American University of Central Asia - AUCA - Transcription 2

Doolot Sydykov - Transcription Two

 

D2

Doolot Sydykov, 'Birth of Manas', recorded 22 February 2018

Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available here]

Transcription below by Alymkan Jeenbekova

 

    Ээ жасабаса жараткан
    Бүтүнүндө чара жок
    Жараткан бүтүн берген соң
    Бөлөрүнө ала жак
5   Кечээ күнү эр Жакып
    Кырк сегизге барса да
    Аталап чыгар бала жок
    Эки катын алыптыр
    Эки катын түп туубай
10   Бала көрбөй калыптыр
    Как ошондо кайгырып
    Капаланып туралбай
    Өөдө ооп эр Жакып
    Эми ишке чыгалбай
15   Өөдө болсо бүгүлүп
    Мына ошондо Жакыпка
    Кыямат жакын көрүнүп
    Өлгө барса көбү айтат
    Куу баш болду деп айтат
20   Эки бирдей катыны
    Туубас болду деп айтат
    Баланы көрсө жашыптыр
    Элди көрсө эр Жакып
    Жашынып үйдө жатыптыр
25   Наалыш кылып курушум
    Кудай менен урушуп
    Наалыш сөзүн айтыптыр
    Как ошондо эр Жакып
    Үнү бою балкыптыр
30   Чыйпылдатып чымчыкка
    Эми бала бердиң деп
    Коркулдаган доңузга
    Бугада бала бердиң деп
    Как ошондо жанагы
35   Төрт түлүктү макулук
    Жыланда болсо жырткычтыр
    Ага да бала бердиң деп
    Мына ошонун баарынан
    Мен курган Жакып киммин деп
40   Неликтен жазып койдум деп
    Айланайын жараткан!
    Тирүүлөй кыйнап сойдуң деп
    Эртең көзүм жумулса
    Аталап мени жокторго
45   Артымда дүйнө топторго
    Уулу жолун уларга
    Изим басып сурарга
    Зыйнатыма турарга
    Чымчып топо саларга
50   Жалгыз туяк болсо деп
    Ата кокуй бу дүйнө!
    Ата деген ушундай
    - деп ошентип аларга
    Артыман улап каларга
55   Эл ичинде жүрөргө
    Элдир-селдир эс берип
    Мына ошондо жараткан
    Бир туяктан кем кылдың
    Тирүү жүрсөң сандалып
60   Бир баладан кем кылдың
    Айланайын жараткан
    Ушунун баарын сен кылдың
    Болбосо неден жаздым деп
    Атанын жолу бүтөбү
65   Ээсиз калган сан кара
    Кара кытай Чымачын
    Ушуреки көп адам
    Бардык менен түтөбү
    Артыңда туяк болбосо
70   Тумшугуңдун катканы
    Туураланып жатканы
    Артыңда туяк жок болсо
    Адырда жылкы алты сан
    Айдаса бир күн доолуку
75   Кыйкырса бир күн жоолуку
    Как ошондо береги
    Ээсиз алган малымды
    Эл айдатып түгөтөр
    Муну менен күн өтөр
80   Күн өткөн соң ушунча
    Дүнүйөнү ким күтөр
    - деп ошондо эр Жакып
    Как ошондо кайгырып
    Тураланып алыптыр
85   Тукумду туура күтө албай
    Как ошондо наалыптыр
    Өөдө болуп коп албай
    Эми Жакып туралбай
    Тумшугу туура катыптыр
90   Туйгуну Жакып момундай
    Ээ баладан көзү катканы
    Ошо кезде Жакыбың
    Наалыш кылып Теңирге
    Теңдеп датын айтканы
95   Как ошондо эр Жакып
    Ошо кезде сурасаң
    Буру токой белинде
    Бураган тоонун кээгинде
    Үч эмбек тоонун оюна
100   Азыркысын караса
    Ошо кезде Жакыптын
    Алтыны алты там болгон
    Эсепсиз Жакып бай болгон
    Мына ошондо күмүшү
105   Туура жети там болгон
    Кураган Жакып бай болгон
    Эсепсиз калган санкара
    Так ошондо жылкысы
    Кырк миңге барып толуптур
110   Кыйраталык болуптур
    Ошол кезде жылкынын
    Эсебин барып алыптыр
    Эстеп жолго салыптыр
    Как ошондо эр Жакып
115   Эми келип калды деп
    Жылкычысы Балдабай
    Кысыр эмди тай союп
    Мына ошондо бай коюп
    Этин тартып олтуруп
120   Тамагын тартып олтуруп
    Улуу сөздөн куурашып
    Аңгемелүү кеп кылып
    Санжыралуу кеп кылып
    Эми жолго салды эле
125   Күүгүм кире күн бата
    Аттанып жүрүп алды эле
    Аттанып жүрүп алганда
    Кайра үйүнө салганда
    Мына ошондо береги
130   Күн эңкейген бешимде
    Күүгүм кире кечинде
    Алды жагын сураса
    Как ошондо бурул токой өзүндө
    Мына ошондо эр Жакып
135   Келе жатса кечинде
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Асмандан добуш угулду
    Добушун угуп эр Жакып
    Тура кетип жыгылды
140   Баш айланып көз чыгып
    Кеткениндей болду эми
    Эми ажал Жакыпка
    Жеткениндей болду эми
    Асмандан добуш үн чыкты
145   Айланайын эр Жакып
    Алдыгы жерге тура тур
    Айтканымды уга тур
    - деп ошондо Жакыбың
    Азыркысын караса
150   Кээде эске келе алса
    Кээде эске келе албай
    Кээде тилге келе алса
    Кээде тилге келе албай
    Как ошондо жанагы
155   Мына ошондо Жакыптын
    Бурул токой маңдайдан
    Как ошондо караса
    Ак чубалып көрүндү
    Ак чубалып көрүнсө
160   Үстү жагы дөө келет
    Жер бетине не келет
    Мына ошондо жанагы
    Абалкысын сурасаң
    Так ошондо кыргыз кан
165   Мына ошондо угуз кан
    Сактан, Түмөн атаңыз
    Мына ошондо атаңыз
    Как ошондо береги
    Бастырып жолго салыптыр
170   б/дэр атаңдын алдынан
    Эми чыга калыптыр
    Ошолордун баарысы
    Алдына келди Жакыптын
    Андан кийин артынан
175   Эр Жакыптын момундай
    Өтүп кеткен жанагы
    Ороздун эми атасы
    Андан кийин береги
    Караган болгон бабасы
180   Ногой болуп момундай
    Как ошондо бубасы
    Ары жагын сурасаң
    Как ошондо береги
    Мына ошондо Балакан
185   Ошол экен кубасы
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ак Жолтой экен жетеси
    Ата кокуй дүнүйө!
    Сан колдой экен түбү деп
190   Мына ошондо Бөйөкан
    Азыркысын Чаякан
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Тараган ушу кыргыздан
    Тогуз бирдей атасы
195   Келген экен Жакыпка
    Эч жерде жок катасы
    Баары атасы кан өткөн
    Баары журтка даң өткөн
    Түп атасы кан өткөн
200   Түгүл журтка даң өткөн
    Эринин баары ээлигип
    Мына ошондо жанагы
    Эрдин баары желигип
    Эми келип туруптур
205   Ошол кезде эр Жакып
    Барып салам кылыптыр
    Арыбаңыз аталар
    - деп ошентип калганы
    Саламын эми алганы
210   Бар бол эми балам деп
    Баары алкап калганы
    Айланайын эр Жакып
    Жараткандын өзүнө
    Даатың барып өттү деп
215   Мына ошондо береги
    Бир Теңирдин өзүнө
    Мууңуң барып жетти деп
    Ушу кезде сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө!
