Doolot Sydykov - Transcription Two
D2
Doolot Sydykov, 'Birth of Manas', recorded 22 February 2018
Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available here]
Transcription below by Alymkan Jeenbekova
| Ээ жасабаса жараткан | ||
| Бүтүнүндө чара жок | ||
| Жараткан бүтүн берген соң | ||
| Бөлөрүнө ала жак | ||
| 5 | Кечээ күнү эр Жакып | |
| Кырк сегизге барса да | ||
| Аталап чыгар бала жок | ||
| Эки катын алыптыр | ||
| Эки катын түп туубай | ||
| 10 | Бала көрбөй калыптыр | |
| Как ошондо кайгырып | ||
| Капаланып туралбай | ||
| Өөдө ооп эр Жакып | ||
| Эми ишке чыгалбай | ||
| 15 | Өөдө болсо бүгүлүп | |
| Мына ошондо Жакыпка | ||
| Кыямат жакын көрүнүп | ||
| Өлгө барса көбү айтат | ||
| Куу баш болду деп айтат | ||
| 20 | Эки бирдей катыны | |
| Туубас болду деп айтат | ||
| Баланы көрсө жашыптыр | ||
| Элди көрсө эр Жакып | ||
| Жашынып үйдө жатыптыр | ||
| 25 | Наалыш кылып курушум | |
| Кудай менен урушуп | ||
| Наалыш сөзүн айтыптыр | ||
| Как ошондо эр Жакып | ||
| Үнү бою балкыптыр | ||
| 30 | Чыйпылдатып чымчыкка | |
| Эми бала бердиң деп | ||
| Коркулдаган доңузга | ||
| Бугада бала бердиң деп | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| 35 | Төрт түлүктү макулук | |
| Жыланда болсо жырткычтыр | ||
| Ага да бала бердиң деп | ||
| Мына ошонун баарынан | ||
| Мен курган Жакып киммин деп | ||
| 40 | Неликтен жазып койдум деп | |
| Айланайын жараткан! | ||
| Тирүүлөй кыйнап сойдуң деп | ||
| Эртең көзүм жумулса | ||
| Аталап мени жокторго | ||
| 45 | Артымда дүйнө топторго | |
| Уулу жолун уларга | ||
| Изим басып сурарга | ||
| Зыйнатыма турарга | ||
| Чымчып топо саларга | ||
| 50 | Жалгыз туяк болсо деп | |
| Ата кокуй бу дүйнө! | ||
| Ата деген ушундай | ||
| - деп ошентип аларга | ||
| Артыман улап каларга | ||
| 55 | Эл ичинде жүрөргө | |
| Элдир-селдир эс берип | ||
| Мына ошондо жараткан | ||
| Бир туяктан кем кылдың | ||
| Тирүү жүрсөң сандалып | ||
| 60 | Бир баладан кем кылдың | |
| Айланайын жараткан | ||
| Ушунун баарын сен кылдың | ||
| Болбосо неден жаздым деп | ||
| Атанын жолу бүтөбү | ||
| 65 | Ээсиз калган сан кара | |
| Кара кытай Чымачын | ||
| Ушуреки көп адам | ||
| Бардык менен түтөбү | ||
| Артыңда туяк болбосо | ||
| 70 | Тумшугуңдун катканы | |
| Туураланып жатканы | ||
| Артыңда туяк жок болсо | ||
| Адырда жылкы алты сан | ||
| Айдаса бир күн доолуку | ||
| 75 | Кыйкырса бир күн жоолуку | |
| Как ошондо береги | ||
| Ээсиз алган малымды | ||
| Эл айдатып түгөтөр | ||
| Муну менен күн өтөр | ||
| 80 | Күн өткөн соң ушунча | |
| Дүнүйөнү ким күтөр | ||
| - деп ошондо эр Жакып | ||
| Как ошондо кайгырып | ||
| Тураланып алыптыр | ||
| 85 | Тукумду туура күтө албай | |
| Как ошондо наалыптыр | ||
| Өөдө болуп коп албай | ||
| Эми Жакып туралбай | ||
| Тумшугу туура катыптыр | ||
| 90 | Туйгуну Жакып момундай | |
| Ээ баладан көзү катканы | ||
| Ошо кезде Жакыбың | ||
| Наалыш кылып Теңирге | ||
| Теңдеп датын айтканы | ||
| 95 | Как ошондо эр Жакып | |
| Ошо кезде сурасаң | ||
| Буру токой белинде | ||
| Бураган тоонун кээгинде | ||
| Үч эмбек тоонун оюна | ||
| 100 | Азыркысын караса | |
| Ошо кезде Жакыптын | ||
| Алтыны алты там болгон | ||
| Эсепсиз Жакып бай болгон | ||
| Мына ошондо күмүшү | ||
| 105 | Туура жети там болгон | |
| Кураган Жакып бай болгон | ||
| Эсепсиз калган санкара | ||
| Так ошондо жылкысы | ||
| Кырк миңге барып толуптур | ||
| 110 | Кыйраталык болуптур | |
| Ошол кезде жылкынын | ||
| Эсебин барып алыптыр | ||
| Эстеп жолго салыптыр | ||
| Как ошондо эр Жакып | ||
| 115 | Эми келип калды деп | |
| Жылкычысы Балдабай | ||
| Кысыр эмди тай союп | ||
| Мына ошондо бай коюп | ||
| Этин тартып олтуруп | ||
| 120 | Тамагын тартып олтуруп | |
| Улуу сөздөн куурашып | ||
| Аңгемелүү кеп кылып | ||
| Санжыралуу кеп кылып | ||
| Эми жолго салды эле | ||
| 125 | Күүгүм кире күн бата | |
| Аттанып жүрүп алды эле | ||
| Аттанып жүрүп алганда | ||
| Кайра үйүнө салганда | ||
| Мына ошондо береги | ||
| 130 | Күн эңкейген бешимде | |
| Күүгүм кире кечинде | ||
| Алды жагын сураса | ||
| Как ошондо бурул токой өзүндө | ||
| Мына ошондо эр Жакып | ||
| 135 | Келе жатса кечинде | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Асмандан добуш угулду | ||
| Добушун угуп эр Жакып | ||
| Тура кетип жыгылды | ||
| 140 | Баш айланып көз чыгып | |
| Кеткениндей болду эми | ||
| Эми ажал Жакыпка | ||
| Жеткениндей болду эми | ||
| Асмандан добуш үн чыкты | ||
| 145 | Айланайын эр Жакып | |
| Алдыгы жерге тура тур | ||
| Айтканымды уга тур | ||
| - деп ошондо Жакыбың | ||
| Азыркысын караса | ||
| 150 | Кээде эске келе алса | |
| Кээде эске келе албай | ||
| Кээде тилге келе алса | ||
| Кээде тилге келе албай | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| 155 | Мына ошондо Жакыптын | |
| Бурул токой маңдайдан | ||
| Как ошондо караса | ||
| Ак чубалып көрүндү | ||
| Ак чубалып көрүнсө | ||
| 160 | Үстү жагы дөө келет | |
| Жер бетине не келет | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Абалкысын сурасаң | ||
| Так ошондо кыргыз кан | ||
| 165 | Мына ошондо угуз кан | |
| Сактан, Түмөн атаңыз | ||
| Мына ошондо атаңыз | ||
| Как ошондо береги | ||
| Бастырып жолго салыптыр | ||
| 170 | б/дэр атаңдын алдынан | |
| Эми чыга калыптыр | ||
| Ошолордун баарысы | ||
| Алдына келди Жакыптын | ||
| Андан кийин артынан | ||
| 175 | Эр Жакыптын момундай | |
| Өтүп кеткен жанагы | ||
| Ороздун эми атасы | ||
| Андан кийин береги | ||
| Караган болгон бабасы | ||
| 180 | Ногой болуп момундай | |
| Как ошондо бубасы | ||
| Ары жагын сурасаң | ||
| Как ошондо береги | ||
| Мына ошондо Балакан | ||
| 185 | Ошол экен кубасы | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Ак Жолтой экен жетеси | ||
| Ата кокуй дүнүйө! | ||
| Сан колдой экен түбү деп | ||
| 190 | Мына ошондо Бөйөкан | |
| Азыркысын Чаякан | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Тараган ушу кыргыздан | ||
| Тогуз бирдей атасы | ||
| 195 | Келген экен Жакыпка | |
| Эч жерде жок катасы | ||
| Баары атасы кан өткөн | ||
| Баары журтка даң өткөн | ||
| Түп атасы кан өткөн | ||
| 200 | Түгүл журтка даң өткөн | |
| Эринин баары ээлигип | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Эрдин баары желигип | ||
| Эми келип туруптур | ||
| 205 | Ошол кезде эр Жакып | |
| Барып салам кылыптыр | ||
| Арыбаңыз аталар | ||
| - деп ошентип калганы | ||
| Саламын эми алганы | ||
| 210 | Бар бол эми балам деп | |
| Баары алкап калганы | ||
| Айланайын эр Жакып | ||
| Жараткандын өзүнө | ||
| Даатың барып өттү деп | ||
| 215 | Мына ошондо береги | |
| Бир Теңирдин өзүнө | ||
| Мууңуң барып жетти деп | ||
| Ушу кезде сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 220 | Мына ошондо жараткан | |
| Даатыңды угуп алды деп | ||
| Бизди жолго салды деп | ||
| Ушуреки береги | ||
| Түп атаң болот Түмөн деп | ||
| 225 | Башка атаң болот баары деп | |
| Жакшылап таанып алгын деп | ||
| Мына ошондо Угуз деп | ||
| Аркы атаң болот Кыргыз деп | ||
| Берки атаң болот Угуз деп | ||
| 230 | Как ошондо карасаң | |
| Сактан, Түмөн атаң деп | ||
| Ушулардан башталып | ||
| Күн тукумуң уланып | ||
| Как ошондо куралып | ||
| 235 | Узун кыргыз эл болгон | |
| Ушулардын баарысы | ||
| Жалгыз башын сурасаң | ||
| Сан элине тең болгон | ||
| Как ошондо береги | ||
| 240 | Алышкан душман кем болгон | |
| Жараткандын нурунан | ||
| Жаралган ушул эл болгон | ||
| Нур тукуму аталып | ||
| Жараткандан баш алып | ||
| 245 | Көчкөн элден экенбиз | |
| Уланып эми бул күнгө | ||
| Жеткен элден экенбиз | ||
| Ат үстүндө ойногон | ||
| Көчмөн элден экенбиз | ||
| 250 | Ак карлуу тоону жердеген | |
| Арстан элден экенбиз | ||
| Так ошондо момундай | ||
| Айтылса оозго тоолуучу | ||
| Дастан элден экенбиз | ||
| 255 | Айланайын эр Жакып | |
| Жараткандын буйругу | ||
| Эки болбойт өзүңө | ||
| Көрүндү эми көзүңө | ||
| Ушуреки баарыбыз | ||
| 260 | Баталап атып бүттү деп | |
| Бир өзүңдөн сурасаң | ||
| Аталап атып бүттү деп | ||
| Айланайын көк Теңир | ||
| Бизге ыраа көрдү деп | ||
| 265 | Өзүңө бала берди деп | |
| Мына ошондо сурасаң | ||
| Тогуз кабат асмандын | ||
| Ушу кезде сурасаң | ||
| Төбөсүнөн түшөт деп | ||
| 270 | Жети кабат кара жер | |
| Ыйыгынан бүтөт деп | ||
| Ушуреки жел кайып | ||
