American University of Central Asia - AUCA - Transcription 1

Talantaaly Bakchiev - Transcription One

 

T1

Talantaaly Bakchiev, 'Birth of Manas', recorded 31 October 2017

Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available here]

Transcription below by Alymkan Jeenbekova

(Note: this performance begins with a spoken introduction)

 

Кечээ Хан Жакып оо дүйнө сапар тартканда аркада калган он уулу туш тарапка чачырап бири Канкайга, бири Алтайга, бири Урумга, бири Крымга, бири Кангайга, бири Кытайга качып, ошентип, Жакып ортончу уулуна буюрган экен. Алтайдан орун алган. Жети жыл өмүр сүрүп жашы өөдүлүп кырктан өтүп. Ошондо бай Жакыптын зары келип, Кудайга зарын айтып: жашым өтүп баратат уул көрбөй өтөмбү бу жалгандын өзүнөн? Көрүнгөндөн кеп уктум. Ар кимиси ар кандай айтат. Ушу Жакып бу дүйнөдөн куу баш болуп өтөбү? Жыйган тергени ким үчүн? Жыйган малы ким үчүн? - деп мына ошо жерден

 

    Миң күндөрдүн бири экен,
    Кудайдын сүйгөн күнү экен,
    Бейшембинин күнү экен,
    Жуманын кадыр түнү экен,
5   Ошондо көргөн бүгүн жокпу?
    Адам алдамчы экен ай дүйнө бок?
    Адам бүгүн ой көргөн эртең жок,
    Ушундай гана экең дүйнө шок, ээй.
    Ошол кезде сурасаң,
10   Өзүң көргөн баягы,
    Бакбергендин Чыйырды,
    Бейшембинин күнүндө,
    Жуманын кадыр түнүндө,
    Он эки канат өргөөдө,
15   Он эки кабат төшөккө,
    Жаткан экен жарыктык,
    Оң жагында бай Жакып,
    Ары-бери толгонуп,
    Бейшембинин күнүндө,
20   Таң агарып сүргөндө,
    Ошо кезде Чыйырды,
    Чымындай жаны чыркырап,
    Ыйлап турду буркурап,
    Айланыйын байым деп,
25   «Азыр жатып түш көрдүм,
    Оо жагымдуу бир иш көрдүм.
    Түндө жатып түш көрдүм,
    Түйшүккө салар иш көрдүм.
    Таңга маал түш көрдүм,
30   Таңгала турган иш көрдүм.
    Жана жатып түш көрдүм,
    Жагарлык бир иш көрдүм
    Айланыйын, байым» — деп,
    Мына ошондо Чыйырды
35   Чымындай жаны чыркырап,
    Ыйлап турду буркурап,
    Бай Жакыпты ойготуп,
    Козголсоң боло байым, — деп,
    Койгун, тургун байым, — деп
40   Айта турган кебим бар
    Азыр жатып түш көрдүм,
    Адам көргүс иш көрдүм.
    Деп ошентип Чыйырды,
    Чымындай жаны чыркырап,
45   Муну айтып турганда,
    Ошо кезде жарыктык,
    Оң жагынан обдулуп,
    Обун таппай уйкунун,
    Сол жагына толгонуп.
50   Сообун таппай уйкунун,
    Өзүң көргөн бай Жакып,
    Кандай шумдук болду деп,
    Ошондо Чыйырдыны караса,
    Ошол кезде энекең,
55   Айтып турду Жакыпка,
    Айланайын байым,— деп,
    Укчуң айткан сөзүм деп,
    Айланайын кудурет,
    Жараткандын бергенин,
60   Жазбай айтып берейин,
    Эмиң айтып кетейин,
    Чымындай болгон чыркырап,
    Өзүң көргөн энекең,
    Айланайын кудурет,
65   Төрөң Манас көк жалдын,
    Төрөлгөнүн айтайын,
    Көзөл энең Чыйырды,
    Көз жарганын айтайын.
    Ошол кезде Чыйырды,
70   Бай Жакыпка муну айтат.
    Ооо азыр жатып түш көрдүм,
    Айланайын байым,— деп,
    Ооо адамга жагар иш көрдүм,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
75   Ооой менин атам Бакберген,
    Бу дүйнөдөн өткөнү,
    Жети жылдай болду эле.
    Жети жылдан бери карай,
    Атакемдин алдына,
80   Курмандык бир чалбадым,
    Алдынан өтүп албадым,
    Арбагына багыштап,
    Ай-туякка чалбадым,
    Айланайын кудурет,
85   Колдой көргүн бул ирет,
    Менин атам Бакберген,
    Оой өзү кудай жолунда,
    Аса таяк колунда,
    Оо кудай бетин салбай кал,
90   Оң колунда атамдын,
    Бышкан кызыл алма бар,
    Аман-эсен көз жар деп,
    Мына ошондо атакем,
    Ак алманы берди дейт,
95   Ошону менен карасам,
    Кайда экени билинбей,
    Караса көзгө илинбей,
    Ооо жараткан кудурет,
    Кайым болду көрдүңбү?
