк Теңирдин тактыга
    Мына мени мингизди
1410   Сый урматын билгизди
    Андан кийин сурасаң
    Жыбалуу өрктүү башыма
    Кан белгиси ушу деп
    Мына мени кийгизди
1415   Ээ айланайын ата деп
    Сый урматын көргөзүп
    Как ошондо калганы
    Асмандан эми Көк Теңир
    Эми үнүн салганы
1420   Ой Жакып угуп алгын деп
    Ушуреки баланы
    Бардык менен күткүн деп
    Кеңдик менен баарына
    Эми Жакып түткүн деп
1425   Демитпегин баланы
    Так ошондо береги
    Бир өөзүңө бир өөзүм
    Берип аткам бала деп
    Жакшылап эми кара деп
1430   Айтып эми калганы
    Айран азыр момундай
    Ошо кезде Жакыбың
    Эстен танып калганы
    Эстен танып неткемин
1435   Андан кийин ойгонуп
    Как ошондо кеткемин
    Айланайын карылар
    Бул эмине болучу
    Ээ бул түшүмдү жоручу
1440   Деп ошондо калганы
    Мына ошондо эр Жакып
    Эстеп азыр момундай
    Эки көзгө жаш алып
    Сар санаага мат алып
1445   Турган экен эр Жакып
    Амалы кетип ошондо
    Курган экен эр Жакып
    Ал аңгыча караса
    Атаңдын көрү дүнүйө
1450   Арта кызык тамаша
    Ошо кезде жанагы
    Каарылардан кеп чыкпай
    Мына ошондо дем чыкпай
    Баарысы эми жанагы
1455   Жерди тиктеп калыптыр
    Акылмандын баарысы
    Ойлонушуп алыптыр
    Эчен түрлүү момундай
    Ой жорушуп алыптыр
1460   Эчен ирет момундай
    Толгонушуп калыптыр
    Мына ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Комдонушуп алыптыр
1465   Ээ мына ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ээ эчен ирет момундай
    Боз болушуп алыптыр
    Ошолордун баарысы
1470   Козголушуп калыптыр
    Жоруй алат киши жок
    Мына ошондо баарысы
    Эчендеген сарпайы
    Кийип эми турушту
1475   Ырымын мындай кылышты
    Алган менен жанагы
    Кеп табалбай жалдырап
    Ата кокуй дүнүйө
    Отурушат жалдырап
1480   Тогуз кабат асманда
    Көк Теңирдин жайы деп
    Аны менен сурасаң
    Кандай болот баары деп
    Ата кокуй дүнүйө
1485   Байланышкан киши деп
    Мына ошондо береги
    Эр Жакыптын ашыкча
    Болгон экен иши деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
1490   Андан бөлөк сөзү жок
    Как ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү баарысы
    Жерди тиктеп калганы
    Ошо кезде оюна
1495   Ар нерсени алганы
    Ээ булар минтип турганда
    Амалы кетип курганы
    Ошо кезде береги
    Мына ошондо сурасаң
1500   Атаңдын көрү дүнүйө
    Ошо кезде эшиктен
    Ак күлөлүү дубана
    Ак деп угуп калыптыр
    Муну менен сурасаң
1505   Ээ Теңирдин буйругун
    Мына ошондо береги
    Аткарганы келдим деп
    Оо Теңирдин актыгын
    Жайып жүрүп момундай
1510   Мен силерди көрдүм деп
    Азыркысын эшиктен
    Ак угуп эми калыптыр
    Ак деп айтып эшиктен
    Аттап өткөн кези экен
1515   Так ошондо береги
    Мына ошондо жанагы
    Далысынан Жакыптын
    Таптап өткөн кези экен
    Ошо кезде сурасаң
1520   Эми кыдыр өзү экен
    Как ошондо жанагы
    Дубанага айланып
    Кейпин кийип алыптыр
    Ошо кезде чоң кыдыр
1525   Эшиктен кирип калыптыр
    Ата кокуй дүнүйө
    Саламын айта салганы
    Баарысын алып калганы
    Аттап-буттап төр жакка
1530   Эми чыгып барганы
    Эми чыгып кеп айтат
    Адамдардын акылы
    Жетээр эмес деп айтат
    Канчадан бери камалып
1535   Кой жүнүдө сабалып
    Албаш бышым өткөнчө
    Жоруй албай турасың
    Как ошондо береги
    Ээ баарын жүздү бурасың
1540   Так ошондо береги
    Ээ айланайын кишилер
    Эми кандай ишиңер
    Пенделерим уккула
    Азыркысын баарыңар
1545   Көкүрөккө туткула
    Ушунуң эми момундай
    Эшикке чыгып жайбагын
    Так ошондо береги
    Ушул болот байрагың
1550   Көкүрөккө сактагын
    Так ошондо береги
    Бөлөк жанга айтпагын
    Ичиңе эми сактагын
    Деп ошондо калганы
1555   Ак деп колун көтөрүп
    Көктү карап жөтөлүп
    Мына ошондо береги
    Менден эмес ушуну
    Көк Теңирдин өзүнөн
1560   Өзү мага сөз салса
    Эми айтып берейин
    Көкүрөккө эс салса
    Көрүп айтып көрөйүн
    Ээ айланайын жараткан
1565   Как ошондо жанагы
    Мына ошондо береги
    Оңдоптур Кудай ишиңди
    Бериптир Кудай түшүңдү
    Ээ ушуреки береги
1570   Жер бетинен жанагы
    Канча адам өтсө да
    Канча адам момундай
    Бизден кийин уланып
    Как ошондо жетсе да
1575   Мындай түштү бербейт деп
    Так ошондо береги
    Тилегени момундай
    Түшүп эми келбеттеп
    Айтып эми калыптыр
1580   Ак оюна эми алыптыр
    Ушуреки момундай
    Айланайын эр Жакып
    Эми айтып берейин
    Жанагы турган момундай