| Бир өзүнөн бүтөт деп | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 275 | Баары ырдаса кыргыз эл | |
| Барлык менен күтөт деп | ||
| Айланайын эр Жакып | ||
| Ырайымды кылдык деп | ||
| Жүзүбүздү бурдук деп | ||
| 280 | Аткарып эми турдук деп | |
| Ушуреки кыргызга | ||
| Бир өйүңдө кут келет | ||
| Бу кыргызга туш келет | ||
| Кыргызга эми келгени | ||
| 285 | Ааламга эми дем деди | |
| Ушуреки ааламдын | ||
| Калыстыгын орнотуп | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| Жалпы адамзат пендеге | ||
| 290 | Жаралган бала болот деп | |
| Айтылып оозго толот деп | ||
| Ушуреки жараткан | ||
| Жарлыгы менен келет деп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 295 | Түгөнөрдө кыргызды | |
| Түптөп чыгат бул бала | ||
| Чачылганда кыргызды | ||
| Жыйнап чыгат бул бала | ||
| Дем бүткөндө кыргызды | ||
| 300 | Күчтөп чыгат бул бала | |
| Кубатың артып өтөт деп | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Отуз жүз миң ааламга | ||
| К/ойбой салып кетет деп | ||
| 305 | Как ошондо жанагы | |
| Жакшылап эми күтүп ал | ||
| - деп ошондо жанагы | ||
| Алакан жазып калыптыр | ||
| Баталап эми алыптыр | ||
| 310 | Алакан жазып кол берип | |
| Айланайын жараткан | ||
| Мына ошондо берсин деп | ||
| Ошореки бул бала | ||
| Тогуз айдын өзүндө | ||
| 315 | Үйүнө эми келсин деп | |
| Аккан жашын кыргыздын | ||
| Тыйган бала болсун деп | ||
| Чачылганда кыргызды | ||
| Жыйган бала болсун деп | ||
| 320 | Как ошондо карасаң | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Этегиңди тос деди | ||
| Этегин Жакып тосуптур | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| 325 | Аталарды сураса | |
| Көккө колун созуптур | ||
| Көктөн эми жанагы | ||
| Чагылган түшүп бүркүрөп | ||
| Күн чайкалып ачылып | ||
| 330 | Асмандан эми нур түштү | |
| Как ошондо жанагы | ||
| Нурду эми алганы | ||
| Этегине Жакыптын | ||
| Как ошондо салганы | ||
| 335 | Ырымы болсун кыргыз туу | |
| Как ошондо жанагы | ||
| - деп ошондо баарысы | ||
| Баталап туруп калганы | ||
| Мына ошондо эр Жакып | ||
| 340 | Этегине салганы | |
| Боюна сиңип кетти эми | ||
| Мына ошондо неткени | ||
| Азыркысын эр Жакып | ||
| Батасын алып калыптыр | ||
| 345 | Как ошондо караса | |
| Караса көзгө илинбей | ||
| Кайда экени билинбей | ||
| Мына ошондо сурасаң | ||
| Кайып болду баарысы | ||
| 350 | Кайып болуп кеткени | |
| Жер жарылып закымдап | ||
| Жерге жарык жетти эми | ||
| Ошо кезде эр Жакып | ||
| Буулоолонуп буу чыгып | ||
| 355 | Таманынан суу чыгып | |
| Так маңдайдан бөлүнүп | ||
| Мына ошондо көрүнүп | ||
| Турган жерде катыптыр | ||
| Как ошондо эр Жакып | ||
| 360 | Ошол кезде таңында | |
| Эсине келип басыптыр | ||
| Эс-бас болгон эмедей | ||
| Как ошондо кеңгиреп | ||
| Эми Жакып эңгиреп | ||
| 365 | Туура жолго салды эле | |
| Аттанып жүрүп алды эле | ||
| Үйүнө Жакып барды эле | ||
| Мына ошондо сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 370 | Ошо кезде неткени | |
| Азыркысын жанагы | ||
| Жүр байбиче баралы | ||
| Барып жолго салалы | ||
| - деп ошондо жанагы | ||
| 375 | Тилек кылып алалы | |
| Канча жылдан бер карай | ||
| Көрүнбөгөн көзүмө | ||
| Билинбеген өзүмө | ||
| Өңүн эми көрбөгөм | ||
| 380 | Мына ошондо баарысы | |
| Көк Теңирдин буйругун | ||
| Аткарып эми келди деп | ||
| Жүр байбиче баралы | ||
| Курмандыкты чалалы | ||
| 385 | - деп ошондо жанагы | |
| Улуусу экен Чыйырды | ||
| Кичүү катын дегени | ||
| Как ошондо Бакдөөлөт | ||
| Экөөнү эми алыптыр | ||
| 390 | Алтын Көлдүн жээгинде | |
| Ата кокуй дүнүйө! | ||
| Манжылынын мазарга | ||
| Как ошондо барганы | ||
| Курмандыгын чалганы | ||
| 395 | Мына ошондо береги | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Ырымын мындай кылыптыр | ||
| Ошо кезде момундай | ||
| Ата-бабаң арбактан | ||
| 400 | Как ошондо жан жактан | |
| Ата кокуй дүнүйө! | ||
| Көк Теңирдин өзүнөн | ||
| Бала сурап туруптур | ||
| Бала эми бергин деп | ||
| 405 | Мына ошондо береги | |
| Ырымын эми кылыптыр | ||
| Ата кокуй дүнүйө! | ||
| Кырчасын кылдан эштирген | ||
| Бүтүн жердин кыргызга | ||
| 410 | Ырым кылып кестирген | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Атаңдан калган чоң тулу | ||
| Ырым кылып момундай | ||
| Ошо кезде жайганы | ||
| 415 | Бата тилеп калганы | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Ал күнү антип жатыптыр | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| Мазарды мынтип басыптыр | ||
| 420 | Мазар көрсө сыйынып | |
| Ошо кезде береги | ||
| Топту көрсө момундай | ||
| Кайран Жакып ыйынып | ||
| Мына ошондо береги | ||
| 425 | Кайра кайтып келди эми | |
| Ошо кезде сурасаң | ||
| Дүнүйө бүткөн Дүйшөмбү | ||
| Дүйшөмбүнүн күнүндө | ||
| Мына ошондо сурасаң | ||
| 430 | Эрениң Жакып түш көрүп | |
| Бир көргөнүн үч көрүп | ||
| Как ошондо сурасаң | ||
| Ошо көргөн түшүндө | ||
| Мына ошондо эр Жакып | ||
| 435 | Азыркысы момундай | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Асмандаган чоң чоку | ||
| Чоң чокунун өзүнө | ||
| Эми чыгып барды эле | ||
| 440 | Ал ан сайын Жакыптын | |
| Алтымыш кулач узарып | ||
| Бою кетип барды эле | ||
| Бою эми узарды | ||
| Айлананы караса | ||
| 445 | Как ошондо жанагы | |
| Тогуз кабат асманга | ||
| Жакыптын көзү жетиптир | ||
| Же кара жерди караса | ||
| Жети кабат кара жер | ||
| 450 | Мына ошондо эр Жакып | |
| Эми көзү өтүптүр | ||
| Айлананы караса | ||
| Как ошондо сан жылдыз | ||
| Отуз жүз миң ааламга | ||
| 455 | Мына ошондо Жакыбың | |
| Азыркысы момундай | ||
| Көзү жетип турду эле | ||
| Эне бою кулачтуу | ||
| Өзү жетип турду эле | ||
| 460 | Колун сунса жанагы | |
| Жерди кармап турду эле | ||
| Мына ошондо эр Жакып | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Эр Жакыпты сураса | ||
| 465 | Оң ийинде күн конду | |
| Сол ийинге ай конду | ||
| Ай конбосо неткени | ||
| Мына ошондо эр Жакып | ||
| Азыркысы момундай | ||
| 470 | Ааламга башы кеткени | |
| Буту жерде болгону | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Айы менен күнүсү | ||
| Мына ошондо ийинге | ||
| 475 | Эми Жакыптын келип конгону | |
| Ошо кезде эр Жакып | ||
| Мына ошондо толгонуп | ||
| Азыркысын оңдонуп | ||
| Мына ошондо сураса | ||
| 480 | Атаңдын көрү дүнүйө! | |
| Арта кызык тамаша | ||
| Так ошондо караса | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Бою кетип узарып | ||
| 485 | Көзү кетип кызарып | |
| Ойгонуп гана Жакып да кеткени эээ | ||
| Кетпегенде неткени | ||
| Азыркысын сураса | ||
| Аңгеме үкчө кураса | ||
| 490 | Как ошондо жанагы | |
| Эшикке чыгып барыптыр | ||
| Таң агарып атканда | ||
| Тараза жылдыз батканча | ||
| Эми басып момундай | ||
| 495 | Булоолонуп буу болуп | |
| Эне бою суу болуп | ||
| Үйгө басып кире албай | ||
| Мына ошондо жүрүптүр | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 500 | Байбичелер нетти деп | |
| Уктап эми кетти деп | ||
| Как ошондо караса | ||
| Суусап Жакып момундай | ||
| Ичке кирип барганы | ||
| 505 | Азыркысы момундай | |
| Ойгонуп эми момундай | ||
| Бакдөөлөт эми калганы | ||
| Ата кокуй дүнүйө! | ||
| Байтал бээнин бал кымыз | ||
| 510 | Асый аяк өзүндө | |
| Чайкап-чайкап куйгуну | ||
| Оң бүлкөнү бүлкүлдөп | ||
| Сол тизеси бүлкүлдөп | ||
| Как ошондо Жакыпка | ||
| 515 | Эми сунуп туруптур | |
| Ишааратын кылыптыр | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Олтуй басып бүгүлүп | ||
| Оң тизеден жүгүнүп | ||
| 520 | Солтуй басып бүгүлүп | |
| Сол тизеден жүгүнүп | ||
| Эр Жакыпка сунганы | ||
| Как ошондо эр Жакып | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 525 | Кымызын ичип алган соң | |
| Андан кийин момундай | ||
| Алкышын айтып туруптур | ||
| Азыркысын караса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 530 | Бети-колун жуунуп | |
| Мына ошондо береги | ||
| Кыңгырап эми буунуп | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Эр Жакыптын гана доор туду | ||
| 535 | Ошондо кабырга тоонун этинде | |
| Ата кокуй дүнүйө! | ||
| Ак саздын бери четинде | ||
| Аземел суунун боюнда | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 540 | Ар нерсе бар оюнда | |
| Как ошондо карасаң | ||
| Атаңдын көрү неткени | ||
| Ордосуна момундай | ||
| Эми гана Жакып да жетти эми | ||
| 545 | Ал аңгыча байбиче | |
| Мына ошондо чоюлуп | ||
| Ордунан туруп ойгонуп | ||
| Как ошондо байбиче | ||
| Эми туруп кеп айтат | ||
