T1
Talantaaly Bakchiev, 'Birth of Manas', recorded 31 October 2017
Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available here]
Transcription below by Alymkan Jeenbekova
(Note: this performance begins with a spoken introduction)
Кечээ Хан Жакып оо дүйнө сапар тартканда аркада калган он уулу туш тарапка чачырап бири Канкайга, бири Алтайга, бири Урумга, бири Крымга, бири Кангайга, бири Кытайга качып, ошентип, Жакып ортончу уулуна буюрган экен. Алтайдан орун алган. Жети жыл өмүр сүрүп жашы өөдүлүп кырктан өтүп. Ошондо бай Жакыптын зары келип, Кудайга зарын айтып: жашым өтүп баратат уул көрбөй өтөмбү бу жалгандын өзүнөн? Көрүнгөндөн кеп уктум. Ар кимиси ар кандай айтат. Ушу Жакып бу дүйнөдөн куу баш болуп өтөбү? Жыйган тергени ким үчүн? Жыйган малы ким үчүн? - деп мына ошо жерден
Миң күндөрдүн бири экен, | ||
Кудайдын сүйгөн күнү экен, | ||
Бейшембинин күнү экен, | ||
Жуманын кадыр түнү экен, | ||
5 | Ошондо көргөн бүгүн жокпу? | |
Адам алдамчы экен ай дүйнө бок? | ||
Адам бүгүн ой көргөн эртең жок, | ||
Ушундай гана экең дүйнө шок, ээй. | ||
Ошол кезде сурасаң, | ||
10 | Өзүң көргөн баягы, | |
Бакбергендин Чыйырды, | ||
Бейшембинин күнүндө, | ||
Жуманын кадыр түнүндө, | ||
Он эки канат өргөөдө, | ||
15 | Он эки кабат төшөккө, | |
Жаткан экен жарыктык, | ||
Оң жагында бай Жакып, | ||
Ары-бери толгонуп, | ||
Бейшембинин күнүндө, | ||
20 | Таң агарып сүргөндө, | |
Ошо кезде Чыйырды, | ||
Чымындай жаны чыркырап, | ||
Ыйлап турду буркурап, | ||
Айланыйын байым деп, | ||
25 | «Азыр жатып түш көрдүм, | |
Оо жагымдуу бир иш көрдүм. | ||
Түндө жатып түш көрдүм, | ||
Түйшүккө салар иш көрдүм. | ||
Таңга маал түш көрдүм, | ||
30 | Таңгала турган иш көрдүм. | |
Жана жатып түш көрдүм, | ||
Жагарлык бир иш көрдүм | ||
Айланыйын, байым» — деп, | ||
Мына ошондо Чыйырды | ||
35 | Чымындай жаны чыркырап, | |
Ыйлап турду буркурап, | ||
Бай Жакыпты ойготуп, | ||
Козголсоң боло байым, — деп, | ||
Койгун, тургун байым, — деп | ||
40 | Айта турган кебим бар | |
Азыр жатып түш көрдүм, | ||
Адам көргүс иш көрдүм. | ||
Деп ошентип Чыйырды, | ||
Чымындай жаны чыркырап, | ||
45 | Муну айтып турганда, | |
Ошо кезде жарыктык, | ||
Оң жагынан обдулуп, | ||
Обун таппай уйкунун, | ||
Сол жагына толгонуп. | ||
50 | Сообун таппай уйкунун, | |
Өзүң көргөн бай Жакып, | ||
Кандай шумдук болду деп, | ||
Ошондо Чыйырдыны караса, | ||
Ошол кезде энекең, | ||
55 | Айтып турду Жакыпка, | |
Айланайын байым,— деп, | ||
Укчуң айткан сөзүм деп, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Жараткандын бергенин, | ||
60 | Жазбай айтып берейин, | |
Эмиң айтып кетейин, | ||
Чымындай болгон чыркырап, | ||
Өзүң көргөн энекең, | ||
Айланайын кудурет, | ||
65 | Төрөң Манас көк жалдын, | |
Төрөлгөнүн айтайын, | ||
Көзөл энең Чыйырды, | ||
Көз жарганын айтайын. | ||
Ошол кезде Чыйырды, | ||
70 | Бай Жакыпка муну айтат. | |
Ооо азыр жатып түш көрдүм, | ||
Айланайын байым,— деп, | ||
Ооо адамга жагар иш көрдүм, | ||
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
75 | Ооой менин атам Бакберген, | |
Бу дүйнөдөн өткөнү, | ||
Жети жылдай болду эле. | ||
Жети жылдан бери карай, | ||
Атакемдин алдына, | ||
80 | Курмандык бир чалбадым, | |
Алдынан өтүп албадым, | ||
Арбагына багыштап, | ||
Ай-туякка чалбадым, | ||
Айланайын кудурет, | ||
85 | Колдой көргүн бул ирет, | |
Менин атам Бакберген, | ||
Оой өзү кудай жолунда, | ||
Аса таяк колунда, | ||
Оо кудай бетин салбай кал, | ||
90 | Оң колунда атамдын, | |
Бышкан кызыл алма бар, | ||
Аман-эсен көз жар деп, | ||
Мына ошондо атакем, | ||
Ак алманы берди дейт, | ||
95 | Ошону менен карасам, | |
Кайда экени билинбей, | ||
Караса көзгө илинбей, | ||
Ооо жараткан кудурет, | ||
Кайым болду көрдүңбү? | ||
