БААУга кош келиңиз!

Бул жерде көп улуттуу студенттер менен тажрыйбалуу окутуучулар

жаркын келечекти биргелешип курушат.

Борбордук Азиядагы Америкалык университети

1993-жылы негизделген БААУ Борбор Азиядагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн келечектеги лидерлерди тарбиялайт. Борбор Азиядагы Америкалык университет - бул америкалык либералдык искусство салтындагы эл аралык, көп тармактуу билим берүү жамааты. БААУ - Борбор Азиядагы либералдык искусстволор багытындагы окуу программалары боюнча АКШда аккредитациядан өткөн дипломдорду сунуштаган биринчи университет болуп саналат, бул АКШдагы Бард колледжи менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.


"Мен үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетин ушул маанилүү учурда жетектөө мүмкүнчүлүгү чоң сыймык. БААУ академиялык эркиндикти жайылтат жана ар түрдүү жашоо тажрыйбасы бар адамдарга жана ар кандай дүйнө таанымдарга ээ студенттерге биргелешкен аянтча сунуштайт, аларды өмүр бою билим алуу, жалпы жыргалчылыкка кызмат кылуу жана келечек муундардын бакубат жашоосу үчүн туруктуу өнүгүүгө умтулуу бириктирет. Алдыңкы айларда жана жылдарда университеттин мыкты окутуучулары жана кызматкерлери менен иштешүүнү, ошондой эле студенттер менен тыгыз байланышта болууну чыдамсыздык менен күтүүдөмүн."

AUCA HIGHLIGHTS

БААУда кабыл алуу сынактары!

БААУнун кезектеги кабыл алуу сынактарына каттоо ачык жана ал 2026-жылдын 28-апрели кечки саат 17:00гө чейин уланат.... Read More

Enactus AUCA: “Кыйроолор кечеси”

Enactus Club AUCA кыйроолор кечесин өткөрөт. Бул иш-чарада башка нерселер тууралуу айтылат: каалааган өсүп-өнүгүүнүн артында турган каталар, кризистер жана реалдуу сабактар,... Read More

Япониянын маданиятына сүңгүп кирүү: БААУда Japan Day

2026-жылдын 14-апрелинде БААУнун китепканасында General Education Program япон тили курсу менен биргеликте уюштурулган Japan Day иш-чарасы болуп өттү. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө ыктыярчылар Жанна Хигаши жана Янез Михельчичтер өз көмөгүн беришти.... Read More

“Гуманитардык илимдердеги санариптик ыкмалар жана куралдар” аталышындагы симпозиум БААУда өткөрүлдү

2026-жылдын 11-апрелинде, БААУда “Гуманитардык илимдердеги санариптик усулдар жана куралдар” аталышындагы экинчи симпозиуму өткөрүлдү. ... Read More

БААУда жазгы дармарка жана экоөндүрүшчүлөрдүн жарманкеси

Универсиеттте баары көптөн күткөн жаркын жана эсте калган иш-чаралардын бири - бул Дармарка жана жарманке.... Read More

IV Борборазиялык кинофорум

  Кыргыз кинематографиясынын өнүгүшү сапаттуу билим берүүдөн башталат Бишкек, Кыргызстан — 2026-жылдын 10-11-апрелинде Борбордук Азиядагы Америка университетинде IV Борборазиялык кинофорум болуп өттү.... Read More