220   Мына ошондо жараткан
    Даатыңды угуп алды деп
    Бизди жолго салды деп
    Ушуреки береги
    Түп атаң болот Түмөн деп
225   Башка атаң болот баары деп
    Жакшылап таанып алгын деп
    Мына ошондо Угуз деп
    Аркы атаң болот Кыргыз деп
    Берки атаң болот Угуз деп
230   Как ошондо карасаң
    Сактан, Түмөн атаң деп
    Ушулардан башталып
    Күн тукумуң уланып
    Как ошондо куралып
235   Узун кыргыз эл болгон
    Ушулардын баарысы
    Жалгыз башын сурасаң
    Сан элине тең болгон
    Как ошондо береги
240   Алышкан душман кем болгон
    Жараткандын нурунан
    Жаралган ушул эл болгон
    Нур тукуму аталып
    Жараткандан баш алып
245   Көчкөн элден экенбиз
    Уланып эми бул күнгө
    Жеткен элден экенбиз
    Ат үстүндө ойногон
    Көчмөн элден экенбиз
250   Ак карлуу тоону жердеген
    Арстан элден экенбиз
    Так ошондо момундай
    Айтылса оозго тоолуучу
    Дастан элден экенбиз
255   Айланайын эр Жакып
    Жараткандын буйругу
    Эки болбойт өзүңө
    Көрүндү эми көзүңө
    Ушуреки баарыбыз
260   Баталап атып бүттү деп
    Бир өзүңдөн сурасаң
    Аталап атып бүттү деп
    Айланайын көк Теңир
    Бизге ыраа көрдү деп
265   Өзүңө бала берди деп
    Мына ошондо сурасаң
    Тогуз кабат асмандын
    Ушу кезде сурасаң
    Төбөсүнөн түшөт деп
270   Жети кабат кара жер
    Ыйыгынан бүтөт деп
    Ушуреки жел кайып
    Бир өзүнөн бүтөт деп
    Мына ошондо жанагы
275   Баары ырдаса кыргыз эл
    Барлык менен күтөт деп
    Айланайын эр Жакып
    Ырайымды кылдык деп
    Жүзүбүздү бурдук деп
280   Аткарып эми турдук деп
    Ушуреки кыргызга
    Бир өйүңдө кут келет
    Бу кыргызга туш келет
    Кыргызга эми келгени
285   Ааламга эми дем деди
    Ушуреки ааламдын
    Калыстыгын орнотуп
    Как ошондо жанагы
    Жалпы адамзат пендеге
290   Жаралган бала болот деп
    Айтылып оозго толот деп
    Ушуреки жараткан
    Жарлыгы менен келет деп
    Атаңдын көрү дүнүйө!
295   Түгөнөрдө кыргызды
    Түптөп чыгат бул бала
    Чачылганда кыргызды
    Жыйнап чыгат бул бала
    Дем бүткөндө кыргызды
300   Күчтөп чыгат бул бала
    Кубатың артып өтөт деп
    Мына ошондо жанагы
    Отуз жүз миң ааламга
    К/ойбой салып кетет деп
305   Как ошондо жанагы
    Жакшылап эми күтүп ал
    - деп ошондо жанагы
    Алакан жазып калыптыр
    Баталап эми алыптыр
310   Алакан жазып кол берип
    Айланайын жараткан
    Мына ошондо берсин деп
    Ошореки бул бала
    Тогуз айдын өзүндө
315   Үйүнө эми келсин деп
    Аккан жашын кыргыздын
    Тыйган бала болсун деп
    Чачылганда кыргызды
    Жыйган бала болсун деп
320   Как ошондо карасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Этегиңди тос деди
    Этегин Жакып тосуптур
    Как ошондо жанагы
325   Аталарды сураса
    Көккө колун созуптур
    Көктөн эми жанагы
    Чагылган түшүп бүркүрөп
    Күн чайкалып ачылып
330   Асмандан эми нур түштү
    Как ошондо жанагы
    Нурду эми алганы
    Этегине Жакыптын
    Как ошондо салганы
335   Ырымы болсун кыргыз туу
    Как ошондо жанагы
    - деп ошондо баарысы
    Баталап туруп калганы
    Мына ошондо эр Жакып
340   Этегине салганы
    Боюна сиңип кетти эми
    Мына ошондо неткени
    Азыркысын эр Жакып
    Батасын алып калыптыр
345   Как ошондо караса
    Караса көзгө илинбей
    Кайда экени билинбей
    Мына ошондо сурасаң
    Кайып болду баарысы
350   Кайып болуп кеткени
    Жер жарылып закымдап
    Жерге жарык жетти эми
    Ошо кезде эр Жакып
    Буулоолонуп буу чыгып
355   Таманынан суу чыгып
    Так маңдайдан бөлүнүп
    Мына ошондо көрүнүп
    Турган жерде катыптыр
    Как ошондо эр Жакып
360   Ошол кезде таңында
    Эсине келип басыптыр
    Эс-бас болгон эмедей
    Как ошондо кеңгиреп
    Эми Жакып эңгиреп
365   Туура жолго салды эле
    Аттанып жүрүп алды эле
    Үйүнө Жакып барды эле
    Мына ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө!
370   Ошо кезде неткени
    Азыркысын жанагы
    Жүр байбиче баралы
    Барып жолго салалы
    - деп ошондо жанагы
375   Тилек кылып алалы
    Канча жылдан бер карай
    Көрүнбөгөн көзүмө
    Билинбеген өзүмө
    Өңүн эми көрбөгөм
380   Мына ошондо баарысы
    Көк Теңирдин буйругун
    Аткарып эми келди деп
    Жүр байбиче баралы
    Курмандыкты чалалы
385   - деп ошондо жанагы
    Улуусу экен Чыйырды
    Кичүү катын дегени
    Как ошондо Бакдөөлөт
    Экөөнү эми алыптыр
390   Алтын Көлдүн жээгинде
    Ата кокуй дүнүйө!
    Манжылынын мазарга
    Как ошондо барганы
    Курмандыгын чалганы
395   Мына ошондо береги
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ырымын мындай кылыптыр
    Ошо кезде момундай
    Ата-бабаң арбактан
400   Как ошондо жан жактан
    Ата кокуй дүнүйө!
    Көк Теңирдин өзүнөн
    Бала сурап туруптур
    Бала эми бергин деп
405   Мына ошондо береги
    Ырымын эми кылыптыр
    Ата кокуй дүнүйө!
    Кырчасын кылдан эштирген
    Бүтүн жердин кыргызга
410   Ырым кылып кестирген
    Мына ошондо жанагы
    Атаңдан калган чоң тулу
    Ырым кылып момундай
    Ошо кезде жайганы
415   Бата тилеп калганы
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ал күнү антип жатыптыр
    Как ошондо жанагы
    Мазарды мынтип басыптыр
420   Мазар көрсө сыйынып
    Ошо кезде береги
    Топту көрсө момундай
    Кайран Жакып ыйынып
    Мына ошондо береги
425   Кайра кайтып келди эми
    Ошо кезде сурасаң
    Дүнүйө бүткөн Дүйшөмбү
    Дүйшөмбүнүн күнүндө
    Мына ошондо сурасаң
430   Эрениң Жакып түш көрүп
    Бир көргөнүн үч көрүп
    Как ошондо сурасаң
    Ошо көргөн түшүндө
    Мына ошондо эр Жакып
435   Азыркысы момундай
    Мына ошондо жанагы
    Асмандаган чоң чоку
    Чоң чокунун өзүнө
    Эми чыгып барды эле
440   Ал ан сайын Жакыптын
    Алтымыш кулач узарып
    Бою кетип барды эле
    Бою эми узарды
    Айлананы караса
445   Как ошондо жанагы
    Тогуз кабат асманга
    Жакыптын көзү жетиптир
    Же кара жерди караса
    Жети кабат кара жер
450   Мына ошондо эр Жакып
    Эми көзү өтүптүр
    Айлананы караса
    Как ошондо сан жылдыз
    Отуз жүз миң ааламга
455   Мына ошондо Жакыбың
    Азыркысы момундай
    Көзү жетип турду эле
    Эне бою кулачтуу
    Өзү жетип турду эле
460   Колун сунса жанагы
    Жерди кармап турду эле
    Мына ошондо эр Жакып
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Эр Жакыпты сураса
465   Оң ийинде күн конду
    Сол ийинге ай конду
    Ай конбосо неткени
    Мына ошондо эр Жакып
    Азыркысы момундай
470   Ааламга башы кеткени
    Буту жерде болгону
    Мына ошондо жанагы
    Айы менен күнүсү
    Мына ошондо ийинге
475   Эми Жакыптын келип конгону
    Ошо кезде эр Жакып
    Мына ошондо толгонуп
    Азыркысын оңдонуп
    Мына ошондо сураса
480   Атаңдын көрү дүнүйө!
    Арта кызык тамаша
    Так ошондо караса
    Мына ошондо жанагы
    Бою кетип узарып
485   Көзү кетип кызарып
    Ойгонуп гана Жакып да кеткени эээ
    Кетпегенде неткени
    Азыркысын сураса
    Аңгеме үкчө кураса
490   Как ошондо жанагы
    Эшикке чыгып барыптыр
    Таң агарып атканда
    Тараза жылдыз батканча
    Эми басып момундай
495   Булоолонуп буу болуп
    Эне бою суу болуп
    Үйгө басып кире албай
    Мына ошондо жүрүптүр
    Атаңдын көрү дүнүйө!
500   Байбичелер нетти деп
    Уктап эми кетти деп
    Как ошондо караса
    Суусап Жакып момундай
    Ичке кирип барганы
505   Азыркысы момундай
    Ойгонуп эми момундай
    Бакдөөлөт эми калганы
    Ата кокуй дүнүйө!