100 | Айланайын байым, деп, | |
Өзүң көргөн Чыйырды, | ||
Айтып турду байына, | ||
Ооо айланайын байым,— деп, | ||
Укчуң айткан сөзүм деп, | ||
105 | Оо атакемдин алдына, | |
Курман болуп кетейин. | ||
Ооо ай туякка чалууга, | ||
Ооо Көк-Аладан көптөн бар, | ||
Оой Сары-Аладан сандан бар, | ||
110 | Ооо жылкылардан канча бар, | |
Ай туякка чалууга, | ||
Атаганат дүнүйө, | ||
Атакемдин арбакка, | ||
Багыштап малды тарткың деп, | ||
115 | Мына ошентип айтканда, | |
Ошо кезде жарыктык, | ||
Өзүң көргөн бай Жакып, | ||
Ак дамбалчаң дардактап, | ||
Ооо тура калды төшөктөн, | ||
120 | Ооо баң-баң-баң-баң-баң басып, | |
Багалегин чаң басып, | ||
Он эки канат төргөөдөн, | ||
Атакең чыкты көрдүңбү? | ||
Акбалтаны чакырып, | ||
125 | Ооо Балта, Балта, Балта — деп, | |
Айланайын Акбалта, | ||
Оой таң кашкайып сүргөн,— дейт, | ||
Таң Чолпон жылдыз кирген,— дейт, | ||
Ооо ошо кезде бай Жакып, | ||
130 | Акбалтаны чакырса, | |
Ошо кезде Акбалта, | ||
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Кандай шумдук болду? — деп, | ||
Мына ошондо жарыктык, | ||
135 | Оой айланайын кудайым, | |
Жакын басып келген дейт, | ||
Оой кудай урду байым,— деп, | ||
Ооо кыр жагында кытай бар, | ||
Кытай каптап келдиби? | ||
140 | Капталында калмак бар, | |
Каптап кирип келдиби? | ||
Атаганат дүнүйө, | ||
Оң жагында ойрот бар, | ||
Оой оңдурбай ойрот келдиби? | ||
145 | Сол жагында солоң бар, | |
Оой соолутуп солоң келдиби? | ||
Айланайын кудурет, | ||
Кандай шумдук болду? – деп, | ||
Мына ошондо Акбалта, | ||
150 | Сообол салса Жакыпка, | |
Мына ошондо бай Жакып, | ||
Айтып турат Балтага: | ||
«Айланайын Акбалта, | ||
Ооо карыганда катынды | ||
155 | Ооо кудай урду кантейин? | |
Оой эптеп тапкан малымдын, | ||
Эсебин эми табабы? | ||
Ооо катынымды жин урду, | ||
Жин урганда дин урду, | ||
160 | Атаганат дүнүйө, | |
Эптеп тапкан малымды, | ||
Оой курмандыкка чалгын»,— деп, | ||
Азабыңды берди,— дейт, | ||
Атаганат дүнүйө, | ||
165 | Арды мээнет күнүгө, | |
Эми кокуй кантем деп, | ||
Мына ошондо бай Жакып, | ||
Жакып жайын сураба, | ||
Жакып жайын сурасаң, | ||
170 | Ошо кезде бай Жакып, | |
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Оой сараңдыгы болжосуз, | ||
Саар эсеп жан экен, | ||
Оой жетим менен жесирге, | ||
175 | Оой чычкак улак бербеген, | |
Сараңдыгы болжосуз, | ||
Мына ошондой жан экен. | ||
Ошо кезде Акбалта, | ||
Айланайын кудурет, | ||
180 | Эми кандай кылам? — деп, | |
Мына ошентип алганда, | ||
Бай Жакып айтат мындай деп: | ||
«Оой Карагырдын ойунда, | ||
Оой кара аладан канча бар? | ||
185 | Сары аладан сандан бар, | |
Камбар-Ата даарыган, | ||
Касиеттүү малдан бар, | ||
Айланайын Акбалта, | ||
Курмандыкка чалууга, | ||
190 | Ай туякка чалууга, | |
Оой айланайын Акбалта, | ||
Алып келгиң малды деп, | ||
Мына ошентип айтканда, | ||
Макул, макул, макул,— деп, | ||
195 | Бул айтканың акыл деп, | |
Айтканыңдай кылам! – деп, | ||
Ошо кезде Акбалта, | ||
Атаганат дүнүйө, | ||
Кудай бетин көргөзбө, | ||
200 | Астындагы минери, | |
Өзүң көргөн баягы, | ||
Көкчолокту алкынтып, | ||
Аркы-терки камчы уруп, | ||
Оң-тетири теминип, | ||
205 | Мына ошондо жарыктык, | |
Күнү жүрдү күйүгүп, | ||
Түнү жүрдү түйүлүп, | ||
Күн эки күн жол жүрүп, | ||
Ат аябай мол жүрүп, | ||
210 | Мына ошондо Акбалта, | |
Атаганат дүнүйө, | ||
Кудай бетин салбай кал, | ||
Карагырдын ойуна, | ||
Күн эки күн жол жүрүп, | ||
215 | Күгүм кирип калганда, | |
Эми жетип барганда, | ||
Ошо кезде баягы | ||
Жылкычы башы Ыйман дейт | ||
Ой Ыйман, Ыйман, Ыйманым! | ||
220 | Ыйман кайда кеттиң? - деп | |
Кайра бери тарткың атты! – деп | ||
Мына ошентип турганда | ||
Ошо кезде баягы, | ||
Өзүң көргөн Ыйманың | ||
225 | Кандай шумдук болду? – деп, | |