| 550 | Эй айып этпей байым деп | |
| Уктап эми кетипмин | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Ээ түштөн эми түш көрдүм | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 555 | Мында кызык иш көрдүм | |
| Айланайын байым деп | ||
| Как ошондо калганы | ||
| Анда байы кеп айтат | ||
| Ырас болду байбиче | ||
| 560 | Мен да көрдүм деп айтат | |
| Как ошондо жанагы | ||
| Ошо кезде түштөрүн | ||
| Ушу көргөн иштерин | ||
| Как ошондо караса | ||
| 565 | Атаңдын көрү дүнүйө! | |
| Айланайын байым деп | ||
| Уруксат болсо эгер деп | ||
| Түшүмдү айтып берейин | ||
| - деп ошондо калганы | ||
| 570 | Андай болсо айткын деп | |
| Жакып угуп калганы | ||
| Ээ ошо кезде караса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Ээ ушу көргөн түшүмдү | ||
| 575 | Мына ошондо ишимди | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Текери алтын тегичи? | ||
| Тегереги эки | ||
| Көзү кара көк шалпан? | ||
| 580 | Көргөндөн кайра тартпаган | |
| Көлөктөй жемден кайтпаган | ||
| Салганын кайра тарпаган | ||
| Табактай жемден кайтпаган | ||
| Көзү кара көк шалбын | ||
| 585 | Так ошондо жанагы | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Атаңдын көрү ак шумкар | ||
| Эми колдон алыптыр | ||
| 590 | Албаганда неткени | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Ошо кезде чоң боз үй | ||
| Чоң боз үйү тигилип | ||
| Ошо кезде ичинде | ||
| 595 | Турган экен билинип | |
| Мына ошондо карасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Аркасында момундай | ||
| Жети бирдей боз үйү | ||
| 600 | Турган экен момундай | |
| Так ошондо тигилип | ||
| Ар кайсысын караса | ||
| Ар кайсында кушу бар | ||
| Көрүп турган ушулар | ||
| 605 | Как ошондо жанагы | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Ошо кезде неткени | ||
| Куш төрөсү Буудайык? | ||
| Азыркысы момундай | ||
| 610 | Үнүн эми чыгарса | |
| Жаңырып эми ааламга | ||
| Үнү эми өткөнү | ||
| Үнүнөн эми караса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 615 | Жылып чыккан жылан жок | |
| Ойноп чыккан кулан жок | ||
| Сойлоп чыккан жылан жок | ||
| Ал аңгыча караса | ||
| Канатын күүлөп ийгени | ||
| 620 | Канатын күүлөп ийгенде | |
| Ошо кезде жанагы | ||
| Күүсүнөн момундай | ||
| Туурдугу түрүлүп | ||
| Атаңдын көрү боз үйү | ||
| 625 | Кеткен экен сүрүлүп | |
| Как ошондо неткени | ||
| Азыркысын жетөөсү | ||
| Жаны чыга кетти эми | ||
| Жаны чыгып далбастап | ||
| 630 | Атаңдын көрү дүнүйө! | |
| Ары-бери калдастап | ||
| Өлүп кала таштады | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 635 | Куш төрөсү Буудайык | |
| Муну кармап алыпмын | ||
| Ал эмине болуучу? | ||
| Ал түшүмдү жоруучу | ||
| - деп ошондо калганы | ||
| 640 | Айтып кебин салганы | |
| Ал аңгыча караса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Ак сакалдуу дубана | ||
| Эшиктен басып кирди эми | ||
| 645 | Саламын эми берди эми | |
| Кызыл алма берди эле | ||
| Кызыл алма бергенде | ||
| Оозума тиштеп салыпмын | ||
| Аны менен карасам | ||
| 650 | Аягымдан ажыдаар | |
| Буулуп эми ышкырып | ||
| Мына чыгып алыптыр | ||
| Ал эмине болуучу? | ||
| - деп ошондо калганы | ||
| 655 | Мына ошондо Жакыптын | |
| Өзүнө айта салганы | ||
| Ал аңгыча караса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Ошо кезде эр Жакып | ||
| 660 | Эси ооп эңгиреп | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Берейин деп бир Кудай | ||
| Дал ошондо калганбы | ||
| Башыбызда чоң убай | ||
| 665 | Кетейин деп калганбы | |
| Ата кокуй дүнүйө! | ||
| Ээ Тилегибиз ар убак | ||
| Эми жетейин деп калганбы уу | ||
| - деп ошондо эр Жакып | ||
| 670 | Ээ мына минтип калганы | |
| Байбиче кебин салганы | ||
| Түштүн башы казандай | ||
| Мойнуң ичке кылдай дейт | ||
| Ак сакалдуу баарыдан | ||
| 675 | Эс билгендин баарыдан | |
| Ээ чакырып байым алсакпы | ||
| Курмандыкты чалсакпы | ||
| - деп ошондо алдагы | ||
| Айтып эми салганы | ||
| 680 | Ырас айттың байбиче | |
| - деп ошондо жанагы | ||
| Мына ошондо сурасаң | ||
| Тогуз бээни алдырып | ||
| Бир жеринде ала жок | ||
| 685 | Оо бир жеринде кара жок | |
| Ата кокуй дүнүйө! | ||
| Ак боз бээни алдырып | ||
| Ата-бабаң арбакка | ||
| Атап туруп чалдырып | ||
| 690 | Оо так ошондо эр Жакып | |
| Ат уулунун барынан | ||
| Сакалдуулап чакырып | ||
| Жетим менен жесирге | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 695 | Садагасын чаптырып | |
| Сары улагын тарттырып | ||
| Ата бир момундай кылдырып | ||
| Бир тойгузуп салдырып | ||
| Ат уулдуулап баарысын | ||
| 700 | Как ошондо ордого | |
| Киргизип эми турду эле | ||
| Ак сакал менен көк сакал | ||
| Ээ көптү көргөн даанышман | ||
| Жеке чыгаар жарышты | ||
| 705 | Ошол элдин ичинде | |
| Эрин тууган Ак Балта | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Жилигиң каздай каркылдап | ||
| Аксакалы жаркылдап | ||
| 710 | Эрениң Балта дагы бар | |
| Как ошондо жанагы | ||
| Жылкы башы Бадалбай | ||
| Ээ ногойдон чалы кары бар | ||
| Как ошондо көрүп ал | ||
| 715 | Эрин тууган эри бар | |
| Мына ошонда Саламат | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Так ошондо түп атасы Камбаркан | ||
| Ошо кезде Айдаркан | ||
| 720 | Атаңдын көрү дүнүйө! | |
| Ээ аның келген чагы бар | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Ошолордун баарысы | ||
| Чакырткан экен сураса | ||
| 725 | Калмактардын карысы | |
| Аралаш конгон баарысы | ||
| Так ошондо береги | ||
| Эрен Ошпур байы бар | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 730 | Ээ мына ошондо көрүп ал | |
| Ата кокуй дүнүйө! | ||
| Биз билбеген канча бар | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| Ак сакалдап жанагы | ||
| 735 | Устаканын тарттырып | |
| Ата кокуй дүнүйө! | ||
| Ырымын мындай кылды эле | ||
| Ырым кылып турду эле | ||
| Андан кийин кеп айтат | ||
| 740 | Айланайын карылар | |
| Ылайыктуу кеп болсо | ||
| Айтар эми кеп болсо | ||
| Ылайыктуу сөз болсо | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| 745 | Ээ мына ошондо береги | |
| Баарыбыз бирдей түш көрдүк | ||
| Түш көргөндүн үч көрдүк | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Ырымы бар ырыстуу | ||
| 750 | Так ошондо жанагы | |
| Кылганы бар кылыктуу | ||
| Ошону жоруп бергиле | ||
| Ылайыктуу момундай | ||
| Жоруп берсең нетейин | ||
| 755 | Дегениңе көнөйүн | |
| Ушуреки күбө тон | ||
| Күбө тонду чечейин | ||
| Ылайыктуу түш болсо | ||
| Так ошондо мен өзүм | ||
| 760 | Кара жандан кечейин | |
| Ылайыктуу түш болсо | ||
| Эми ылдам жоруп бергиле | ||
| Барган эми келгиле | ||
| Дегениме көнгүлө | ||
| 765 | Түштөн жоруп бергиле | |
| Түштүн башы казандай | ||
| Тетир жоруп ийбегин | ||
| Оңго жоруп бергиле | ||
| Оңго эми оодарып | ||
| 770 | Чоңго жоруп бергиле | |
| - деп ошендо турганы | ||
| Мындай кебин курганы | ||
| Андай болсо айткын деп | ||
| Так ошондо береги | ||
| 775 | Бетке айтып калыптыр | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Байжигит эми айтчы деп | ||
| Коштоп улап калыптыр | ||
| 780 | Ошолордун баарысы | |
| Улап угуп түрүнүп | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Кандай эми кеби деп | ||
| Мына ошондо береги | ||
| 785 | Эр Жакыптын жөнү деп | |
| Ээ канчаң эми сан кара | ||
| Айнап жүрүп эр Жакып | ||
| Как ошондо береги | ||
| Тамак ашка чакырып | ||
| 790 | Так ошондо койбогур | |
| Азыркысын бул түшүн | ||
| Эмине болуп кетти деп | ||
| Мына ошондо баарысы | ||
| Кулагын угуп түрүнүп | ||
| 795 | Этек жеңин момундай | |
| Кымтыланып калыптыр | ||
| Аны менен эр Жакып | ||
| Айтып кебин салыптыр | ||
| Так ошондо караса | ||
| 800 | Эми Жакып кеп айтат | |
| Ээ түндө жатып түш көрдүм | ||
| Бир көргөнүм үч көрдүм | ||
| Ошо көргөн түшүмдө | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 805 | Атаңдын көрү дүнүйө! | |
| Башы уулу чийиптир | ||
| Ээ мына ошондо чоң чоку | ||
| Чоң чокунун өзүнө | ||
| Эми чыгып баргамын | ||
| 810 | Барган сайын момундай | |
| Алтымыш кулач узарып | ||
| Эми боюм кетиптир | ||
| Как ошондо береги | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 815 | Боюм кетти узарып | |
| Андан кийин караса | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| Тогуз кабат асмандын | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 820 | Тагын көрүп турдум деп | |
| Так үстүндө жайнаган | ||