    Байтал бээнин бал кымыз
510   Асый аяк өзүндө
    Чайкап-чайкап куйгуну
    Оң бүлкөнү бүлкүлдөп
    Сол тизеси бүлкүлдөп
    Как ошондо Жакыпка
515   Эми сунуп туруптур
    Ишааратын кылыптыр
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Олтуй басып бүгүлүп
    Оң тизеден жүгүнүп
520   Солтуй басып бүгүлүп
    Сол тизеден жүгүнүп
    Эр Жакыпка сунганы
    Как ошондо эр Жакып
    Мына ошондо жанагы
525   Кымызын ичип алган соң
    Андан кийин момундай
    Алкышын айтып туруптур
    Азыркысын караса
    Атаңдын көрү дүнүйө!
530   Бети-колун жуунуп
    Мына ошондо береги
    Кыңгырап эми буунуп
    Мына ошондо жанагы
    Эр Жакыптын гана доор туду
535   Ошондо кабырга тоонун этинде
    Ата кокуй дүнүйө!
    Ак саздын бери четинде
    Аземел суунун боюнда
    Мына ошондо жанагы
540   Ар нерсе бар оюнда
    Как ошондо карасаң
    Атаңдын көрү неткени
    Ордосуна момундай
    Эми гана Жакып да жетти эми
545   Ал аңгыча байбиче
    Мына ошондо чоюлуп
    Ордунан туруп ойгонуп
    Как ошондо байбиче
    Эми туруп кеп айтат
550   Эй айып этпей байым деп
    Уктап эми кетипмин
    Мына ошондо береги
    Ээ түштөн эми түш көрдүм
    Мына ошондо жанагы
555   Мында кызык иш көрдүм
    Айланайын байым деп
    Как ошондо калганы
    Анда байы кеп айтат
    Ырас болду байбиче
560   Мен да көрдүм деп айтат
    Как ошондо жанагы
    Ошо кезде түштөрүн
    Ушу көргөн иштерин
    Как ошондо караса
565   Атаңдын көрү дүнүйө!
    Айланайын байым деп
    Уруксат болсо эгер деп
    Түшүмдү айтып берейин
    - деп ошондо калганы
570   Андай болсо айткын деп
    Жакып угуп калганы
    Ээ ошо кезде караса
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ээ ушу көргөн түшүмдү
575   Мына ошондо ишимди
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Текери алтын тегичи?
    Тегереги эки
    Көзү кара көк шалпан?
580   Көргөндөн кайра тартпаган
    Көлөктөй жемден кайтпаган
    Салганын кайра тарпаган
    Табактай жемден кайтпаган
    Көзү кара көк шалбын
585   Так ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Мына ошондо жанагы
    Атаңдын көрү ак шумкар
    Эми колдон алыптыр
590   Албаганда неткени
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ошо кезде чоң боз үй
    Чоң боз үйү тигилип
    Ошо кезде ичинде
595   Турган экен билинип
    Мына ошондо карасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Аркасында момундай
    Жети бирдей боз үйү
600   Турган экен момундай
    Так ошондо тигилип
    Ар кайсысын караса
    Ар кайсында кушу бар
    Көрүп турган ушулар
605   Как ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ошо кезде неткени
    Куш төрөсү Буудайык?
    Азыркысы момундай
610   Үнүн эми чыгарса
    Жаңырып эми ааламга
    Үнү эми өткөнү
    Үнүнөн эми караса
    Атаңдын көрү дүнүйө!
615   Жылып чыккан жылан жок
    Ойноп чыккан кулан жок
    Сойлоп чыккан жылан жок
    Ал аңгыча караса
    Канатын күүлөп ийгени
620   Канатын күүлөп ийгенде
    Ошо кезде жанагы
    Күүсүнөн момундай
    Туурдугу түрүлүп
    Атаңдын көрү боз үйү
625   Кеткен экен сүрүлүп
    Как ошондо неткени
    Азыркысын жетөөсү
    Жаны чыга кетти эми
    Жаны чыгып далбастап
630   Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ары-бери калдастап
    Өлүп кала таштады
    Мына ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө!
635   Куш төрөсү Буудайык
    Муну кармап алыпмын
    Ал эмине болуучу?
    Ал түшүмдү жоруучу
    - деп ошондо калганы
640   Айтып кебин салганы
    Ал аңгыча караса
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ак сакалдуу дубана
    Эшиктен басып кирди эми
645   Саламын эми берди эми
    Кызыл алма берди эле
    Кызыл алма бергенде
    Оозума тиштеп салыпмын
    Аны менен карасам
650   Аягымдан ажыдаар
    Буулуп эми ышкырып
    Мына чыгып алыптыр
    Ал эмине болуучу?
    - деп ошондо калганы
655   Мына ошондо Жакыптын
    Өзүнө айта салганы
    Ал аңгыча караса
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ошо кезде эр Жакып
660   Эси ооп эңгиреп
    Мына ошондо жанагы
    Берейин деп бир Кудай
    Дал ошондо калганбы
    Башыбызда чоң убай
665   Кетейин деп калганбы
    Ата кокуй дүнүйө!
    Ээ Тилегибиз ар убак
    Эми жетейин деп калганбы уу
    - деп ошондо эр Жакып
670   Ээ мына минтип калганы
    Байбиче кебин салганы
    Түштүн башы казандай
    Мойнуң ичке кылдай дейт
    Ак сакалдуу баарыдан
675   Эс билгендин баарыдан
    Ээ чакырып байым алсакпы
    Курмандыкты чалсакпы
    - деп ошондо алдагы
    Айтып эми салганы
680   Ырас айттың байбиче
    - деп ошондо жанагы
    Мына ошондо сурасаң
    Тогуз бээни алдырып
    Бир жеринде ала жок
685   Оо бир жеринде кара жок
    Ата кокуй дүнүйө!
    Ак боз бээни алдырып
    Ата-бабаң арбакка
    Атап туруп чалдырып
690   Оо так ошондо эр Жакып
    Ат уулунун барынан
    Сакалдуулап чакырып
    Жетим менен жесирге
    Мына ошондо жанагы
695   Садагасын чаптырып
    Сары улагын тарттырып
    Ата бир момундай кылдырып
    Бир тойгузуп салдырып
    Ат уулдуулап баарысын
700   Как ошондо ордого
    Киргизип эми турду эле
    Ак сакал менен көк сакал
    Ээ көптү көргөн даанышман
    Жеке чыгаар жарышты
705   Ошол элдин ичинде
    Эрин тууган Ак Балта
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Жилигиң каздай каркылдап
    Аксакалы жаркылдап
710   Эрениң Балта дагы бар
    Как ошондо жанагы
    Жылкы башы Бадалбай
    Ээ ногойдон чалы кары бар
    Как ошондо көрүп ал
715   Эрин тууган эри бар
    Мына ошонда Саламат
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Так ошондо түп атасы Камбаркан
    Ошо кезде Айдаркан
720   Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ээ аның келген чагы бар
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ошолордун баарысы
    Чакырткан экен сураса
725   Калмактардын карысы
    Аралаш конгон баарысы
    Так ошондо береги
    Эрен Ошпур байы бар
    Атаңдын көрү дүнүйө!
730   Ээ мына ошондо көрүп ал
    Ата кокуй дүнүйө!
    Биз билбеген канча бар
    Как ошондо жанагы
    Ак сакалдап жанагы
735   Устаканын тарттырып
    Ата кокуй дүнүйө!
    Ырымын мындай кылды эле
    Ырым кылып турду эле
    Андан кийин кеп айтат
740   Айланайын карылар
    Ылайыктуу кеп болсо
    Айтар эми кеп болсо
    Ылайыктуу сөз болсо
    Как ошондо жанагы
745   Ээ мына ошондо береги
    Баарыбыз бирдей түш көрдүк
    Түш көргөндүн үч көрдүк
    Мына ошондо береги
    Ырымы бар ырыстуу
750   Так ошондо жанагы
    Кылганы бар кылыктуу
    Ошону жоруп бергиле
    Ылайыктуу момундай
    Жоруп берсең нетейин
755   Дегениңе көнөйүн
    Ушуреки күбө тон
    Күбө тонду чечейин
    Ылайыктуу түш болсо
    Так ошондо мен өзүм
760   Кара жандан кечейин
    Ылайыктуу түш болсо
    Эми ылдам жоруп бергиле
    Барган эми келгиле
    Дегениме көнгүлө
765   Түштөн жоруп бергиле
    Түштүн башы казандай
    Тетир жоруп ийбегин
    Оңго жоруп бергиле
    Оңго эми оодарып
770   Чоңго жоруп бергиле
    - деп ошендо турганы
    Мындай кебин курганы
    Андай болсо айткын деп
    Так ошондо береги
775   Бетке айтып калыптыр
    Мына ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Байжигит эми айтчы деп
    Коштоп улап калыптыр
780   Ошолордун баарысы
    Улап угуп түрүнүп
    Мына ошондо жанагы
    Кандай эми кеби деп
    Мына ошондо береги
785   Эр Жакыптын жөнү деп
    Ээ канчаң эми сан кара
    Айнап жүрүп эр Жакып
    Как ошондо береги
    Тамак ашка чакырып
790   Так ошондо койбогур
    Азыркысын бул түшүн
    Эмине болуп кетти деп
    Мына ошондо баарысы
    Кулагын угуп түрүнүп
795   Этек жеңин момундай
    Кымтыланып калыптыр
    Аны менен эр Жакып
    Айтып кебин салыптыр
    Так ошондо караса
800   Эми Жакып кеп айтат
    Ээ түндө жатып түш көрдүм
    Бир көргөнүм үч көрдүм
    Ошо көргөн түшүмдө
    Мына ошондо жанагы
805   Атаңдын көрү дүнүйө!