Кирип келген жоо барбы? | ||
Каптап келген доо барбы? | ||
Айланайын Акбалта, | ||
Деп ошентип турганда, | ||
230 | Ошо кезде Акбалта, | |
Айтып турат Ыйманга, | ||
Айланайын Ыйманым, | ||
Оой бай Жакыптын ой айтканы, | ||
Кан буйругу ай бир болот, эй, | ||
235 | Эки гана кылар ар барбы? | |
Айтарым гана ушул угуп кой, | ||
Сан жылкынын гана ой ичинде, | ||
Камбар-Ата гана даарыган, | ||
Касиеттүү гана Балта, | ||
240 | Деп,— ошентип айтканда, | |
Ошо кезде Ыйманың, | ||
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Кудай бетин көргөзбө, | ||
Калың жылкы аралап, | ||
245 | Издеп тандап жүрдү дейт, | |
Ал аңгыча болгон жок, | ||
Жылкы четте турган дейт, | ||
Айланайын Акбалта, | ||
Ыйманды эми чакырып, | ||
250 | Кагылайын Ыйманым, | |
Кайсы бирин айтайын, | ||
Тетиги жылкынын четинде, | ||
Атаганат дүнүйө, | ||
Байтал бар бекен, | ||
255 | Курмандыкка чалууга, | |
Ылайыктуу мал экен, | ||
Деп ошентип айтканда, | ||
Ошол кезде Ыйманың, | ||
Койгун, койгун, койгун,— дейт, | ||
260 | Айланайын Акбалта, | |
Ой мунуң жилине карыш болгон,— дейт, | ||
Тууй турган малы,— дейт, | ||
Оой тууп калса кула бээ, | ||
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
265 | Ооо өзүң көргөн Чыйырды, | |
Ошонун уулуна ээнчилеп койгон мал эле, | ||
Деп,— ошентип айтканда, | ||
Ошо кезде жарыктык, | ||
Өзүң көргөн Чыйырды, | ||
270 | Эми аны койуп туралы, | |
Ошондон кабар алалы. | ||
Кайран энең Чыйырды, | ||
Чымындай жаны чыркырап, | ||
Иий белим кокуй белим,— деп, | ||
275 | Белимди кокуй жеди,— деп, | |
Иий балтырым кокуй балтырым, | ||
Балтырым кетти союлуп, | ||
Оой соогончогум оюлуп, | ||
Иий башым кокуй башым,— деп, | ||
280 | Иий төбөм кокуй төбөм,— деп, | |
Төбөмдү кокуй жээди,— деп, | ||
Оой кокуй эми кантем,— деп, | ||
Мына ошондо Чыйырды, | ||
Толгоо тартып калган,— дейт, | ||
285 | Толгоосу канча күн болду? | |
Оой жанында жүргөн бир жан жок, | ||
Мына ошондо энекең, | ||
Оой деп кыйналып алган,— дейт, | ||
Атаганат дүнүйө, | ||
290 | Ооо бери кел! — деп чакырды, | |
Багып алган кызы,— дейт, | ||
Оой билген адам кеп айтат, | ||
Асырап бакан кызы эле, | ||
Анын аты Каракыз, | ||
295 | Айта берсең ушундай, | |
Атаганат дүнүйө, | ||
Билбеген адам кеп айтат, | ||
Ушу турган Каракыз, | ||
Карлыгач экен,— деп айтат, | ||
300 | Мына ошондо Чыйырды, | |
Каракыз! – деп чакырды, | ||
Бери кел! – деп бакырды, | ||
Айланайын Каракыз, | ||
Айта турган кебим бар, | ||
305 | Укчу кокуй кызым,— деп, | |
«Атаганат дүнүйө, | ||
Тээтигинде көрдүңбү? | ||
Кечээ мен жаңы Алтайга келгенде, | ||
Ошо кезде жарыктык, | ||
310 | Ооо Ала-Тоого келгенде, | |
Ошо кезде сурасаң, | ||
Жалгыз чырпык сайгамын, | ||
Ошо чырпак Чынар болуптур, | ||
Ал Чынардын түбүндө, | ||
315 | Атаганат дүнүйө, | |
Буркулдаган булак бар, | ||
Ал булакка барып кел. | ||
Чоң торпоктун чоң чанач, | ||
Керегеде илинген, | ||
320 | Толтура сууну куюп кел, | |
Кырк чырпыкты кыйып кел, | ||
Айтарым ушул угуп кой» | ||
Деп ошондо баягы, | ||
Өзүң берген энекең, | ||
325 | Айтып турса бу кызга, | |
Ошо кезде Каракыз, | ||
Соогончогу так этип, | ||
Май куйрукка шак этип, | ||
Таң, таң, таң, таң, таң, таң,— деп, | ||
330 | Мына ошондо жарыктык, | |
Керегеде илинген, | ||
Чоң торпоктун чоң чанач, | ||
Аны алып колуна, | ||
Чоң өгүздү койгулап, | ||
335 | Жөнөп калды көрдүңбү? | |
Энеси айткан булакка, | ||
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Каракыз жайын сураба, | ||
Каракыз жайын сурасаң, | ||
340 | Ошо кезде Каракыз, | |
Он экиде кыз экен, | ||
Он экиде кыздар бар, | ||
Эшикке чыгып сийе албайт, | ||
Этегин тыңдап жаба албайт, | ||
345 | Эки сөздү кошо албайт, | |
Мына ошондо Каракыз, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Мунун жайын сурасаң, | ||