1585   Ушуреки сурасаң
    Эстен келген эмеспи
    Эстен келсе момундай
    Көктөн келген эмеспи
    Жараткандын өзүнөн
1590   Эми берген эмеспи
    Как ошондо береги
    Ошо кезде сурасаң
    Маңдан келген эмеспи
    Абалкысын сурасаң
1595   Жандан келген эмеспи
    Тээтиги сурасаң
    Кандан келген эмеспи
    Мына ошондо береги
    Тогуз кабат асмандан
1600   Көктөн келген эмеспи
    Желпингениң жер эне
    Жерден келген эмеспи
    Мына ошондо жел кайып
    Демден келген эмеспи
1605   Жаары жериң алаш деп
    Айтылаары Манас деп
    Так ошондо жанагы
    Ошол балаң эмеспи
    Ээ азыркысын кырк бала
1610   Ээрчиткени кырк чилте
    Ошо кезде береги
    Артынан келет кырк бала
    Мына ошондо жанагы
    Чоро болот аталып
1615   Так ошондо береги
    Алышамын дегенин
    Өпкө жарып баш алып
    Өткүр тууган эр болот
    Телегейи тең болот
1620   Көк Теңирдин өзүнөн
    Как ошондо береги
    Ээ буйругу болуп момундай
    Бир өзүңдө туулат
    Мына ошондо жанагы
1625   Алышканын чуулап
    Кудай бетин салбай кал
    Мына ошондо жанагы
    Баарысынан баарысын
    Курап чыгат бул бала
1630   Так ошондо береги
    Акыйкатты момундай
    Улап чыгат бул бала
    Калыстыкты сурасаң
    Курап чыгат бул бала
1635   Ээ эми жайын сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Эми акыл угуп ал
    Тогуз кабат асманга
    Сени алып барганы
1640   Көк Теңирди тактыга
    Отургузуп салганы
    Жалыбөркттү кийгизип
    Сый-урматын билгизип
    Так ошондо турганы
1645   Атаңдын көрү дүнүйө
    Көк Теңирдин өзүнө
    Мына ошондо илиндиң
    Эми Жакып көзүнө
    Атаңдын көрү дүнүйө
1650   Көк Теңирдин буйругун
    Аткарганы келгени
    Сага эми жанагы
    Жер ааламда кандыкты
    Сага Жакып бергени
1655   Атаңдын көрү дүнүйө
    Ушуреки бул бала
    Мына ошондо жанагы
    Эрен болот эр болот
    Телегейи тең болот
1660   Жараткандын өзүнө
    Атың жакшы угулат
    Мына ошондо береги
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Отуз жүз миң ааламды
1665   Басар бала болот деп
    Адамдын өзүнөн
    Арбагың эми ашыкча
    Ашар бала болот деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
1670   Ээ мына ошондо береги
    Таныбаса баланы
    Ошо кезде адамдар
    Туураланып кырылып
    Жер бетинен кетет деп
1675   Танып калса баланы
    Мына ошондо береги
    Адамзат пендеси
    Гүлдөп эми өсөт деп
    Ушуреки бул бала
1680   Мына ошондо адамга
    Аз жаштык берген көчөт деп
    Ошо кезде сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Турган жери момундай
1685   Күлпөтү күндөн жаралып
    Айдыгың айдан таралып
    Как ошондо береги
    Адамзат пендени
    Мына ошондо береги
1690   Түз жолуна салат деп
    Ата кокуй дүнүйө
    Атагың эми жаят деп
    Ошо кезде береги
    Бул дүнүйө бирөөгү
1695   Эки дүйнө баарына
    Кызматын кылып турат деп
    Мына ошондо береги
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Таанысаң эми баланы
1700   Ак кызматын кылат деп
    Аны менен сурасаң
    Ошо кезде кеп айтат
    Албан түрлүү бек айтат
    Айтып эми калыптыр
1705   Азыр эми эр Жакып
    Айран болуп калыптыр
    Так ошондо сураса
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Тогуз кабат асманга
1710   Алып эми барганы
    Же ушу кезде береги
    Кайыбынын баарысы
    Колдой турган бала деп
    Ошо кезде кыйшайса
1715   Оңдой турган бала деп
    Тогуз уулду болосуң
    Мына ошондо береги
    Ошо кезде бир өзү
    Азыркысын кыз болот
1720   Кыз болгондо неткени
    Как ошондо береги
    Сегизиң эми уул болот
    Ошо кезде береги
    Аркасынан сегиз уул
1725   Бир кыз ээрчип келет деп
    Мына ошондо береги
    Уулу эми байбичең
    Ошонуң эми тууйт деп
    Мына ошондо бир кызды
1730   Кыздан эми эр тууат
    Ата кокуй дүнүйө
    Кыйын тууган шер туулат
    Уулдан эми эр туулат
    Мына ошондо береги
1735   Эрешен тарткан шер туулат
    Так ошондо сурасаң
    Экинчи эми катының
    Ошо кезде сурасаң
    Ээ жети уул тууйт деп
1740   Киндигин кесип бууйт деп
    Мына ошондо береги
    Уулу баалың жанагы
    Көктүк эми болот деп
    Калганынын баарысы
1745   Жерлик эми болот деп
    Ошо кезде жанагы
    Айтып эми калыптыр
    Көк менен жердин момундай
    Айырмасын сурасаң
1750   Асман менен жердей деп
    Сени менен мендей деп
    Мына ошондо береги
    Букара кара элдей деп
    Ата кокуй дүнүйө
1755   Азыркысын карасаң
    Букара кара элдей деп
    Аны менен кандай деп
    Албан түрлүү жандай деп