    Башы уулу чийиптир
    Ээ мына ошондо чоң чоку
    Чоң чокунун өзүнө
    Эми чыгып баргамын
810   Барган сайын момундай
    Алтымыш кулач узарып
    Эми боюм кетиптир
    Как ошондо береги
    Атаңдын көрү дүнүйө!
815   Боюм кетти узарып
    Андан кийин караса
    Как ошондо жанагы
    Тогуз кабат асмандын
    Мына ошондо жанагы
820   Тагын көрүп турдум деп
    Так үстүндө жайнаган
    Баарын көрүп турдум деп
    Жети кабат кара жер
    Түбүн көрүп турдум деп
825   Мына ошондо береги
    Өнүп-өскөн бул жердин
    Гүлүн көрүп турдум деп
    Как ошондо береги
    Ааламда момундай
830   Отуз жүз миң ааламдын
    Жылдызын көрүп турдум деп
    Так ошондо береги
    Жер үстүндө жайнаган
    Турмушун көрүп турдум деп
835   Аны менен көңүлдү
    Как ошондо бурдум деп
    Ушуреки жер бетин
    Кучагына алдым деп
    Аны менен караса
840   Айран азыр калдым деп
    Ошо кезде береги
    Айран калган себеби
    Асмандагы жанагы
    Жараткандын буйругу
845   Оң ийинден күн чыгып
    Сол ийинден ай чыгып
    Мына ошондо береги
    Ошо келип конду деп
    Аягым жерде болду деп
850   Мына ошондо береги
    Төбөм көккө кетти деп
    Ошо кезде береги
    Эки бирдей колума
    Мына ошондо береги
855   Оо ата кокуй дүнүйө
    Минтип эми караса
    Эки бирдей ийинге
    Ай менен күнү конду деп
    Ал эмине болучу
860   Ал түшүмдү жоручу
    Как ошондо береги
    Деп ошондо калганы
    Айтып кебин салганы
    Атаңдын көрү дүнүйө
865   Байбичем дагы түш көрүп
    Ал дагы эми үч көрүп
    Как ошондо байбичем
    Каргайы болгон боз үйгө
    Эми кирип барыптыр
870   Он эки канат чоң ордо
    Так ошондо береги
    Аркасында береги
    Жети ордо бар экен
    Аны менен сурасаң
875   Албан түрлүү жан экен
    Кудай бетин салбай кал
    Ошо кезде жанагы
    Туш тереси Будайык
    Чоң боз үйгө кириптир
880   Ошо кезде байбичем
    Ыйыктыгын билиптир
    Колуна алып көрүтүр
    Мына ошондо береги
    Боруна басып өбүптүр
885   Өппөгөндө неткени
    Как ошондо жанагы
    Шаңшып ийсе Будайык
    Кудай бетин салбай кал
    Жырылып чыккан жылан жок
890   Ойноп чыккан кулан жок
    Жан-жаныбар макулук
    Кырылып кала таштаган
    Добушу эми момундай
    Ай ааламдын өзүнө
895   Жаңырып мынча баштаган
    Желпилип койсоң эгерде
    Мына ошондо береги
    Жердин бети дуу болуп
    Жердин үстү чуу болуп
900   Желпингенде жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ошо кезде береги
    Жети бирдей боз үйдө
    Албан түрлүү куштары
905   Байланып эми турганы
    Ошолордун баарысы
    Кукулуктап үн чыкпай
    Өлүп кала таштаптыр
    Калайманды баштаптыр
910   Мына ошондо береги
    Жети бирдей боз үйдү
    Как ошондо караса
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Уурдугу үзүлүп
915   Мына ошондо береги
    Кереге жиби сүзүлүп
    Мына мындай болуптур
    Ал аңгыча байбиче
    Ошо кезде таңданып
920   Айран калып таң калып
    Так ошондо турганда
    Ак сакал кызыр кириптир
    Эшиктен эми кирген соң
    Саламын эми бериптир
925   Саламын алса жанагы
    Жараткандын белеги
    Деп ошондо жанагы
    Кызыл алма бериптир
    Кызыл алма алыптыр
930   Мына ошондо береги
    Кызыгып эми байбиче
    Жээп аны салыптыр
    Аягынан ышкырып
    Ажыдаар болуп чыгыптыр
935   Ал эмине болучу?
    Ал түшүмдү жоруучу
    Деп ошондо калганы
    Азыркысын караса
    Түшүн айтып салганы
940   Айраңданып таңданып
    Баары бирдей таң калып
    Так ошондо жанагы
    Сакалдарын сылашып
    Аңгемени курашып
945   Каныке эми айтчы деп
    Ылайыктуу түшпү деп
    Эмине кылып жоруйбуз
    Кылымда мындай түш болбойт
    Как ошондо Жакыпта
950   Мына мындай иш болбойт
    Ата кокуй дүнүйө
    Бул эмине кызык деп
    Как ошондо таңданып
    Жалпылары таң калып
955   Эми карап чарданып
    Как ошондо туруптур
    Атаңдын көрү эр Жакып
    Бериптир эми түштү деп
    Келиптир эми момундай
960   Адамга келбес түшү деп
    Болуптур мындай иши деп
    Как ошондо турганы
    Айран калып таңданып
    Мына ошондо турганда
965   Ошо кезде сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Мына ошондо береги
    Байжигит кепти баштады
    Айтаар кептен шашпады
970   Атаңдын көрү дүнүйө
    Бериптир Кудай түшүңдү
    Оңдоптур Кудай ишиңди
    Айланайын Көк Теңир
    Көктөн эми сурасаң
975   Жерден келет турбайбы
    Караламан калайык
    Элден келет турбайбы
    Көктөн эми Кыргыздын
    Тилегенин баарысы
980   О Жакып сенден келет турбайбы
    Айланайын эр Жакып
    Ушул көргөн түшүңдү
    Ушул көргөн ишиңди
    Как ошондо карасаң
985   Чокуга чыгып барганың
    Ошо кезде чоң чоку
    Башы булут тийгени
    Как ошондо Жакыбым
    Зоболоңдун өскөнү
990   Чокуга чыгып барганың
    Касиетиң дагы арбып
    Мынданда өөдө кеткени
    Мына ошондо жанагы
    Тогуз кабат асманың
995   Чеги болот эмеспи
    Жараткандын ал жерде
    Деми болот эмеспи
    Жараткан көкө Теңирдин
    Өзү болот эмеспи
1000   Жараткандын өзүнөн
    Жалгыз бала келеткен
    Жараткан өзү момундай
    Адам болуп кубулуп
    Көктөн жерге куюлуп
1005   Как ошондо жанагы
    Кубатын сага береткен
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Адамга бүтчү момундай
    Кулачын сага береткен
1010   Бир жараткан адамга
    Ырысын сага береткен
    Как ошондо береги
    Жараткандын дөөлөтү
    Эми сага келеткен
1015   Жети кабат кара жер
    Как ошондо береги
    Ошо кезде береги
    Арккы дүйнө арбагы
    Сени колдоп тураткен
1020   Ошолордун баарысы
    Мына ошондо Жакыбым
    Сага колун сунаткен
    Ошо кезде береги
    Келе турган балаңды
1025   Колдоп турат турбайбы
    Ошо кезде береги
    Жакшылыкка ырысын
    Жолдоп турат турбайбы
    Отуз жүз миң ааламдан
1030   Эми көрсөң ырыскы
    Жылдыздын баары жандырып
    Как ошондо береги
    Ошолордун баарысы
    Оңдоп гана берет да ишиңди уу
1035   Оңунан берет түшүңдү
    Ошолордун баарына
    Атаң этип айтылып
    Дайының этип тарачу
    Мына ошондо береги
1040   Ат жеткен эрдин баарысы
    Ысымыңа карачу
    Ээ айланайын эр Жакып
    Ээ канча кылым кошсо да
    Келбей турган түш экен
1045   Ээ пенде жалпы тиленсе
    Бербей турган иш экен
    Как ошондо жанагы
    Ата кокуй дүнүйө
    Боюн кессең узарып
1050   Ошончо жашка жанагы
    Балаң эми чыгуучу
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ошончо жашка чыкканча
    Элге кызмат кылуучу
1055   Так ошондо береги
    Эми Жакып угуп ал
    Айтканыма кулак сал
    Деп ошондо жанагы
    Ээ жараткандын бир өзү
1060   Адам болуп кубулуп
    Көк Теңирге куюлуп
    Өзүнүн атын таанытып
    Так ошондо жанагы
    Адамзаат пендени
1065   Оңдоп жолго салаткен
    Как ошондо карасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Атагы менен алаткен
    Деп ошондо жанагы
1070   Оо айланайын жарыктык
    Жалпы Кыргыз тилесе
    Жалпың эми адамзат
    Мына ошондо береги
    Атаңдын көрү дүнүйө
1075   Жараткандын өзүнөн
    Атын айтып жиберсе
    Эми келбейт турган балакен ууу
    Ошонун гана барында эр Жакып
    Эми бир өзүңө буйруптур
1080   Бул да сага келген буйрукту
    Налый бербей Жакыбым
    Барлык менен күтүп ал
    Казынаң оозун ачыңыз
    Ушуреки түш үчүн
1085   Карк алтынды чачыңыз
    Дүнүйө көзүн караба
    Келе турган бала үчүн
    Так ошондон аяба