Бүбүлүгү бар экен, | ||
350 | Бүлүн күндө бүтөгөн, | |
Үзүлгөндү улаган, | ||
Касиети бар экен. | ||
Мунун жайын сурасаң, | ||
Мунун жайын байкасаң, | ||
355 | Өзүң көргөн энекең, | |
Жаңы Алтайга келгенде, | ||
Калмактын эски журтунан, | ||
Таап алган кыз экен. | ||
Алты айлык кезинде, | ||
360 | Асырап баккан кыз экен, | |
Ырымы болсо ушундай, | ||
Артынан бала келсин деп, | ||
Аласынан өткөрүп, | ||
Мына ошондо энекең, | ||
365 | «Каракыз» деп ат койуп, | |
Ырым кылды ушундай. | ||
Айланайын кудурет, | ||
Маңдайга жазган ушу,— деп, | ||
Артынан бала келсе,— деп, | ||
370 | Ырым кылган момундай. | |
Айланайын кудурет, | ||
Ошол күндөн ушул күн, | ||
Он эки жыл өтүптүр, | ||
Баягы өзүң көргөн, | ||
375 | Балтыр бешик Каракыз, | |
Эми боконоң эти толуптур, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Кудай бетин салбай кал, | ||
Ошо кезде Каракыз, | ||
380 | Чоң торпоктун чоң чанач, | |
Алып алып колуна, | ||
Чоң өгүздү койгулап, | ||
Жөнөп калды Чынарга, | ||
Айланайын кудурет, | ||
385 | Колдой көргүн бул ирет, | |
Эми аны коюп туралы, | ||
Өзүң көргөн баягы, | ||
Акбалтанын өзүнөн, | ||
Ошондон кабар алалы. | ||
390 | Ошо кезде Акбалта, | |
Айланайын кудай, – деп, | ||
Жаратканга жалынып, | ||
Камбар-Ата караган, | ||
Касиеттүү мал эле, | ||
395 | Кайыбынан кабылган, | |
Деп ошентип Акбалта, | ||
Калың жылкы ичинен, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Аа кунан бышты тандады, | ||
400 | Курмандыкка чалам деп, | |
Башына нокто салды,— дейт, | ||
Аркы-терки койгулап, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Күн эки күн жол жүрүп, | ||
405 | Ат аябай мол жүрүп, | |
Мына ошондо жарыктык, | ||
Эми жете калганда, | ||
Эми аны койуп туралы, | ||
Бай Жакыптын өзүнөн, | ||
410 | Ошонон кабар алалы. | |
Ошо кезде бай Жакып, | ||
Кеткени эки күн болду, | ||
Качан келет Балта деп, | ||
Капталында калмак бар, | ||
415 | Калмактар кармап алган кезиби? | |
Айланайын кудурет, | ||
Каранымда кытай бар, | ||
Кытайга кире качтыбы? | ||
Балта качан келет? – деп, | ||
420 | Качан кабар берет? – деп, | |
Айланайын кудурет, | ||
Өзүң көргөн бай Жакып, | ||
Өөдө-төмөн көп басып, | ||
Күңкүрөнүп күүлөнүп, | ||
425 | Ичинен Жакып сүйлөнүп, | |
Мына ошентип турганда, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Ошо кезде баягы, | ||
Өзүң көргөн Акбалта | ||
430 | Карап келди оолуга. | |
Айланайын байым,— деп, | ||
«Атаганат дүнүйө, | ||
Издегениң кабылды, | ||
Издегениң табылды». | ||
435 | Деп ошентип айтканда, | |
Ошо кезде бай Жакып, эй, | ||
Оо кудайдын гана кылган иши экен, | ||
Жазатайып гана албасам, | ||
Жаңылып айтып салбасам, | ||
440 | Ооо жараткандын бергени, | |
Жарыя гана кылып кетейин, | ||
Мына ошондо баягы, | ||
Өзүң көргөн гана бай Жакып, | ||
Атадан калган актинте, | ||
445 | Актинтени гана колго алып, | |
Баягы жетеке келген кунанды, | ||
Төрт аягын гана тең байлап, | ||
Курмандыкка гана эми чалууга, | ||
Күн батышты каратып, | ||
450 | Ошондо атадан калган гана Актинте, | |
Эми моюнга урарда, | ||
Ошо гана кезде бу кунан ой, | ||
Кайып болду көрдүңбү? | ||
Кайда экени көрүнбөй, | ||
455 | Ооо көп түтүн болду көрдүңбү, | |
Кашыңда турган кара айгыр, | ||
Оо кайда экени билинбей. | ||
Караса көзгө илинбей, | ||
Жерге гана танган каны жок, | ||
460 | Кармай турган жаны жок. | |
Мына ошондо кара айгыр, | ||
Кайда экени билинбей, | ||
Кайып болду көрдүңбү? | ||
Ошо кезде бай Жакып | ||
465 | Бармак тиштеп баш чайкап, | |
Аң-таң болуп турду,— дейт, | ||
Айланайын кудай ай, | ||
Ой жараткан ий кудай ай, | ||
Маңдайга жазган ушу экен, | ||
470 | Атаңдын көрү дүнүйө, | |
Кудайдын кылгын иши экен, | ||
Мына ошондо баягы, | ||
Өзүң көргөн Чыйырды, | ||