    Айтып эми калганы
1760   Аны менен сурасаң
    Азыркысын баталап
    Эми жоруп салганы
    Ошо кезде береги
    Мына ошондо карасаң
1765   Батасын кылып туруптур
    Эрен болсун, эр болсун
    Телегейи тең болсун
    Шай колдогон шер болсун
    Мына ошондо береги
1770   Ушуреки кыргызда
    Так ошондо туулса
    Жалпы эми адамга
    Жарыгың эми тийсин деп
    Ошо кезде жер шаарын
1775   Бүтүн бала билсин деп
    Азыркысын карасаң
    Ээ батаны кылып салыптыр
    Мына ошондо береги
    Айран азыр калыптыр
1780   Ошо кезде эр Жакып
    Алтындан кылган дийилде
    Как ошондо чапанды
    Мына ошондо дубана
    Дубананын өзүнө
1785   Жооруп эми бердиң деп
    Кийгизип эми турганы
    Эми мындай кылганы
    Ошо кезде жанагы
    Ырымын эми алдым деп
1790   Ошо кезде чоң алтын
    Аз болгондо береги
    Тогуз жамбы момундай
    Алып эми барыптыр
    Ошо кезде береги
1795   Алдым дагы бердим деп
    Муну айтып салыптыр
    Аны менен карасаң
    Көздөн кайым болуптур
    Кең ордонун ичинде
1800   Баарысы көрүп таңданды
    Баарысы көрүп жар калды
    Жарданбаса неткени
    Как ошондо береги
    Айран болуп кетти эми
1805   Азыркысын баарысын
    Айран болуп таңданып
    Турган экен жарданып
    Ал аңгыча караса
    Кудай бетин салбай кал
1810   Арта кылып тамаша
    Баарысы бата кылыптыр
    Айланайын жараткан
    Оңдоп эми берсин деп
    Оңдоп берсе кыргызга
1815   Чоңдоп эми берсин деп
    Тилегендин баарысы
    Бул бала менен келсин деп
    Жакшылык эми консун деп
    Жалпы эми момундай
1820   Адамзатка болсун деп
    Баарысы бата кылыптыр
    Ошо кезде береги
    Жооруй албай таңданып
    Мына ошондо береги
1825   Жооруганга жарданып
    Эми баарысы жолго салганы
    Ошо кезде баарысы
    Эми жүрүп калганы
    Мына ошондо сурасаң
1830   Атаңдын көрү дүнүйө
    Ээ ошо кезде эр Жакып
    Мына ошондо сурасаң
    Ээ жана адамдан кайтпа деп
    Ичиңе баарын сакта деп
1835   Дубанаң айткан кеби деп
    Мына ошондо калайык
    Баарына болсун эби деп
    Ата кокуй дүнүйө
    Ошо кезде жанагы
1840   Атаңдын көрү эр Жакып
    Баарысынын өзүн-өзүнө
    Бала сөзүн алыптыр
    Келген эми жерине
    Баарысы гана тарап калыптыр уу
1845   Оо андан бери карата
    Эчендеген күн өттү
    Эчендеген түн өттү
    Мына ошондо жанагы
    Байбиченин баласы
1850   Боюна эми бүтүптүр
    Тар курсагы чоюлуп
    Эки көзү коюлуп
    Мына ошондо жанагы
    Кыймылга бала кириптир
1855   Ошо кезде сураса
    Ээ мунусу мындай болуптур
    Так ошондо береги
    Аны андай коюп тур
    Ошореки Кытайдын
1860   Кабарынан угуптур
    Мына ошондо чын Кытай
    Анын дайын сурасаң
    Кечээ күнү жанагы
    Эчендеген зыйкырчы
1865   Эчендеген балчылар
    Эчендеген дарчылар
    Эчендеген сынчылар
    Эчендеген ырчылар
    Баарысы билип алыптыр
1870   Мына ошондо жанагы
    Тарап кеткен буруттан
    Бурут деген бу журттун
    Эрен келет, эр келет
    Белгилүү тууган шер келет
1875   Как ошондо жанагы
    Манас деген бир бала
    Туулат экен деп угуп
    Ата кокуй дүнүйө
    Ошо кезде сынчылар
1880   Сынынан билип алыптыр
    Аны менен сурасаң
    Айран азыр калыптыр
    Мына ошондо буруттан
    Кудай бетин салбай кал
1885   Алда арышканын куруткан
    Эрен туулат, эр туулат
    Белгилүү тууган шер туулат
    Как ошондо жанагы
    Ээ ушуреки Бейжинге
1890   Атаңдын көрү дүнүйө
    Көлөкөсүн тийгизет
    Эми кандыгын келип билгизет уу
    Өткөндөн аңга түштү деп
    Кеткенден алат кекти деп
1895   Так ошондо бул бала
    Мына ошондо эр болот
    Ата кокуй дүнүйө
    Кара көк жал, шер болот
    Жалданып киргенде
1900   Алдынан гана пенде да тоспойт деп уу
    Жалды арыстан окшойт деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Эчендеген азамат
    Аркасынан коштойт деп
1905   Ошо кезди Бейжиндин
    Чоң мүшкүлдү салыптыр
    Кабарын угуп алыптыр
    Ошо кезде жанагы
    Аты Манас болот деп
1910   Алышканын соёт деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Өз атын өзү чакырып
    Ураан кылып чыгат деп
    Ак калпак Кыргыз алашты
1915   Тууган кылып чыгат деп
    Мына ошондо береги
    Бардык менен батырып
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Алышканын качырып
1920   Батыра чаап, баш алган
    Өпкө жарып, өт алган
    Кара сууга кан куйган
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Суу ич десең, уу ичкен
1925   Мына ошондо береги
    Кан ордуна жин төккөн
    Ата кокуй дүнүйө
    Бөрк ал десе баш алган