100   Айланайын байым, деп,
    Өзүң көргөн Чыйырды,
    Айтып турду байына,
    Ооо айланайын байым,— деп,
    Укчуң айткан сөзүм деп,
105   Оо атакемдин алдына,
    Курман болуп кетейин.
    Ооо ай туякка чалууга,
    Ооо Көк-Аладан көптөн бар,
    Оой Сары-Аладан сандан бар,
110   Ооо жылкылардан канча бар,
    Ай туякка чалууга,
    Атаганат дүнүйө,
    Атакемдин арбакка,
    Багыштап малды тарткың деп,
115   Мына ошентип айтканда,
    Ошо кезде жарыктык,
    Өзүң көргөн бай Жакып,
    Ак дамбалчаң дардактап,
    Ооо тура калды төшөктөн,
120   Ооо баң-баң-баң-баң-баң басып,
    Багалегин чаң басып,
    Он эки канат төргөөдөн,
    Атакең чыкты көрдүңбү?
    Акбалтаны чакырып,
125   Ооо Балта, Балта, Балта — деп,
    Айланайын Акбалта,
    Оой таң кашкайып сүргөн,— дейт,
    Таң Чолпон жылдыз кирген,— дейт,
    Ооо ошо кезде бай Жакып,
130   Акбалтаны чакырса,
    Ошо кезде Акбалта,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Кандай шумдук болду? — деп,
    Мына ошондо жарыктык,
135   Оой айланайын кудайым,
    Жакын басып келген дейт,
    Оой кудай урду байым,— деп,
    Ооо кыр жагында кытай бар,
    Кытай каптап келдиби?
140   Капталында калмак бар,
    Каптап кирип келдиби?
    Атаганат дүнүйө,
    Оң жагында ойрот бар,
    Оой оңдурбай ойрот келдиби?
145   Сол жагында солоң бар,
    Оой соолутуп солоң келдиби?
    Айланайын кудурет,
    Кандай шумдук болду? – деп,
    Мына ошондо Акбалта,
150   Сообол салса Жакыпка,
    Мына ошондо бай Жакып,
    Айтып турат Балтага:
    «Айланайын Акбалта,
    Ооо карыганда катынды
155   Ооо кудай урду кантейин?
    Оой эптеп тапкан малымдын,
    Эсебин эми табабы?
    Ооо катынымды жин урду,
    Жин урганда дин урду,
160   Атаганат дүнүйө,
    Эптеп тапкан малымды,
    Оой курмандыкка чалгын»,— деп,
    Азабыңды берди,— дейт,
    Атаганат дүнүйө,
165   Арды мээнет күнүгө,
    Эми кокуй кантем деп,
    Мына ошондо бай Жакып,
    Жакып жайын сураба,
    Жакып жайын сурасаң,
170   Ошо кезде бай Жакып,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Оой сараңдыгы болжосуз,
    Саар эсеп жан экен,
    Оой жетим менен жесирге,
175   Оой чычкак улак бербеген,
    Сараңдыгы болжосуз,
    Мына ошондой жан экен.
    Ошо кезде Акбалта,
    Айланайын кудурет,
180   Эми кандай кылам? — деп,
    Мына ошентип алганда,
    Бай Жакып айтат мындай деп:
    «Оой Карагырдын ойунда,
    Оой кара аладан канча бар?
185   Сары аладан сандан бар,
    Камбар-Ата даарыган,
    Касиеттүү малдан бар,
    Айланайын Акбалта,
    Курмандыкка чалууга,
190   Ай туякка чалууга,
    Оой айланайын Акбалта,
    Алып келгиң малды деп,
    Мына ошентип айтканда,
    Макул, макул, макул,— деп,
195   Бул айтканың акыл деп,
    Айтканыңдай кылам! – деп,
    Ошо кезде Акбалта,
    Атаганат дүнүйө,
    Кудай бетин көргөзбө,
200   Астындагы минери,
    Өзүң көргөн баягы,
    Көкчолокту алкынтып,
    Аркы-терки камчы уруп,
    Оң-тетири теминип,
205   Мына ошондо жарыктык,
    Күнү жүрдү күйүгүп,
    Түнү жүрдү түйүлүп,
    Күн эки күн жол жүрүп,
    Ат аябай мол жүрүп,
210   Мына ошондо Акбалта,
    Атаганат дүнүйө,
    Кудай бетин салбай кал,
    Карагырдын ойуна,
    Күн эки күн жол жүрүп,
215   Күгүм кирип калганда,
    Эми жетип барганда,
    Ошо кезде баягы
    Жылкычы башы Ыйман дейт
    Ой Ыйман, Ыйман, Ыйманым!