Айланайын кудурет, | ||
475 | Толгоосу тогуз күн болуп, | |
Толготкон мындай күн болуп, | ||
Ал аңгыча баягы, | ||
Өзүң көргөн Каракыз, | ||
Кирип келди оолуга, | ||
480 | Айланайын эне,— деп, | |
Айтканыңды кылам,— деп, | ||
Кагылайын эне,— деп, | ||
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Кырк чырпыкты кыйдым,— деп, | ||
485 | Булактын суусун алдым,— деп, | |
Кагылайын энеке, | ||
Эми кандай кылам? – деп, | ||
Мына ошентип турганда, | ||
Ошо кезде Чыйырды, | ||
490 | Айтып турду кызына, | |
Кээде эске кел алса, | ||
Кээде эске кел албай, | ||
Кээде тилге кел алса, | ||
Кээде тилге кел албай, | ||
495 | Мына ошондо энекең, | |
Айтып турду кызына: | ||
Мээнетиңден алайын, | ||
Касиетиң ушундай, | ||
Балекетиң алайын, | ||
500 | Садагаң кетип калайын, | |
Айланайын кызым» – деп, | ||
«Тээтиги турган тай казан, | ||
Тай казанга куйгун,— деп, | ||
«Кырк чырпыкты салгын,— деп, | ||
505 | Тутандырып от койуп, | |
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Суу кайната салгын,— деп, | ||
Мына ошентип айтканда, | ||
Ошо кезде Каракыз, | ||
510 | Күл-пүл ала болду,— дейт, ? | |
Көңдү калап калды,— дейт, ? | ||
Ал аңгыча болгон жок, | ||
Өзүң көргөн энекең, | ||
Айланайын кудурет, | ||
515 | Эми кокуй кантем - деп, | |
“Кандай айла табам?”- деп | ||
Отуруп калса тура албай, | ||
Туруп калса жата албай, | ||
Иий белим кокуй белим,— деп, | ||
520 | Белимди кокуй жеди,— деп, | |
Балаң эмес балэ,— деп, | ||
Оой башымды кокуй жутабы? | ||
Кантем кокуй кантем деп, | ||
Ооо тоолго тарттым тогуз күн, | ||
525 | Токтоло турган күнүм,— деп, | |
Оой кантем эми кантем,— деп, | ||
Оой өлө турган күнүм,— деп, | ||
Мына ошентип тургуча, | ||
Айтып оозун жыйгыча, | ||
530 | Ошо кезде баягы, | |
Өзүң көргөн энекең, | ||
Ак бакаңды кучактап, | ||
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Ооо чарадай болгон көзүнөн, | ||
535 | Бөлөк-бөлөк жаш кетип, | |
Оой айланайын кудурет, | ||
Оой каканак суусу шар этип, | ||
Оой баланын үнү бар этип, | ||
Ошо кезде баягы, | ||
540 | Бакырыгы баш жарып, | |
Ошо кезде бу бала, | ||
Аягы менен тик түшүп, | ||
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Оой энекең бүк түшүп, | ||
545 | Кокуй эми кантем деп, | |
Оой жараткандын бергени, | ||
Ошо кезде Чыйырды, | ||
Кээде эске келалса, | ||
Кээде эске келалбай, | ||
550 | Нары туруп гана басып кетти,— дейт, | |
Эки көзү сүзүлүп, | ||
Оо жаны гана кетип барат үзүлүп, | ||
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Оо бир баланын гана айынан, | ||
555 | Энең гана кетип барат гана, аа дүйнөң ой, | |
Аны көргөн баягы, | ||
Өзүң көргөн гана Каракыз, | ||
Өөдө-төмөн жүгүрүп, | ||
Керегеде илинген, | ||
560 | Доолбасын колго алып, | |
Койгулап гана калды көрдүңбү? | ||
«Ой энекең, энекең, энеке биздин береке, | ||
Кокуй өлбөй кал, энем өлбөй кал, | ||
Ой кыямат гана жайды көрбөй кал, | ||
565 | Мендей шордуу бар бекен? | |
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Оо жетим калар гана күнүм барбы»,— деп, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Мына ошондо Каракыз, | ||
570 | Өөдө-төмөн жүгүрүп, | |
Оо калбай бетин салбай кал | ||
Бүүлүгүн кылган,— дейт, | ||
Ооо күңгүрөнүп күүлөнүп, | ||
Каракыз турду сүйлөнүп, | ||
575 | Аман-эсен калсын,— деп, | |
Умай энем ула,— деп, | ||
Жаратканым жалга,— деп, | ||
Ооо Көкө-Теңир колдо,— деп, | ||
Ооо ата-баба арбагы, | ||
580 | Бүгүн бир мени колдо!— деп, | |
Оой энекемди жолдо,— деп, | ||
Оой айланайын кудурет, | ||
Оой жер-суу ээси колдосун, | ||
Суу атасы — суу мерген, | ||
585 | Тоо атасы — тоо мерген, | |
От энеси — от эне, | ||
Жер энеси — жер эне, | ||
Бүгүн бир мени жалга,— деп, | ||
Оо энекемди колдо,— деп, | ||