    Деп ошентип калганы
1090   Ыраазымын сага деп
    Оңдоп эми берсин деп
    Оңунан ишим келсин деп
    Эр Жакып айтып калганы
    Ал аңгыча Ак Балта
1095   Кебин айта салганы
    Байбиченин түшү деп
    Ырас болду иши деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Оңдоп берсең эгерде
1100   Анысын эми жоруюн
    Ушуреки байбиче
    Ак өргөөгө барганы
    Куш төрөсү Будайык
    Эми колго алганы
1105   Турунда конуп калганы
    Ушуреки береги
    Кайып пирлер колдогон
    Жакшылыкка жолдогон
    Айтканы эки болбогон
1110   Касиеттүү эр келет
    Ааламдан ашыкча
    Арта турган шер келет
    Как ошондо жанагы
    Ушуреки жер бетин
1115   Алар бала болот деп
    Арбытарга дүмөктү
    Салар бала болот деп
    Мына ошондо береги
    Атаңдын көрү дүнүйө
1120   Өкүмүң эки болбогон
    Өзүн Теңир колдогон
    Айтканың эки болбогон
    Жараткан өзү колдогон
    Мына ошондо береги
1125   Жалгыз тумаң эр келет
    Жалдуу көк жал шер келет
    Ошолерки баланы
    Байбиче ттуйт экен деп
    Мына ошондо байбиче
1130   Кер күнү жок бекер деп
    Аны айтып салганы
    Андан кийин чоң кыдыр
    Жараткандын буйругу
    Алып эми келгени
1135   Кызыл алма бергени
    Андай кийин кыз тулат
    Как ошондо береги
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Кызыл алма кыз деди
1140   Кыздан чыккан ууз деди
    Эркектен бирди эр туулат
    Эрден туулат момундай
    Кара көк жал шер туулат
    Кыздан бирди эр туулат
1145   Мына ошондо береги
    Кыйыныраак шер туулат
    Деп ошондо калганы
    Айтып эми салганы
    Андан кийин сурасаң
1150   Жети бирдей боз үйдө
    Жети иниси келет деп
    Мына ошондо Бакдөөлөт
    Өзү төрөп берет деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
1155   Ак жолтой бала болот деп
    Алдыга чыксаң ак жолтой
    Артта жүрсө сан колдой
    Мына ошондо береги
    Эрен бала болот деп
1160   Мына ошондо береги
    Берен бала болот деп
    Айтып аны салганы
    Азыр айтып калганы
    Атаңдын көрү дүнүйө
1165   Оомин деп кол жайып
    Мына ошондо береги
    Оңдоп эми берсин деп
    Оңунан эми келсин деп
    Ушуреки кыргызга
1170   Так ошондо баш болуп
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Жалпы журттун баарына
    Так ошондо жанагы
    Кубаттуу бала болсун деп
1175   Ай ааламдан ашыкча
    Кулачтуу бала болсун деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Мына ошондо береги
    Тилегин эми келтирген
1180   Тилегине жеткирген
    Демдүү бала болсун деп
    Элге келсе момундай
    Элдүү бала болсун деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
1185   Ошо кезде баарысы
    Как ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Жалпы бүткөн пендеге
    Жалдуу бала болсун деп
1190   Ата даңшаган эми душманга
    Каардуу бала болсун деп
    Өзгө өздөй болсун деп
    Сөзгө сөздөй болсун деп
    Башына бакыттын кушу консун деп
1195   Атаңдын көрү дүнүйө
    Оңдоптур Кудай ишиңди
    Бериптир Кудай түшүңдү
    Деп ошондо баарысы
    Оңдоп жоруп калганы
1200   Батасын бере салганы
    Ыраазы болуп эр Жакып
    Казына оозун ачыптыр
    Карк алтынын чачыптыр
    Ат туягын алтындан
1205   Алып келип берди эми
    Мына ошондо дийилде
    Алтындан кылган чоң чапан
    Ар бирине кийгизип
    Жер жерилтпеген жоргодон
1210   Ар бирине мингизип
    Ырымын мындай кылыптыр
    Ыраазымын элге деп
    Ыраазы болуп туруптур
    Түшүң эми келсин деп
1215   Жараткан оңду берсин деп
    Баарысы бата кылыптыр
    Мына ошондо жанагы
    Түшүң оңдуу болду деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
1220   Олжолуу Жакып болот деп
    Башына бакыттын кушу конот деп
    Ар кимиси кеп айтып
    Мына ошондо бек айтып
    Оңдоп эми түш жоруп
1225   Как ошондо нетиптир
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ээ кечээ күнү сурасаң
    Эрен Жакып эр ушу
    Ээ телегейи тең ушу
1230   Как ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Эми качан берет деп
    Басса турса жабылып
    Жаратканга жалынып
1235   Мына ошондо жанагы
    Жакып минтип калыптыр
    Ал аңгыча караса
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ай артынан күн өтүп
1240   Ай караңгы түн өтүп
    Ээ күн артынан күн өтүп
    Күн караңгы түн өтүп
    Мына ошондо байбиче
    Ошо боюндагы баласы
1245   Азыр төрт ай болуп калыптыр
    Талгагы келип калыптыр
    Как ошондо неткени
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Байбиченин өзүнө
1250   Балакет эми жеткени
    Аз тамакка карабай
    Башка тамак жарабай
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Багылаң козу шидим баш
1255   Бур кайнатып таштатып
    Кызык оюн баштатып
    Кызыкты мындай кылдырат
    Анысына карабай
    Атаңдын көрү дүнүйө
1260   Алтын комуз домбура
    Эми колго алдырып
    Акындарга чалдырып
    Как ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө
1265   Мистеси бар жаңгагы
    Мына ошондо алчасы
    Анжыр, курма бар дагы
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Биз көрбөгөн дүйүмдө
1270   Канча бири жайнады
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Мына ошондо кант койуп
    Сарымайын топуруп
    Как ошондо береги
1275   Казы эритип жал койуп
    Мына ошондо жайадал
    Жайман атып алдырып
    Аш тамагын салдырып
    Анысына карабай
1280   Башка тамак жарабай
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Жесем деп жолборс жүрөгүн
    Андан бөлөк самабай
    Ошо кезде неткени
1285   Атаңдын көрү дүнүйө
    Мына ошондо карасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ач тамакка карабай
    Как ошондо турганда
1290   Амалы кетип курганда
    Ал аңгыча караса
    Атаңдын көрү эр Жакып
    Жетимиш бирдей бергенди
    Тизип эми алыптыр
1295   Айтып эми момундай
    Аңгемени салыптыр
    Айланайын берендер
    Кагылайын эрендер
    Как ошондо сурасаң
1300   Как ошондо баргыла
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ошо кезде сурасаң
    Атаңдын көрү жолборстту
    Атып келе калгыла
1305   Ата кокуй дүнүйө
    Атып эми келбесең
    Мына ошондо нетет деп
    Балакеттүү чоң үшкүл
    Эми мында нетет деп
1310   Байбичем өтүп кетет деп
    Ошо кезде береги
    Балакеттүү момундай
    Тууйт беле байбиче
    Үйдөн эми береги
1315   Жолборсттун жүрөгүн
    Таап алып келгин деп
    Кууйт беле байбиче
    Эмине болгон шумдук деп
    Кечээ көрбөгөнмүн укканмын
1320   Жомокчунун кебинен
    Угуп атып чыкканмын
    Аталардын деминен
    Ушундай болуп жаралат
    Деп ошондон укчу элем
1325   Башыман өтүп жатат деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Байбиченин кыялы
    Болуп кетти чатак деп
    Как ошондо жанагы
1330   Ач тамакты карабайт
    Минте берсе байбиче
    Ачкадан өлөр бекен деп
    Ата кокуй дүнүйө
    Как ошондо сурасаң
1335   Айтып эми калыптыр
    Айтып эми барыптыр
    Мына ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ошо кезде жетимиш
1340   Жер жерине тарады
    Жолборс издеп момундай
    Көрүнгөн жерди карады
    Ээ как ошондо неткени
    Жетимиши жабылып
1345   Эми жолборс издеп кетти эми ууу
    Арадан тогуз күн өттү
    Мына ошондо байбиче
    Эр Жакыпты жүдөттү
    Өңүнөн эми азыптыр
1350   Атаңдын көрү дүнүйө
    Мына ошондо нетет деп
    Мергендер качан жетет деп
    Как ошондо эр Жакып