220   Ыйман кайда кеттиң? - деп
    Кайра бери тарткың атты! – деп
    Мына ошентип турганда
    Ошо кезде баягы,
    Өзүң көргөн Ыйманың
225   Кандай шумдук болду? – деп,
    Кирип келген жоо барбы?
    Каптап келген доо барбы?
    Айланайын Акбалта,
    Деп ошентип турганда,
230   Ошо кезде Акбалта,
    Айтып турат Ыйманга,
    Айланайын Ыйманым,
    Оой бай Жакыптын ой айтканы,
    Кан буйругу ай бир болот, эй,
235   Эки гана кылар ар барбы?
    Айтарым гана ушул угуп кой,
    Сан жылкынын гана ой ичинде,
    Камбар-Ата гана даарыган,
    Касиеттүү гана Балта,
240   Деп,— ошентип айтканда,
    Ошо кезде Ыйманың,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Кудай бетин көргөзбө,
    Калың жылкы аралап,
245   Издеп тандап жүрдү дейт,
    Ал аңгыча болгон жок,
    Жылкы четте турган дейт,
    Айланайын Акбалта,
    Ыйманды эми чакырып,
250   Кагылайын Ыйманым,
    Кайсы бирин айтайын,
    Тетиги жылкынын четинде,
    Атаганат дүнүйө,
    Байтал бар бекен,
255   Курмандыкка чалууга,
    Ылайыктуу мал экен,
    Деп ошентип айтканда,
    Ошол кезде Ыйманың,
    Койгун, койгун, койгун,— дейт,
260   Айланайын Акбалта,
    Ой мунуң жилине карыш болгон,— дейт,
    Тууй турган малы,— дейт,
    Оой тууп калса кула бээ,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
265   Ооо өзүң көргөн Чыйырды,
    Ошонун уулуна ээнчилеп койгон мал эле,
    Деп,— ошентип айтканда,
    Ошо кезде жарыктык,
    Өзүң көргөн Чыйырды,
270   Эми аны койуп туралы,
    Ошондон кабар алалы.
    Кайран энең Чыйырды,
    Чымындай жаны чыркырап,
    Иий белим кокуй белим,— деп,
275   Белимди кокуй жеди,— деп,
    Иий балтырым кокуй балтырым,
    Балтырым кетти союлуп,
    Оой соогончогум оюлуп,
    Иий башым кокуй башым,— деп,
280   Иий төбөм кокуй төбөм,— деп,
    Төбөмдү кокуй жээди,— деп,
    Оой кокуй эми кантем,— деп,
    Мына ошондо Чыйырды,
    Толгоо тартып калган,— дейт,
285   Толгоосу канча күн болду?
    Оой жанында жүргөн бир жан жок,
    Мына ошондо энекең,
    Оой деп кыйналып алган,— дейт,
    Атаганат дүнүйө,
290   Ооо бери кел! — деп чакырды,
    Багып алган кызы,— дейт,
    Оой билген адам кеп айтат,
    Асырап бакан кызы эле,
    Анын аты Каракыз,
295   Айта берсең ушундай,
    Атаганат дүнүйө,
    Билбеген адам кеп айтат,
    Ушу турган Каракыз,
    Карлыгач экен,— деп айтат,
300   Мына ошондо Чыйырды,
    Каракыз! – деп чакырды,
    Бери кел! – деп бакырды,
    Айланайын Каракыз,
    Айта турган кебим бар,
305   Укчу кокуй кызым,— деп,
    «Атаганат дүнүйө,
    Тээтигинде көрдүңбү?
    Кечээ мен жаңы Алтайга келгенде,
    Ошо кезде жарыктык,
310   Ооо Ала-Тоого келгенде,
    Ошо кезде сурасаң,
    Жалгыз чырпык сайгамын,
    Ошо чырпак Чынар болуптур,
    Ал Чынардын түбүндө,
315   Атаганат дүнүйө,
    Буркулдаган булак бар,
    Ал булакка барып кел.
    Чоң торпоктун чоң чанач,
    Керегеде илинген,
320   Толтура сууну куюп кел,
    Кырк чырпыкты кыйып кел,
    Айтарым ушул угуп кой»
    Деп ошондо баягы,
    Өзүң берген энекең,
325   Айтып турса бу кызга,
    Ошо кезде Каракыз,
    Соогончогу так этип,
    Май куйрукка шак этип,
    Таң, таң, таң, таң, таң, таң,— деп,
330   Мына ошондо жарыктык,
    Керегеде илинген,
    Чоң торпоктун чоң чанач,
    Аны алып колуна,
    Чоң өгүздү койгулап,
335   Жөнөп калды көрдүңбү?