590 | Оо аман-эсен сууруп алгын,— деп, | |
Оо шум ажалдын оозунан, | ||
Деп,— ошондо Каракыз, | ||
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Кудай бетин көргөзбө, | ||
595 | Оой чай кайнатым ошентип, | |
Ары-бери жүгүрсө, | ||
Ошо кезде энекең, | ||
Эсине келип калган,— дейт, | ||
Сунган буту тартылып, | ||
600 | Жумган көзү ачылып, | |
Оой Каракызды караса, | ||
Ошо кезде Каракыз, | ||
Көзүнүн жашы он талаа, | ||
Айланайын эне,— деп, | ||
605 | Ооо кантем кокуй кантем,— деп, | |
Энекей кокуй аман калгың,— деп, | ||
Ой балаң менен балакет, | ||
Оой энем аман калса,— деп, | ||
Оой өзүң көргөн Каракыз, | ||
610 | Атаңдын көрү дүнүйө, | |
Кудай бетин көргөзбө, | ||
Мына ошентип тургуча, | ||
Айтып оозун жыйгыча, | ||
Кайдан келди билбеймин, | ||
615 | Кайыбынан кабылып, | |
Карачаар кабылан, | ||
Капталында камынып, | ||
Көсө куйрук көк арстан, | ||
Көт жагында чамынып, | ||
620 | Алп каракуш зумурук, | |
Ой ченгелин сунган арбайтып, | ||
Канатын жайган калдайтып, | ||
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Кудай бетин көргөзбө, | ||
625 | Жети дөбөт, көк бөрү, | |
Тегеректеп курчаптыр, | ||
Кырк чилтен кызыр Ильяз, | ||
Ошо маал баарысы, | ||
Оой тегеректеп калыптыр, | ||
630 | Муну көрүп Каракыз, | |
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Кудай бетин көргөзбө, | ||
Акыл-эстен таныптыр, | ||
Оо өзүң көргөн баягы, | ||
635 | Өзүң көргөн энекең, | |
Ала калып колуна, | ||
Тогуз кездей оромол, | ||
Орой салды баланы. | ||
Оң эмчегин салганда, | ||
640 | Оболкусу сүт чыгып, | |
Андан кийин суу чыгып, | ||
Үчүнчүдө кан чыгып, | ||
Байбичеден жан чыгып, | ||
Ошо кезде энекең, | ||
645 | Айтып турду мындай деп: | |
«Айланайын кудай,— деп, | ||
Чоң кайнатам Орозду, | ||
Ошондон калган күмүш ок, | ||
Күмүш октон колго алып, | ||
650 | Оозантмакка баланы, | |
Оозуна окту салганы, | ||
«Тиштегениң ок болсун, | ||
Тиктегени жок болсун, | ||
Караганың ок болсун, | ||
655 | Катылганы жок болсун, | |
Жалаганы ок болсун, | ||
Жандаганы жок болсун» | ||
Деп,— ошондо энекең, | ||
Ала калып колуна, | ||
660 | Атаганат дүнүйө, | |
Ушу турган баланы, | ||
Мойнуна тумар гана кылып таккан,— дейт, | ||
Ооо жараткан буйругу, | ||
Мына ошондо баягы, | ||
665 | Өзүң көргөн Каракыз, | |
Эми эске келгени, | ||
Эки аягын караса, | ||
Энесин бала, эме кучактап, | ||
Эркелетип турганы. | ||
670 | Ой энекең, энеке, | |
Энеке биздин береке, | ||
Аман-эсен барсыңбы? | ||
Мээнетиңди алайын, | ||
Касиеттүү жан элең, | ||
675 | «Айланайын кызым,— деп, | |
Кызым аман барсыңбы?» | ||
Деп ошентип Чыйырды, | ||
Эркелетип бу кызды, | ||
Алдына алып алды,— дейт, | ||
680 | Атаганат дүнүйө, | |
Эми анны койуп туралы, | ||
Өзүң көргөн бай Жакып, | ||
Ошондон кабар алалы. | ||
Мына ошондо бай Жакып, | ||
685 | Айтып турган Балтага: | |
«Айланайын Акбалта, | ||
Катыным кыз тууса, | ||
Кабар бербей койгун,— деп, | ||
Катыным кокус эр тууса, | ||
690 | Кабар кылып сүйүнчү, | |
Сүйүнчүңдү беремин, | ||
Кабарлап айткын өзүмө, | ||
Карарган кара көзүмө, | ||
Бу жерге туруп нетейин, | ||
695 | Жылкыны көздөй кетейин, | |
Кара-Кырдын оюна, | ||
Калың жылкы ичине, | ||
Барып жатып алайын, | ||
Качан келет кабар,— деп, | ||
700 | Сенден кабар күтүп турайын. | |
Деп ошондо бай Жакып, | ||
Астындагы минээри, | ||
Торучаарды койгулап, | ||
Үзөнгүсүн ургулап, | ||
705 | Атаганат дүнүйө, | |
Басмайылы бош коюп, | ||
Ошо куюшканын тартыптыр, | ||
Мына ошондо жарыктык, | ||
Күн эки күн жол жүрүп, | ||
710 | Ат аябай мол жүрүп, | |
Кара-Кырдын ойуна, | ||
Кетип калган эмеспи. | ||
Өзүң көргөн бай Жакып, | ||
Өзүң көргөн Акбалта, | ||
715 | Ордодо калды көрдүңбү? | |
Атаганат дүнүйө, | ||
Качан туат катын,— деп, | ||
Атаганат дүнүйө, | ||