| Баарын көрүп турдум деп | ||
| Жети кабат кара жер | ||
| Түбүн көрүп турдум деп | ||
| 825 | Мына ошондо береги | |
| Өнүп-өскөн бул жердин | ||
| Гүлүн көрүп турдум деп | ||
| Как ошондо береги | ||
| Ааламда момундай | ||
| 830 | Отуз жүз миң ааламдын | |
| Жылдызын көрүп турдум деп | ||
| Так ошондо береги | ||
| Жер үстүндө жайнаган | ||
| Турмушун көрүп турдум деп | ||
| 835 | Аны менен көңүлдү | |
| Как ошондо бурдум деп | ||
| Ушуреки жер бетин | ||
| Кучагына алдым деп | ||
| Аны менен караса | ||
| 840 | Айран азыр калдым деп | |
| Ошо кезде береги | ||
| Айран калган себеби | ||
| Асмандагы жанагы | ||
| Жараткандын буйругу | ||
| 845 | Оң ийинден күн чыгып | |
| Сол ийинден ай чыгып | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Ошо келип конду деп | ||
| Аягым жерде болду деп | ||
| 850 | Мына ошондо береги | |
| Төбөм көккө кетти деп | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Эки бирдей колума | ||
| Мына ошондо береги | ||
| 855 | Оо ата кокуй дүнүйө | |
| Минтип эми караса | ||
| Эки бирдей ийинге | ||
| Ай менен күнү конду деп | ||
| Ал эмине болучу | ||
| 860 | Ал түшүмдү жоручу | |
| Как ошондо береги | ||
| Деп ошондо калганы | ||
| Айтып кебин салганы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 865 | Байбичем дагы түш көрүп | |
| Ал дагы эми үч көрүп | ||
| Как ошондо байбичем | ||
| Каргайы болгон боз үйгө | ||
| Эми кирип барыптыр | ||
| 870 | Он эки канат чоң ордо | |
| Так ошондо береги | ||
| Аркасында береги | ||
| Жети ордо бар экен | ||
| Аны менен сурасаң | ||
| 875 | Албан түрлүү жан экен | |
| Кудай бетин салбай кал | ||
| Ошо кезде жанагы | ||
| Туш тереси Будайык | ||
| Чоң боз үйгө кириптир | ||
| 880 | Ошо кезде байбичем | |
| Ыйыктыгын билиптир | ||
| Колуна алып көрүтүр | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Боруна басып өбүптүр | ||
| 885 | Өппөгөндө неткени | |
| Как ошондо жанагы | ||
| Шаңшып ийсе Будайык | ||
| Кудай бетин салбай кал | ||
| Жырылып чыккан жылан жок | ||
| 890 | Ойноп чыккан кулан жок | |
| Жан-жаныбар макулук | ||
| Кырылып кала таштаган | ||
| Добушу эми момундай | ||
| Ай ааламдын өзүнө | ||
| 895 | Жаңырып мынча баштаган | |
| Желпилип койсоң эгерде | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Жердин бети дуу болуп | ||
| Жердин үстү чуу болуп | ||
| 900 | Желпингенде жанагы | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Жети бирдей боз үйдө | ||
| Албан түрлүү куштары | ||
| 905 | Байланып эми турганы | |
| Ошолордун баарысы | ||
| Кукулуктап үн чыкпай | ||
| Өлүп кала таштаптыр | ||
| Калайманды баштаптыр | ||
| 910 | Мына ошондо береги | |
| Жети бирдей боз үйдү | ||
| Как ошондо караса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Уурдугу үзүлүп | ||
| 915 | Мына ошондо береги | |
| Кереге жиби сүзүлүп | ||
| Мына мындай болуптур | ||
| Ал аңгыча байбиче | ||
| Ошо кезде таңданып | ||
| 920 | Айран калып таң калып | |
| Так ошондо турганда | ||
| Ак сакал кызыр кириптир | ||
| Эшиктен эми кирген соң | ||
| Саламын эми бериптир | ||
| 925 | Саламын алса жанагы | |
| Жараткандын белеги | ||
| Деп ошондо жанагы | ||
| Кызыл алма бериптир | ||
| Кызыл алма алыптыр | ||
| 930 | Мына ошондо береги | |
| Кызыгып эми байбиче | ||
| Жээп аны салыптыр | ||
| Аягынан ышкырып | ||
| Ажыдаар болуп чыгыптыр | ||
| 935 | Ал эмине болучу? | |
| Ал түшүмдү жоруучу | ||
| Деп ошондо калганы | ||
| Азыркысын караса | ||
| Түшүн айтып салганы | ||
| 940 | Айраңданып таңданып | |
| Баары бирдей таң калып | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Сакалдарын сылашып | ||
| Аңгемени курашып | ||
| 945 | Каныке эми айтчы деп | |
| Ылайыктуу түшпү деп | ||
| Эмине кылып жоруйбуз | ||
| Кылымда мындай түш болбойт | ||
| Как ошондо Жакыпта | ||
| 950 | Мына мындай иш болбойт | |
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Бул эмине кызык деп | ||
| Как ошондо таңданып | ||
| Жалпылары таң калып | ||
| 955 | Эми карап чарданып | |
| Как ошондо туруптур | ||
| Атаңдын көрү эр Жакып | ||
| Бериптир эми түштү деп | ||
| Келиптир эми момундай | ||
| 960 | Адамга келбес түшү деп | |
| Болуптур мындай иши деп | ||
| Как ошондо турганы | ||
| Айран калып таңданып | ||
| Мына ошондо турганда | ||
| 965 | Ошо кезде сурасаң | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Байжигит кепти баштады | ||
| Айтаар кептен шашпады | ||
| 970 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Бериптир Кудай түшүңдү | ||
| Оңдоптур Кудай ишиңди | ||
| Айланайын Көк Теңир | ||
| Көктөн эми сурасаң | ||
| 975 | Жерден келет турбайбы | |
| Караламан калайык | ||
| Элден келет турбайбы | ||
| Көктөн эми Кыргыздын | ||
| Тилегенин баарысы | ||
| 980 | О Жакып сенден келет турбайбы | |
| Айланайын эр Жакып | ||
| Ушул көргөн түшүңдү | ||
| Ушул көргөн ишиңди | ||
| Как ошондо карасаң | ||
| 985 | Чокуга чыгып барганың | |
| Ошо кезде чоң чоку | ||
| Башы булут тийгени | ||
| Как ошондо Жакыбым | ||
| Зоболоңдун өскөнү | ||
| 990 | Чокуга чыгып барганың | |
| Касиетиң дагы арбып | ||
| Мынданда өөдө кеткени | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Тогуз кабат асманың | ||
| 995 | Чеги болот эмеспи | |
| Жараткандын ал жерде | ||
| Деми болот эмеспи | ||
| Жараткан көкө Теңирдин | ||
| Өзү болот эмеспи | ||
| 1000 | Жараткандын өзүнөн | |
| Жалгыз бала келеткен | ||
| Жараткан өзү момундай | ||
| Адам болуп кубулуп | ||
| Көктөн жерге куюлуп | ||
| 1005 | Как ошондо жанагы | |
| Кубатын сага береткен | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Адамга бүтчү момундай | ||
| Кулачын сага береткен | ||
| 1010 | Бир жараткан адамга | |
| Ырысын сага береткен | ||
| Как ошондо береги | ||
| Жараткандын дөөлөтү | ||
| Эми сага келеткен | ||
| 1015 | Жети кабат кара жер | |
| Как ошондо береги | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Арккы дүйнө арбагы | ||
| Сени колдоп тураткен | ||
| 1020 | Ошолордун баарысы | |
| Мына ошондо Жакыбым | ||
| Сага колун сунаткен | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Келе турган балаңды | ||
| 1025 | Колдоп турат турбайбы | |
| Ошо кезде береги | ||
| Жакшылыкка ырысын | ||
| Жолдоп турат турбайбы | ||
| Отуз жүз миң ааламдан | ||
| 1030 | Эми көрсөң ырыскы | |
| Жылдыздын баары жандырып | ||
| Как ошондо береги | ||
| Ошолордун баарысы | ||
| Оңдоп гана берет да ишиңди уу | ||
| 1035 | Оңунан берет түшүңдү | |
| Ошолордун баарына | ||
| Атаң этип айтылып | ||
| Дайының этип тарачу | ||
| Мына ошондо береги | ||
| 1040 | Ат жеткен эрдин баарысы | |
| Ысымыңа карачу | ||
| Ээ айланайын эр Жакып | ||
| Ээ канча кылым кошсо да | ||
| Келбей турган түш экен | ||
| 1045 | Ээ пенде жалпы тиленсе | |
| Бербей турган иш экен | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Боюн кессең узарып | ||
| 1050 | Ошончо жашка жанагы | |
| Балаң эми чыгуучу | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ошончо жашка чыкканча | ||
| Элге кызмат кылуучу | ||
| 1055 | Так ошондо береги | |
| Эми Жакып угуп ал | ||
| Айтканыма кулак сал | ||
| Деп ошондо жанагы | ||
| Ээ жараткандын бир өзү | ||
| 1060 | Адам болуп кубулуп | |
| Көк Теңирге куюлуп | ||
| Өзүнүн атын таанытып | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Адамзаат пендени | ||
| 1065 | Оңдоп жолго салаткен | |
| Как ошондо карасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Атагы менен алаткен | ||
| Деп ошондо жанагы | ||
| 1070 | Оо айланайын жарыктык | |
| Жалпы Кыргыз тилесе | ||
| Жалпың эми адамзат | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1075 | Жараткандын өзүнөн | |
| Атын айтып жиберсе | ||
| Эми келбейт турган балакен ууу | ||
| Ошонун гана барында эр Жакып | ||
| Эми бир өзүңө буйруптур | ||
| 1080 | Бул да сага келген буйрукту | |
| Налый бербей Жакыбым | ||
| Барлык менен күтүп ал | ||
| Казынаң оозун ачыңыз | ||
| Ушуреки түш үчүн | ||
| 1085 | Карк алтынды чачыңыз | |
| Дүнүйө көзүн караба | ||
| Келе турган бала үчүн | ||
| Так ошондон аяба | ||
| Деп ошентип калганы | ||
| 1090 | Ыраазымын сага деп | |
| Оңдоп эми берсин деп | ||
| Оңунан ишим келсин деп | ||
| Эр Жакып айтып калганы | ||
| Ал аңгыча Ак Балта | ||
| 1095 | Кебин айта салганы | |
| Байбиченин түшү деп | ||
| Ырас болду иши деп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Оңдоп берсең эгерде | ||