    Энеси айткан булакка,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Каракыз жайын сураба,
    Каракыз жайын сурасаң,
340   Ошо кезде Каракыз,
    Он экиде кыз экен,
    Он экиде кыздар бар,
    Эшикке чыгып сийе албайт,
    Этегин тыңдап жаба албайт,
345   Эки сөздү кошо албайт,
    Мына ошондо Каракыз,
    Айланайын кудурет,
    Мунун жайын сурасаң,
    Бүбүлүгү бар экен,
350   Бүлүн күндө бүтөгөн,
    Үзүлгөндү улаган,
    Касиети бар экен.
    Мунун жайын сурасаң,
    Мунун жайын байкасаң,
355   Өзүң көргөн энекең,
    Жаңы Алтайга келгенде,
    Калмактын эски журтунан,
    Таап алган кыз экен.
    Алты айлык кезинде,
360   Асырап баккан кыз экен,
    Ырымы болсо ушундай,
    Артынан бала келсин деп,
    Аласынан өткөрүп,
    Мына ошондо энекең,
365   «Каракыз» деп ат койуп,
    Ырым кылды ушундай.
    Айланайын кудурет,
    Маңдайга жазган ушу,— деп,
    Артынан бала келсе,— деп,
370   Ырым кылган момундай.
    Айланайын кудурет,
    Ошол күндөн ушул күн,
    Он эки жыл өтүптүр,
    Баягы өзүң көргөн,
375   Балтыр бешик Каракыз,
    Эми боконоң эти толуптур,
    Айланайын кудурет,
    Кудай бетин салбай кал,
    Ошо кезде Каракыз,
380   Чоң торпоктун чоң чанач,
    Алып алып колуна,
    Чоң өгүздү койгулап,
    Жөнөп калды Чынарга,
    Айланайын кудурет,
385   Колдой көргүн бул ирет,
    Эми аны коюп туралы,
    Өзүң көргөн баягы,
    Акбалтанын өзүнөн,
    Ошондон кабар алалы.
390   Ошо кезде Акбалта,
    Айланайын кудай, – деп,
    Жаратканга жалынып,
    Камбар-Ата караган,
    Касиеттүү мал эле,
395   Кайыбынан кабылган,
    Деп ошентип Акбалта,
    Калың жылкы ичинен,
    Айланайын кудурет,
    Аа кунан бышты тандады,
400   Курмандыкка чалам деп,
    Башына нокто салды,— дейт,
    Аркы-терки койгулап,
    Айланайын кудурет,
    Күн эки күн жол жүрүп,
405   Ат аябай мол жүрүп,
    Мына ошондо жарыктык,
    Эми жете калганда,
    Эми аны койуп туралы,
    Бай Жакыптын өзүнөн,
410   Ошонон кабар алалы.
    Ошо кезде бай Жакып,
    Кеткени эки күн болду,
    Качан келет Балта деп,
    Капталында калмак бар,
415   Калмактар кармап алган кезиби?
    Айланайын кудурет,
    Каранымда кытай бар,
    Кытайга кире качтыбы?
    Балта качан келет? – деп,
420   Качан кабар берет? – деп,
    Айланайын кудурет,
    Өзүң көргөн бай Жакып,
    Өөдө-төмөн көп басып,
    Күңкүрөнүп күүлөнүп,
425   Ичинен Жакып сүйлөнүп,
    Мына ошентип турганда,
    Айланайын кудурет,
    Ошо кезде баягы,
    Өзүң көргөн Акбалта
430   Карап келди оолуга.
    Айланайын байым,— деп,
    «Атаганат дүнүйө,
    Издегениң кабылды,
    Издегениң табылды».
435   Деп ошентип айтканда,
    Ошо кезде бай Жакып, эй,
    Оо кудайдын гана кылган иши экен,
    Жазатайып гана албасам,
    Жаңылып айтып салбасам,
440   Ооо жараткандын бергени,
    Жарыя гана кылып кетейин,
    Мына ошондо баягы,
    Өзүң көргөн гана бай Жакып,
    Атадан калган актинте,
445   Актинтени гана колго алып,
    Баягы жетеке келген кунанды,
    Төрт аягын гана тең байлап,
    Курмандыкка гана эми чалууга,
    Күн батышты каратып,
450   Ошондо атадан калган гана Актинте,
    Эми моюнга урарда,
    Ошо гана кезде бу кунан ой,
    Кайып болду көрдүңбү?
    Кайда экени көрүнбөй,
455   Ооо көп түтүн болду көрдүңбү,
    Кашыңда турган кара айгыр,
    Оо кайда экени билинбей.
    Караса көзгө илинбей,
    Жерге гана танган каны жок,
460   Кармай турган жаны жок.
    Мына ошондо кара айгыр,
    Кайда экени билинбей,
    Кайып болду көрдүңбү?