    Өткүр бала болот деп
1930   Алышкандын түбүнө
    Эткир бала болот деп
    Ошо кезде Бейжинди
    Кечээ эсебин алдың өзүнөн
    Барып эми момундай
1935   Аяр алык айтыптыр
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ошореки аярлар аялардын айынан
    Эми Кыргыз гана мүшкүл тартыптыр уу
    Кыргызга мүшкүл салыптыр
1940   Туутпай эми алам деп
    Так ошондо жанагы
    Боз катындын баарысын
    Болбой ичин жарам деп
    Боздоткон экен Кыргызды
1945   Жаткан жерден ошондо
    Эми козготкон экен Кыргызды уу
    Так ошондо Кыргызга
    Кыямат мүшкүл, чоң мүшкүл
    Ошо атаң Манас кабылан
1950   Туулалек кезинде
    Так ошондо билинген
    Эл көзүнө илинген
    Кечээ күнү сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
1955   Чоң мүшкүлдү салганда
    Эчен ирет Кытайдын
    Алдына эми барыптыр
    Көп жалынып көп Кыргыз
    Ошол өлгөнүнөн калганы
1960   Минтип эле аман калыртыр уу
    Самарканда чоң эшен
    Чоң эшендин баласы
    Ошо тогузга келген даанасы
    Аты Жар Манас деген баланы
1965   Мына ошондо Бейжиндик
    Сынчыларга сынатып
    Кармап алган кези экен
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Туулган ушу Манасың
1970   Туура кармап алдык деп
    Мына ошондо кыргызга
    Чоң мүшкүлдү салдык деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ошо кезде береги
1975   Кытайдын жаны басылган
    Ошондо Кыргыздын күнү ачылган уу
    Эми жайын сураса
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Аңгемени кураса
1980   Кечээ ай артынан күн өтүп
    Түн караңгы түн өтүп
    Ошо кезде береги
    Байбиченин боюна
    Талгак кирип алыптыр
1985   Талгак кирип калганы
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ак тасманы жайнатып
    Багылаң козу, ширин баш
    Бор кайнатып таштатып
1990   Кызык оюн баштатып
    Оюн кылса карабайт
    Башка тамак жарабайт
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Жесем деп жолборс жүрөгүн
1995   Андан бөлөк самабай
    Жетпей жолборс жүрөгү
    Жинди болуп байбиче
    Жеригинен жүдөдү
    Өөдө болсо бүгүлүп
2000   Атаңдын көрү дүнүйө
    Эки кара сан ооруп
    Бүткөн бойдун баары ооруп
    Кыймылдаса жанагы
    Тар курсагы чоюлуп
2005   Атаңдын көрү дүнүйө
    Белдин баары чоюлуп
    Ата кокуй нетем деп
    Жаным чыгып кетем деп
    Чына жалым жетем деп
2010   Эмин кандай күн көрөм?
    Деп ошондо сабылып
    Мына ошондо жанагы
    Бар-бардигер Кудайга
    Ошо кезде жалынып
2015   Эми байбиче түшүп убайга
    Ошо кезде туруптур
    Амалы кетип куруптур
    Мына ошондо жанагы
    Айылдагы жандарга
2020   Тың чыккан ушул балдарга
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Көзгө атар ушул мергенге
    Эчен деген келгенге
    Мына ошондо эр Жакып
2025   Эми жолборс атып келсеңер
    Каалаганың берем деп
    Дегениңе көнөм деп
    Мына ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
2030   Азыр түзүн түздөтүп
    Мына ошондо жолборсту
    Эми Жакып издетип
    Издеткен экен момундай
    Эчен жерди кыдыртып
2035   Эчен жерди сыдыртып
    Баскан экен момундай
    Эчен деген дабанды
    Ашкан экен момундай
    Эми ашып жүргөн кезинде
2040   Ошо кезде кыдыртып
    Басып жүргөн кезинде
    Как ошондо сураса
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Мына ошондо жанагы
2045   Жолборс гана жолдон да табылбай уу
    Акыл гана кетип да калды алдырап
    Амал кетип жалдырап
    Айласы гана жаман да түңүлгөн
    Мына ошондо дүнүйө
2050   Ошо кезде жанагы
    Жети мерген барыптыр
    Жетөөң эми жабылып
    Алтын Көлдүн жээгинен
    Аярлуу тоонун белинен
2055   Ошо кезде сурасаң
    Ошореки чоң ашуу
    Чоң ашуунун өзүнөн
    Жалгыз өтмө чубама
    Как ошондо жанагы
2060   Текеликтин белинен
    Как ошондо сураса
    Текелүү кара белдеген
    Ошо кезде береги
    Кайберен басып эрдеген
2065   Ошо текелүүнү белинен
    Мына ошондо жанагы
    Шерди атып алыптыр
    Шерди атып момундай
    Алып келип калыптыр
2070   Шердин этин байбиче
    Талап-булап жегени
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Эми талгагы канды дегени
    Анысына караса
2075   Эрен тууган бай Жакып
    Жети жорго мингизди
    Мына ошондо береги
    Ошо кезде эр Жакып
    Сый урматын билгизди
2080   Мына ошондо береги
    Дилде чапан кийгизди
    Тай туяктан жамбыдан
    Жетеле жетип эриптир
    Минтип сыйлап келиптир
2085   Ошо кезде сураса
    Атаңдын көрү байбиче
    Шердин этин жегенде
    Мына ошондо сураса