Кудай бетин көргөзбө, | ||
720 | Жакшылыктан кабар деп, | |
Качан болор эми деп, | ||
Мына ошондо Акбалта, | ||
Күтүп жаты көрдүңбү? | ||
Муну койуп туралы, | ||
725 | Үй ичинде баягы, | |
Чыйырды менен Каракыз, | ||
Ошондон кабар алалы, | ||
Өзүң көргөн Чыйырды, | ||
Каракызга муну айтат: | ||
730 | Адам укус шумду айтат, | |
«Айланайын ардагым, | ||
Мээнетиңди алайын, | ||
Калага катын койбогун, | ||
Айылга аял койбогун, | ||
735 | Көрө албаган көз жаман, | |
Сүйлөп койсо сөз жаман, | ||
Айланайын кызым,— деп, | ||
Айылдагы аялды, | ||
Токойду көздөй айда,— деп, | ||
740 | Мына ошондо жарыктык, | |
Муну минтип айтканда, | ||
Ошо кезде Каракыз, | ||
Аттап-буттап чыккан,— дейт, | ||
Айланайын айымдар, | ||
745 | Айылдагы катындар, | |
Бул жерге турбаңар, | ||
Токойду көздөй кеткиң,— деп, | ||
Мына ошентип турганда, | ||
Атаганат дүнүйө, | ||
750 | Кудай бетин көргөзбө, | |
Ыңаалаган үн чыгып, | ||
Тууй турган кези деп, | ||
Атаганат дүнүйө, | ||
Көз жарып алдың аман,— деп, | ||
755 | Мына ошондо катындар, | |
Күңкүрөнүп күүлөнүп, | ||
Бир-бирине сүйлөнүп, | ||
Катын эсен тууду деп, | ||
Эркек бекен, кыз бекен? | ||
760 | Качан бизге айтат деп, | |
Мына ошентип турганда, | ||
Ал аңгыча болгон жок, | ||
Өзүң көргөн Каракыз, | ||
Сүйүнчүлөп баягы, | ||
765 | Акбалтанын зайыбы, | |
Акчайымга муну айтат: | ||
«Оой Акчайым эжеке, | ||
Оой эжекең, эжеке, | ||
Акчайым эжеке, | ||
770 | Укчу айткан сөзүмдү, | |
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Оо сүйүнчү, сүйүнчү, | ||
Жоо душманга күйүнчү, | ||
Ой энекең кокуй эр тууду, | ||
775 | Ээр тууду, шер тууду», | |
Деп,— ошентип айтканда, | ||
Ээриккенде энекең, | ||
Эркек тууду кантейин? | ||
Жоголоордо энекем, | ||
780 | Жолдош тапты кантейин? | |
Айланайын эжеке, | ||
Оой эжекең, эжеке», | ||
Деп ошентип айтканда, | ||
Ошол кезде Акчайым, | ||
785 | Уктап жаткан Балтаны, | |
Атаганат дүнүйө, | ||
Сен кандай байсың? — деп, | ||
Коңурукту кош тартып, | ||
Эчтеме менен ишиң жок, | ||
790 | Сыртың жалын ичиң чок, | |
Оой байдын катыны ээр тууду, | ||
Оой сүйүнчү, сүйүнчү! | ||
Деп ошентип Акчайым, | ||
Акбалтага муну айтса, | ||
795 | Ошо кезде Акбалта, | |
Акыл-эске келе албай, | ||
Тура калды ордунан, | ||
Кандай шумдук болду? — деп, | ||
Эмне болду кандай? – деп, | ||
800 | «Айтчы кайра кайталап, | |
Угуп турам сөзүңдү», | ||
Деп ошентип айтканда, | ||
Ошо кезде Акчайым, | ||
Акбалтага муну айтат: | ||
805 | «Бу жерге туруп нетесиң? | |
Бай Жакыпка баргын»,— деп, | ||
Сүйүнчүлөп жетесиң, | ||
Айтып баргын кабарды, | ||
«Байбичеси Чыйырды, | ||
810 | Аман-эсен тууду де, | |
Тууганда да ээр тууду, | ||
Аябаган шер тууду, | ||
Колдогону кырк тогуз, | ||
Жөлөгөнү кырк тогуз, | ||
815 | Жөнөттүрөр ар дайым, | |
Колдоп жүрөр ар дайым», | ||
Деп,— ошентип баягы, | ||
Өзүң көргөн Акчайым, | ||
Акбалтага муну айтса, | ||
820 | Ошол кезде Акбалта, | |
«Макул, макул, макул» — деп, | ||
Айтканыңдай кылам,— деп, | ||
Аманат кылган кеп эле | ||
«Бай Жакыптын өзүнө, | ||
825 | Барып кабар берейин, | |
Бу жерге туруп нетейин? | ||
Барса барып келейин», | ||
Деп,— ошондо баягы, | ||
Өзүң көргөн Акбалта, | ||
830 | Атаганат дүнүйө, | |
Кудай бетин көргөзбө, | ||
Маңдайга жазган ушу экен, | ||
Ооо жараткан кудурет, | ||
Көкчологун койгулап, | ||
835 | Үзөнгүсүн ургулап, | |
Айланайын кудурет, | ||
Күн эки күн жол жүрүп, | ||
Ат аябай мол жүрүп, | ||
Жетип барды баягы, | ||
840 | Өзүң көргөн бай Жакып, | |
Бай Жакыптын өзүнө, | ||
Оой айланыйын кудурет, | ||
Колдой көргүн бул ирет, | ||
Оо сенин карыганда байбичең, | ||
845 | Оо кабылан тапты, сүйүнчү, | |
Оо ээриккенде байбичең, | ||
Эрмек тапты, сүйүнчү, | ||
Оо атаганат дүнүйө, | ||
Оо байым кокуй байым,— деп, | ||