    Ошо кезде бай Жакып
465   Бармак тиштеп баш чайкап,
    Аң-таң болуп турду,— дейт,
    Айланайын кудай ай,
    Ой жараткан ий кудай ай,
    Маңдайга жазган ушу экен,
470   Атаңдын көрү дүнүйө,
    Кудайдын кылгын иши экен,
    Мына ошондо баягы,
    Өзүң көргөн Чыйырды,
    Айланайын кудурет,
475   Толгоосу тогуз күн болуп,
    Толготкон мындай күн болуп,
    Ал аңгыча баягы,
    Өзүң көргөн Каракыз,
    Кирип келди оолуга,
480   Айланайын эне,— деп,
    Айтканыңды кылам,— деп,
    Кагылайын эне,— деп,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Кырк чырпыкты кыйдым,— деп,
485   Булактын суусун алдым,— деп,
    Кагылайын энеке,
    Эми кандай кылам? – деп,
    Мына ошентип турганда,
    Ошо кезде Чыйырды,
490   Айтып турду кызына,
    Кээде эске кел алса,
    Кээде эске кел албай,
    Кээде тилге кел алса,
    Кээде тилге кел албай,
495   Мына ошондо энекең,
    Айтып турду кызына:
    Мээнетиңден алайын,
    Касиетиң ушундай,
    Балекетиң алайын,
500   Садагаң кетип калайын,
    Айланайын кызым» – деп,
    «Тээтиги турган тай казан,
    Тай казанга куйгун,— деп,
    «Кырк чырпыкты салгын,— деп,
505   Тутандырып от койуп,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Суу кайната салгын,— деп,
    Мына ошентип айтканда,
    Ошо кезде Каракыз,
510   Күл-пүл ала болду,— дейт, ?
    Көңдү калап калды,— дейт, ?
    Ал аңгыча болгон жок,
    Өзүң көргөн энекең,
    Айланайын кудурет,
515   Эми кокуй кантем - деп,
    “Кандай айла табам?”- деп
    Отуруп калса тура албай,
    Туруп калса жата албай,
    Иий белим кокуй белим,— деп,
520   Белимди кокуй жеди,— деп,
    Балаң эмес балэ,— деп,
    Оой башымды кокуй жутабы?
    Кантем кокуй кантем деп,
    Ооо тоолго тарттым тогуз күн,
525   Токтоло турган күнүм,— деп,
    Оой кантем эми кантем,— деп,
    Оой өлө турган күнүм,— деп,
    Мына ошентип тургуча,
    Айтып оозун жыйгыча,
530   Ошо кезде баягы,
    Өзүң көргөн энекең,
    Ак бакаңды кучактап,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Ооо чарадай болгон көзүнөн,
535   Бөлөк-бөлөк жаш кетип,
    Оой айланайын кудурет,
    Оой каканак суусу шар этип,
    Оой баланын үнү бар этип,
    Ошо кезде баягы,
540   Бакырыгы баш жарып,
    Ошо кезде бу бала,
    Аягы менен тик түшүп,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Оой энекең бүк түшүп,
545   Кокуй эми кантем деп,
    Оой жараткандын бергени,
    Ошо кезде Чыйырды,
    Кээде эске келалса,
    Кээде эске келалбай,
550   Нары туруп гана басып кетти,— дейт,
    Эки көзү сүзүлүп,
    Оо жаны гана кетип барат үзүлүп,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Оо бир баланын гана айынан,
555   Энең гана кетип барат гана, аа дүйнөң ой,
    Аны көргөн баягы,
    Өзүң көргөн гана Каракыз,
    Өөдө-төмөн жүгүрүп,
    Керегеде илинген,
560   Доолбасын колго алып,
    Койгулап гана калды көрдүңбү?
    «Ой энекең, энекең, энеке биздин береке,
    Кокуй өлбөй кал, энем өлбөй кал,
    Ой кыямат гана жайды көрбөй кал,
565   Мендей шордуу бар бекен?