    Жети күнү болуптур
2090   Жети күнгө толуптур
    Жети күнү болгондо
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Мына ошондо жанагы
    Баягы ак күлөлүү дубана
2095   Өзү кызыр эмеспи
    Байбиченин ордого
    Келген экен коргоого
    Эми келип кеп айтат
    Ой байбиче деп айтат
2100   Көк Теңирдин буйругу
    Мына ошону береги
    Ошо кезде асманга
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Мына ошондо ылдам бат
2105   Эми түшүп келдим деп
    Көк Теңирдин буйругу
    Ошо кезде аткарып
    Мына ошондо келдим деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
2110   Шердин этин жедиң деп
    Мына ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Анысы жерден болду деп
    Аныгың элден болду деп
2115   Эми Көктөн алгың деп
    Аны менен талгагың
    Такыр жоюп салгың деп
    Ошо кезде береги
    Шер этинен токсондун
2120   Өзүн атып келсе да
    Андан эми канча артык
    Будайыкты жанагы
    Алп каракуш өтүнөн
    Андан эми канча артык
2125   Атаңдын көрү дүнүйө
    Жетүү башты ажыдаар
    Ажыдаардын өзүөн
    Как ошондо береги
    Токсон тогуз артыкча
2130   Мына ошондо жаралган
    Жараткандын бир өзү
    Так ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Мына ошондо береги
2135   Туяш пилдин өзүнө
    Токсонунун жүрөгү
    Так ошондо алса да
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ажыдаар, жолборсту
2140   Мына ошондо береги
    Тогуз чызым баарысын
    Кырып эми салса да
    Алдыңа келип берсе да
    Андан эми канча артык
2145   Атаңдын көрү дүнүйө
    Баарынан эми артыкча
    Көк Теңирдин бир өзү
    Жасап эми берди деп
    Ак күлөлүү дубана
2150   Өзү кызыр өзүңө
    Эми алып келди деп
    Мына ошондо белгилеп
    Баса айтып ырымдап
    Азыркысын карасаң
2155   Атаңдын көрү дүнүйө
    Кумбу десең ушуну
    Эттей болуп дамданат
    Этпи десең ушуну
    Как ошондо береги
2160   Мына ошондо башкача
    Даамы айран болуучу
    Бир башкача момундай
    Как ошондо толуучу
    Атаңдын көрү дүнүйө
2165   Канбы десе жанагы
    Бал шириндин өзүндөй
    Бал ширин десе жанагы
    Как ошондо береги
    Тилге келбес даамы бар
2170   Атаңдын көрү дүнүйө
    Бозоруп турган алы бар
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Байбиче муну кабылан
    Деп ошондо жанагы
2175   Байбичеге бергени
    Байбиче эми жегени
    Ошо кезде жанагы
    Жеген эмес эгери
    Тогуз күнү жатыптыр
2180   Уйкугу башы катыптыр
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Он эки күнү болгондо
    Араң эми байбиче
    Ойгонгон экен уйкудан
2185   Ошо кезде жанагы
    Мына ошондо байбиче
    Тилге кирип алыптыр
    Тил күргөлүү момундай
    Дилге кирип алыптыр
2190   Ошо кезде байбиче
    Талгагы эми каныптыр
    Талгагы канып туруптур
    Мына ошондо жанагы
    Ай артынан күн өтүп
2195   Түн караңгы түн өтүп
    Мына ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Өөдө болсо бүгүлүп
    Ата кокуй байбиче
2200   Мына ошондо жанагы
    Алып жашы төгүлүп
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Боюндагы балага
    Ыраазы болуп момундай
2205   Мына ошондо жанагы
    Карабай эми санаган
    Ата-баба арбакка
    Басып-туруп турганда
    Так ошондо сабылып
2210   Колдой көр деп жалынып
    Жараткандын өзүнө
    Мына ошондо береги
    Агылып жашы төгүлүп
    Ошо кезде жанагы
2215   Атаңдын көрү дүнүйө
    Тогуз айга толуптур
    Тогуз күнү болуптур
    Толгоо кирип калыптыр
    Курсагына байбиче
2220   Оңдоо кирип калыптыр
    Ошо кезде жанагы
    Кара Кытай чынмачын
    Мына ошондо жанагы
    Туюнуп калса бекер деп
2225   Атаңдын көрү дүнүйө
    Туюп калса кокустан
    Түбүнө эми жетээр деп
    Ошо кезде жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө
2230   Кыргырынын баарына
    Күнчилик жердин өзүнө
    Тогуз кабат туш тушка
    Катарлатып байбиче
    Билип эми ккалганда
2235   Мына ошондо нетет деп
    Ата кокуй түгөнгөн
    Эми түккө жетет деп
    Айылдагы балдарга
    Ишеничтүү жандарда
2240   Как ошондо катарлап
    Каргоолунан койдурду
    Карылуу мынча болдурду
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Алыстан эми Кытайлык
2245   Көрүнүп калса кокустан
    Чаап айтып келгиле
    Мына ошондо жанагы
    Көчө конуп кетпесе
    Так ошондо аларды
2250   Атаңдын көрү дүнүйө
    Түбүнө түгөл жетпесин
    Түгөл кырып кетпесин
    Колдон тартып албасын
    Козголоңду салбасын
2255   Деп ошондо жанагы
    Ата аралы мындай койдурду
    Мунусун мындай болдурду