    Көрүнгөн эрди каранып
1355   Мына ошондо эр Жакып
    Ээрди, мурдун жаланып
    Үйгө эми туралбай
    Как ошондо береги
    Үйдөн алыс чыгалбай
1360   Амалы кетип үбүлүп
    Акылы кетип түгөнүп
    Так ошондо турганда
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Мына ошондо сурасаң
1365   Ээ жетимиши келиптир
    Кээ бирөөнү сурасаң
    Шерди атып алыптыр
    Кээ бирөөсү кабылып
    Кабылан атып алыптыр
1370   Кээ бирөөсүн сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Мына ошондо жолборс
    Анысын атып алыптыр
    Кээ бирөөнү сурасаң
1375   Как ошондо береги
    Каман атып алыптыр
    Кээ бирөөнү сурасаң
    Как ошондо береги
    Кулжа атып алыптыр
1380   Как ошондо момундай
    Таппай койдук эми деп
    Аларыңды сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ар кимиси момундай
1385   Ар кайсындай жаныбар
    Атып эми алганы
    Ата кокуй дүнүйө
    Алып келип момундай
    Байбиченин өзүнө
1390   Берип эми салганы
    Ошо кезде байбиче
    Мына ошондо береги
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Пирден атып келиптир
1395   Ошо кезде ар бири
    Бирден эми атыптыр
    Аны менен сурасаң
    Жан-жаныбар дегенден
    Пирден атып келиптир
1400   Муну менен сурасаң
    Ар бириси жөн калбай
    Бирден атып келиптир
    Муну менен сурасаң
    Байбиченин өзүнө
1405   Алып келип бериптир
    Жолборсттун жүрөгүн
    Бөлүп эми бергин деп
    Мына ошондо береги
    Жакып айтып салганы
1410   Анысына карабай
    Ырымы бар ырыстуу
    Ырымын эми кылайын
    Баарысын эми бергин деп
    Атайын эми барган соң
1415   Алып эми келгин деп
    Баарысынын жүрөгүн
    Бирдей эми жегени
    Мына ошондо береги
    Талгагым канды дегени
1420   Талгагым канып калды деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Басаң айтып белгилеп
    Байбичеге бере калыптыр
    Арадан отуз күн өтүп
1425   Кайра талгак салыптыр
    Балакеттүү чоң дүбөк
    Мына ошондо береги
    Барган сайын ичинде
    Баласы эми жүдөтөт
1430   Анан сайын күн өтөт
    Ошо кезде неткени
    Жакыптын акыл кеттиби
    Как ошондо эр Жакып
    Амалы кетип үбөлүп
1435   Айла кетип түгөлүп
    Эми эми нетем деп
    Эми кандай күнгө жетем деп
    Как ошондо калыптыр
    Атаңдын көрү дүнүйө
1440   Ошо күнү сурасаң
    Күмүш булак мазарга
    Эрен тууган Ак Балта
    Эми жете барыптыр
    Ак Балтаң эми барганда
1445   Как ошондо караса
    Мына ошондо жанагы
    Ак күлөөлү дубана
    Алдына чыгып калыптыр
    Ээ дубана жайын сурасаң
1450   Өзү кыдыр өзү экен
    Мына ошондо кыдырдын
    Карарган кара көзү экен
    Жерди кезип жол чалып
    Ак Балта качан келет деп
1455   Күтүп жүргөн кези экен
    Барлык менен момундай
    Түтүп жүргөн кези экен
    Так ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө
1460   Ийининде куржуну
    Куржунунун көзүнө
    Эми колун салганы
    Как ошондо береги
    Ошо кезде момундай
1465   Байбиченин өзүнө
    Берип эми койгун деп
    Чыйырдыга баргын деп
    Эми бере салгын деп
    Айтып эми калганы
1470   Жараткандын буйругу
    Как ошондо жанагы
    Ээ Будайыктын момундай
    Как ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
1475   Өтүнөн эми кошулуп
    Как ошондо жанагы
    Ажыдаардын зарынан
    Мына ошондо береги
    Ажыдаардын жүрөгү
1480   Ошо кезде береги
    Көзүн оюп койдук деп
    Аны менен сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ошо кезде береги
1485   Жан-жаныбар баарынын
    Пиринен эми алдык деп
    Албан түрлүү жаныбар
    Тилинен эми алдык деп
    Ажыдаардын момундай
1490   Уусунан эми алдык деп
    Мына ошондо береги
    Атаңдын көрү деңиздин
    Суусунан эми алдык деп
    Как ошондо деңизде
1495   Ошо кезде жаяндын
    Как ошондо береги
    Каарынан эми алдык деп
    Мына ошондо береги
    Ата кокуй дүнүйө
1500   Ушуга ай ааламда бүткөндөй
    Баарынан эми алдык деп
    Аны менен сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Минтип жасап салдык деп
1505   Ушуну эми байбиче
    Өзүнө алып бергин деп
    Алып барып берген соң
    Байбичең эми жеген соң
    Талгагың эми канат деп
1510   Как ошондо карасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Муну айтып калыптыр
    Аны менен сурасаң
    Сүйүнгөндөн Ак Балта
1515   Ыраазы болуп алыптыр
    Ыраазы болуп билгизип
    Мына ошондо сурасаң
    Эми жолго салганы
    Атаңдын көрү акырып
1520   Байбичени ордого
    Эми жете барганы
    Ээ жараткандын буйругун
    Аткарганы келдим деп
    Мына ошондо береги
1525   Көргөн менен билгенин
    Баарын айтып салганы
    Ошо кезде байбиче
    Мунусун жээп алганы
    Талгагы эми калганы
1530   Эмине чыкты кулпуруп
    Мына ошондо сурасаң
    Кызыл өңү нурданып
    Тал теректей ыргалып
    Байбичени сурасаң
1535   Кубаты ойго жаныптыр
    Аны менен сурасаң
    Кубаттанып калыптыр
    Как ошондо береги
    Атаңдын көрү дүнүйө
1540   Кечээ күнү байбиче
    Ай артынан күн өтүп
    Ай караңгы түн өтүп
    Күн артынан күн өтүп
    Мына ошондо нетели
1545   Атаңдын көрү дүнүйө
    Кара кытай какандын
    Каарын айта кетели
    Кечээ кара кытай каканчыл
    Бичигиндей чийилген
1550   Даңзасында билинген
    Мына ошондо буруттан
    Ушуреки бурут деп
    Бурут деген бу журттан
    Эрен туулат эр туулат
1555   Телегейи тең туулат
    Шай колдогон шер туулат
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Заарын чачып кетет деп
    Чынмачынын калаага
1560   Такыр түбү жетет деп
    Ушуреки береги
    Атаңдын көрү эр туулат
    Жайда кайгыр коштогон
    Жалындуу арстан окшогон
1565   Жаалданып киргенде
    Алдына мендеп тоспогон
    Эми кара көк жал эр туулат ууу
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Деп ошондо чыммачын
1570   Такыр бүлүк салыптыр
    Аны менен сурасаң
    Кара кытай какандан
    Аттанып чыгып алыптыр
    Ошо кезде кыргыздын
1575   Кыз келиндин баарысын
    Эми ичтен жарыптыр
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Найзага салып сүйрөтүп
    Айгырга салып тептирип
1580   Кыямына келтирип
    Кылычтап ичин жарыптыр
    Мына ошондо береги
    Манас деген эр туулат
    Телегейи тең туулат
1585   Атаңдын көрү дүнүйө
    Элүү жашка барганда
    Элүү жаштын өзүнөн
    Ашып эми карыганда
    Алтын тагын минет деп
1590   Ушуреки Бээжинде
    Кыймылдатпай билет деп
    Как ошондо жанагы
    Каяша айткан Кытайдын
    Тилсегинен илет деп
1595   Атаңдын көрү дүнүйө
    Ажыдаар болот, шер болот
    Ай ааламдын өзүнөн
    Арта турган эр болот
    Деп ошондо Карыкан
1600   Каардыгын жаман салыптыр
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Кыз келиндин баарысын
    Ошондо гана ичин да жарыптыр ууу
    Кара кытай каканчыл
1605   Кечээ күнү жанагы
    Самарканда чоң эшен
    Чоң эшендин баласы
    Жар Манас деген баласы
    Так ошондо бар экен
1610   Аны кармап алыптыр
    Аны менен кытайдын
    Деми сууп калыптыр
    Манасты кармап алдык деп
    Чоң мүшкүлдү салдык деп
1615   Так ошондо сурасаң
    Деми минтип басылган
    Кабагы минтип ачылган
    Кечегине кытайлык
    Билинип калса кокустан
1620   Туюнуп калса кокустан
    Мына ошондо жанагы
    Заарын чачып кетет деп
    Союлгур түпкө жетет деп
    Ошол бурул токой өзүнөн
1625   Атаңдын көрү дүнүйө
    Кабырга тоонун этинде