| 1100 | Анысын эми жоруюн | |
| Ушуреки байбиче | ||
| Ак өргөөгө барганы | ||
| Куш төрөсү Будайык | ||
| Эми колго алганы | ||
| 1105 | Турунда конуп калганы | |
| Ушуреки береги | ||
| Кайып пирлер колдогон | ||
| Жакшылыкка жолдогон | ||
| Айтканы эки болбогон | ||
| 1110 | Касиеттүү эр келет | |
| Ааламдан ашыкча | ||
| Арта турган шер келет | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| Ушуреки жер бетин | ||
| 1115 | Алар бала болот деп | |
| Арбытарга дүмөктү | ||
| Салар бала болот деп | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1120 | Өкүмүң эки болбогон | |
| Өзүн Теңир колдогон | ||
| Айтканың эки болбогон | ||
| Жараткан өзү колдогон | ||
| Мына ошондо береги | ||
| 1125 | Жалгыз тумаң эр келет | |
| Жалдуу көк жал шер келет | ||
| Ошолерки баланы | ||
| Байбиче ттуйт экен деп | ||
| Мына ошондо байбиче | ||
| 1130 | Кер күнү жок бекер деп | |
| Аны айтып салганы | ||
| Андан кийин чоң кыдыр | ||
| Жараткандын буйругу | ||
| Алып эми келгени | ||
| 1135 | Кызыл алма бергени | |
| Андай кийин кыз тулат | ||
| Как ошондо береги | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Кызыл алма кыз деди | ||
| 1140 | Кыздан чыккан ууз деди | |
| Эркектен бирди эр туулат | ||
| Эрден туулат момундай | ||
| Кара көк жал шер туулат | ||
| Кыздан бирди эр туулат | ||
| 1145 | Мына ошондо береги | |
| Кыйыныраак шер туулат | ||
| Деп ошондо калганы | ||
| Айтып эми салганы | ||
| Андан кийин сурасаң | ||
| 1150 | Жети бирдей боз үйдө | |
| Жети иниси келет деп | ||
| Мына ошондо Бакдөөлөт | ||
| Өзү төрөп берет деп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1155 | Ак жолтой бала болот деп | |
| Алдыга чыксаң ак жолтой | ||
| Артта жүрсө сан колдой | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Эрен бала болот деп | ||
| 1160 | Мына ошондо береги | |
| Берен бала болот деп | ||
| Айтып аны салганы | ||
| Азыр айтып калганы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1165 | Оомин деп кол жайып | |
| Мына ошондо береги | ||
| Оңдоп эми берсин деп | ||
| Оңунан эми келсин деп | ||
| Ушуреки кыргызга | ||
| 1170 | Так ошондо баш болуп | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Жалпы журттун баарына | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Кубаттуу бала болсун деп | ||
| 1175 | Ай ааламдан ашыкча | |
| Кулачтуу бала болсун деп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Тилегин эми келтирген | ||
| 1180 | Тилегине жеткирген | |
| Демдүү бала болсун деп | ||
| Элге келсе момундай | ||
| Элдүү бала болсун деп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1185 | Ошо кезде баарысы | |
| Как ошондо сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Жалпы бүткөн пендеге | ||
| Жалдуу бала болсун деп | ||
| 1190 | Ата даңшаган эми душманга | |
| Каардуу бала болсун деп | ||
| Өзгө өздөй болсун деп | ||
| Сөзгө сөздөй болсун деп | ||
| Башына бакыттын кушу консун деп | ||
| 1195 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Оңдоптур Кудай ишиңди | ||
| Бериптир Кудай түшүңдү | ||
| Деп ошондо баарысы | ||
| Оңдоп жоруп калганы | ||
| 1200 | Батасын бере салганы | |
| Ыраазы болуп эр Жакып | ||
| Казына оозун ачыптыр | ||
| Карк алтынын чачыптыр | ||
| Ат туягын алтындан | ||
| 1205 | Алып келип берди эми | |
| Мына ошондо дийилде | ||
| Алтындан кылган чоң чапан | ||
| Ар бирине кийгизип | ||
| Жер жерилтпеген жоргодон | ||
| 1210 | Ар бирине мингизип | |
| Ырымын мындай кылыптыр | ||
| Ыраазымын элге деп | ||
| Ыраазы болуп туруптур | ||
| Түшүң эми келсин деп | ||
| 1215 | Жараткан оңду берсин деп | |
| Баарысы бата кылыптыр | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Түшүң оңдуу болду деп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1220 | Олжолуу Жакып болот деп | |
| Башына бакыттын кушу конот деп | ||
| Ар кимиси кеп айтып | ||
| Мына ошондо бек айтып | ||
| Оңдоп эми түш жоруп | ||
| 1225 | Как ошондо нетиптир | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ээ кечээ күнү сурасаң | ||
| Эрен Жакып эр ушу | ||
| Ээ телегейи тең ушу | ||
| 1230 | Как ошондо сурасаң | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Эми качан берет деп | ||
| Басса турса жабылып | ||
| Жаратканга жалынып | ||
| 1235 | Мына ошондо жанагы | |
| Жакып минтип калыптыр | ||
| Ал аңгыча караса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ай артынан күн өтүп | ||
| 1240 | Ай караңгы түн өтүп | |
| Ээ күн артынан күн өтүп | ||
| Күн караңгы түн өтүп | ||
| Мына ошондо байбиче | ||
| Ошо боюндагы баласы | ||
| 1245 | Азыр төрт ай болуп калыптыр | |
| Талгагы келип калыптыр | ||
| Как ошондо неткени | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Байбиченин өзүнө | ||
| 1250 | Балакет эми жеткени | |
| Аз тамакка карабай | ||
| Башка тамак жарабай | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Багылаң козу шидим баш | ||
| 1255 | Бур кайнатып таштатып | |
| Кызык оюн баштатып | ||
| Кызыкты мындай кылдырат | ||
| Анысына карабай | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1260 | Алтын комуз домбура | |
| Эми колго алдырып | ||
| Акындарга чалдырып | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1265 | Мистеси бар жаңгагы | |
| Мына ошондо алчасы | ||
| Анжыр, курма бар дагы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Биз көрбөгөн дүйүмдө | ||
| 1270 | Канча бири жайнады | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Мына ошондо кант койуп | ||
| Сарымайын топуруп | ||
| Как ошондо береги | ||
| 1275 | Казы эритип жал койуп | |
| Мына ошондо жайадал | ||
| Жайман атып алдырып | ||
| Аш тамагын салдырып | ||
| Анысына карабай | ||
| 1280 | Башка тамак жарабай | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Жесем деп жолборс жүрөгүн | ||
| Андан бөлөк самабай | ||
| Ошо кезде неткени | ||
| 1285 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Мына ошондо карасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ач тамакка карабай | ||
| Как ошондо турганда | ||
| 1290 | Амалы кетип курганда | |
| Ал аңгыча караса | ||
| Атаңдын көрү эр Жакып | ||
| Жетимиш бирдей бергенди | ||
| Тизип эми алыптыр | ||
| 1295 | Айтып эми момундай | |
| Аңгемени салыптыр | ||
| Айланайын берендер | ||
| Кагылайын эрендер | ||
| Как ошондо сурасаң | ||
| 1300 | Как ошондо баргыла | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ошо кезде сурасаң | ||
| Атаңдын көрү жолборстту | ||
| Атып келе калгыла | ||
| 1305 | Ата кокуй дүнүйө | |
| Атып эми келбесең | ||
| Мына ошондо нетет деп | ||
| Балакеттүү чоң үшкүл | ||
| Эми мында нетет деп | ||
| 1310 | Байбичем өтүп кетет деп | |
| Ошо кезде береги | ||
| Балакеттүү момундай | ||
| Тууйт беле байбиче | ||
| Үйдөн эми береги | ||
| 1315 | Жолборсттун жүрөгүн | |
| Таап алып келгин деп | ||
| Кууйт беле байбиче | ||
| Эмине болгон шумдук деп | ||
| Кечээ көрбөгөнмүн укканмын | ||
| 1320 | Жомокчунун кебинен | |
| Угуп атып чыкканмын | ||
| Аталардын деминен | ||
| Ушундай болуп жаралат | ||
| Деп ошондон укчу элем | ||
| 1325 | Башыман өтүп жатат деп | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Байбиченин кыялы | ||
| Болуп кетти чатак деп | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| 1330 | Ач тамакты карабайт | |
| Минте берсе байбиче | ||
| Ачкадан өлөр бекен деп | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Как ошондо сурасаң | ||
| 1335 | Айтып эми калыптыр | |
| Айтып эми барыптыр | ||
| Мына ошондо сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ошо кезде жетимиш | ||
| 1340 | Жер жерине тарады | |
| Жолборс издеп момундай | ||
| Көрүнгөн жерди карады | ||
| Ээ как ошондо неткени | ||
| Жетимиши жабылып | ||
| 1345 | Эми жолборс издеп кетти эми ууу | |
| Арадан тогуз күн өттү | ||
| Мына ошондо байбиче | ||
| Эр Жакыпты жүдөттү | ||
| Өңүнөн эми азыптыр | ||
| 1350 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Мына ошондо нетет деп | ||
| Мергендер качан жетет деп | ||
| Как ошондо эр Жакып | ||
| Көрүнгөн эрди каранып | ||
| 1355 | Мына ошондо эр Жакып | |
| Ээрди, мурдун жаланып | ||
| Үйгө эми туралбай | ||
| Как ошондо береги | ||
| Үйдөн алыс чыгалбай | ||
| 1360 | Амалы кетип үбүлүп | |
| Акылы кетип түгөнүп | ||
| Так ошондо турганда | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Мына ошондо сурасаң | ||