    Ошо кезде береги
    Толгоо кирип калыптыр
2260   Таң агарып атканда
    Тараза жылдыз батканда
    Сурпа жылдыз суюлуп
    Жерге жарык чачканда
    Байбиченин жанагы
2265   Ооруган жери басылбай
    Жумган көзү ачылбай
    Козголгон сайын ыйынып
    Мына ошондо жанагы
    Туралбай тура жыгылып
2270   Атаңдын көрү дүнүйө
    Долоно түбүн карманып
    Жаратканга жалбарып
    Табылгы түбүн карманып
    Чын Кудайга жалбарып
2275   Атаңдын көрү дүнүйө
    Ошо кезде береги
    Өөдө болсо бүгүлүп
    Мына ошондо жанагы
    Шилбинин түбүн карманып
2280   Ошо кезде береги
    Ата-бабаң арбакка
    Так ошондо жанагы
    Айланайын жараткан
    Деп ошондо бүгүлүп
2285   Бүгүлүп жашы төгүлүп
    Аман-эсен төрөсөм
    Так ошондо болду деп
    Мына ошондо береги
    Басаң айтып белгилеп
2290   Ал ансайын эр Жакып
    Асар башыл кой айтып
    Ай туякка бээ айтып
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Мына ошондо береги
2295   Төө баштаган төрт тогуз
    Ошондо ырымын айтып турду эми уу
    Ырымын мындай кылды эле
    Ээ ошо кезде байбиче
    Ал ансайын бүгүлүп
2300   Мына ошондо жанагы
    Бала катуу чиресе
    Белдемчин бүгүшү
    Беш жеринен үзүлүп
    Байбиче келди сүзүлүп
2305   Ээ умай эне улукман
    Колдой көр деп улуктан
    Ээ так ошондо сабылып
    Жараткандын өзүнө
    Оо жайдай басып багылып
2310   Атаңдын көрү дүнүйө
    Ээ бөгүп жашы төгүлүп
    Мына ошондо көрүнүп
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ал ансайын байбиче
2315   Ээ так ошондо жанагы
    Атаңдын көрү чоң ордо
    Чоң ордонун ичинде
    Нелер бар, да нелер жок
    Кара-Суунун үстүндө
2320   Нелер бар да, нелер жок
    Ээ бөгүп жашы төгүлөт
    Мына ошондо байбиче
    Көздүн жашы көл болуп
    Атаңдын көрү дүнүйө
2325   Ээ көл дарыя сел болуп
    Атаңдын көрү курган жан
    Ээ ата-баба да арбагы уу
    Ушу катының эми төрөтүп
    Бир ажалы дечи эле
2330   Ажалым жетип кетпесин
    Ушу курган жаным өтпөсүн
    Чымындай жаны чыркырап
    Кайран энең буркурап
    Ошо кезде жанагы
2335   Жыйырма-төрт катын жабылып
    Как ошондо келиптир
    Кол аягын алышып
    Эми жардам бериптир
    Ээ так ошондо жанагы
2340   Эки күнгө толгондо
    Эси кетип байбиче
    Үчүнчү күнү болгондо
    Үшү кетти байбиче
    Төртүнчү күнү болгондо
2345   Төрдөн кетти байбиче
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Көргө жакын жетиптир
    Көрөөр күнү бүл болуп
    Умай эне, улукман
2350   Уялбай ичин оңдотуп
    Кайра-кайра комдотуп
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ат бериштен ат арбак
    Деп ошондо жабылып
2355   Энелердин арбагы
    Ээ колдой көрө деп сабылып
    Ошо кезде береги
    Жан арбактын баарысы
    Так ошондо чакырып
2360   Уулу тата бурукка
    Эми колдой көргүн деп
    Ээ бешиничи күнү болгондо
    Ошо кезде береги
    Ээ жел кайыптын баарысын
2365   Козгоп турган кези экен
    Ээ кайран энең Чыйырды
    Боздоп турган кези экен
    Алты күнү болгондо
    Бул ааламдын баарысын
2370   Оо мына ошондо жанагы
    Байлап турган кези экен
    Кайран энең Чыйырды
    Так ошондо береги
    Ээ үнүн баспай ботодой
2375   Сайрап турган кези экен
    Ээ жети күнү болгондо
    Ээ жер Эне, жел кайып
    Жел кайыптын баарысы
    Жетип турган кези экен
2380   Атаңдын көрү дүнүйө
    Сегиз күнү болгондо
    Ээ мына ошондо жанагы
    Отуз жүз миң ааламда
    Оо кайп пирдин баарысы
2385   Колдоп келип толгондо
    Тогуз күнү болгондо
    Тогуз кабат асманда
    Эми уулу гана күчтөр да толгондо уу
    Атаңдын көрү дүнүйө
2390   Ошо кезде береги
    Ата кокуй дүнүйө
    Он эки катын бир жакта
    Он эки катын бир жакта
    Оңдой көргүн Теңир деп
2395   Оо чоңдоп бергин эми деп
    Ошо кезде сабылып
    Кыл арканын тартышып
    Ээ мына ошондо жанагы
    Билген эми ырымын
2400   Балдырашып айтышып
    Бүбү менен бакшысы
    Жаман менен жакшысы
    Жыйылып келди этине
    Жарашып келди бетине
2405   Атаңдын көрү дүнүйө
    Билген эми ырымын
    Ошол кезде кылышты
    Баарысы эми жабылып
    Мына минтип турушту
2410   Булар минтип турганда
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Амалы кетип турганда
    Ошо кезде Кыргыз сурасаң уу
    Эми Жакып кеп айтат
2415   Башка чукак жан элем
    Ээ баланын үнү чыкканда
    Эстен танып калбайын
    Эстен тандың акем деп
    Шылдың болуп албайын
2420   Деп ошондо эр Жакып
    Айылдан алыс кетейин
    Жылкыны көздөй жетейин
    Бу жерге туруп нетейин?