    Мына ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ак саздын бери четинде
1630   Оң бөйрөктүн тушунан
    Оодара өтчү ушуган
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Байбичени момундай
    Токойдун эми жээгине
1635   Оң бөйрөктүн белине
    Ошондо жашырган экен эр Жакып ууу
    Айы күнү болду деп
    Мына ошондо толгоосу
    Мына ошондо толду деп
1640   Атаңдын көрү дүнүйө
    Жыйырма-төрт катын жанында
    Ат кошчу кылып бериптир
    Кызматын эми кылсын деп
    Кошо көчүп келиптир
1645   Туулган соң баланы
    Жакшы багып кара деп
    Андан кийин жанагы
    Как ошондо береги
    Туулган соң баланы
1650   Аман сактап келгин деп
    Как ошондо белгилеп
    Эрен Жакып момундай
    Акысын баарын бериптир
    Казына оозун ачыптыр
1655   Карк алтынын чачыптыр
    Катындардын баарына
    Ырымын мындай кылыптыр
    Ошо кезде сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
1660   Ошо кезде байбиче
    Ай артынан күн өтүп
    Тогуз айга толуптур
    Туур күнү болуптур
    Толгоосу жаңы кириптир
1665   Элден бөлөк бөлүнүп
    Албан түрлүү жанагы
    Жан көзүнө көрүнүп
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ээ бүтүн жерин кестирип
1670   Мына ошондо кырымга
    Кырк чоросун кырдан ээрчтирген
    Бүтүн жерин кыдырса
    Ырым кылып кестирген
    Атаңдын көрү дүнүйө
1675   Атаңдын көрү чоң ордо
    Чоң ордону тиктирип
    Мына ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Бүтүн жерин бүттүрүп
1680   Мына ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ырымын мындай кылган соң
    Ырымы минтип турган соң
    Атаңдын көрү дүнүйө
1685   Ошо кезде жанагы
    Байбиченин толгоосу
    Кирип эле калган кез экен ууу
    Так ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
1690   Ошо кезде эр Жакып
    Кыларкан элбе шайлатып
    Кырк кара козу быштырып
    Кыдырата байлатып
    Кабарын алып тургула
1695   Айткан сөздү кылгыла
    Эркек болсо баарыңар
    Талаадан мени табыңар
    Ата кокуй сүйүнчү
    Эртерээк жетип алыңар
1700   Кыз болсо үйгө калыңар
    Кыйылдаба баарыңар
    Эркек болсо чабыңар
    Деп ошондо жанагы
    Кырк кара коз быштыны
1705   Кыдырата байлатып
    Мына ошондо жанагы
    Малга жакын эр Жакып
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Жыгылсам да талсам да
1710   Өлсөм дагы калсам да
    Ээн жерге барайын
    Балага чукак жан элем
    Баланын үнү жыгылса/угулса
    Жыгылып эми кетпейин
1715   Жыгылып акем калды деп
    Ар ким шылдың кылбасын
    Муну менен жанагы
    Ылакап болуп эр Жакып
    Кылым эми журтуна
1720   Шылдың болуп турбасын
    Деп ошондо эр Жакып
    Кеткен экен аттанып
    Жүргөн экен шаттанып
    Ошо кезде сурасаң
1725   Атаңдын көрү дүнүйө
    Мына ошондо жанагы
    Кайран энең Чыйырды
    Илкий басып ийилип
    Оң тизеден бүгүлүп
1730   Солкуй басып ийилип
    Сол тизеден бүгүлүп
    Толгоосу эми кириптир
    Карагай түбүн карманып
    Кайыптарга жалбарып
1735   Долоно түбүн карманып
    Жаратканга жалбаарып
    Оо табылгы түбүн карманып
    Так ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө
1740   Табылгыдай момундай
    Бекем болсун дегени
    Көптү билген даанышман
    Көсөм болсун дегени
    Карагайдай момундай
1745   Кайраттуу болсун дегени
    Ажыдаардай бул бала
    Айбаттуу болсун дегени
    Азыркысын энекең
    Ырымын мындай кылыптыр
1750   Так ошондо жанагы
    Ата кокуй дүнүйө
    Умай энең улукка
    Уялбай ичин оңдотуп
    Кайра кайра оңдотуп
1755   Так ошондо туруптур
    Мына ошондо жанагы
    Оңдоп салып бериптир
    Ошо кезде береги
    Атаңдын көрү дүнүйө
1760   Тогуз күнү толготуп
    Так ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Кыймылдаса бул бала
    Белдемчинин тигиши
1765   Беш жеринен үзүлүп
    Энеңдин көзү сүзүлүп
    Бел жагымды жечип алабы
    Жарып ичтен алабы
    Же бай Жакып жесир калабы
1770   Деп ошондо жанагы
    Айланайын энекең
    Энекең эми момундай
    Так ошондо жанагы
    Улутту көздөй жыгылып
1775   Так ошондо энеңиз
    Мына ошондо береги
    Чаңга башы тыгылып
    Ата кокуй дүнүйө
    Кээде эске келалса
1780   Кээде эске келалбай
    Ак өргөөгө киргизип
    Баканды кармап бакырып
    Бүбү менен бакшынын
    Немесин койбой чакырып
1785   Түндүктү карап түбүлүп
    Көргөндөр жандан түңүлүп
    Кереге түбүн карманып
    Так ошондо береги
    Бекемирээк тарткын деп
1790   Келиндерге жалбарып
    Кайран энең Чыйырды
    Так ошондо береги
    Ээ толгосу мынча болуптур
    Ошо кезде жанагы
1795   Толгосу эми дүң болду
    Толготкон мындай ким болду?
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Бай Жакыптын байбиче
    Балакеттүү тууйбу
1800   Эмине болгон шумдук деп
    Тогуз күндөн бери карай
    Толготуп эле жатат деп
    Умай эне улукман
    Так ошонун өзүнө
1805   Курсагын эми сурасаң
    Оңдотуп эми жатат деп
    Кайыптардын баарысы
    Аралашып калды деп
    Аны менен сурасаң
1810   Аралашып алды деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Периштенин баарысы
    Оңдоп жүрөт безилдеп
    Эмине болгон шумдук деп
1815   Эми кандай кылдык деп
    Так ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Аңгемени курасаң
    Баарысы бирдей жалбарып
1820   Жакасын кармап кудайлап
    Так ошондо береги
    Айланайын жарыктык
    Айлы бүтүн убайлап
    Убайга минтип түшүптүр
1825   Так ошондо жанагы
    Толготкону отуз күн
    Ошо кезде береги
    Күтүп атып бүтүпүр
    Эмине болуп кетти деп
1830   Эми кандай күн жетип
    Деп ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ошо кезде береги
    Бир жагында он эки
1835   Бир жагында он эки
    Жыйырма түп катын жабылып
    Кыларканын бек тартып
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Бошураак тартып койдуң деп
1840   Бекемирээк тарткын деп
    Дал ошондо турганда
    Мына мындай кылганда эээ
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ырысы гана мындайда болгондо ууу
1845   Жуманын күнү толгондо
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Тараза жылдыз бөлүнүп
    Так ошондо жанагы
    Чолпон жылдыз көрүнүп
1850   Чачырап эми жатканда
    Айланайын энеңдин
    Мына ошондо сураса
    Ошо кезде жанагы
    Кырк периште жабылып
1855   Эми келдиң энеңе
    Умай эне, Улукман
    Ал да келдиң энеңе
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ошо кезде балага
1860   Оң жамбаштын өзүнө
    Мына ошондо жанагы
    Алакан менен койгону
    Мына мунуң болгону
    Ошо кезде сурасаң
1865   Атаңдын көрү дүнүйө
    Ошо кезде баланын
    Оң жамбаштын өзүндө
    Алакандын изи бар
    Көгөрүп эми калыптыр
1870   Ошол күндөн ушул күн
    Ошо кезде береги
    Мына ошондо жанагы
    Умай эне колдогон
    Ушулардын баарына
1875   Жакшылыкка жолдогон
    Ырымы мындай калыптыр
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Жамбашка эми согуптур
    Так ошондо түшкүн деп
1880   Ата кокуй энеңди
    Кыйнап эми бүттүң деп
    Эртерээк эми баргын деп
    Ырысың эми алгын деп
    Так ошондо калганы
1885   Эми кайда барам деп
    Эми кайда коном деп
    Эми кайда болом деп
    Ырысым менин кайда деп
    Эми мени айда деп
1890   Каяша айтып бул бала
    Чыкпай жүрөт ичинен
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ырысың сенин элде деп
    Ырысың сенин жерде деп