| 1365 | Ээ жетимиши келиптир | |
| Кээ бирөөнү сурасаң | ||
| Шерди атып алыптыр | ||
| Кээ бирөөсү кабылып | ||
| Кабылан атып алыптыр | ||
| 1370 | Кээ бирөөсүн сурасаң | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Мына ошондо жолборс | ||
| Анысын атып алыптыр | ||
| Кээ бирөөнү сурасаң | ||
| 1375 | Как ошондо береги | |
| Каман атып алыптыр | ||
| Кээ бирөөнү сурасаң | ||
| Как ошондо береги | ||
| Кулжа атып алыптыр | ||
| 1380 | Как ошондо момундай | |
| Таппай койдук эми деп | ||
| Аларыңды сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ар кимиси момундай | ||
| 1385 | Ар кайсындай жаныбар | |
| Атып эми алганы | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Алып келип момундай | ||
| Байбиченин өзүнө | ||
| 1390 | Берип эми салганы | |
| Ошо кезде байбиче | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Пирден атып келиптир | ||
| 1395 | Ошо кезде ар бири | |
| Бирден эми атыптыр | ||
| Аны менен сурасаң | ||
| Жан-жаныбар дегенден | ||
| Пирден атып келиптир | ||
| 1400 | Муну менен сурасаң | |
| Ар бириси жөн калбай | ||
| Бирден атып келиптир | ||
| Муну менен сурасаң | ||
| Байбиченин өзүнө | ||
| 1405 | Алып келип бериптир | |
| Жолборсттун жүрөгүн | ||
| Бөлүп эми бергин деп | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Жакып айтып салганы | ||
| 1410 | Анысына карабай | |
| Ырымы бар ырыстуу | ||
| Ырымын эми кылайын | ||
| Баарысын эми бергин деп | ||
| Атайын эми барган соң | ||
| 1415 | Алып эми келгин деп | |
| Баарысынын жүрөгүн | ||
| Бирдей эми жегени | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Талгагым канды дегени | ||
| 1420 | Талгагым канып калды деп | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Басаң айтып белгилеп | ||
| Байбичеге бере калыптыр | ||
| Арадан отуз күн өтүп | ||
| 1425 | Кайра талгак салыптыр | |
| Балакеттүү чоң дүбөк | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Барган сайын ичинде | ||
| Баласы эми жүдөтөт | ||
| 1430 | Анан сайын күн өтөт | |
| Ошо кезде неткени | ||
| Жакыптын акыл кеттиби | ||
| Как ошондо эр Жакып | ||
| Амалы кетип үбөлүп | ||
| 1435 | Айла кетип түгөлүп | |
| Эми эми нетем деп | ||
| Эми кандай күнгө жетем деп | ||
| Как ошондо калыптыр | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1440 | Ошо күнү сурасаң | |
| Күмүш булак мазарга | ||
| Эрен тууган Ак Балта | ||
| Эми жете барыптыр | ||
| Ак Балтаң эми барганда | ||
| 1445 | Как ошондо караса | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Ак күлөөлү дубана | ||
| Алдына чыгып калыптыр | ||
| Ээ дубана жайын сурасаң | ||
| 1450 | Өзү кыдыр өзү экен | |
| Мына ошондо кыдырдын | ||
| Карарган кара көзү экен | ||
| Жерди кезип жол чалып | ||
| Ак Балта качан келет деп | ||
| 1455 | Күтүп жүргөн кези экен | |
| Барлык менен момундай | ||
| Түтүп жүргөн кези экен | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1460 | Ийининде куржуну | |
| Куржунунун көзүнө | ||
| Эми колун салганы | ||
| Как ошондо береги | ||
| Ошо кезде момундай | ||
| 1465 | Байбиченин өзүнө | |
| Берип эми койгун деп | ||
| Чыйырдыга баргын деп | ||
| Эми бере салгын деп | ||
| Айтып эми калганы | ||
| 1470 | Жараткандын буйругу | |
| Как ошондо жанагы | ||
| Ээ Будайыктын момундай | ||
| Как ошондо сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1475 | Өтүнөн эми кошулуп | |
| Как ошондо жанагы | ||
| Ажыдаардын зарынан | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Ажыдаардын жүрөгү | ||
| 1480 | Ошо кезде береги | |
| Көзүн оюп койдук деп | ||
| Аны менен сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ошо кезде береги | ||
| 1485 | Жан-жаныбар баарынын | |
| Пиринен эми алдык деп | ||
| Албан түрлүү жаныбар | ||
| Тилинен эми алдык деп | ||
| Ажыдаардын момундай | ||
| 1490 | Уусунан эми алдык деп | |
| Мына ошондо береги | ||
| Атаңдын көрү деңиздин | ||
| Суусунан эми алдык деп | ||
| Как ошондо деңизде | ||
| 1495 | Ошо кезде жаяндын | |
| Как ошондо береги | ||
| Каарынан эми алдык деп | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| 1500 | Ушуга ай ааламда бүткөндөй | |
| Баарынан эми алдык деп | ||
| Аны менен сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Минтип жасап салдык деп | ||
| 1505 | Ушуну эми байбиче | |
| Өзүнө алып бергин деп | ||
| Алып барып берген соң | ||
| Байбичең эми жеген соң | ||
| Талгагың эми канат деп | ||
| 1510 | Как ошондо карасаң | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Муну айтып калыптыр | ||
| Аны менен сурасаң | ||
| Сүйүнгөндөн Ак Балта | ||
| 1515 | Ыраазы болуп алыптыр | |
| Ыраазы болуп билгизип | ||
| Мына ошондо сурасаң | ||
| Эми жолго салганы | ||
| Атаңдын көрү акырып | ||
| 1520 | Байбичени ордого | |
| Эми жете барганы | ||
| Ээ жараткандын буйругун | ||
| Аткарганы келдим деп | ||
| Мына ошондо береги | ||
| 1525 | Көргөн менен билгенин | |
| Баарын айтып салганы | ||
| Ошо кезде байбиче | ||
| Мунусун жээп алганы | ||
| Талгагы эми калганы | ||
| 1530 | Эмине чыкты кулпуруп | |
| Мына ошондо сурасаң | ||
| Кызыл өңү нурданып | ||
| Тал теректей ыргалып | ||
| Байбичени сурасаң | ||
| 1535 | Кубаты ойго жаныптыр | |
| Аны менен сурасаң | ||
| Кубаттанып калыптыр | ||
| Как ошондо береги | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1540 | Кечээ күнү байбиче | |
| Ай артынан күн өтүп | ||
| Ай караңгы түн өтүп | ||
| Күн артынан күн өтүп | ||
| Мына ошондо нетели | ||
| 1545 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Кара кытай какандын | ||
| Каарын айта кетели | ||
| Кечээ кара кытай каканчыл | ||
| Бичигиндей чийилген | ||
| 1550 | Даңзасында билинген | |
| Мына ошондо буруттан | ||
| Ушуреки бурут деп | ||
| Бурут деген бу журттан | ||
| Эрен туулат эр туулат | ||
| 1555 | Телегейи тең туулат | |
| Шай колдогон шер туулат | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Заарын чачып кетет деп | ||
| Чынмачынын калаага | ||
| 1560 | Такыр түбү жетет деп | |
| Ушуреки береги | ||
| Атаңдын көрү эр туулат | ||
| Жайда кайгыр коштогон | ||
| Жалындуу арстан окшогон | ||
| 1565 | Жаалданып киргенде | |
| Алдына мендеп тоспогон | ||
| Эми кара көк жал эр туулат ууу | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Деп ошондо чыммачын | ||
| 1570 | Такыр бүлүк салыптыр | |
| Аны менен сурасаң | ||
| Кара кытай какандан | ||
| Аттанып чыгып алыптыр | ||
| Ошо кезде кыргыздын | ||
| 1575 | Кыз келиндин баарысын | |
| Эми ичтен жарыптыр | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Найзага салып сүйрөтүп | ||
| Айгырга салып тептирип | ||
| 1580 | Кыямына келтирип | |
| Кылычтап ичин жарыптыр | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Манас деген эр туулат | ||
| Телегейи тең туулат | ||
| 1585 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Элүү жашка барганда | ||
| Элүү жаштын өзүнөн | ||
| Ашып эми карыганда | ||
| Алтын тагын минет деп | ||
| 1590 | Ушуреки Бээжинде | |
| Кыймылдатпай билет деп | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| Каяша айткан Кытайдын | ||
| Тилсегинен илет деп | ||
| 1595 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Ажыдаар болот, шер болот | ||
| Ай ааламдын өзүнөн | ||
| Арта турган эр болот | ||
| Деп ошондо Карыкан | ||
| 1600 | Каардыгын жаман салыптыр | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Кыз келиндин баарысын | ||
| Ошондо гана ичин да жарыптыр ууу | ||
| Кара кытай каканчыл | ||
| 1605 | Кечээ күнү жанагы | |
| Самарканда чоң эшен | ||
| Чоң эшендин баласы | ||
| Жар Манас деген баласы | ||
| Так ошондо бар экен | ||
| 1610 | Аны кармап алыптыр | |
| Аны менен кытайдын | ||
| Деми сууп калыптыр | ||
| Манасты кармап алдык деп | ||
| Чоң мүшкүлдү салдык деп | ||
| 1615 | Так ошондо сурасаң | |
| Деми минтип басылган | ||
| Кабагы минтип ачылган | ||
| Кечегине кытайлык | ||
| Билинип калса кокустан | ||
| 1620 | Туюнуп калса кокустан | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Заарын чачып кетет деп | ||
| Союлгур түпкө жетет деп | ||
| Ошол бурул токой өзүнөн | ||
| 1625 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Кабырга тоонун этинде | ||
| Мына ошондо сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ак саздын бери четинде | ||
| 1630 | Оң бөйрөктүн тушунан | |
| Оодара өтчү ушуган | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Байбичени момундай | ||