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Оо жетим калар гана күнүм барбы»,— деп,
    Айланайын кудурет,
    Мына ошондо Каракыз,
570   Өөдө-төмөн жүгүрүп,
    Оо калбай бетин салбай кал
    Бүүлүгүн кылган,— дейт,
    Ооо күңгүрөнүп күүлөнүп,
    Каракыз турду сүйлөнүп,
575   Аман-эсен калсын,— деп,
    Умай энем ула,— деп,
    Жаратканым жалга,— деп,
    Ооо Көкө-Теңир колдо,— деп,
    Ооо ата-баба арбагы,
580   Бүгүн бир мени колдо!— деп,
    Оой энекемди жолдо,— деп,
    Оой айланайын кудурет,
    Оой жер-суу ээси колдосун,
    Суу атасы — суу мерген,
585   Тоо атасы — тоо мерген,
    От энеси — от эне,
    Жер энеси — жер эне,
    Бүгүн бир мени жалга,— деп,
    Оо энекемди колдо,— деп,
590   Оо аман-эсен сууруп алгын,— деп,
    Оо шум ажалдын оозунан,
    Деп,— ошондо Каракыз,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Кудай бетин көргөзбө,
595   Оой чай кайнатым ошентип,
    Ары-бери жүгүрсө,
    Ошо кезде энекең,
    Эсине келип калган,— дейт,
    Сунган буту тартылып,
600   Жумган көзү ачылып,
    Оой Каракызды караса,
    Ошо кезде Каракыз,
    Көзүнүн жашы он талаа,
    Айланайын эне,— деп,
605   Ооо кантем кокуй кантем,— деп,
    Энекей кокуй аман калгың,— деп,
    Ой балаң менен балакет,
    Оой энем аман калса,— деп,
    Оой өзүң көргөн Каракыз,
610   Атаңдын көрү дүнүйө,
    Кудай бетин көргөзбө,
    Мына ошентип тургуча,
    Айтып оозун жыйгыча,
    Кайдан келди билбеймин,
615   Кайыбынан кабылып,
    Карачаар кабылан,
    Капталында камынып,
    Көсө куйрук көк арстан,
    Көт жагында чамынып,
620   Алп каракуш зумурук,
    Ой ченгелин сунган арбайтып,
    Канатын жайган калдайтып,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Кудай бетин көргөзбө,
625   Жети дөбөт, көк бөрү,
    Тегеректеп курчаптыр,
    Кырк чилтен кызыр Ильяз,
    Ошо маал баарысы,
    Оой тегеректеп калыптыр,
630   Муну көрүп Каракыз,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Кудай бетин көргөзбө,
    Акыл-эстен таныптыр,
    Оо өзүң көргөн баягы,
635   Өзүң көргөн энекең,
    Ала калып колуна,
    Тогуз кездей оромол,
    Орой салды баланы.
    Оң эмчегин салганда,
640   Оболкусу сүт чыгып,
    Андан кийин суу чыгып,
    Үчүнчүдө кан чыгып,
    Байбичеден жан чыгып,
    Ошо кезде энекең,
645   Айтып турду мындай деп:
    «Айланайын кудай,— деп,
    Чоң кайнатам Орозду,
    Ошондон калган күмүш ок,
    Күмүш октон колго алып,
650   Оозантмакка баланы,
    Оозуна окту салганы,
    «Тиштегениң ок болсун,
    Тиктегени жок болсун,
    Караганың ок болсун,
655   Катылганы жок болсун,
    Жалаганы ок болсун,
    Жандаганы жок болсун»
    Деп,— ошондо энекең,
    Ала калып колуна,
660   Атаганат дүнүйө,
    Ушу турган баланы,
    Мойнуна тумар гана кылып таккан,— дейт,
    Ооо жараткан буйругу,
    Мына ошондо баягы,
665   Өзүң көргөн Каракыз,
    Эми эске келгени,
    Эки аягын караса,
    Энесин бала, эме кучактап,
    Эркелетип турганы.
670   Ой энекең, энеке,
    Энеке биздин береке,
    Аман-эсен барсыңбы?
    Мээнетиңди алайын,
    Касиеттүү жан элең,
675   «Айланайын кызым,— деп,
    Кызым аман барсыңбы?»
    Деп ошентип Чыйырды,
    Эркелетип бу кызды,
    Алдына алып алды,— дейт,
680   Атаганат дүнүйө,
    Эми анны койуп туралы,
    Өзүң көргөн бай Жакып,
    Ошондон кабар алалы.
    Мына ошондо бай Жакып,
685   Айтып турган Балтага:
    «Айланайын Акбалта,
    Катыным кыз тууса,
    Кабар бербей койгун,— деп,
    Катыным кокус эр тууса,
690   Кабар кылып сүйүнчү,
    Сүйүнчүңдү беремин,
    Кабарлап айткын өзүмө,
    Карарган кара көзүмө,
    Бу жерге туруп нетейин,
695   Жылкыны көздөй кетейин,
    Кара-Кырдын оюна,
    Калың жылкы ичине,
    Барып жатып алайын,
    Качан келет кабар,— деп,
700   Сенден кабар күтүп турайын.
    Деп ошондо бай Жакып,
    Астындагы минээри,
    Торучаарды койгулап,
    Үзөнгүсүн ургулап,
705   Атаганат дүнүйө,
    Басмайылы бош коюп,
    Ошо куюшканын тартыптыр,
    Мына ошондо жарыктык,
    Күн эки күн жол жүрүп,
710   Ат аябай мол жүрүп,
    Кара-Кырдын ойуна,
    Кетип калган эмеспи.
    Өзүң көргөн бай Жакып,
    Өзүң көргөн Акбалта,
715   Ордодо калды көрдүңбү?
    Атаганат дүнүйө,
    Качан туат катын,— деп,
    Атаганат дүнүйө,
    Кудай бетин көргөзбө,
720   Жакшылыктан кабар деп,
    Качан болор эми деп,
    Мына ошондо Акбалта,
    Күтүп жаты көрдүңбү?