1895   Эртерээк эми баргын деп
    Как ошондо жанагы
    Уруктуу бактуу сүздүрүп
    Мына ошондо жанагы
    Ата кокуй баланы
1900   Жамбашка койуп сүрдүрүп
    Как ошондо калганы
    Мына ошондо баргын деп
    Эртерээк эми элиңди
    Таап эми алгын деп
1905   Мына ошондо жанагы
    Жараткандын өзүнөн
    Мына ошондо келгин деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Элге гана жардам да бергин деп ууу
1910   Умай эне, Улукман
    Айтып эми калганы
    Андай болсо барам деп
    Мына ошондо жанагы
    Улутту бакты сүзгөнү
1915   Муну менен карасаң
    Жерге бала түшкөнү
    Карынды каттуу сүзгөнү
    Мына ошондо береги
    Кайрылып бала түшкөнү
1920   Азыркысын караса
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Эки колун толтура
    Кан чиңгелдеп түшкөнү
    Как ошондо караса
1925   Атаңдын көрү дүнүйө
    Оозунда кылы бар
    Атаңдын көрү баланын
    Айта турган сыры бар
    Аркасында баланын
1930   Айдай кара жалы бар
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Оң далынын астында
    Эми муштумдай гана кара да калы бар ууу
    Ээ так ошондо сурасаң
1935   Чочогу чыкты чормоюп
    Мына ошондо береги
    Өзү чыкты болтоюп
    Ошо кезде береги
    Кыйнап түштү бул бала
1940   Кадимкидей бул жерге
    Ыйлап түштү бул бала
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Эки колун караса
    Караганды момундай
1945   Уштап түштү бул бала
    Кара жерди сурасаң
    Туштап түштү бул бала
    Эми бала түшкөнү
    Кармашамын дегендин
1950   Канын жутам дегени
    Кан ичкирип сойом деп
    Аны менен карасаң
    Оозунда кылы бар
    Атаңдын көрү дүнүйө
1955   Мына ошондо береги
    Чечишемин дегенди
    Кылдай жандан момундай
    Чайнашып эми кара жан
    Кечишемин дегени
1960   Как ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Аркасында баланын
    Айдай гана жалы бар
    Оозун ачып караса
1965   Ошондо эки чыккан азуу бар ууу
    Бир караса бир киши
    Бир караса миң киши
    Бир караса бул бала
    Көктөн түшө калгандай
1970   Бир караса бул бала
    Жерден чыга калгандай
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Жашы өзү каргандай
    Так ошондо жанагы
1975   Атаңдын көрү дүнүйө
    Баркыраган добушу
    Ат чабым жерге угулду
    Алдастаган катындын
    Алтоосу бирдей жыгылды
1980   Атаңдын көрү дүнүйө
    Күнүнө мынча болуптур
    Мына ошондо береги
    Айланайын энеңди
    Мартубасып кетти эле
1985   Мына ошондо катындар
    Жанына жакын жеткени
    Мартубасып кетти деп
    Балакет эми жетти деп
    Как ошондо калыптыр
1990   Атаңдын көрү дүнүйө
    Ал аңгыча караса
    Сууну үркүп алыптыр
    Эсине энең келиптир
    Бала кана берчи деп
1995   Сурап эми калыптыр
    Баланы алган киши жок
    Бала менен иши жок
    Бала жатат бакырып
    Алты бирдей катыны
2000   Туралбай жатат калтырап
    Как ошондо сурасаң
    Мына ошондо береги
    Баланын сүрүн көргөндө
    Катындардын баарысы
2005   Баралышпай жалдырап
    Так ошону көргөндө
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Баланы алып бергин деп
    Энекең буйрук салганы
2010   Мына ошондо Канышбек
    Эми жете барганы
    Көтөрө албай баланы
    Көтөюк деп чочуп калганы
    Ал аңгыча баарысы
2015   Ээ Бакдөөлөт басып барганы
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Көтөрүп алып баланы
    Этегине салганы
    Ээ көзү жаман катын бар
2020   Мына ошондо катындар
    Көзү тийип кетет деп
    Сөзү тийип кетет деп
    Так ошондо жанагы
    Бакдөөлөт басып барганы
2025   Эки бирдей таманы
    Оор экен баланын
    Көтөргөндө салмагы
    Ээ баркырап мунуң ыйласа
    Атаңдын көрү дүнүйө
2030   Өйдө бою калтырап
    Так ошондо жанагы
    Эки көзү жалдырап
    Байбиченин өзүнө
    Ээ алып барып бергени
2035   Мына ошондо жанагы
    Атаңдын көрү байбиче
    Алып келгин майды деп
    Как ошондо сарымай
    Ырымын эми салдырды
2040   Үч карын май алдырды
    Үч карындын майларын
    Мына ошондо жанагы
    Чай кайнам колго жалмады
    Атаңдын көрү дүнүйө
2045   Алты карым май салды
    Аны менен жан салды
    Алтоосун бирдей жеп салды
    Тогуз карым май салды
    Так ошондо береги
2050   Тобосун билбей жеп салды
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Кандай соргок деп калды
    Так ошондо караса
    Андан кийин байбиче
2055   Ырым кылып момундай
    Оң эмчегин салганы
    Оңдоп колго алганы
    Так ошондо жанагы
    А дегенде ууз чыкты
2060   Андан кийин сүт чыкты
    Так ошондо береги
    Үчүнчүсү энеңден
    Мына ошондо кан чыкты
    Энеңден чыдай албай жан чыкты ууу
2065   Баланы эми карасса
    Баладан башка сүрү бар
    Ажыдаардай түрү бар
    Аркасында сурасаң
    Айгыр аттай түрү бар
2070   Как ошондо көрүп ал
    Барар жолду бөлүп ал
    Билими чөлдү адырек
    Эрими чөлүң эр жүрөк
    Отуздагы кишидей
2075   Отурганда салмагы
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Азыр айран калганы
    Как ошондо сурасаң
    Колдогону кырк тогуз
2080   Колтугунда чамынат
    Жөлөгөнү кырк тогуз
    Жайдай басып камынат
    Алп каракуш зумурук
    Түндүгүнө конуптур
2085   Как ошондо сурасаң
    Ажыдаар мал жылан
    Алды жакта болуптур
    Кара чаар кар жылан
    Капталында чамынат
2090   Чолок көк жал арсылан
    Жандай салып камынат
    Көсө куйрук кырк бөрү
    Арт жагында камынат
    Ээ колдогону кырк тогуз
2095   Чөлдөй басып жөлүптүр ы
    Ээ мына ошондо жанагы
    Жалпы баары келиптир
    Ээ катындардын баарысы
    Көргөндөрү таңданып
2100   Ээ карап эми жарланып
    Баралышпай аң карап
    Как ошондо турганы
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Ээ энекең ырымын мындай кылганы
2105   Көзү жаман катындын
    Көзү тийип кетет деп
    Сөзү жаман катындын
    Сөзү тийип кетет деп
    Так ошондо балага
2110   Атаңдын көрү дүнүйө
    Мунусу мындай өтөт деп
    Азыркысын караса
    Төө баштаган төрт тобу
    Садагасын чаптырып
2115   Атаңдын көрү дүнүйө
    Артсар башыл кой айтып
    Ай туйакка бээ айтып
    Айы мүздөн уй айтып
    Ай дөлкөчтөн төө айтып
2120   Атаңдын көрү дүнүйө
    Садаганын баарысын
    Ырымын мындай кылды эле
    Жетим менен жесирге
    Атаңдын көрү дүнүйө
2125   Ай туйак эми алтыны
    Таратып гана мындайда турду эле ууу
    Ошо кезде жанагы
    Так ошондо сурасаң
    Ээ толгону мынча болуптур
2130   Бакыттын кушу башына
    Конгону мынча болуптур
    Өткөндөн алар өчтү деп
    Кеткенден алар кетти деп
    Кайрып берер гөштү деп
2135   Ээ так ошондо сурасаң
    Аккан жашын кыргыздын
    Ээ тыйган бала болот деп
    Чачылганда кыгызды
    Жыйган бала болот деп
2140   Үзүлгөндү улайт деп
    Чачылганды жыйнайт деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Эми кеткени эми толоор деп
    Атаңдын көрү дүнүйө
2145   Көксөгөнүм болоор деп
    Ошо кезде береги
    Оң бөлтөктүн астында
    Манас деген жазуу бар
    Эки чыккан азуу бар
2150   Так ошондо береги
    Аш бышымдай болгон оң бөлтөк
    Оң бөлтөктүн астында
    Манас деген жазуусу
    Мына ошондо жоюлду
2155   Атаңдын көрү дүнүйө
    Көрүп алып энеңдин
    Эми көзү гана мынча тоюнду ууу

American University of Central Asia
7/6 Aaly Tokombaev Street
Bishkek, Kyrgyz Republic 720060

Tel.: +996 (312) 915000 + Еxt.
Fax: +996 (312) 915 028
AUCA Contacts