    Деп ошондо жанагы
2425   Кыл аркан керме шарбаты
    Кырк кара боз быштыны
    Кыдырата байлатып
    Эркек болсо жанагы
    Жылкыдан минип алыңар
2430   Талааны көздөй чабыңар
    Талаадан мени табыңар
    Эртерээк эми барганың
    Сүйүнчүнү алыңар
    Кыз болсо үйдө калыңар
2435   Эми кыймылдаба баарыңар уу
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Деп ошондо нетиптир
    Мына ошондо жанагы
    Эми таланы көздөй кетиптир
2440   Азыркысын караса
    Тогуз күнү толуптур
    Туур күнү болуптур
    Туур күнү болгондо
    Ай кайын айтып жоюлуп
2445   Мына ошондо байбиче
    Тар курсагы чоюлуп
    Кара жерди чиренип
    Чиреген жери жанагы
    Аркан боюу аң болуп
2450   Көргөндөрдүн баарысы
    Кадимкидей таң болуп
    Колтугунан тарткын деп
    Так ошондо жанагы
    Эми бутун карма деп
2455   Атаңдын көрү дүнүйө
    Азыркысын жанагы
    Бар ырымын айткын деп
    Баркырашып турушту
    Суу челегин чачкын деп
2460   Так ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ырымы бар ырыстуу
    Ээ ырымын мындай кылдырып
    Атаңдын көрү дүнүйө
2465   Ээ так ошондо турду эле
    Мына мындай кылды эле
    Ал аңгыча караса
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ээ толгон кайып толгондо
2470   Толгоосу мынча болгондо
    Умай эне, Улукман
    Ошо кезде сурасаң
    Уруксат болуп Улуктан
    Эми жетип келиптир
2475   Оо жеткенде эми баланы
    Мына ошондо жанагы
    Чыккын деп эми жемелеп
    Айтып эми салганы
    Баланы эми чапкылап
2480   Так ошондо калганы
    Мына ошондо жанагы
    Жанбашына кол салды
    Мына ошондо жанагы
    Улуулукка жол салды
2485   Аны менен сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ошо кезде береги
    Умай эне колу деп
    Ошо кезде жанагы
2490   Жанбашта тагы калыптыр
    Ошо кезде бул бала
    Мына ошондо жанагы
    Чыгаарга жакын барыптыр
    Барып туруп кеп айтат
2495   Ырысым кайда деп айтат
    Анда туруп кеп айтат
    Ырысың сенин элде деп
    Ырысың эми жерде деп
    Так ошондо береги
2500   Элим кайда деп айтат
    Элиң эми бир өзү
    Ушу Кыргыз деп айтат
    Как ошондо сурасаң
    Эртерээк эми баргын деп
2505   Энеңди эми кыйнабай
    Эми чыгып алгын деп
    Так ошондо жанагы
    Урунттун колун сүздүрүп
    Урунт жакка кеткин деп
2510   Эртерээк эми жеткин деп
    Так ошондо неткени
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Чаап айдап кеткеи
    Чаап айдап алганда
2515   Как ошондо жанагы
    Карынды катуу сүзгөнү
    Эки колун толтура
    Эми бала кан чеңгелдеп түшкөнү
    Эми кан чеңгелдеп түшкөндө
2520   Мына ошондо баланын
    Чочогу чыкты чормоюп
    Так ошондо жанагы
    Ушуну көрүп алганда
    Байбиче кулап кетти сороюп
2525   Ал аңгыча караса
    Аркасында баланын
    Айдай кара жалы бар
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Баркырап чыккан үнү бар
2530   Ажыдаардай сүрү бар
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Оозун ачып карасаң
    Эки чыккан азуу бар
    Атаңдын көрү дүнүйө
2535   Оң бөлтөктүн астында
    Алакан ачып карасаң
    Ошондо Манас деген жазуу бар уу
    Аш бышымдай туруптур
    Манас деген жазуусу
2540   Так ошондо жок болду
    Катындардын баарысы
    Чуркурашып токтолду
    Ал аңгыча караса
    Атаңдын көрү дүнүйө
2545   Так ошондо неткени
    Жандалбастап баарысы
    Байбичеге жеткени
    Байбичеге барыптыр
    Марту басып кетти деп
2550   Эстен танып кетти деп
    Как ошондо жанагы
    Эс алдырып алыптыр
    Азыркысын караса
    Ырымын айтып баарысы
2555   Далбырашып калышты
    Ал антишип турганда
    Булар мындай кылгында
    Ээ так ошондо турганда
    Ырымын мындай кылганда
2560   Мына ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Байбиче эсин жыйганы
    Эсин жыйып турганы
    Кана эми бала деп
2565   Байбиче колун сунганы
    Бала менен иши жок
    Карап койгон киши жок
    Бала жатат бул жерде
    Азыркысын караса
2570   Эмгиче балаң албай деп
    Как ошондо калганы
    Балага жакын барганы
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Алты катын жабылып
2575   Көтөрө албай калганы