    Муну койуп туралы,
725   Үй ичинде баягы,
    Чыйырды менен Каракыз,
    Ошондон кабар алалы,
    Өзүң көргөн Чыйырды,
    Каракызга муну айтат:
730   Адам укус шумду айтат,
    «Айланайын ардагым,
    Мээнетиңди алайын,
    Калага катын койбогун,
    Айылга аял койбогун,
735   Көрө албаган көз жаман,
    Сүйлөп койсо сөз жаман,
    Айланайын кызым,— деп,
    Айылдагы аялды,
    Токойду көздөй айда,— деп,
740   Мына ошондо жарыктык,
    Муну минтип айтканда,
    Ошо кезде Каракыз,
    Аттап-буттап чыккан,— дейт,
    Айланайын айымдар,
745   Айылдагы катындар,
    Бул жерге турбаңар,
    Токойду көздөй кеткиң,— деп,
    Мына ошентип турганда,
    Атаганат дүнүйө,
750   Кудай бетин көргөзбө,
    Ыңаалаган үн чыгып,
    Тууй турган кези деп,
    Атаганат дүнүйө,
    Көз жарып алдың аман,— деп,
755   Мына ошондо катындар,
    Күңкүрөнүп күүлөнүп,
    Бир-бирине сүйлөнүп,
    Катын эсен тууду деп,
    Эркек бекен, кыз бекен?
760   Качан бизге айтат деп,
    Мына ошентип турганда,
    Ал аңгыча болгон жок,
    Өзүң көргөн Каракыз,
    Сүйүнчүлөп баягы,
765   Акбалтанын зайыбы,
    Акчайымга муну айтат:
    «Оой Акчайым эжеке,
    Оой эжекең, эжеке,
    Акчайым эжеке,
770   Укчу айткан сөзүмдү,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Оо сүйүнчү, сүйүнчү,
    Жоо душманга күйүнчү,
    Ой энекең кокуй эр тууду,
775   Ээр тууду, шер тууду»,
    Деп,— ошентип айтканда,
    Ээриккенде энекең,
    Эркек тууду кантейин?
    Жоголоордо энекем,
780   Жолдош тапты кантейин?
    Айланайын эжеке,
    Оой эжекең, эжеке»,
    Деп ошентип айтканда,
    Ошол кезде Акчайым,
785   Уктап жаткан Балтаны,
    Атаганат дүнүйө,
    Сен кандай байсың? — деп,
    Коңурукту кош тартып,
    Эчтеме менен ишиң жок,
790   Сыртың жалын ичиң чок,
    Оой байдын катыны ээр тууду,
    Оой сүйүнчү, сүйүнчү!
    Деп ошентип Акчайым,
    Акбалтага муну айтса,
795   Ошо кезде Акбалта,
    Акыл-эске келе албай,
    Тура калды ордунан,
    Кандай шумдук болду? — деп,
    Эмне болду кандай? – деп,
800   «Айтчы кайра кайталап,
    Угуп турам сөзүңдү»,
    Деп ошентип айтканда,
    Ошо кезде Акчайым,
    Акбалтага муну айтат:
805   «Бу жерге туруп нетесиң?
    Бай Жакыпка баргын»,— деп,
    Сүйүнчүлөп жетесиң,
    Айтып баргын кабарды,
    «Байбичеси Чыйырды,
810   Аман-эсен тууду де,
    Тууганда да ээр тууду,
    Аябаган шер тууду,
    Колдогону кырк тогуз,
    Жөлөгөнү кырк тогуз,
815   Жөнөттүрөр ар дайым,
    Колдоп жүрөр ар дайым»,
    Деп,— ошентип баягы,
    Өзүң көргөн Акчайым,
    Акбалтага муну айтса,
820   Ошол кезде Акбалта,
    «Макул, макул, макул» — деп,
    Айтканыңдай кылам,— деп,
    Аманат кылган кеп эле
    «Бай Жакыптын өзүнө,
825   Барып кабар берейин,
    Бу жерге туруп нетейин?
    Барса барып келейин»,
    Деп,— ошондо баягы,
    Өзүң көргөн Акбалта,
830   Атаганат дүнүйө,
    Кудай бетин көргөзбө,
    Маңдайга жазган ушу экен,
    Ооо жараткан кудурет,
    Көкчологун койгулап,
835   Үзөнгүсүн ургулап,
    Айланайын кудурет,
    Күн эки күн жол жүрүп,
    Ат аябай мол жүрүп,
    Жетип барды баягы,
840   Өзүң көргөн бай Жакып,
    Бай Жакыптын өзүнө,
    Оой айланыйын кудурет,
    Колдой көргүн бул ирет,
    Оо сенин карыганда байбичең,
845   Оо кабылан тапты, сүйүнчү,
    Оо ээриккенде байбичең,
    Эрмек тапты, сүйүнчү,
    Оо атаганат дүнүйө,
    Оо байым кокуй байым,— деп,
850   Байбичең эркек тууду кантейин?»