| Токойдун эми жээгине | ||
| 1635 | Оң бөйрөктүн белине | |
| Ошондо жашырган экен эр Жакып ууу | ||
| Айы күнү болду деп | ||
| Мына ошондо толгоосу | ||
| Мына ошондо толду деп | ||
| 1640 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Жыйырма-төрт катын жанында | ||
| Ат кошчу кылып бериптир | ||
| Кызматын эми кылсын деп | ||
| Кошо көчүп келиптир | ||
| 1645 | Туулган соң баланы | |
| Жакшы багып кара деп | ||
| Андан кийин жанагы | ||
| Как ошондо береги | ||
| Туулган соң баланы | ||
| 1650 | Аман сактап келгин деп | |
| Как ошондо белгилеп | ||
| Эрен Жакып момундай | ||
| Акысын баарын бериптир | ||
| Казына оозун ачыптыр | ||
| 1655 | Карк алтынын чачыптыр | |
| Катындардын баарына | ||
| Ырымын мындай кылыптыр | ||
| Ошо кезде сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1660 | Ошо кезде байбиче | |
| Ай артынан күн өтүп | ||
| Тогуз айга толуптур | ||
| Туур күнү болуптур | ||
| Толгоосу жаңы кириптир | ||
| 1665 | Элден бөлөк бөлүнүп | |
| Албан түрлүү жанагы | ||
| Жан көзүнө көрүнүп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ээ бүтүн жерин кестирип | ||
| 1670 | Мына ошондо кырымга | |
| Кырк чоросун кырдан ээрчтирген | ||
| Бүтүн жерин кыдырса | ||
| Ырым кылып кестирген | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1675 | Атаңдын көрү чоң ордо | |
| Чоң ордону тиктирип | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Бүтүн жерин бүттүрүп | ||
| 1680 | Мына ошондо жанагы | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ырымын мындай кылган соң | ||
| Ырымы минтип турган соң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1685 | Ошо кезде жанагы | |
| Байбиченин толгоосу | ||
| Кирип эле калган кез экен ууу | ||
| Так ошондо сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1690 | Ошо кезде эр Жакып | |
| Кыларкан элбе шайлатып | ||
| Кырк кара козу быштырып | ||
| Кыдырата байлатып | ||
| Кабарын алып тургула | ||
| 1695 | Айткан сөздү кылгыла | |
| Эркек болсо баарыңар | ||
| Талаадан мени табыңар | ||
| Ата кокуй сүйүнчү | ||
| Эртерээк жетип алыңар | ||
| 1700 | Кыз болсо үйгө калыңар | |
| Кыйылдаба баарыңар | ||
| Эркек болсо чабыңар | ||
| Деп ошондо жанагы | ||
| Кырк кара коз быштыны | ||
| 1705 | Кыдырата байлатып | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Малга жакын эр Жакып | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Жыгылсам да талсам да | ||
| 1710 | Өлсөм дагы калсам да | |
| Ээн жерге барайын | ||
| Балага чукак жан элем | ||
| Баланын үнү жыгылса/угулса | ||
| Жыгылып эми кетпейин | ||
| 1715 | Жыгылып акем калды деп | |
| Ар ким шылдың кылбасын | ||
| Муну менен жанагы | ||
| Ылакап болуп эр Жакып | ||
| Кылым эми журтуна | ||
| 1720 | Шылдың болуп турбасын | |
| Деп ошондо эр Жакып | ||
| Кеткен экен аттанып | ||
| Жүргөн экен шаттанып | ||
| Ошо кезде сурасаң | ||
| 1725 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Кайран энең Чыйырды | ||
| Илкий басып ийилип | ||
| Оң тизеден бүгүлүп | ||
| 1730 | Солкуй басып ийилип | |
| Сол тизеден бүгүлүп | ||
| Толгоосу эми кириптир | ||
| Карагай түбүн карманып | ||
| Кайыптарга жалбарып | ||
| 1735 | Долоно түбүн карманып | |
| Жаратканга жалбаарып | ||
| Оо табылгы түбүн карманып | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1740 | Табылгыдай момундай | |
| Бекем болсун дегени | ||
| Көптү билген даанышман | ||
| Көсөм болсун дегени | ||
| Карагайдай момундай | ||
| 1745 | Кайраттуу болсун дегени | |
| Ажыдаардай бул бала | ||
| Айбаттуу болсун дегени | ||
| Азыркысын энекең | ||
| Ырымын мындай кылыптыр | ||
| 1750 | Так ошондо жанагы | |
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Умай энең улукка | ||
| Уялбай ичин оңдотуп | ||
| Кайра кайра оңдотуп | ||
| 1755 | Так ошондо туруптур | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Оңдоп салып бериптир | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1760 | Тогуз күнү толготуп | |
| Так ошондо сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Кыймылдаса бул бала | ||
| Белдемчинин тигиши | ||
| 1765 | Беш жеринен үзүлүп | |
| Энеңдин көзү сүзүлүп | ||
| Бел жагымды жечип алабы | ||
| Жарып ичтен алабы | ||
| Же бай Жакып жесир калабы | ||
| 1770 | Деп ошондо жанагы | |
| Айланайын энекең | ||
| Энекең эми момундай | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Улутту көздөй жыгылып | ||
| 1775 | Так ошондо энеңиз | |
| Мына ошондо береги | ||
| Чаңга башы тыгылып | ||
| Ата кокуй дүнүйө | ||
| Кээде эске келалса | ||
| 1780 | Кээде эске келалбай | |
| Ак өргөөгө киргизип | ||
| Баканды кармап бакырып | ||
| Бүбү менен бакшынын | ||
| Немесин койбой чакырып | ||
| 1785 | Түндүктү карап түбүлүп | |
| Көргөндөр жандан түңүлүп | ||
| Кереге түбүн карманып | ||
| Так ошондо береги | ||
| Бекемирээк тарткын деп | ||
| 1790 | Келиндерге жалбарып | |
| Кайран энең Чыйырды | ||
| Так ошондо береги | ||
| Ээ толгосу мынча болуптур | ||
| Ошо кезде жанагы | ||
| 1795 | Толгосу эми дүң болду | |
| Толготкон мындай ким болду? | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Бай Жакыптын байбиче | ||
| Балакеттүү тууйбу | ||
| 1800 | Эмине болгон шумдук деп | |
| Тогуз күндөн бери карай | ||
| Толготуп эле жатат деп | ||
| Умай эне улукман | ||
| Так ошонун өзүнө | ||
| 1805 | Курсагын эми сурасаң | |
| Оңдотуп эми жатат деп | ||
| Кайыптардын баарысы | ||
| Аралашып калды деп | ||
| Аны менен сурасаң | ||
| 1810 | Аралашып алды деп | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Периштенин баарысы | ||
| Оңдоп жүрөт безилдеп | ||
| Эмине болгон шумдук деп | ||
| 1815 | Эми кандай кылдык деп | |
| Так ошондо сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Аңгемени курасаң | ||
| Баарысы бирдей жалбарып | ||
| 1820 | Жакасын кармап кудайлап | |
| Так ошондо береги | ||
| Айланайын жарыктык | ||
| Айлы бүтүн убайлап | ||
| Убайга минтип түшүптүр | ||
| 1825 | Так ошондо жанагы | |
| Толготкону отуз күн | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Күтүп атып бүтүпүр | ||
| Эмине болуп кетти деп | ||
| 1830 | Эми кандай күн жетип | |
| Деп ошондо жанагы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Бир жагында он эки | ||
| 1835 | Бир жагында он эки | |
| Жыйырма түп катын жабылып | ||
| Кыларканын бек тартып | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Бошураак тартып койдуң деп | ||
| 1840 | Бекемирээк тарткын деп | |
| Дал ошондо турганда | ||
| Мына мындай кылганда эээ | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ырысы гана мындайда болгондо ууу | ||
| 1845 | Жуманын күнү толгондо | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Тараза жылдыз бөлүнүп | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Чолпон жылдыз көрүнүп | ||
| 1850 | Чачырап эми жатканда | |
| Айланайын энеңдин | ||
| Мына ошондо сураса | ||
| Ошо кезде жанагы | ||
| Кырк периште жабылып | ||
| 1855 | Эми келдиң энеңе | |
| Умай эне, Улукман | ||
| Ал да келдиң энеңе | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ошо кезде балага | ||
| 1860 | Оң жамбаштын өзүнө | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Алакан менен койгону | ||
| Мына мунуң болгону | ||
| Ошо кезде сурасаң | ||
| 1865 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Ошо кезде баланын | ||
| Оң жамбаштын өзүндө | ||
| Алакандын изи бар | ||
| Көгөрүп эми калыптыр | ||
| 1870 | Ошол күндөн ушул күн | |
| Ошо кезде береги | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Умай эне колдогон | ||
| Ушулардын баарына | ||
| 1875 | Жакшылыкка жолдогон | |
| Ырымы мындай калыптыр | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Жамбашка эми согуптур | ||
| Так ошондо түшкүн деп | ||
| 1880 | Ата кокуй энеңди | |
| Кыйнап эми бүттүң деп | ||
| Эртерээк эми баргын деп | ||
| Ырысың эми алгын деп | ||
| Так ошондо калганы | ||
| 1885 | Эми кайда барам деп | |
| Эми кайда коном деп | ||
| Эми кайда болом деп | ||
| Ырысым менин кайда деп | ||
| Эми мени айда деп | ||
| 1890 | Каяша айтып бул бала | |
| Чыкпай жүрөт ичинен | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ырысың сенин элде деп | ||
| Ырысың сенин жерде деп | ||
| 1895 | Эртерээк эми баргын деп | |
| Как ошондо жанагы | ||
| Уруктуу бактуу сүздүрүп | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Ата кокуй баланы | ||