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Көзү тийип кетет деп
    Мына ошондо береги
    Азыр айтып этектеп
2580   Ошол кезде Бакдөөлөт
    Этегине салганы
    Ата кокуй дүнүйө
    Баскан жерден момундай
    Жерге буту кириптир
2585   Салмагы эми баланын
    Касиетин билиптир
    Ошо кезде баланы
    Как ошондо караса
    Атаңдын көрү дүнүйө
2590   Жан-жанында жайланып
    Ажыдаар турат айланып
    Мына ошондо жолборс
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ошо кезде сур жылан
2595   Мына ошондо береги
    Азыркысын мар жылан
    Ошолордун баарысы
    Арыслан, жолборс, шери бар
    Тегеректеп курчаган
2600   Мына ошондой жери бар
    Аркасында кырк бөрү
    Ээрчип жүргөн кези бар
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Алп каракуш, зымырык
2605   Төбөдөн бутун салыптыр
    Колдогону кырк чилтен
    Кошо колдоп алыптыр
    Жигиттин пири Шаймерден
    Баланын эми башына
2610   Жакын келип алыптыр
    Баталап эми калыптыр
    Так ошону көргөндө
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Мына ошондо байбиче
2615   Баланы эми алганы
    Майдан алып келгин деп
    Ырымын эми кылып жасады
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Үч карындын майынан
2620   Эми үч салгандан ашат уу
    Оорунан алыптыр
    Оң эмчегин салыптыр
    Мына ошондо береги
    Үзө жаздап байбиче
2625   Өлө жаздап калыптыр
    Адегенде уз чыкты
    Андан кийин сүт чыкты
    Андан кийин кан чыкты
    Чыдай албай энеңден
2630   Так ошондо жан чыкты
    Чыгарып алып эмчекти
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Чегелмеш союп ошондо
    Элге гана берди да жентектеп
2635   Ошо кезде береги
    Ошо кезде баланы
    Колдогону кырк-тогуз
    Колтугунда чамынат
    Жөлөгөнү кырк-тогуз
2640   Жайдай басып камынат
    Баркырап бала ыйласа
    Оозун тартып жыйнаса
    Отуздагы кишидей
    Оң бутун тартып алганы
2645   Так кырктагы кишидей
    Колун тартып алганы
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Мына ошондо баланын
    Бар экенго салмагы
2650   Ата кокуй байбиче
    Кете турган дарманы
    Ошо кезде береги
    Маңдайы жазы, башы кууш
    Бар боюнда турат туш
2655   Корт-корт тумшук, кош кирпик
    Көркү калча, көзү тик
    Дагы аягы, жазы
    Ээги узун, көзү курч
    Эримин эми көрүнөт
2660   Алакан жазык, колу ачык
    Шеримин өзү көрүнөт
    Бир мүчөлүү адырек
    Аттанып чыкса жол ачык
    Алакан жазык, кол тачык
2665   Ошондо бар мүчөсү көрүнөт
    Бил мүчөлүү чоң дене
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ушундай бала зор беле
    Аркасында жалы бар
2670   Оң далынын астында
    Алакандай калы бар
    Эки чыккан азуу бар
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Эми баланын жайын билип ал уу
2675   Жакындап жандар келе албай
    Жакын келип көрө албай
    Качкандан нары андан
    Көп үнү чыкса баркырап
    Акылынан аң-таңдап
2680   Эми шашкан жандар андан көп уу
    Баланын гана жайы момундай мм
    Оң бөлтөктүн астында
    Манас деген жазуу бар
    Атаңдын көрү дүнүйө
2685   Азыркысын билип ал
    Ушуреки береги
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Көргөндөрдүн баарысы
    Акыл болду айрандап
2690   Атаңдын көрү таң болду
    Мына ошондо топтолгон
    Кыйла кыйын жан
    Көргөн катын кеп айтат
    Мына ошондо береги
2695   Көмүскө сөзүн эми айтат
    Өткөндөн өчтү алар деп
    Кеткенден кетти алар деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Аккан жашын Кыргыздын
2700   Тыяр бала болоор деп
    Чачылганда Кыргызды
    Жыяр бала болоор деп
    Топтолгондо Кыргызды
    Толоор бала болоор деп
2705   Атаңдын көрү дүнүйө
    Бары жогун билип
    Эми болоор бала болоор деп уу
    Эрен болоор, эр болоор
    Эми телегейи тең болоор
2710   Аман бала чоңойсо
    Эми шай колдогон шер болоор
    Ааламда мындай жок болоор
    Айбаттанып киргенде
    Акпай гана дайра аа токтолоор
2715   Деп ошондо жанагы
    Эми баарысын айтып турушту

American University of Central Asia
7/6 Aaly Tokombaev Street
Bishkek, Kyrgyz Republic 720060

Tel.: +996 (312) 915000 + Еxt.
Fax: +996 (312) 915 028
AUCA Contacts