850 | Байбичең эркек тууду кантейин?» | |
Деп ошентип айтканда, | ||
Ооо сүйүнчү, сүйүнчү | ||
Жоо душманга күйүнчү. | ||
Деп,— ошондо Акбалта, | ||
855 | Бай Жакыпка муну айтса, | |
Ошо кезде бай Жакып, | ||
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Кудай бетин көргөзбө, | ||
Ошо кезде жарыктык, | ||
860 | Баягы өзүң көргөн Кула бээ, | |
Кулун тууп коюптур, | ||
Ары-бери телчитип, | ||
Жетекең алган кези экен, | ||
Жетелетип эрмектеп, | ||
865 | Мына ошондо бай Жакып, | |
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Катыным эркек туулса деп, | ||
Оой энчилеп койчу кулун деп, | ||
Мына ошентип ыроолоп, | ||
870 | Койгон экен баягы, | |
Өзүң көргөн бай Жакып, | ||
Айланайын кудурет, | ||
Колдой көргүн бул ирет, | ||
Ал аңгыча баягы, | ||
875 | Акбалтадан кабарды, | |
Эми угуп алганда, | ||
Кайталачы сөзүң деп, | ||
Жалган эмес чынбы? — деп, | ||
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
880 | Карыганда мен шоордуу, | |
Каралды таптым кудайым, | ||
Жанды неге жараттың? | ||
Жан кейитип жанымды, | ||
Жаманаттык кылба деп, | ||
885 | Кул баш кылып атакка, | |
Кондурбагын өзүң деп, | ||
Айланайын кудайым, | ||
Жанды берет аманат, | ||
Керек болгон учурда, | ||
890 | Ал жаныңды кайта алат, | |
Айланайын кудайым, | ||
Көкө-Теңир колдо! — деп, | ||
Ошо кезде жарыктык, | ||
Умай энем ула,— деп, | ||
895 | Жер-Суу ээси колдо,— деп, | |
Өзүң көргөн бай Жакып, | ||
Ошо кезде баягы, | ||
Акбалтага кайрылып, | ||
Кана айтчы кайта деп, | ||
900 | Мына ошентип турганда, | |
Ошо кезде Акбалта, | ||
Ооо сенин жоголоордо байбичең, | ||
Жолборс тапты, сүйүнчү! | ||
Оо карыганда байбичең, | ||
905 | Оо кабылан тапты, сүйүнчү! | |
Оо ээриккенде байбичең, | ||
Оо эрен тапты, сүйүнчү! | ||
Оо Жакып кокуй кантесиң? | ||
«Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
910 | Кайталатып сөзүмдү, | |
Кудайга койдум өзүңдү», | ||
Деп,— ошентип жарыктык, | ||
Өзүң көргөн Акбалта, | ||
Кайталап айтып салганда, | ||
915 | Ошо кезде баягы, | |
Айтканыңдай болсун! — деп, | ||
Айланайын Акбалта, | ||
Ушу жерде баягы, | ||
«Жадыбал жеткис жылкым бар, | ||
920 | Ошол жылкынын үчтөн бирин өзүң ал», | |
Деп ошентип айтканда, | ||
Ошол кезде Акбалта, | ||
Бек сүйүнүп алган,— дейт, | ||
Астындагы баягы, | ||
925 | Көкчологун койгулап, | |
Аркасынан бай Жакып, | ||
Торучаарды ургулап, | ||
«Айланайын кудурет, | ||
Колдой көргүн бул ирет, | ||
930 | Аздык кылып баратса, | |
Айланайын Акбалта, | ||
Тоо башында топоз бар, | ||
Коолотумда коюм бар, | ||
Аа жылгаамда жылкым бар, | ||
935 | Айланайын Акбалта, | |
Аздык кылып баратса, | ||
Курмандыкка чалгын,— деп, | ||
Ушу турган башымды, | ||
Канымды төгүп берейин, | ||
940 | Канды ичип алгын,— деп. | |
Аздык кылып баратса, | ||
Айланайын Акбалта, | ||
Кантейин кокуй кантейин? | ||
Карыганда мен шоордуу, | ||
945 | Каралды таптым, сүйүнчү! | |
Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
Оо жараткан кудай ай, | ||
Оо кудайым сага сүйүнчү», | ||
Деп,— ошентип айтканда, | ||
950 | Ошо кезде жарыктык, | |
Күн эки күн жол жүрүп, | ||
Ат аябай мол жүрүп, | ||
Күгүм кире күн бата, | ||
Элдин аты дым жата, | ||
955 | Ошо кезде Ак Чийдинин төрүнө, | |
Эми жетип келгенде, | ||
Өзүң көргөн баягы, | ||
Чыйырдыдай энекең, | ||
Чымындай жаны чыркырап, | ||
960 | Атаганат дүнүйө, | |
Эки бети тамылжып, | ||
Нур чачылып калыптыр, | ||
Төрөгөнүн көрдүңбү? | ||
Көзөл энең Чыйырды, | ||
965 | Көз жарганын көрдүңбү? | |
Жаза тайып албасам, | ||
Жараткандын бергени, | ||
Жазбай айтып берейин. | ||
Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
970 | Маңдайга гана жазган ушу экен, | |
Ошону менен дүйнөгө, | ||
Айкөл гана Манас кабылан, | ||
Келгендиги ушу экен. |