| 1900 | Жамбашка койуп сүрдүрүп | |
| Как ошондо калганы | ||
| Мына ошондо баргын деп | ||
| Эртерээк эми элиңди | ||
| Таап эми алгын деп | ||
| 1905 | Мына ошондо жанагы | |
| Жараткандын өзүнөн | ||
| Мына ошондо келгин деп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Элге гана жардам да бергин деп ууу | ||
| 1910 | Умай эне, Улукман | |
| Айтып эми калганы | ||
| Андай болсо барам деп | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Улутту бакты сүзгөнү | ||
| 1915 | Муну менен карасаң | |
| Жерге бала түшкөнү | ||
| Карынды каттуу сүзгөнү | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Кайрылып бала түшкөнү | ||
| 1920 | Азыркысын караса | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Эки колун толтура | ||
| Кан чиңгелдеп түшкөнү | ||
| Как ошондо караса | ||
| 1925 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Оозунда кылы бар | ||
| Атаңдын көрү баланын | ||
| Айта турган сыры бар | ||
| Аркасында баланын | ||
| 1930 | Айдай кара жалы бар | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Оң далынын астында | ||
| Эми муштумдай гана кара да калы бар ууу | ||
| Ээ так ошондо сурасаң | ||
| 1935 | Чочогу чыкты чормоюп | |
| Мына ошондо береги | ||
| Өзү чыкты болтоюп | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Кыйнап түштү бул бала | ||
| 1940 | Кадимкидей бул жерге | |
| Ыйлап түштү бул бала | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Эки колун караса | ||
| Караганды момундай | ||
| 1945 | Уштап түштү бул бала | |
| Кара жерди сурасаң | ||
| Туштап түштү бул бала | ||
| Эми бала түшкөнү | ||
| Кармашамын дегендин | ||
| 1950 | Канын жутам дегени | |
| Кан ичкирип сойом деп | ||
| Аны менен карасаң | ||
| Оозунда кылы бар | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 1955 | Мына ошондо береги | |
| Чечишемин дегенди | ||
| Кылдай жандан момундай | ||
| Чайнашып эми кара жан | ||
| Кечишемин дегени | ||
| 1960 | Как ошондо жанагы | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Аркасында баланын | ||
| Айдай гана жалы бар | ||
| Оозун ачып караса | ||
| 1965 | Ошондо эки чыккан азуу бар ууу | |
| Бир караса бир киши | ||
| Бир караса миң киши | ||
| Бир караса бул бала | ||
| Көктөн түшө калгандай | ||
| 1970 | Бир караса бул бала | |
| Жерден чыга калгандай | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Жашы өзү каргандай | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| 1975 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Баркыраган добушу | ||
| Ат чабым жерге угулду | ||
| Алдастаган катындын | ||
| Алтоосу бирдей жыгылды | ||
| 1980 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Күнүнө мынча болуптур | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Айланайын энеңди | ||
| Мартубасып кетти эле | ||
| 1985 | Мына ошондо катындар | |
| Жанына жакын жеткени | ||
| Мартубасып кетти деп | ||
| Балакет эми жетти деп | ||
| Как ошондо калыптыр | ||
| 1990 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Ал аңгыча караса | ||
| Сууну үркүп алыптыр | ||
| Эсине энең келиптир | ||
| Бала кана берчи деп | ||
| 1995 | Сурап эми калыптыр | |
| Баланы алган киши жок | ||
| Бала менен иши жок | ||
| Бала жатат бакырып | ||
| Алты бирдей катыны | ||
| 2000 | Туралбай жатат калтырап | |
| Как ошондо сурасаң | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Баланын сүрүн көргөндө | ||
| Катындардын баарысы | ||
| 2005 | Баралышпай жалдырап | |
| Так ошону көргөндө | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Баланы алып бергин деп | ||
| Энекең буйрук салганы | ||
| 2010 | Мына ошондо Канышбек | |
| Эми жете барганы | ||
| Көтөрө албай баланы | ||
| Көтөюк деп чочуп калганы | ||
| Ал аңгыча баарысы | ||
| 2015 | Ээ Бакдөөлөт басып барганы | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Көтөрүп алып баланы | ||
| Этегине салганы | ||
| Ээ көзү жаман катын бар | ||
| 2020 | Мына ошондо катындар | |
| Көзү тийип кетет деп | ||
| Сөзү тийип кетет деп | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Бакдөөлөт басып барганы | ||
| 2025 | Эки бирдей таманы | |
| Оор экен баланын | ||
| Көтөргөндө салмагы | ||
| Ээ баркырап мунуң ыйласа | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 2030 | Өйдө бою калтырап | |
| Так ошондо жанагы | ||
| Эки көзү жалдырап | ||
| Байбиченин өзүнө | ||
| Ээ алып барып бергени | ||
| 2035 | Мына ошондо жанагы | |
| Атаңдын көрү байбиче | ||
| Алып келгин майды деп | ||
| Как ошондо сарымай | ||
| Ырымын эми салдырды | ||
| 2040 | Үч карын май алдырды | |
| Үч карындын майларын | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Чай кайнам колго жалмады | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 2045 | Алты карым май салды | |
| Аны менен жан салды | ||
| Алтоосун бирдей жеп салды | ||
| Тогуз карым май салды | ||
| Так ошондо береги | ||
| 2050 | Тобосун билбей жеп салды | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Кандай соргок деп калды | ||
| Так ошондо караса | ||
| Андан кийин байбиче | ||
| 2055 | Ырым кылып момундай | |
| Оң эмчегин салганы | ||
| Оңдоп колго алганы | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| А дегенде ууз чыкты | ||
| 2060 | Андан кийин сүт чыкты | |
| Так ошондо береги | ||
| Үчүнчүсү энеңден | ||
| Мына ошондо кан чыкты | ||
| Энеңден чыдай албай жан чыкты ууу | ||
| 2065 | Баланы эми карасса | |
| Баладан башка сүрү бар | ||
| Ажыдаардай түрү бар | ||
| Аркасында сурасаң | ||
| Айгыр аттай түрү бар | ||
| 2070 | Как ошондо көрүп ал | |
| Барар жолду бөлүп ал | ||
| Билими чөлдү адырек | ||
| Эрими чөлүң эр жүрөк | ||
| Отуздагы кишидей | ||
| 2075 | Отурганда салмагы | |
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Азыр айран калганы | ||
| Как ошондо сурасаң | ||
| Колдогону кырк тогуз | ||
| 2080 | Колтугунда чамынат | |
| Жөлөгөнү кырк тогуз | ||
| Жайдай басып камынат | ||
| Алп каракуш зумурук | ||
| Түндүгүнө конуптур | ||
| 2085 | Как ошондо сурасаң | |
| Ажыдаар мал жылан | ||
| Алды жакта болуптур | ||
| Кара чаар кар жылан | ||
| Капталында чамынат | ||
| 2090 | Чолок көк жал арсылан | |
| Жандай салып камынат | ||
| Көсө куйрук кырк бөрү | ||
| Арт жагында камынат | ||
| Ээ колдогону кырк тогуз | ||
| 2095 | Чөлдөй басып жөлүптүр ы | |
| Ээ мына ошондо жанагы | ||
| Жалпы баары келиптир | ||
| Ээ катындардын баарысы | ||
| Көргөндөрү таңданып | ||
| 2100 | Ээ карап эми жарланып | |
| Баралышпай аң карап | ||
| Как ошондо турганы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Ээ энекең ырымын мындай кылганы | ||
| 2105 | Көзү жаман катындын | |
| Көзү тийип кетет деп | ||
| Сөзү жаман катындын | ||
| Сөзү тийип кетет деп | ||
| Так ошондо балага | ||
| 2110 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Мунусу мындай өтөт деп | ||
| Азыркысын караса | ||
| Төө баштаган төрт тобу | ||
| Садагасын чаптырып | ||
| 2115 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Артсар башыл кой айтып | ||
| Ай туйакка бээ айтып | ||
| Айы мүздөн уй айтып | ||
| Ай дөлкөчтөн төө айтып | ||
| 2120 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Садаганын баарысын | ||
| Ырымын мындай кылды эле | ||
| Жетим менен жесирге | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 2125 | Ай туйак эми алтыны | |
| Таратып гана мындайда турду эле ууу | ||
| Ошо кезде жанагы | ||
| Так ошондо сурасаң | ||
| Ээ толгону мынча болуптур | ||
| 2130 | Бакыттын кушу башына | |
| Конгону мынча болуптур | ||
| Өткөндөн алар өчтү деп | ||
| Кеткенден алар кетти деп | ||
| Кайрып берер гөштү деп | ||
| 2135 | Ээ так ошондо сурасаң | |
| Аккан жашын кыргыздын | ||
| Ээ тыйган бала болот деп | ||
| Чачылганда кыгызды | ||
| Жыйган бала болот деп | ||
| 2140 | Үзүлгөндү улайт деп | |
| Чачылганды жыйнайт деп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| Эми кеткени эми толоор деп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө | ||
| 2145 | Көксөгөнүм болоор деп | |
| Ошо кезде береги | ||
| Оң бөлтөктүн астында | ||
| Манас деген жазуу бар | ||
| Эки чыккан азуу бар | ||
| 2150 | Так ошондо береги | |
| Аш бышымдай болгон оң бөлтөк | ||
| Оң бөлтөктүн астында | ||
| Манас деген жазуусу | ||
| Мына ошондо жоюлду | ||
| 2155 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Көрүп алып энеңдин | ||
| Эми көзү гана мынча тоюнду ууу |