    Деп ошентип айтканда,
    Ооо сүйүнчү, сүйүнчү
    Жоо душманга күйүнчү.
    Деп,— ошондо Акбалта,
855   Бай Жакыпка муну айтса,
    Ошо кезде бай Жакып,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Кудай бетин көргөзбө,
    Ошо кезде жарыктык,
860   Баягы өзүң көргөн Кула бээ,
    Кулун тууп коюптур,
    Ары-бери телчитип,
    Жетекең алган кези экен,
    Жетелетип эрмектеп,
865   Мына ошондо бай Жакып,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Катыным эркек туулса деп,
    Оой энчилеп койчу кулун деп,
    Мына ошентип ыроолоп,
870   Койгон экен баягы,
    Өзүң көргөн бай Жакып,
    Айланайын кудурет,
    Колдой көргүн бул ирет,
    Ал аңгыча баягы,
875   Акбалтадан кабарды,
    Эми угуп алганда,
    Кайталачы сөзүң деп,
    Жалган эмес чынбы? — деп,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
880   Карыганда мен шоордуу,
    Каралды таптым кудайым,
    Жанды неге жараттың?
    Жан кейитип жанымды,
    Жаманаттык кылба деп,
885   Кул баш кылып атакка,
    Кондурбагын өзүң деп,
    Айланайын кудайым,
    Жанды берет аманат,
    Керек болгон учурда,
890   Ал жаныңды кайта алат,
    Айланайын кудайым,
    Көкө-Теңир колдо! — деп,
    Ошо кезде жарыктык,
    Умай энем ула,— деп,
895   Жер-Суу ээси колдо,— деп,
    Өзүң көргөн бай Жакып,
    Ошо кезде баягы,
    Акбалтага кайрылып,
    Кана айтчы кайта деп,
900   Мына ошентип турганда,
    Ошо кезде Акбалта,
    Ооо сенин жоголоордо байбичең,
    Жолборс тапты, сүйүнчү!
    Оо карыганда байбичең,
905   Оо кабылан тапты, сүйүнчү!
    Оо ээриккенде байбичең,
    Оо эрен тапты, сүйүнчү!
    Оо Жакып кокуй кантесиң?
    «Атаңдын көрү дүнүйө,
910   Кайталатып сөзүмдү,
    Кудайга койдум өзүңдү»,
    Деп,— ошентип жарыктык,
    Өзүң көргөн Акбалта,
    Кайталап айтып салганда,
915   Ошо кезде баягы,
    Айтканыңдай болсун! — деп,
    Айланайын Акбалта,
    Ушу жерде баягы,
    «Жадыбал жеткис жылкым бар,
920   Ошол жылкынын үчтөн бирин өзүң ал»,
    Деп ошентип айтканда,
    Ошол кезде Акбалта,
    Бек сүйүнүп алган,— дейт,
    Астындагы баягы,
925   Көкчологун койгулап,
    Аркасынан бай Жакып,
    Торучаарды ургулап,
    «Айланайын кудурет,
    Колдой көргүн бул ирет,
930   Аздык кылып баратса,
    Айланайын Акбалта,
    Тоо башында топоз бар,
    Коолотумда коюм бар,
    Аа жылгаамда жылкым бар,
935   Айланайын Акбалта,
    Аздык кылып баратса,
    Курмандыкка чалгын,— деп,
    Ушу турган башымды,
    Канымды төгүп берейин,
940   Канды ичип алгын,— деп.
    Аздык кылып баратса,
    Айланайын Акбалта,
    Кантейин кокуй кантейин?
    Карыганда мен шоордуу,
945   Каралды таптым, сүйүнчү!
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Оо жараткан кудай ай,
    Оо кудайым сага сүйүнчү»,
    Деп,— ошентип айтканда,
950   Ошо кезде жарыктык,
    Күн эки күн жол жүрүп,
    Ат аябай мол жүрүп,
    Күгүм кире күн бата,
    Элдин аты дым жата,
955   Ошо кезде Ак Чийдинин төрүнө,
    Эми жетип келгенде,
    Өзүң көргөн баягы,
    Чыйырдыдай энекең,
    Чымындай жаны чыркырап,
960   Атаганат дүнүйө,
    Эки бети тамылжып,
    Нур чачылып калыптыр,
    Төрөгөнүн көрдүңбү?
    Көзөл энең Чыйырды,
965   Көз жарганын көрдүңбү?
    Жаза тайып албасам,
    Жараткандын бергени,
    Жазбай айтып берейин.
    Атаңдын көрү дүнүйө!
970   Маңдайга гана жазган ушу экен,
    Ошону менен дүйнөгө,
    Айкөл гана Манас кабылан,
    Келгендиги ушу экен.

American University of Central Asia
7/6 Aaly Tokombaev Street
Bishkek, Kyrgyz Republic 720060

Tel.: +996 (312) 915000 + Еxt.
Fax: +996 (312) 915 028
AUCA Contacts